Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2002-жылдын 18-марты № 152
"Чүй областынынын Ысык-Ата районундагы
Октябрь айыл кеңешин Кочкорбаев атындагы
айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоору тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына ылайык жана Чүй областтык, Ысык-Ата райондук, Октябрь айыл кеңештеринин Чүй областынынын Ысык-Ата районундагы Октябрь айыл кеңешин Кочкорбаев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө чечимдерин көңүлгө алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Чүй областынынын Ысык-Ата районундагы Октябрь айыл кеңешин Кочкорбаев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы турактуу өкүлү - Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин кеңешчиси ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароо учурунда Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Долбоор |
1-статья.
Чүй областынынын Ысык-Ата районундагы Октябрь айыл кеңеши Кочкорбаев атындагы айыл кеңешине өзгөртүлүп аталсын.
2-статья.
Бул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|