Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-майындагы № 289 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
1992-жылдын 2-июну № 262
Ички аскерлер жөнүндөгү жобону жана Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын антынын текстин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ички аскерлер жөнүндөгү жобо жана Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын Антынын сунуш кылынган текстти бекитилсин.
Премьер-министр | Т.Чыңгышев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992 жылдын 2-июнундагы № 262 токтому менен бекитилген |
Мен, Кыргыз Республикасынын Ички аскерлеринин аскер кызматчысы Кыргыз Республикасынын элине, анын Президентине жана Өкмөтүнө берилгендигине Касам ичин жатып; адилеттүү, ак ниеттүү болууга, аскер кызматынын кыйынчылыктарына туруктуулук менен чыдоого суверендүү мамлекеттин мыйзамдарын, командирлердин буйруктарын жана мага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди ылайык сактоого салтанаттуу Ант беремин.
Мен аскердик кызматты республиканын аймагынын бардык жеринде, эгерде мамлекеттин кыйынчылыктары үчүн зарыл болсо андан тышкары жерлерде да өтөөгө, аны эр жүрөктүүлүк менен, өз өмүрүмдү аябастан коргоого милдеттенем.
"___"_______________199 ж. _________________ (колу)