Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 26-июну № 353

“Ч.Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Ч.Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

ушул токтом менен бекитилген Ч.Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамында:

- курамга төмөнкүлөр киргизилсин:

Сариева Эльвира Кубанычбековна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;

Джунушалиев Айбек Джанышбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын мүчөсү;

Суеркулов Замир Казакбаевич - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, комиссиянын мүчөсү;

Муратова Айжан Раушанбековна - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин жаштар уюмдары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, комиссиянын жооптуу катчысы;

- Раев С.А., Ажигулова З.Б., Субанкулов И.Т., Алымбаева А.К. курамдан чыгарылсын;

- «Талиева Камила Абдразаковна» позициясында «Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, комиссиянын мүчөсү» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев