Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-июнундагы № 295 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июнундагы № 291 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борбору (мындан ары - Борбор) жогорку технологиялуу жабдууларды, алдыңкы илимий жетишкендиктерди колдонуу, жогорку квалификациялуу медицина кадрларын тартуу менен адамдын репродукциясы жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү жана медицина жаатында дарылоо-алдын алуу ишин, илимий, фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүүчү үчүнчүлүк деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик дарылоо-алдын алуу, илим-изилдөө уюму болуп саналат.
2. Борбор мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлүүчү юридикалык жак болуп саналат.
3. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, саламаттык сактоонун илимий уюмдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ушул Уставды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Билим берүү жана илим министрлиги) буйруктарын жетекчиликке алат.
5. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте аккредитацияланууга жатат.
6. Борбор финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө ээ, өз алдынча балансы, финансылык-насыялык мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган штампы жана фирмалык бланктары бар.
7. Борбор өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн жарандык мыйзамдарда белгиленген чектерде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу боюнча ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырган мүлктү ыкчам башкаруу укугунда пайдаланат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Борбор мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
9. Борбор дарылоо-алдын алуу, илим-изилдөө ишин жүргүзүүдө Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, башка мамлекеттик, эл аралык жана жеке менчик уюмдар менен түздөн-түз өз ара аракеттенет.
10. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борбору";
- расмий тилде - "Кыргызский научный центр репродукции человека при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики";
кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде - "КР ССМ АРБКИБ";
- расмий тилде - "КНЦРЧ M3 КР".
11. Борбордун юридикалык дареги: 720028, Бишкек шаары, 7-кичи район, үй 14/1.
2. Борбордун максаттары жана милдеттери
12. Борбордун ишинин максаттары болуп калктын репродуктивдүү саламаттыгын сактоо, аларга сапаттуу дарылоо-алдын алуу жардамдарын көрсөтүү жана акушерлик, гинекология, перинатология, медициналык генетика жана көмөкчү репродуктивдүү технологиялар жаатында ушул Уставка ылайык илим-изилдөө ишин жүргүзүү саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- калкка адистештирилген медициналык жардамды, анын ичинде жогорку технологиялуу медициналык жардамды акушерлик, гинекология, перинатология, медициналык генетика жана көмөкчү репродуктивдүү технологиялар жаатында көрсөтүү жана уюштуруу;
- калктын репродуктивдүү ден соолугун сактоо жаатында, анын ичинде акушерликте, гинекологияда, перинатологияда, медициналык генетикада жана репродуктологияда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- акушерлик, гинекология, перинатология, медициналык генетика жана көмөкчү репродуктивдүү технологиялар жаатында бейтаптарды диагностикалоонун жана дарылоонун жаңы методдорун, инновациялык медициналык технологияларды, медициналык багыттагы буюмдарды, медициналык техниканы иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча ишти уюштуруу;
- консультативдик, консультативдик-методикалык (анын ичинде телемедициналык), маалыматтык кызматтарды көрсөтүү, маалыматтарды берүү (анын ичинде интернет аркылуу), Борбордун иш чөйрөсүндө аны көчүрүү жана көбөйтүү;
- медициналык кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча клиникалык база катары ишин жүзөгө ашыруу;
- Борбордун ишинин негизги жыйынтыктарын камтыган басма продукцияны басып чыгаруу жана жайылтуу
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Борбордун функциялары
14. Борбор жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- калкка жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялык жардам көрсөтөт;
- репродуктология жаатындагы программаларды жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын баалоо боюнча эксперттик комиссиялардын ишине катышат;
- Борбордун профили боюнча жогорку квалификациялуу илимий-практикалык кадрларды даярдоону ишке ашырат;
- изилдөөлөр жана практикалык иштердин багыттары боюнча региондук генетикалык маалыматтар банктарын түзөт;
- калктын саламаттыгын коргоо боюнча мамлекеттик программаларга ылайык тапшырыктарды келишимдин негизинде аткарат;
- адамдын репродуктивдүү функциялары боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү координациялайт;
- репродуктологиянын актуалдуу маселелери боюнча тематикалык, илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды уюштурат жана өткөрөт;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте саламаттык сактоо практикасына киргизүү мүмкүндүгү тууралуу расмий корутунду берүү менен дары-дармек каражаттарына клиникалык изилдөөлөрдү (келишимдик негизде) жүргүзөт.
4. Борбордун укуктары жана милдеттери
15. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
- Уставга ылайык ишин жүргүзүүгө;
- саламаттык сактоо боюнча программаларды ишке ашырууга катышууга;
- медициналык-санитардык жардам алууга кайрылган жарандардан алардын ден соолугунун абалы, медициналык иш алып барган башка кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алууга;
- белгиленген тартипте убактылуу эмгекке жарамсыздык барактарын, каза болгондугу тууралуу күбөлүктү жана башка медициналык документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө;
- Борбордун тематикасы менен байланышкан айрым маселелерди чечүү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте туруктуу же убактылуу илимий жана илим-изилдөө жамааттарын (анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөр менен) уюштурууга;
- Борбордун милдеттерине ылайык иш жүргүзүүгө, анын ичинде:
а) чет өлкөлүк уюмдарды кошкондо, мамлекеттик, муниципалдык жана менчик уюмдарга консультациялык жардам көрсөтүүгө;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбор тарабынан иштелип чыккан технологияларды, программалык продуктуларды республика ичинде жана чет өлкөлөрдө сатууга;
в) Борбордун ишин камсыз кылуу жана саламаттык сактоо практикасына киргизүү үчүн чет өлкөлөрдөн алдыңкы техниканын, технологиялардын жана жабдуулардын үлгүлөрүн сатып алууга;
г) саламаттык сактоо практикасына киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө жүйөлүү корутунду берүү максатында дары-дармек каражаттарына жана приборлорго келишимдик негизде клиникалык сыноолорду жүргүзүүгө;
- бириктирилген бюджетти түзүүгө жана аткарууга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо жаатындагы программаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон дары-дармек каражаттарын жана чыгымдалуучу материалдарды, медициналык жабдууларды сатып алууга;
- Борбордун профили боюнча оорулууларды дарылоо үчүн республикалык бюджеттин каражатына борборлоштуруп сатып алынуучу, ошондой эле гранттык жана гуманитардык жардам катары келүүчү дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды алууга;
- өзүнүн дарылоо-алдын алуу, илим-изилдөө жана инновациялык иштери боюнча багытын аныктоого;
- эл аралык илимий байланыштарды, маалымат алмашууну, кесиптик кызматташууларды, өлкөлөрдүн жана региондордун ортосунда адистерди жиберишүүнү өнүктүрүүгө;
- белгиленген тартипте ассоциацияларга, союздарга, бирикмелерге, анын ичинде эл аралык ассоциацияларга, союздарга, бирикмелерге кирүүгө;
- киреше алып келүүчү чарбалык иштерди ишке ашырууга, чарбалык иштен түшкөн кирешелерди (атайын каражаттарды) материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө, инфратүзүмдөрдү күтүүгө, илимий изилдөөлөрдү колдоого, кадрларды даярдоого, Борбордун кызматкерлерин социалдык коргоого жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого пайдаланууга;
- мамлекеттик, менчик жана башка уюмдар менен иштерди аткаруу, медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
- башка илимий мекемелер жана ишканалар менен түз байланышты өнүктүрүүгө;
- Саламаттык сактоо министрлигине белгиленген тартипте филиалдарды, илим-изилдөө, консультативдик, дарылоо-дарт аныктоо бөлүнүштөрүн түзүү жөнүндө сунуштарын киргизүүгө;
- кошо аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтүүгө, аларды маанилүү илимий изилдөө иштерин аткарууга тартууга;
- республикалык жана эл аралык съезддерди, конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, жумушчу кеңешмелерди, илимий сессияларды жана семинарларды уюштурууга жана өткөрүүгө.
16. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
- калкка Борбордун профили жана деңгээли боюнча зарыл болгон көлөмдө жеткиликтүү, өз учурундагы, сапаттуу, квалификациялуу жана кечиктирилгис медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө;
- экстремалдык шарттарда (эпидемия, өзгөчө кырдаалдар, согуш абалы, табигый кырсыктар, барууга кыйын жана кооптуу шарттарда иштөө) иштөөгө даяр болууга;
- санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимдерди сактоого;
- чектеш саламаттык сактоо кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоого;
- калкты сергек жашоо мүнөзүнө үгүттөөгө жана санитардык-гигиеналык тарбиялоого;
- келишимдик негизде студенттерди практикалык окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоого;
- бюджеттик каражаттарды жүгүртүүнүн казыналык жол-жоболорунун жана мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча отчетторду берүү регламентин сактоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
- Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
- белгиленген тартипте бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык финансы каражаттарын максаттуу багыты боюнча пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды ишке ашырууга.
17. Борбор саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
5. Борбордун түзүмү
18. Борбордун түзүмү Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашылгандан кийин окумуштуулар кеңешинин чечими менен анын жетекчиси тарабынан бекитилет.
6. Борбордун ишин башкаруу
19. Борбор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук баш ийүүсүндө турат.
20. Борбордун медициналык иши Саламаттык сактоо министрлиги, илимий жана билим берүү иши Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жөнгө салынат, координацияланат, ошондой эле контролго алынат.
21. Борбордун ишин директор жетектейт.
22. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар, жашы 70тен ашпаган адистердин ичинен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар адис жок учурда тиешелүү профилдеги илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
23. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
24. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Борбордун директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну Борбордун директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Борбордун директору:
- өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат;
- жеке башчылык принциптеринде Борборду башкарат жана Борбордун максаттарынын, милдеттеринин жана функцияларынын ишке ашырылышынын сапаты, финансылык тартиптин сакталышы, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тактыгына, Борбордун ыкчам башкаруусундагы мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын, Борбордун кызматкерлеринин эмгек укуктарынын сакталышы, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди ишке кабыл алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
- Борбордун айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- финансылык каражаттарды тескейт;
- банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
- Борбордун милдеттеринин жана функцияларынын аткарылышына жекече жоопкерчилик тартат.
26. Борбордун директорунун илимий иштер боюнча орун басары Билим берүү жана илим министрлиги, ал эми клиникалык иштер боюнча орун басары Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кызматтык нускамаларга ылайык жүзөгө ашырышат.
7. Борбордун окумуштуулар кеңеши
27. Борбордун окумуштуулар кеңеши сунуштама берүүчү, коомдук-кесиптик орган болуп эсептелет. Борбордун окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү жогорку медициналык, фармацевттик жана биологиялык билими бар илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда, Борбордун директорунун сунушу боюнча жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат.
Илимий кызматкерлердин жана адистердин, административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушу эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышкан учурда чечим кабыл алууга укуктуу болот.
Окумуштуулар кеңешинин курамына Борбордо иштебеген жетектөөчү окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
28. Окумуштуулар кеңеши эгерде жыйынга анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот. Окумуштуулар кеңешинин чечими, эгерде аларга добуш берүүгө катышкан окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
29. Борбордун директору окумуштуулар кеңешинин төрагасы болуп саналат.
8. Борбордун каржылоо булактары
30. Борборду каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын;
- атайын каражаттардын;
- эл аралык уюмдардын гранттарынын;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу чегерүүлөрүнүн жана салымдарынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын.
31. Борбордун илим-изилдөө иштерин бюджеттик каржылоо төмөнкү жолдор менен жүргүзүлөт:
- Борбордо жүргүзүлгөн фундаменталдык изилдөөлөрдү базалык каржылоо;
- илимий-техникалык программалардын артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды максаттуу каржылоо;
- гранттар тутуму боюнча айрым изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды контракттык каржылоо.
32. Илим-изилдөө иштери, гранттар аркылуу алынган финансылык каражаттарды Борбордун директору тескейт.
33. Мамлекеттер аралык жана тармактар аралык илимий-техникалык макулдашуулардын негизинде түзүлгөн жана ишке ашырылуучу илимий изилдөөлөрдү жана илимий-техникалык программаларды каржылоону келишимдик негизде үлүштүк катышуу тартибинде кызыкдар тараптар жүргүзүшү мүмкүн.
34. Борбордун ишин контролдоо ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
9. Борбордун ишин токтотуу жана кайра уюштуруу
35. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
Борборду кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Борбордун документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.