Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомунун негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-июну № 304
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын
30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-майы № 308 токтомдун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 165 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
1-пунктта:
мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“ - маркалануучу продукция – Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу алкоголдуу ичимдиктер, тамеки буюмдары, алардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 285-беренесинин 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн (пивону, ТЭИ ТН коду 2203 жана жүзүмдүн ширесин, ТЭИ ТН коду 220430 кошпогондо)”;
расмий тилдеги тексттин бешинчи абзацы “2203” цифраларынан кийин “жана жүзүмдүн ширеси, ТЭИ ТН коду 220430” деген сөздөр, аббревиатура жана цифралар менен толукталсын;
сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
6-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Тамеки буюмдарынын кутусунда милдеттүү түрдө тамеки буюмдарынын даярдалган айы жана жылы жөнүндө маалымат (мындан ары – даярдалган күнү) көрсөтүлөт. Кутусунда атайын целлофан таңгагы бар тамеки буюмдарына акциз маркасы целлофан таңгагынын алдына чапталат жана даярдалган күнү жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.”;
6-2-пунктундагы “ЭЧБ жана тамеки” деген аббревиатура жана сөздөр “Тамеки” деген сөзгө алмаштырылсын;
6-3-пунктта:
“ЭЧБ жана тамеки” деген аббревиатура жана сөздөр “Тамеки” деген сөзгө алмаштырылсын;
4-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
15-пунктунун жетинчи жана сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
15-1, 15-2 жана 15-3-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
34-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
2-тиркемедеги “Тамеки буюмдарына эң жогорку чекене баа” графасы алып салынсын;
4-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом 2015-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-майы № 308 токтомдун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун 1-пунктунун тѳртүнчү-алтынчы абзацтарында каралган толуктоолор расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун 1-пунктунун он алтынчы абзацында каралган өзгөртүү 2016-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-майы № 308 токтомдун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |