Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ | ||
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 352 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 266, 2019-жылдын 20-августундагы № 410 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу коомдук саламаттык сактоо боюнча кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган натыйжалуу чараларды көрүү, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар тарабынан Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди (2005-жыл) сактоо максатында түзүлгөн.
2. Координациялык кеңешти төрага - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри жетектейт, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри эсептелет. Координациялык кеңеш коомдук негизде иштейт.
3. Координациялык кеңештин курамына министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдардын жетекчилери, анын ичинде өзгөчө кооптуу оорулар менен ооруган же жабыр тарткан же алардын атынан чыккан адамдар, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин өкүлдөрү кирет. Координациялык кеңештин курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.
Зарыл болгон учурда Координациялык кеңештин жыйынына Координациялык кеңештин төрагасынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Координациялык кеңештин курамына кирбеген аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилери, эл аралык, донор жана башка уюмдардын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 266, 2019-жылдын 20-августундагы № 410 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Координациялык кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле бул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Координациялык кеңештин ишинин принциптери, негизги милдеттери жана функциялары
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 266 токтомунун редакциясына ылайык)
4-1. Координациялык кеңеш төмөнкү принциптердин негизинде иштейт:
- ишинин ачык-айкындыгы;
- Кыргыз Республикасында өзгөчө кооптуу эпидемияларга (АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана башкаларга) каршы күрөшүүдө мамлекеттик жана мамлекеттик эмес секторлордун кызматташтыгы жана өнөктөштүгү;
- анын ишине өзгөчө кооптуу оорулар менен ооруган же жабыр тарткан адамдардын катышуусу;
- кабыл алынуучу чечимдерди жамааттык, эркин жана ачык талкуулоо;
- теңдик жана коллегиалуулук;
- кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 266 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Координациялык кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- коомдук саламаттык сактоо жана Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер жаатындагы саясаттын ишке ашырылышын контролдоо жана практикалык чараларды иштеп чыгуу;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, коомдук уюмдардын, бизнес-коомчулуктардын жана башка өнөктөштөрдүн оорулардын алдын алуу, калктын ден соолугун чыңдоо жана коргоо маселелери боюнча ишин координациялоо.
- калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча улуттук, мамлекеттик, тармактык программаларды ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жана баалоо киргизүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-августундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Координациялык кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- калктын ден соолугун коргоого жана бекемдөөгө багытталган иш-чаралардын аткарылышына, ошондой эле бул максаттар үчүн тартылган гранттардын, насыялардын мамлекеттик органдар тарабынан колдонулушуна мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;
- калктын ден соолугун коргоо жана чыңдоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларга талдоо жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасындагы коомдук саламаттык сактоо көйгөйлөрү боюнча башка мамлекеттердин тажрыйбаларын колдонуу маселелерин кароо
- саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана калктын ден соолугун коргоо маселелери боюнча милдеттерди аткаруу боюнча чечимдерди кабыл алуу;
- эл аралык уюмдар менен саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана калктын ден соолугун коргоо маселелери боюнча маселелери боюнча өз ара аракеттин жана кызматташтыктын багыттарын жана артыкчылыктарын аныктоо;
- саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана калктын ден соолугун коргоо маселелери боюнча проблемалуу маселелери боюнча жана аны чечүүнүн жолдору жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары, министрликтер жана административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар аркылуу калкка кеңири маалымдоону камсыздоо;
- калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди кароо;
- жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана калктын ден соолугун сактоо боюнча улуттук, мамлекеттик, тармактык программалардын аткарылышы жөнүндө маалыматын кароо жана кийин аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынына чыгаруу.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-августундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Координациялык кеңештин укуктары
7. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана калктын ден соолугун коргоо маселелери боюнча керектүү маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- мамлекеттик бийлик органдарынын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана калктын ден соолугун коргоо маселелери боюнча жыйындарга чакырууга жана угууга;
- кароону талап кылган сунуштарды кароо зарылчылыгын негиздөө менен аларды жыйынга киргизүүгө;
- Координациялык кеңештин чечимдерин аткаруунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүгө;
- Координациялык кеңешке жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын (макулдашуу боюнча), коомдук жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн, илимий кызматкерлерден, башка көз карандысыз эксперттерден турган координациялык түзүмдөрдү (жумушчу комитеттерди) түзүүгө, алардын курамын жана алар жөнүндөгү жоболорду бекитүүгө;
- өлкөнүн артыкчылыктуу керектөөлөрүнүн негизинде эл аралык жана донор уюмдарга улуттук өтүнмөлөрдү жиберүү жөнүндө Координациялык кеңештин комитеттеринин чечимдерин бекитүүгө; бекитилбей калган учурда конкреттүү сунуштамаларды көрсөтүү менен комитеттерге кошумча иштеп чыгууга кайтарууга.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 266, 2019-жылдын 20-августундагы № 410 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Координациялык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
8. Координациялык кеңештин төрагасы:
- Координациялык кеңештин жыйынын чакырат, жыйында каралууга тийиш болгон маселелерди аныктайт;
- аткаруу бийлиги органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдардын коомдук саламаттык сактоо маселелери боюнча күч-аракеттеринин биримдикте болушун камсыздайт;
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, административдик ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан коомдук саламаттык сактоо маселелери боюнча маалыматтарды сурап алат;
- коомдук саламаттык сактоо маселелери боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;
- жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышта иштейт;
- Координациялык кеңешти жетектөө боюнча башка милдеттерди аткарат.
9. Төрага жок болгон учурда анын функцияларын Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 266 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Координациялык кеңештин уюштуруу иши
10. Координациялык кеңештин иши зарылчылыгына жараша, бирок үч айда бир жолудан кем эмес чакырылуучу жыйындарды өткөрүү формасында жүзөгө ашырылат. Координациялык кеңештин жыйыны эгерде Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн төрттөн үч бөлүгүнөн кем эмеси катышса укуктуу болуп эсептелет.
Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн сунушу боюнча ар бир жылдын 25-январына чейин Координациялык кеңештин үстүдөгү жылга иш-планы түзүлөт жана төрагасы тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-августундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
11. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 266 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. Координациялык кеңештин чечими Координациялык кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк жөнөкөй добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет. Координациялык кеңештин жыйынынын протоколуна төрага кол коет.
13. Координациялык кеңештин кезексиз жыйыны анын каалаган мүчөсүнүн сунушу боюнча эгерде Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү макул болсо чакырылышы мүмкүн.
14. Координациялык кеңештин кезектеги жыйынынын иш тартиби жана чечимдердин (сунуштардын) долбоорлору катчы тарабынан жыйын башталган күнгө чейин бир жумадан кечиктирбей Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 266 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Координациялык кеңештин чечимдери Координациялык кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Ар бир чечим боюнча өзгөчө пикир жыйындын протоколуна жазылат.
6. Координациялык кеңештин жумушчу органы
16. Координациялык кеңештин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саналат. Жумушчу органдын милдеттерине: Координациялык кеңештин жыйынына материалдарды даярдоо, Координациялык кеңештин мүчөлөрүн маалыматтык-аналитикалык материалдар менен камсыздоо, берилген материалдарды иштеп чыгуу жана жалпылоо, Координациялык кеңештин жыйындарынын протоколдорун жүргүзүү, Координациялык кеңештин чечимдеринин аткарылышына контролду жүзөгө ашыруу кирет.
17. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүнүшүнүн башчысы Координациялык кеңештин катчысы болуп эсептелет.