Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-майы № 254
Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 14-январы № 6 токтомдун редакциясына ылайык)
Дене тарбия жана спортту мындан ары өнүктүрүү максатында, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын эске алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата Программасы;
- Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата Программасын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - иш-чаралар планы).
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10-күнүнө чейин Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине берип турушсун.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-январындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-күнүнө чейин жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-январындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 684 "2011-2016-жылдарга Кыргыз Республикасында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү артыкчылыктары" Концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 токтому менен бекитилген |
(КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 14-январы № 6 токтомдун редакциясына ылайык)
№ | Иш-чаралардын аталыштары | Ишке ашыруу формасы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар | Каржылоо булактары жана көлөмү | Баа берүү индикатору жана күтүлгөн натыйжалар |
Дене тарбия жана спортту башкаруу тутумун модернизациялоо | ||||||
1 | Дене тарбия жана спортту башкаруунун республикалык мамлекеттик органынын түзүмүнө талдоо жүргүзүү жана модернизациялоо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012- жылдын 20-февралындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому | 2014-жылдын IV кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт | Спорт агенттигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу |
2 | Дене тарбия жана спорт чөйрөсүнө кызыгуусун жогорулатуу жана кадрларды тартуу максатында олимпиялык резервдин Республикалык окуу жайын зээндүү балдар үчүн адистештирилген спорттук мектепке өзгөртүп уюштуруу | "Ш.Сыдыков атындагы олимпиялык резервдин Республикалык окуу жайын колледжге өзгөртүп уюштуруу жөнүндө" Спорт агенттигинин буйругу | 2016-жылдын III кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги | Бекитилген бюджеттин чегинде | Окуу-спорттук мекеменин ишин оптималдаштыруу |
3 | Ведомстволук спорттук коомдорду жана клубдарды түзүү | Спорттук коомдорду жана клубдарды түзүү жөнүндө министрликтер менен ведомстволордун буйруктары | 2015-2017-жылдар | Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор | Бекитилген бюджеттин чегинде | Дене тарбия жана спорт менен машыккандардын санын көбөйтүү |
4 | (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-январындагы № 6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
5 | Айыл өкмөттүн адистеринин бирине массалык дене тарбия жана спорт инструкторунун функцияларын жүктөө | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими | 2016-2017-жылдар | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), Жаштар жана спорт агенттиги | Бекитилген бюджеттин чегинде | Дене тарбия жана спорт менен машыккандардын санын көбөйтүү |
6 | Сергек жашоо мүнөзүн өнүктүрүү жана калк арасында спорт менен машыгуу боюнча айылдык ден соолук кабинеттерин мобилизациялоо | Практикалык аракеттер | 2014-жылдын IV кварталы | ССМ | Бекитилген бюджеттин чегинде | Калкты дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу |
7 | Кыргыз Республикасынын региондорунда дене тарбия жана спорт тармагына баа берүү тутумун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугуна баа берүү жөнүндө" токтому | 2014-жылдын IV кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт | Региондордо дене тарбия жана спортту өнүктүрүү деңгээлин жогорулатуу |
8 | Дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүүгө баа берүү | Практикалык аракеттер | 2016-2017-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги, Улутстатком (макулдашуу боюнча) | Бекитилген бюджеттин чегинде | Дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүүнүн ишенимдүү маалыматтар базасын түзүү жана андан аркы аракеттерди аныктоо |
8-1 | Спорттун оюндук түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги республикалык адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебин ачуу | Жаштар жана спорт агенттигинин буйругу | 2016-жылдын I кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги | Бекитилген бюджеттин чегинде | Спорттун оюн түрлөрү менен машыккандардын санын көбөйтүү, эл аралык спорттук аренада натыйжалуулукту арттыруу |
8-2 | Баткен облусунун Лейлек районунда балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебин ачуу | Жаштар жана спорт агенттигинин буйругу | 2016-жылдын I кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги | Бекитилген бюджеттин чегинде | Дене тарбия жана спорт менен машыккандардын санын көбөйтүү, чек ара аймактарын өнүктүрүү |
Дене тарбия-спорт ишинин рынок экономикасына өтүшүн камсыз кылуу | ||||||
9 | (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-январындагы № 6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
10 | Финансы каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында спорттун түрлөрү боюнча федерациялар, алдыңкы спортсмендер жана алардын машыктыруучулары менен келишимдерди түзүү | Өз ара пайдалуу кызматташуу жөнүндө келишим | 2014-жылдын IV кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги | Талап кылынбайт | Бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, федерациялардын, спортсмендердин жана машыктыруучулардын так милдеттерин белгилөө |
11 | (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-январындагы № 6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
Калкты, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды дене тарбия жана спорт менен туруктуу машыгууга шыктандыруу механизмдерин иштеп чыгуу | ||||||
12 | Ведомстволук актыларды инвентаризациялоо жана аларды-кызматкерлерди дене тарбия жана спорт менен машыгууга шыктандыруу жөнүндө жоболор менен толуктоо | Министрликтер менен ведомстволордун буйруктары | 2014-2017-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор | Талап кылынбайт | Дене тарбия жана спорт менен машыккандардын санын көбөйтүү |
13 | Колдонуудагы мыйзамдарды инвентаризациялоо, дене тарбия жана спорт менен туруктуу негизде машыккандарды, ошондой эле массалык дене тарбия жана спортту өнүктүрүү чөйрөсүндө шарт түзгөн коммерциялык түзүмдөргө социалдык-экономикалык жана моралдык колдоо жагында тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин тийиштүү долбоорлорун кароого киргизүү | Мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун, буйруктарынын долбоорлору | 2014-2017-жылдар | Жаштар жана спорт агенттиги, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор | Талап кылынбайт | Дене тарбия жана спорт менен машыккандардын санын көбөйтүү |
14 | Дүйнөнүн, Азиянын чемпионаттарынын, комплекстүү эл аралык оюндардын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери үчүн жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында окуунун бүткүл мезгилинде жеңилдиктерди караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жогорку класстагы спортсмендердин социалдык корголушун жогорулатуу жөнүндө" токтому | 2014-жылдын IV кварталы | БИМ | Талап кылынбайт | Дене тарбия жана спорт менен машыккандардын санын көбөйтүү, Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерин социалдык коргоону жогорулатуу |
15 | Бош орундар болгондо Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендери үчүн Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана күч органдарында кызмат орундарын ээлөөгө ар жылдык квоталарды камсыз кылууну караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерин колдоо жөнүндө" чечими | 2016-жылдын III кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги, укук коргоо жана күч органдары | Талап кылынбайт | Дене тарбия жана спорт менен машыккандардын санын көбөйтүү, Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерин социалдык коргоону жогорулатуу |
15-1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин бюджетинде спартакиадаларды өткөрүүдө байге фонду үчүн каражатты кароо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | 2016-жылдын IV кварталы | Жаштар жана спорт агенттиги | Бекитилген бюджеттин чегинде | Дем берүү механизмдерин киргизүүнүн эсебинен дене тарбия жана спорт менен машыккандарды көбөйтүү |
15-2 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген спортсмендердин жетишкендиктери жөнүндө видеороликтерди даярдоо жана көрсөтүүнү уюштуруу | Практикалык иштер | 2016-жылдын II-III кварталдары | Жаштар жана спорт агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги | Бекитилген бюджеттин чегинде | Дене тарбия жана спорт менен машыккан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын санын көбөйтүү |
Дене тарбия жана спорт тармагын кесипкөй кадрлар менен камсыз кылуу | ||||||
16 | Спорт агенттигинин алдында машыктыруучу-окутуучулардын квалификациясын жогорулатуунун кыска мөөнөттүү курстарын ачуу | КМДСА менен Спорт агенттигинин квалификацияны жогорулатуу программасын бекитүү жөнүндө биргелешкен буйругу | 2014-жылдын II кварталы | КМДСА, КДСМА | Бекитилген бюджеттин чегинде | Спортсмендерди даярдоонун сапатын жогорулатуу, квалификациясы жок машыктыруучу-окутуучулардын санын кыскартуу |
17 | Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын базасында спорттук медицина боюнча адистерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу | ССМнын буйругу | 2014-жылдын III кварталы | ССМ | Бекитилген бюджеттин чегинде | Тармакка спорттук медицина боюнча жогору квалификациялуу кадрларды тартуу |
18 | Спорт боюнча райондук инструкторлордун жана айыл өкмөттөрүндөгү массалык дене тарбия жана спорт боюнча инструкторлордун квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу | Жаштар жана спорт агенттигинин буйругу | 2016- жылдын II-III кварталдары | Жаштар жана спорт агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги | Бекитилген бюджеттин чегинде | Региондордо спорт боюнча ишти жакшыртуу |
Кыскартуулардын тизмеси:
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
|
Жаштар жана спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги |
ЖӨБ жана этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги |
КМДСА | - | Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы |
Улутстатком | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |