Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № 308
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Калктын тамеки буюмдарын керектөөсүн азайтууга көмөктөшүүчү шарттарды түзүү, ошондой эле республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункттун он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттагы "2016-жылдын 1-январынан" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 1-июнунан" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункттагы "2017-жылдын 1-январынан" деген цифралар жана сөздөр "2016-жылдын 1-июнунан" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |