Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-майындагы № 289 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 2-июнундагы № 262 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын ички аскерлери жөнүндөгү ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын ички аскерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдындагы аскердик уюм болуп саналат жана мамлекеттик мааниси бар объекттерди, эмгек-түзөтүү мекемелерин кайтарууга, коомдук тартипти коргоо боюнча күжүрмөн-кызматтарды аткарууга, граждандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин кылмыштуу кол салуулардан коргоого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ички иштер Министринин атайын тапшырмаларын аткарууга арналган.
2. Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин аскер кызматчылары жана эркин жалданган составы өзүнүн күндөлүк ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указдарын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин приказдарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик актыларын, ушул Жобону жетекчиликке алат Ички аскерлердин аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын коопсуздугун жана мамлекеттик таламдарын коргоо боюнча күжүрмөн аракеттерге катышууга даяр болууга тиниш.
3. Ички аскерлер өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди кайтарылып жаткан объекттердин акимдиги, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдары менен, ал эми коомдук тартипти коргоо боюнча кызматтык милдеттерди аткарууда, бөөдө кырсыктарда жана башка өзгөчө абалдарда - Кыргыз Республикасынын аскердик органдары жана уюмдары, КМШнын Бириккен Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрү менен тыгыз өз ара аракетте аткарат.
4. Мамлекеттик жана кызмат адамдары ички аскерлердин аскер кызматчыларына кызмат боюнча өз милдеттерин аткарышына көмөк көрсөтүшөт.
5. Ички аскерлерде мыйзамдардын так аткарылышына Кыргыз Республикасынын Прокурору көзөмөлдүк кылат.
II. Ички аскерлердин уюштурулушу
6. Ички аскерлер эмгек-түзөтүү мекемелерин кайтаруу боюнча аскердик бөлүктөрдөн жана милициянын атайын моторлоштурулган бөлүктөрүнон турат, анын структурасы КМШнын Бирикксн Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрү менен бөлүмдөрүнүн структурасына окшош болот. Объекттерди кайтаруу боюнча аскердик бөлүктөр: "Ички аскердик бөлүгү" деп аталат Калган аскердик бөлүктөрдүн аталыштарында алардын күжүрмөн кызматынын максаттары көрсөтүлөт.
7. Ички аскерлердин саны бөлүктөрдүн күжүрмөн кызматтарын жана республикадагы криминогендик кырдаалды аскер кызматчыларынын кызматтык жүгүн, ошондой эле өздүк составды окутуу, тарбиялоо жана эс алдыруу үчүн зарыл шарттарды түзүүнү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
8. Ички аскерлер Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийет. Аскерлерге жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, ал эми түздөн-түз башкарууну Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин начальниги жүргүзөт.
9. Согуш мезгилинде ички аскерлердин составы жана милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзам жана нормативдик актылары менен аныкталат.
III. Ички аскерлердин негизги милдеттери
10. Кыргыз Республикасынын ички аскерлери төмөндөгүдөй негизги милдеттерди аткарат:
а) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздугун коргоо үчүн дайыма күжүрмөн даярдыкта болуу;
б) режимдик объекттерди, атайын жүктөрдү, коммуникациялардагы жасалма курулуштарды кайтаруу;
в) соттолгондорду мыйзамда белгиленгендей өзүнчө бөлүүнү камсыз кылуу, алардын жаңы кылмыштарды же башка коомго каршы аракеттерди жасоо, граждандардын коопсуздугуна жана кызыкчылыктарына кол салуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу максатында эмгек-түзөтүү мекемелеринин объекттерин кантаруу, эмгек түзөтүү мекемелеринин объекттерин кайтаруу, эмгек-түзөтүү мекемелеринин акимдиги менен бирдикте соттолгондорго көзөмөлдүк кылуу;
г) соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды белгиленген тартипте эмгек-түзөтүү мекемелерине, тергөө изоляторлоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, областтык жана шаардык соттордун сот заседаниелерине кайтарып коштоп баруу, өкүмдүн же соттун, аскер трибуналынын аныктамасынын негизинде сотко кайтарын коштоп барган адамдарды камактан бошотуу жана башка адамдарды камакка алуу.
Соттолгон жана камакка алынган адамдарды кайтарып коштоп жүрүү бул максаттар үчүн ички аскерлердин бөлүктөрү жок жерлерде милиция тарабынан ишке ашырылат;
д) кайтарылган жерден качып кеткен, кылмыш жасаган, режимдик объекттерге кирген адамдарды издөөгө жана кармоого катышуу.
11. Коомдук тартипти сактоо менен Кыргыз Республикасынын ички аскерлери:
а) милициянын атайын моторлоштурулган бөлүктөрүнүн күчтөрү менен шаарларда пост-патрулдук кызматтарды аткарат;
б) массалык коомдук-саясий, спорттук жана башка иш-чараларды, эпидемия жана эпизоотиянын шартында карантиндик иш-чараларды өкөрүүдө, ошондой эле өрт жана бөөдө кырсыктардын учурунда коомдук тартипти камсыз кылууга катышат;
в) эгерде коомдук тартип бузуу массалык мүнөздө бөлүп, калктын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин үзгүлтүккө учуратса же мамлекеттик, коомдук жана граждандардын жеке мүлктөрүн бөлүндүрүүгө же жок кылууга багытталса, анда андай тартип бузууларды токтотууга катышат;
г) эмгек-түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун жапырт баш ийбей коюушун жана массалык тартипсиздиктерди жоюу боюнча чараларды көрөт.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн милдеттерди аткарууга ички аскерлерди тартуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин чечими боюнча, ал эми өзгөчө учурларда - Кыргыз Республикасынын Президенти менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
Коомдук тартипти коргоо боюнча милдетин аткарып жаткан ички аскерлердин өздүк составы коргонуу каражаттары жана табелдик курал менен камсыз кылынат. Милдеттерди аткаруунун тартиби ички аскерлердин күжүрмөн кызматынын Уставы менен аныкталат. Ушул жобонун 2-пунктунун "б", "в", "г" подпункттарында көрсөтүлгөн ички аскерлер менен ички иштер органдарынын биргелешкен аракеттерине жетекчилик кылуу ал максаттар үчүн атайын түзүлгөн оперативдүү топ (штаб) тарабынан ишке ашырылат, анын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри тарабынан дайындалат.
Ички аскерлерден башчы катары дайындалган командир (начальник) оперативдүү топтун (штабдын) жетекчисинин орун басары болуп саналат жана бөлүктөрдүн алдында коюлган милдеттерди аткаруу боюнча чегиндерди кабыл алат жана алардын аракеттерин уюштурат. Ички аскерлердин бөлүктөрүн жана бөлүмдөрүн жергиликтүү бийлик жана башкаруу-органдарына баш ийдирүүгө тыюу салынат.
IV. Ички аскерлердин укуктары
12. Коомдук тартипти коргоо боюнча милдеттерин аткаруу үчүн ички аскерлер атайын зарыл каражаттар, күжүрмөн жана атайын техника менен камсыз кылынат. Өздүк состав коргонуу каражаттары менен камсыз кылынат жана куралданышы мүмкүн.
13. Ички аскерлерге коомдук тартипти коргоо боюнча аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кылуу, максатында төмөндөгүдөй укуктар берилет:
а) граждандардын ким экендигин күбөлөндүргөн документтерин текшерүү, укук тартибин бузду деп шек саналган учурда андай кылмыш жасаган адамдардын ким экенин аныктоо үчүн милицияга жеткирүү;
б) кылмыш жасады деп шек саналган адамдарды куугунтуктоодо, ошондой эле коомдук тартипке же граждандардын коопсуздугуна коркунуч келтирген укук бузууларды болтурбоо үчүн ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иш бөлмөлөрүнө кирүү; граждандардын өмүрүнө жана ден соолугуна каршы ачык эле кылмыштарды болтурбоо үчүн турак жайларга кирүү;
в) шашылыш учурларда ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга таандык байланыш каражаттарынан акысыз пайдалануу; кылмыш жасаган адамдарды куугунтуктоодо жана кечиктирилгис башка учурларда ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга, граждандарга тандык унааларды (атайын жана дипломаттык автомобилдерден башкасын) пайдалануу;
г) аскер кызматчылары коомдук тартипти одоно бузуп жаткан учурда (аскердик патруль жок болсо) кармоо жана аларды аскер комендантына же аскер бөлүктөрүнүн командирлерине ал эми кылмыш жасаган учурда - милиция органдарына өткөрүп берүү.
14. Коомдук тартипти коргоо боюнча милдеттерди аткарууда ички аскерлердин өздүк составы кол кишендерди, резина таяктарын, жаш агызуучу заттарды, көңүлдү алагды кылуучу жарык-үн чыгаруучу жабдууларды, укук бузуучулар ээлеп алган белмөлөрдү ачуу, транспортту мажбурлап токтотууга арналган жабдууларды, ошондой эле суу бүрккүчтөрдү, күрөштүн күжүрмөн ыкмаларын, үйрөтүлгөн иттерди колдонуу, ал эми төмөнкү учурларда брондолгон машиналарды жана башка транспорт каражаттарын пайдалануу укугу берилет:
а) граждандарга, ички аскерлердин өздүк составына, кызматтык милдеттерин же коомдук тартипти коргоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча коомдук парзын аткарып жаткан бошка адамдарга кол салуунун мизин кайтарууда;
б) массалык тартипспздиктерди жана коомдук тартипти жапырт бузууну болтурбоодо;
в) мамлекеттик жана коомдук ишканаларга, мекемелерге жана граждандарга таандык имараттарга, курулуштарга жана транспорт каражаттарына кол салуунун мизин кайтарууда, ошондой эле басып алынган имараттарды, бөлмөлөрдү, курулуштарды жана транспорт каражаттарын бошотууда;
г) ички аскерлердик өздүк составына, же коомдук тартипти коргоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык милдетин же коомдук парзын аткарып жаткан башка адамдарга баш ийбей жана каршылык көрсөткөн укук бузуучуну кармоо учурунда;
д) барымтага алынгандарды бошотууда.
Ушул пункттун биринчи бөлүгүндө көрсөтгүлгөн каражаттарды колдонуу капыстан кол салуунун кайтаруу жана барымтага алынгандарды бошотуу зарылчылыгынан тышкаркы учурларда андай каражаттарды колдонууга ниеттенүү жөнүндө алдын-ала эскертилүүгө жана укук бузууну токтотуу үчүн жетиштүү убакыт берилүүгө тийиш. Атайын каражаттын түрү жана аны колдонуунун интенсивдүтүлүгү түзүлгөн кырдаалга, укук бузуунун мүнөзүнө жана укук бузуучунуи ким экендигии эске алуу менен аныкталат. Аларды колдонуу учурунда укук бузуучунун деп соолугуна зыян келтирүү мүмкүнчүлүгү өтө аз болууга тийиш.
Боюнда бар экендиги байкалган аялдарга, майып экендиги ачык көрүнгөн адамдарга жана балдарга алар граждаңдардын өмүрүнө топтошуп алып кол салуу менен коркунуч келтирген, ок атуучу курал же өмүрү үчүн олуттуу коркунуч келтирген башка каражат менен каршылык көрсөткөн учурдан тышкары атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
Атайын каражаттардын тнзмеси жана аларды колдонуунун эрежеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо министрлигинин корутундусун эске алуу кенен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан амыкталат.
15. Коомдук тартипти коргоо боюнча кызматтык парзын аткарууну камсыз кылуу максатында ички аскерлердин өздүк составы өз милдеттин аткарып жатканда төмөнкүдөй өзгөчө учурларда аларга курал колдонууга укук берилет:
а) эгерде башкача жол жана каражаттар менен аларды коргоого же бошотууга мүмкүн болбосо, граждандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген кол салуудан аларды коргоо, ошондой эле барымтага алынгандарды бошотуу;
б) өзгөчө режимдеги жана башка маанилүү объекттерге кол салуунун мизин кантаруу, ошондой эле корголуп жаткан объекттерге куралдуу кол салуунун мизин кайтаруу;
в) алардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч келген учурда ички аскерлердин өздүк составына, милицияиын кызматкерлерине, элдик кошуунчуларга жана коомдук тартипти коргоо жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча өздөрүнүн кызматтык милдеттерин же коомдук парзын аткарып жаткан башка адамдарга кол салуунун мизин кайтаруу;
г) башка жол жана каражаттар менен каршылык көрсөтүүнү тыюуга, кылмышкерди кармоого же куралды тартып алууга мүмкүн болбогон учурда кылмыш жасаган жана куралдуу каршылык көрсөткөн адамдарды, же камалган жасаган жана куралдуу каршылык көрсөткөн адамдарды, же камалган жеринен качып чыккан кылмышкерди, ошондой эле куралын таштоо жөнүндөгү мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тарткан куралдуу адамдарды кармоо.
Капыстан кол салуу жана барымтага алынгандарды бошотуу, күжүрмөн техниканы, транспорт каражаттарын, учуучу аппараттарды жана деңиз кемелерди пайдалануу менен кол салуудан тышкаркы учурларда курал колдонуудан мурда аны колдонууга ниеттенгендик жөнүндө эскертилип жана эскертүү иретинде абага ок атылууга тийиш.
Курал колдонулган ар бир учур жөнүндө протокол жазылып жана дароо прокуратурага билдирилет. Куралдуу кол салуу, же алар тарагпап куралдуу каршылык көрсөтүү болуп, алар өмүр үчүн олуттуу коркунуч келтиргенден тышкаркы учурларда аялдарга жана өспүрүм балдарга карата курал колдонууга тыюу салынат.
V. Ички аскерлерге жетекчилик кылуу боюнча тийиштүү начальниктердин укуктары
16. Республиканын ички аскерлерине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кыргыз Республикасынын начальниги аркылуу жетекчилик кылат.
17. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине төмөнкүдөй укуктар берилет:
а) аскердин офицерлерине алгачкы "лейтенант" деген аскердик наамдарды берүү, ошондой эле подполковникке деген аскердик наамдарды берүү, ошондой эле подполковникке чейинки офицердик наамдардан ажыратуу жана аталган адамдарды аскердик анык кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
б) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер башкармасынын начальнигинин орун басарларын жана аскердик бөлүктөрдүн командирлерин дайындоо, ошондой эле аларды ээлеген кызматтарынан бошотуу;
в) ички аскерлердин аскер кызматчыларына карата аскердик уставка ылайык армиянын командачысынын дисциплинардык бийлишкен пайдалануу;
г) ички аскерлердин начальниги менен бирдикте күжүрмөн кызматтын Уставынын талаптарын эске алуу менен аскердик бөлүктөрдүн (бөлүмдөрдүн) күжүрмөн-кызматтык милдеттеринин көлөмүн аныктоо;
д) аскердик бөлүктөрдү эмгек-түзөтүү мекемелери, ички иштер органдары менен бирдикте ушул Жобонун 10 жана 11-пункттарында көрсөтүлгөн иш-чараларды аткарууга тартуу.
18. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер башкармасынын начальниги аскерлерди түздөн-түз башкарат. Ага төмөнкүдөй укуктар берилет:
а) ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнүн жана бөлүмдөрүнүн штатын кызмат орундарынын белгиленген санынын чегниде күжүрмөн-кызматтык милдеттердин таламдарына жараша бекитүү;
б) аскердик бөлүктөр (бөлүмдөр) аткарып жактан күжүрмөн-кызматтык милдеттерди толуктугуна, өз убагындылыгына жана сапатыпа баа берүү;
в) күжүрмөн-кызматтык милдеттердин аткарылышы, объекттерди кайтаруунун, контролдук жана пост-патрулдук кызматтын абалы жөнүндө аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин маалыматтарын угуу;
г) аскерлердин офицерлерине улук лейтенант, капитан деген кезектеги аскердик наамдарды ыйгаруу;
д) ушул Жобонун 17-пунктунун "б" подпунктунда айтылган кызматтардан тышкары офицерлерди жана прапорщиктерди кызматка дайындоо, ошондой эле ээлси турган кызматынан бошотуу;
е) старшина, прапорщик жана улук прапорщик деген аскердикёнаамдарды ыйгаруу, ошондой эле аталган наамдардан ажыратуу жана аталган адамдарды аскердик анык кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
ж) ички аскерлердин аскер кызматчыларына карата колдонулуп жүргөн аскердик уставка ылайык дивизиянын командиринин дисциплинардык бийлигинен пайдалануу.
19. Аскердик бөлүктөрдүн командирлери жана офицердик состав өздөрү ээлеген кызматка жараша жана колдонулуп жүргөн аскердик уставка ылайык дисциплинардык бийликтен пайдаланат.
VI. Материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылуу
20. Ички аскерлер материалдык-техникалык ресурстар, азык-түлүк менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган нормалар боюнча камсыз кылынат.
21. Ички аскерлерди курал-жарак, ок-дары, инженердик жана химиялык мүлк, күжүрмөн жана башка техника, аппаратура, байланыштын техникалык каражаттары менен камсыз кылуу колдонулуп жүргөн нормаларга ылайык Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан ишке ашырылат.
22. Кыргыз Республикасынын ички аскерлерин финансылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
23. Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүн (бөлүмдөрүн) жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аныктаган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен аскердик бөлүктөр үчүн белгиленген тартипте жана нормалар боюнча жүргүзүлөт.
Өзгөчө кырдаал жарыяланган райондордо аскердик бөлүктөрдү жайгаштыруу үчүн турак жай, коммуналдык кызматтар, автотранспорт жана күйүүчү-майлоочу материалдар, кошумча тамак-аш менен камсыз кылуу аскердик бөлүктөр аймагында убактылуу милдетин аткарып жаткан областтардын, шаарлардын жана райондордүн бюджетинин каражаттарынын эсебниен жүргүзүлөт.
Режимдик объекттерди, коммуникациялардагы объекттерди, ошондой эле эмгек түзөтүү мекемелерин жана дарылоо-эмгек профилакторийлерин кайтаруу милдетин аткарып жаткан аскердик бөлүктөргө (бөлүмдөргө) өздүк составды жана башкаруу органдарын жайгаштырууга арналган аскердик шаарчалар, имарататтар жана курулуштар ички аскерлер объекттерин кайтарып жаткан министрликтердин жана ведомстволордун (мекемелердин), ал эми оперативдүү бөлүктөр жана милициянын атайын моторлоштурулган бөлүктөрү үчүн - жергиликтүү мамлекеттик акимдиктин фонддорунун эсебинен бөлүнөт (курулат).
Бөлүктөр (бөлүмдөрдү) жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн аскердик шаарчалары, имараттарды жана курулуштарды ремонттоо бул максаттар үчүн министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик акимдиктер бөлгөн акча каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Жергиликтүү мамлекеттик акимдиктер ички аскерлердин бөлүктөрүнө ок атуучу жайларды, окуу борборлорун жана башка окуу объектилерин жабдуу үчүн белгиленген тартипте жер участкаларын бөлөт.
24. Жергиликтүү мамлекеттик акимдиктер Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин аскер кызматчыларын турак жай, квартира, турак үйлөрдү куруу үчүн белгиленген тартипте жер участкалары менен камсыз кылат.
25. Ички аскерлердин аскер кызматчылары тыш кийиминдеги петлицаларынын жана тигишинин түсү, баш кийиминин кыры жана тигиштеринин түсү менен айырмаланган аскер кызматчылары үчүн белгиленген атайын кийим кийип жүрүшөт. Атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча милдет аткарган аскердик бөлүктөрдүн аскер кызматчылары темир жол аскерлеринин аскер кызматчылары үмүн белгиленген атайын кийим кийишет, ал эми милициянын атайын моторлоштурулган бөлүктөрүнүн өздүк составы милиция кызматкерлерн үчүн белгиленген атайын кийим кийишет, муну менен бирге аларда өздүк составдын 30 процентинде инвентардык аскердик талаа кийимдери болот. Бул бөлүктөрүн офицердик составына аскердик кийим кийип жүрүүгө уруксат берилет. Авиациялык бөлүктөрдүн (бөлүмдөрдүн) жана кызматтардын аскер кызматчылары Аскер-Аба Күчтөрүнүн өздүк составы үчүн каралган атайын кийим кийишет.
26. Ички аскерлердин аскер кызматчылары республиканын Ички иштер министрлигинин, республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана ички аскерлер объекттерин кайтарып жаткан башка министрликтердин, ведомстволордун дарылоо мскемелеринде дарылануча кабыл алынат.
27. Пенсияга чыккан аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу аймактык ички иштер органдары аркылуу алар туруктуу жашаган жер боюнча жүргүзүлөт. Өздүк составдын аскердик кызматты өтөшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Ички аскерлерди финансылык жактан камсыз кылуунун айрым түрлөрү республиканын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Ички аскерлердин аскер кызматчылары алар үчүн мыйзамда белгиленген укуктарлап жана жеңилдиктерден пайдаланат.
VII. Ички аскерлерди толуктоо жана даярдоо
28. Ички аскерлерге чакыруу Кыргыз Республикасынын чакыруу курагына жеткен граждандарынын ичинен Кыргыз Республикасынын мыйзам жана нормативдик актыларына ылайык жүргүзүлөт.
29. Тынчтык жана согуш мезгилинде ички аскерлерди офицерлер, прапорщиктер, мөөнөтүнөн ашык кызмат кылган аскер кызматчылары менен толуктоо, алардын аскердик кызматты өтөшү, аскердик наамдарды ыйгаруу, аттестациялоо жана ички аскерлерден бошотуу офицерлердип, прапорщиктердин жана мөөнөтүнө ашык кызмат кылган аскер кызматчыларынын аскердик кызматты өтөшү жөнүндөгү жобосуна ылайык жүргүзүлөт.
30. Ички аскерлер үчүн офицерлерди даярдоо аскердик-окуу жайларында жүргүзүлөт.
31. Ички аскерлердин офицердик составынын кесиптик деңгээлин жогорулатуу аскердик академиялардын, ошондой эле граждандык министрликтердин жогорку окуу жайларынын факультеттеринде, кафедраларында жана курстарында жүргүзүлөт.
32. Ички аскерлерди даярдоо КМШнын Кургак жер аскерлерине коюлган талаптарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин буйруктарына жана көрсөтмөлөрүнө ылайык жүргүзүлөт.