Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 29-июлу № 324
"Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп
берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна
толуктоолорду киргизүү тууралуу
Райондук маанидеги Шопоков шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу жана "Мүлккө коммуналдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Шопоков ыңгайлаштыруу комбинатын колдоо үчүн социалдык-тиричилик багытындагы объекттерди, транспортту өткөрүп берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- токтомго "Райондук маанидеги Шопоков шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилүүчү объекттердин тизмеси" деген № 6 тиркеме ушул токтомго карата тиркемеге ылайык объекттер менен толукталсын.
2. Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Сокулук башкармалыгы райондук маанидеги Шопоков шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлктүн бирдиктерине менчик укуктарын мамлекеттик каттоо жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кен казып алуу тармактары бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу
|
Ф. Кулов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 324 токтомуна тиркеме |
┌────────────────────────────────────┬────────────────┬───────────────┐
│ Объекттердин аталышы │ Саны, өлчөө │ Калдык наркы │
│ │ бирдиги │ (миң сом) │
├────────────────────────────────────┼────────────────┼───────────────┤
│Борбордук суу өткөрүү линиясы │ 568 м │ - │
│Суу өткөрүү магистралы │ 950 м │ - │
│Суу өткөрүү магистралы │ 503 м │ - │
│Борбордук суу өткөрүү линиясы │ 631 м │ - │
│Борбордук канализация линиясы │ 2540 м │ - │
│Борбордук канализация линиясы │ 1407 м │ - │
│Суу чыгаруу мунарасы │ 1 бирдик │ - │
│№ 1509/скважинасы │ 100 м │ │
│№ 2776/183 м скважинасы │ 183 м │ │
│ЭЦВ 10-63/65 тереңден суу чыгаруучу │ 1 бирдик │ 10833,33 │
│насос │ │ │
│ЭЦВ 6-10/75 тереңден суу чыгаруучу │ 1 бирдик │ 5000,00 │
│насос │ │ │
│ЭЦВ 10-63/65 тереңден суу чыгаруучу │ 1 бирдик │ 11666,67 │
│насос │ │ │
│Таштанды чыгаруучу автомобиль │ 1 бирдик │ │
│ЗИЛ-ММЗ- мамномер 2150 SС, │ │ │
│кыймылдаткычы 458031, шасси │ │ │
│№ 1883879 │ │ │
└────────────────────────────────────┴────────────────┴───────────────┘
Премьер-министринин Аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу - министр |
А. Исабеков |