Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июну № 349
Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111, 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында телекөрсөтүү каналдарына жана радиоканалдарына кепилденген жетүүнүн социалдык пакетин калкка берүү үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын № 692 токтомун көңүлгө алып, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- калктын Социалдык пакетти алуусу акысыз ишке ашырылат жана жалпыга ачык болуп эсептелет (шифрлөөсүз);
- Социалдык пакетке киргизилген мамлекеттик жана коомдук телерадиоуюмдардын телеканалдарын жана радиоканалдарын трансляциялоо кызматтары телерадиоуюмдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде каржыланат.
3. Социалдык пакетти түзүү боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111, 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |