Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593, 2016-жылдын 13-июлундагы № 390, 2017-жылдын 21-июлундагы № 442, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111, 2026-жылдын 6-февралындагы № 66
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо бир жыштык бөлүнүштө таратылуучу телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүү тартибин аныктайт.
2. Социалдык пакет - Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын пакети, анын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилип, бир жыштык бөлүнүштө калкка акысыз таратылат жана мамлекеттик бюджеттен жана/же башка булактардан каржыланат (мындан ары - Социалдык пакет).
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 390, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Социалдык пакетти түзүү төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- жарандардын санариптик телерадиоберүү боюнча сапаттуу маалыматтарды алуудагы керектөөлөрүн канааттандыруу;
- бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти сактоо жана камсыз кылуу;
- өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу.
2. Социалдык пакетти түзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын функциялары
4. Социалдык пакетти түзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган):
- Социалдык пакетти түзөт жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүү үчүн жиберет;
- Социалдык пакетти каржылоо боюнча керектөөлөргө жана сунуштарга талдоо жүргүзөт;
- Социалдык пакетти калкка акысыз негизде таратууга жана анын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт;
- Социалдык пакетти түзүүнүн приоритеттерин аныктайт;
- Социалдык пакеттеги телеканалдардын жана/же радио-каналдардын санын аныктайт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111, 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Социалдык пакетти түзүүнүн тартиби
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Социалдык пакетти 3 жылда бир жолу бекитет.
Социалдык пакетке өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилген Социалдык пакеттен бир же бир нече телеканалдарды жана/же радиоканалдарды мөөнөтүнөн мурда чыгаруу же Социалдык пакетти башка телеканалдар жана/же радиоканалдар менен толуктоо себептери боюнча гана киргизилиши мүмкүн.
Мында Социалдык пакеттин мурда бекитилген колдонулуу мөөнөтү өзгөрбөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Социалдык пакеттеги телеканалдардын жана/же радио каналдардын саны бир жыштык бөлүнүштө телеканалдардын жана радиоканалдардын мүмкүн болгон максималдуу санын жайгаштыруунун техникалык шарттары менен чектелет.
7. Социалдык пакеттин тизмеги түзүүнүн төмөнкү аймактык чектөөлөрүнө ээ:
- Социалдык пакетти трансляциялоону бүткүл аймакка берүүчү республикалык маанидеги телеканалдар жана/же радиоканалдар;
- Социалдык пакетти трансляциялоону бир нече облустардын чегинде берүүчү облустар аралык маанидеги телеканалдар жана/же радиоканалдар;
- Социалдык пакетти трансляциялоону бир облустун чегинде берүүчү облустук маанидеги телеканалдар жана/же радиоканалдар.
8. Социалдык пакет төмөнкүлөрдү камтыйт:
- республикалык бюджеттен каржылануучу телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын телеканалдарын жана/же радиоканалдарын;
- республикалык бюджеттен каржыланбаган, бирок мамлекет (мамлекеттик органдар) катышуучу (катышуучулар) болуп чыккан телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын телеканалдарын жана /же радиоканалдарын;
- мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык макулдашуулардын алкагында иштеген телекөрсөтүү жана радио-уюмдардын телеканалдарын жана/же радиоканалдарын;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык макулдашуулардын алкагында иштеген телекөрсөтүү жана радио-уюмдардын телеканалдарын жана/же радиоканалдарын Социалдык пакетке киргизүү ушул Жобонун 8-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарына ылайык телеканалдар жана/же телерадиоканалдар толук аныкталгандан кийин жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593, 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Социалдык пакетте чет өлкөнүн телекөрсөтүү жана радио-уюмдардын телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын, берүү сигналдарын таратуу кызматына республикалык бюджеттин каражаттарынан акы төлөөгө жол берилбейт.
11. Социалдык пакеттин алкагында трансляциялануучу жана ретрансляциялануучу телеканалдарда жана/же радиоканалдарда чет элдик телекөрсөтүү жана радио уюмдары тарабынан берилүүчү жарнамаларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу көлөмдө жайгаштырууга жол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 442, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Социалдык пакетке кирүүнүн конкурстук шарттары
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Телеканалдарды жана радиоканалдарды Социалдык пакеттен чыгаруу
17. Телеканалдарды жана/же радиоканалдарды Социалдык пакеттин тизмесинен мөөнөтүнөн мурда чыгаруу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын берүү токтотулганга чейин кеминде 30 күн мурда ыйгарым укуктуу органга берген арызы боюнча;
- негиздүү себептерин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу органдын жүйөлүү сунушу боюнча.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Телеканалдарды жана/же радиоканалдарды Социалдык пакеттен мөөнөтүнөн мурда чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча чыгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 , 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
19. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. Телеканалдары жана/же радиоканалдары Социалдык пакеттен чыгарылган телекөрсөтүү жана радио-уюмдары чечимдин жыйынтыгына макул болбогон учурда мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.