ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 270 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522»Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө«токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому

Редакция22.05.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 22-майы № 270

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 "Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 "Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк жөнүндө жободо:

- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу барлар.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Дж. Оторбаев