ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-майындагы № 284 «Астана шаарында 2011-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому

Редакция28.05.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 28-майы № 284

Астана шаарында 2011-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Астана шаарында 2011-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.

3. Аталган Макулдашуудан келип чыккан милдеттерди аткарууга жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.Оторбаев