Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2015-жылдын 22-апрели № 7-Р
жаран Нурбек Акбарович Токтакуновдун жана "WINLINE" ("Винлайн") жоопкерчилиги чектелген коомдун кайрылуулары боюнча "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1 беренесинин 1-бөлүгүнүн, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 5-бөлүгүнүн жана 3-бөлүгүнүн ченемдик жоболорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июнунда кабыл алынган № 360 "Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,
судьялар - Ч.А. Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,
сот жыйналышынын катчысы - Н.А.Илиязованын катчылыгы менен,
кайрылуучу тарап - жаран Н.А.Токтакуновдун, анын ишеним каттын негизиндеги өкүлү болгон И.С.Байкулованын жана ишеним каттын негизинде "WINLINE" ("Винлайн") жоопкерчилиги чектелген коомдун атынан өкүлү Д.С.Мамбеталиевдин;
жоопкер-тарап - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү С.С. Болджурованын жана ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү У.А.Смаиловдун, А.В. Закордонцевдин, М.Т.Токтосуновдун;
башка жак - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Ж.С.Бокошеванын, ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү А.Ш.Шукурбековдун жана ишеним каттын негизинде аракеттенген "Sky Mobile" жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлү Х.К.Кадыровдун катышуулары менен.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 1, 4, 18, 19, 24, 37, 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 5-бөлүгүнүн жана 3-бөлүгүнүн ченемдик жоболорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июнунда кабыл алынган № 360 "Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.
Ишти кароого жаран Н.А.Токтакуновдун жана "WINLINE" ("Винлайн") жоопкерчилиги чектелген коомдун атынан башкы директору А.А.Бакаевдин өтүнүчү себеп болду.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгү, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 5-бөлүгү жана 3-бөлүгүнүн ченемдик жоболору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июнунда кабыл алынган № 360 "Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.
Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы К.С.Сооронкулованын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2014-жылдын 15-октябрында жаран Н.А.Токтакуновдун "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгү, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 5-бөлүгү жана 3-бөлүгүнүн ченемдик жоболору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июнунда кабыл алынган № 360 "Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 29-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемдик жоболорунун конституциялуулугун талашуу менен Н.А.Токтакунов мыйзам чыгаруучу изин суутпай издөө ишин ишке ашыруу процессинде жашыруун маалыматты тымызын алууга арналган атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана алардын тизмесин аныктоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө негизсиз укук берген деп көрсөтөт. Анын пикиринде мындай каражаттарды пайдалануу кат жазышуу, телефон аркылуу жана башка сүйлөшүүлөрдү, телеграфтык, электрондук жана башка маалыматтардын купуялуу болуу укуктарын чектөөгө түздөн-түз тиешелүү жана ага ылайык бул мыйзам алдындагы актылар менен жөнгө салынышы мүмкүн эмес.
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемдик жоболорунун конституциялуу эместигин моюнга алуу жөнүндө талаптар Н.А.Токтакунов тарабынан Мыйзамдын бул ченеми улуттук коопсуздук органдарына байланыш тарамын пайдалануу менен байланышкан изин суутпай издөө иш-чараларын техникалык жактан ишке ашырууга өзгөчө укук бере турган далилдерине таянат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүзөгө ашыруунун тартибин аныктоону тапшырып жатат. Техникалык каражаттарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылып жаткан түйүндөгү жана байланыш каналдарындагы изин суутпай издөө иш-чаралары (мындан ары - ТК ИСИИК) байланыш жана кат жазышуунун жашыруундуулугуна, ошондой эле байланыш операторунун мыйзамдуу кызыкчылыктарына таасирин тийгизип жаткандыгына байланыштуу бул тармактагы коомдук мамилелер тике мыйзам чыгаруучу тарабынан жөнгө салынышы керек.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүн конституциялуу эмес деп таануу жөнүндө өзүнүн талаптарын негиздөө менен арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши талашка түшкөн ченемдеги "мыйзам чыгаруу" терминин колдонуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу тутумуна кирген адам жана жарандын мыйзам актыларынын алдындагы конституциялык укуктарын чектөө мүмкүнчүлүгүнө жол бергендиги, ошону менен изин суутпай издөө кызматтарынын жеке жашоого мыйзамсыз түрдө ээн-эркин басып кириши үчүн шарттарды түзгөндүгү, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнүн жоболорун бузуу болуп санала тургандыгы жөнүндө далилдерди келтирет. Н.А.Токтакуновдун пикиринде, адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү, анын ичинде ал жөнүндө маалыматтарды жыйноо, сактоо жана пайдалануу укукту чектөөчү мүнөздөгү чаралар катары мыйзам менен гана аныкталууга тийиш.
Ушундай эле Н.А.Токтакуновдун көз карашы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июнунда кабыл алынган № 360 "Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна карата да далилдери менен негизделет. Кайрылуучу субъект жогоруда белгиленген ченемдик укуктук акты пайдалануучу ТК ИСИИК тарабынан байланыш кызматтары жөнүндө маалыматка, түйүндөргө жана байланыш каналдарына, маалымат базаларына, байланыш операторунун автоматташтырылган тутумдагы маалыматка жол ачуу үчүн милдеттүү соттук актыны талап кылууну камтыбайт, ошону менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин жоболорун бузуп жатат деп эсептейт. Н.А.Токтакуновдун пикири боюнча, талаштуу жоболорду жөнгө салуу предмети болуп саналган коомдук мамилелер мыйзам тарабынан тартипке келтирилиши керек.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 21-ноябрындагы аныктамасы менен Н.А.Токтакуновдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2015-жылдын 9-январында "WINLINE" ("Винлайн") жоопкерчилиги чектелген коомдун атынан (мындан ары - "WINLINE" ("ВИНЛАЙН") ЖЧК) башкы директору А.А.Бакаевдин өтүнүчү келип түшкөн.
Талаптар жана аларды талашка түшүп жаткан ченемдерге карата негиздөө "WINLINE" ("ВИНЛАЙН") ЖЧКсында дагы ушундай эле мүнөзгө ээ. Мындан тышкары, "WINLINE" ("ВИНЛАЙН") ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июнунда кабыл алынган № 360 "Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомду Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанууну суранды. Бул талапты негиздөө менен кайрылуучу субъект талаштуу жобо тарабынан бекитилген Нускама мобилдүү уюктук байланыштын операторуна ага таандык болгон байланыш тармактарына жана каналдарына менчик каражаттарынын эсебинен ТК ИСИИК андан ары техникалык тейлөө жана программалык камсыздоо үчүн өз мезгилинде жаңыртууга жабдууларды сатып алуу, орнотуу, иштетүү, монтаждоого мыйзамсыз оордукту жүктөп жаткандыгы жөнүндө жүйөөлөрдү келтирет. Ошону менен мамлекет бизнеске менчик эсебинен байланыш абоненттери жана алар алып жаткан байланыш кызматтары жөнүндө жашыруун маалымат алууга арналган техникалык жабдууларды орнотууга милдеттемени ченемдүү бекитип жатат. Байланыш операторунун каражаттарынын эсебинен ТК ИСИИК сатып алуу анын алардын менчикке болгон укугун камтыйт, бирок бул жабдуу жана Нускама тарабынан байланыш операторуна жүктөлгөн милдеттемелерден улам, акыркылар менчик ээсинин - ТК ИСИИК юридикалык тагдырын аныктоо, ээ болуу, пайда алуу укуктарын ишке ашыра албайт. Мындай абал, "WINLINE" ("ВИНЛАЙН") ЖЧКсынын өкүлү Д.С.Мамбеталиевдин пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдик берилген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүндө бекитилген менчикке кол тийбестик укугун бузат.
Н.А.Токтакуновдун жана "WINLINE" ("ВИНЛАЙН") ЖЧКсынын өтүнүчтөрү бирдей талаптарды камтыгандыктан судья-баяндамачынын 2015-жылдын 17-февралындагы аныктамасы менен бир конституциялык сот өндүрүшкө бириктирилген.
Н.А.Токтакунов, анын өкүлү И.С.Байкулова жана "WINLINE" ("ВИНЛАЙН") ЖЧКсынын өкүлү Д.С.Мамбеталиев сот жыйналышында өздөрүнүн талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну өтүнүштү.
Жоопкер-тараптын өкүлдөрү С.С.Болджурова, У.А.Смаилов, А.В.Закордонцев жана М.Т.Токтосуновдор кайрылуучу тараптын далилдери менен макул болбой жана талашка түшүп жаткан мыйзам чыгаруу жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну суранышты.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып жана башка жактардын түшүндүрүүлөрүн угуп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Демек, ушул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароосунун предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы ченемдик жоболор саналат:
- "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 3-бөлүгүндө "маалыматты тымызын алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруу процессинде маалыматтарды маалымдуу эмес түрдө алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет" деген сөздөр менен берилген ченемдик жоболор;
- "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүгү:
"7-статья. Изин суутпай издөө иш-чаралары
Ушул Мыйзамдын 16-статьясынын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар менен милдеттерди чечүү кызыкчылыгында байланыш тарамын пайдалануу менен байланышкан изин суутпай издөө иш-чаралары техникалык жактан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүзөгө ашырылат";
- "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын төмөнкүдөй мазмундагы 21-1-беренеси:
"21-1-статья. Изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүдө жана тергөө аракеттерин жүзөгө ашырууда байланыш операторлорунун милдеттери жана байланыш кызматынан пайдалануучулардын укуктарын чектөө
1. Байланыш операторлору байланыш тармактарында изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга байланыш кызматын пайдалануучулар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле бул органдарга жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл башка маалыматтарды берүүгө, аларга байланыштын бардык тармактарында жана каналдарында изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда, маалыматтар базасына жана байланыш операторунун автоматташтырылган тутумуна жетүүнү камсыз кылууга милдеттүү";
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июнунда кабыл алынган № 360 "Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому ченемдик укуктук актынын таризи боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн талашка түшкөн актыны кабыл алууну укуктуулугун текшерүүсүн божомолдойт.
1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысында 1998-жылдын № 8 санында жарыяланган, мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп саналат.
1998-жылдын 16-октябрындагы № 131 "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Эркин-Тоо" гезитинде 1998-жылдын 30-октябрында № 171-172 сандарында жарыяланган, мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июнунда кабыл алынган № 360 "Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому "Эркин-Тоо" гезитинин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актылары" тиркемесинин 2014-жылдын 30-июнундагы № 11-12 (464-465) сандарында жарыяланган, мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы токтом болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна укуктуу. Жеке турмушунун кол тийбестигине болгон укук юридикалык категория катары жаранга мамлекет жана коомдон автономия абалында туруу мүмкүнчүлүгүн камсыздаган укуктардан, ошондой эле бул укукту ишке ашырууга кийлигишпөөнүн юридикалык кепилдиктеринен турат.
Жеке турмушунун кол тийбестигинин маанилүү шарттары болуп саналган укуктардын катарына Кыргыз Республикасынын Конституциясы кат-кабар алышуу, телефон жана башка сүйлөшүүлөр, почта, телеграфтык, электрондук жана башка маалыматтардын купуялуулук укугун киргизет (29-берененин 2-бөлүгү). Сүйлөшүүлөр жана кат-кабар алышуулардын купуялуулук укукта- ры - бул ар бир адамдын башка адамдар менен цензура жана кийлигишүүсүз коммуникацияны орнотууга болгон укугу, ошол эле учурда бир адам тарабынан экинчи адамга байланыш каражаттары аркылуу (адамдардын пикир алышуусунун ар кандай каражаттары) берилген кайсы гана болбосун маалыматтар алардын мазмунуна карабастан, купуя маалымат болуп саналат жана негизсиз жана абонент-адамдын уруксаты жок жарыяланууга тийиш эмес. Мындай маалыматтын кол тийбестиги анын ушул гана адамдарга белгилүү экендигин камтыйт, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана улуттук мыйзамдар менен корголот жана кепилдик берилет.
Мыйзамсыз кирүү, пайдалануу, купуялуулук маалыматты жана жеке жашоо жөнүндө маалыматты жарыялоо жеке адамдын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирет же анын келтирилиши боюнча коркунуч жаратат. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясы мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга тыюу салат, ошону менен бирге жеке турмушунун кол тийбестик укугунун жалпы кепили болот (29-берененин 3-бөлүгү). Эгерде жеке турмушуна өз билемдик менен кийлигишсе, анда Кыргыз Республикасынын Конституциясы коргоону, анын ичинде соттук коргоону кепилдейт, ошондой эле укук ченемсиз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берет (29-берененин 4-бөлүгү).
Келтирилген конституциялык жоболор Адам укуктарынын Жалпы декларациясынын 12-беренесине шилтеме кылат, анда "эч ким анын жеке жана үй-бүлөлүк турмушуна ээнбаштык менен кийлигишүүгө, анын турак жайына, анын кат-кабарларынын купуялыгына же анын абийирине жана беделине ээнбаштык менен кол салууга кириптер болууга тийиш эмес" деп орнотулган. Мааниси жана мазмуну боюнча жакын келген жобо Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 17-беренесинде дагы бекитилген.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, кат-кабар алышуу, телефон жана башка сүйлөшүүлөр, почта, телеграф, электрондук жана башка маалыматтардын купуялуулугуна болгон укук абсолюттук укук болуп саналбайт, бул укук мыйзамга ылайык жол берилген чектөөлөргө дуушар болушу мүмкүн жана мындай чектөө сөзсүз түрдө соттук актынын негизинде гана жасалууга тийиш. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптары улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максаттарына шайкеш келе турган киргизилген чектөөлөрдүн чен белгилерин алдын ала аныктайт.
Ошентип, Кыргыз Республикасында мыйзам чыгаруучунун кат жазышуу, телефон жана башка сүйлөшүүлөр, почта, телеграф, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн сырына чектөө укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жана эл аралык укуктун ченемдерине жана жалпы таанылган принциптерине ылайык камсыздалат; укуктук чектөөлөр анын чектери, негиздери, шарттары жана тартиби аныкталган мыйзам менен киргизилүүгө тийиш; аткаруу бийлик органдарынын кат жазышуу, телефон жана башка сүйлөшүүлөр, почта, телеграф, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн сырына кийлигишүүсү мыйзамдын негизинде жана соттун чечими менен жол берилет; кат жазышуу, кабар алышуу, телефон жана башка сүйлөшүүлөр, почта, телеграф, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн купуялуулук укуктарын чектөө жалпы маанилүү конституциялык максаттарда ишке ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболорун конкреттиштирип "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-бөлүгү мыйзам менен корголуучу кат жазышуулардын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, электр жана почта байланыш тарамдары боюнча берилүүчү телеграфтык жана башка билдирүүлөрдүн сырына, ошондой эле турак жайдын кол тийбестик укугуна тиешелүү изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө оор жана өзгөчө оор кылмыштарды даярдап жаткан же жасап жаткан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап жаткан же болбосо жасаган адамдар жөнүндө маалыматты жыйноо үчүн кийин 24 сааттын ичинде көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго маалымдоо менен изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү органдын жетекчилеринин биринин жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча соттук чечимдин негизинде гана жол берилет деп орнотот.
Жогоруда көрсөтүлгөн эрежеден "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнө ылайык кийинкиге калтырууга болбогон жана террорчулук актысын же диверсияны жасоого алып келген учурларда, же айрым адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, менчигине коркунуч келген учурда, алардын арызы же алардын кат жүзүндөгү макулдугу боюнча учурларда өзгөчөлүктөр болууга жол берилет. Мындай учурларда, тиешелүү органдын жетекчилеринин биринин жүйөлөштүрүлгөн токтомунун негизинде тиешелүү сотко (судьяга) жана көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго токтоосуз маалымдоо жана кийин 24 сааттын ичинде соттун чечимин алуу менен изин суутпай издөө иш-чаралары жүргүзүлөт.
Кат жазышуу, телефон жана башка сүйлөшүүлөр, электр жана почта байланыш тарамдары боюнча берилүүчү телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн сырына тиешелүү болгон жогоруда келтирилген беренелердин мааниси боюнча, укуктарды чектөө мыйзам менен бекитилген, мамлекеттик органдардын бул тармакка кийлигишүүсүнө соттук актынын негизинде гана жол берилет, ошону менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптары мыйзам чыгаруучу тарабынан сакталат.
Мыйзам чыгаруучу тарабынан киргизилген укуктук чектөөлөр изин суутпай издөө ишмердүүлүгүн максаттары жана милдеттери менен алдын ала аныкталган. "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык изин суутпай издөө иши - ушул Мыйзам тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан алардын бийлик укуктарынын чектеринде адамдын жана жарандын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана эркиндиктерин, менчикти, коомдун жана мамлекеттик коопсуздугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүчү изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү аркылуу маалымдуу жана маалымсыз түрдө жүзөгө ашырыла турган иштин түрү. Изин суутпай издөө ишинин максаттарынан "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси менен бекитилген изин суутпай издөө ишинин милдеттери келип чыгат, ошол эле учурда Мыйзам менен каралбаган максаттар жана милдеттерге жетишүү үчүн изин суутпай издөө иши ишке ашырууга тыюу салынат (6-берененин 1-бөлүгү).
Изин суутпай издөө ишинин өзгөчөлүгү жашырундуулуктун принциптерин сактоону, маалымдуу жана маалымдуу эмес усулдардын жана каражаттардын айкалышуусун камтыйт ("Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренеси). Басымдуу көпчүлүк учурларда адамдын жеке жашоосуна кийлигишүүнү камтыган изин суутпай издөө иш-чараларын ишке ашырууда ыйгарым укуктуу органдардан мыйзамга каршы иштерге өз учурунда бөгөт коюу, алдын алуу же ачууга мүмкүнчүлүк берген анын кылмыштуу жоругу жөнүндө маалыматтарды жана фактыларды топтоодо жашырын жана жабык ыкмалар колдонулат. Ага ылайык, жеке жашоо жөнүндө маалымат ал тууралуу маалыматтарды алуу үчүн эле эмес, биринчи кезекте изин суутпай издөө ишинин максаттарына жетишүү үчүн зарыл.
Ошону менен изин суутпай издөө иши өзүнүн максаттары, милдеттери, жана аларды чечүү ыкмалары боюнча аны ишке ашыруу тармагына тартылган адамдын конституциялык укуктарын чектөө зарылчылыгы менен объективдүү байланышкан.
4. "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кат жазышуулардын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, электр жана почта байланыш тарамдары боюнча берилүүчү телеграфтык жана башка билдирүүлөрдүн сырына тиешелүү изин суутпай издөө иш-чаралары эсептелет, бул: почта жөнөтүүлөрүн, телеграфтык жана башка билдирүүлөрдү контролдоо (9-пункт); телефон жана башка сүйлөшүү түзүлмөлөр боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жазып алуу (10-пункт); байланыштын техникалык каналдарынан маалымат алуу (11-пункт); байланыш тарамдарында жана каналдарында изин суутпай издөө (19-пункт); сүйлөшүүлөрдү тымызын тыңшоо жана жазуу (видео-, аудиотехниканы жана (же) атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен) (20-пункт); абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлмөлөрдүн ортосундагы байланышуулар тууралуу маалыматты алуу (21-пункт). Мындай изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүү кат жазышуулардын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, электр жана почта байланыш тарамдары боюнча берилүүчү телеграфтык жана башка билдирүүлөрдүн сырына болгон конституциялык укуктары менен түздөн-түз байланыштуу болгондуктан жогоруда белгиленгендей, аларды мыйзамдуу чектөө мүмкүнчүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституцииясынын 29-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген тартипте жана соттук актынын негизинде гана жол берилет.
Жогоруда белгиленген изин суутпай издөө иш-чаралары маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен ишке ашырылат. "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин3-бөлүгүнүн конституциялуулугу талашылып жаткан ченемдик жоболору маалыматты тымызын алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат жана ал анын түрлөрүнүн тизмесин аныктайт деп карайт.
Атайын техникалык каражаттардын алдындагы легалдуу дефиниция программалык камсыздоого жана изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө маалымат табуу жана документтештирүү үчүн атайын функцияларды, программалык камсыз кылуучу жана конструкциялык өзгөчөлүктөрү бар түзүлмөлөрдү, аппаратура, жалгаштырмалар, жабдууларды билдирет ("Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси). Ошону менен бирге атайын техникалык каражаттар атайын жасалган, иштеп чыгарылган, жаңыланган, программаланган же изин суутпай издөө иш-чараларын ишке ашырууда жашыруун маалымат алуу боюнча милдеттерди аткарууга ыңгайлаштырылган, башкача айтканда адамдын артынан көзөмөл кылуу (байкоо жүргүзүү), телефон жана башка сүйлөшүүлөрдү тыңшоо, кат жазышууларын көзөмөлдөө жана перлюстрация кылуу фактысынын өзүн жашыруу үчүн атайын эсептелген.
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча маалыматты жашыруун алуу үчүн атайын техникалык каражаттарды пайдалануу тизмеси жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 16-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген мамлекеттик органдардын тиешелүү изин суутпай издөөчү кичи бөлүмдөрү тарабынан гана уруксат берилет. Ушуну менен бирге Мыйзам ыйгарым укук берилбеген жеке жана юридикалык жактар тарабынан изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө, сактоого жана маалыматтарды маалымдуу эмес негизде алуу үчүн арналган атайын жана башка техникалык каражаттарды пайдаланууга түз тыюу салат (16-берененин 8-бөлүгү). Мындан да атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен жарандардын кат жазышууларынын, телефондо жана башка сүйлөшүүлөрүнүн, почта, телеграф, электрондук же башка билдирүүлөрүнүн жашырындуулугу бузулгандыгы жана маалыматтарды билдирбей алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү, сатуу же сатуу үчүн алуу кылмыш-жаза жосун болуп эсептелет (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 136-3-беренеси).
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 3-бөлүгүнүн буйруктарын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2014-жылдын 7-августундагы № 451 токтому менен Изин суутпай издөө ишин ишке ашыруу процессинде жашыруун маалымат алууга арналган (иштелип чыккан, ыңгайлаштырылган, программаланган) атайын техникалык каражаттардын тизмесин бекитти.
Жашыруун маалымат алууга арналган атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу аларга мүнөздүү касиеттеринен улам индивиддин, анын макулдугусуз сырттан кийлигишүү болгон жеке жашоо тармагына олуттуу басып кирүү мүмкүнчүлүгүн берет жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин кепилдик берилген адамдын укуктарын бузууга алып барат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атайын техникалык каражаттарды иштеп чыгуу, өндүрүү, ишке ашыруу жана сатып алуу, аларды каттоо тартиби боюнча ишин жөнгө салууга, аларды мыйзамсыз пайдаланууну, жана ошону менен бирге - мамлекеттин коопсуздугуна, адамдын укук жана эркиндиктерине зыян келтирүүнү жокко чыгаруу максатында алардын техникалык мүнөздөмөлөрүн жана параметрлерин аныктоого милдеттүү.
Ошентип "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жеке жашоого анын ичинде кат жазышуулардын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, электр жана почта байланыш тарамдары боюнча берилүүчү телеграфтык жана башка билдирүүлөрдүн сырына болгон укукту бузуучу катары бааланышы мүмкүн болгон кандайдыр бир жоболорду камтыбайт. Ага ылайык, атайын техникалык каражаттарды пайдалануунун өзгөчөлүгүнөн улам бул маселени мыйзамдар менен мазмундуу регламенттештирүүнүн зарылчылыгы жок, мындай укуктук жөнгө салуу мыйзам алдындагы ченемдерди чыгаруунун негизинде ишке ашырылышы мүмкүн.
5. "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык милдеттерди чечүү кызыкчылыгында байланыш тарамын пайдалануу менен байланышкан изин суутпай издөө иш-чаралары техникалык жактан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренеси Кыргыз Республикасынын аймагында изин суутпай издөө ишин ишке ашырууга укуктуу болгон мамлекеттик органдардын изин суутпай издөөчү кичи бөлүмдөрүнүн өзгөчө тизмесин аныктайт.
Изин суутпай издөө ишин ишке ашырууга укуктуу болгон органдардын тутумунда маанилүү роль берилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына таандык, алар өздөрүнө берилген укуктардын чегинде инсандардын, коомдун, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылышат, чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгындоо-бүлүндүрүүчүлүк иш-аракеттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө, эгемендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө карата мыйзамсыз аракеттерди табуу, алдын алуу жана жоюу иштерин жүзөгө ашырышат ("Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси). Улуттук коопсуздук органдарынын изин суутпай издөө ишинин иш милдеттерине карата компетенциясынын өзгөчөлүктөрүнөн улам, мыйзам чыгаруучу улуттук коопсуздук органдарына изин суутпай издөө иш-чараларынын бардык тизмесин колдонуу укугун берген ("Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 2-бөлүгү).
Улуттук коопсуздук органдарына түйүндөрдө жана байланыш каналдарында изин суутпай издөө иш-чараларын техникалык ишке ашырууну жүктөө ТК ИСИИК орнотуу, пайдалануу жана сакталышы, анын техникалык тейлөө жана ченемдүү пайдалануу үчүн, башкысы - мыйзамдуулукту камсыздоо жана изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жашыруундук режимин сактоого жоопкер болгон бирдиктүү органды аныктоо зарылчылыгына байланыштуу алдын ала аныкталган. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелер "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринде мыйзам чыгаруучу бекитүүнү тапкан, аларга ылайык улуттук коопсуздук органдары өзгөчө маанидеги объектилерди (жайларды) жана андагы техникалык каражаттарды техникалык каналдар аркылуу маалыматтардын жайылып кетишинен коргоону камсыз кылуу боюнча контролду ишке ашырууга милдеттүү.
Буга байланыштуу мыйзам чыгаруучу дал ошол улуттук коопсуздук органдарына түйүндөр жана байланыш каналдарында изин суутпай издөө иш-чараларын ишке ашыруу укуктарын берди, жана ошону менен бирге ИСИИКтин алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын мыйзамдуулугу жана маалыматка мыйзамсыз киргендиги, ошондой эле ТК ИССИКга карата административдик-техникалык маселелерди чечүүдө толук жоопкер болууга милдеттендирди. Ошону менен улуттук коопсуздук органдарына байланыш түйүндөрүн тапшырмаларды аткаруу кызыкчылыгында изин суутпай издөө ишин ишке ашырган башка органдар тарабынан пайдалануу менен байланышкан изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү милдеттерин жүктөө дээрлик негиздүү болуп саналат.
Ошентип конституциялуулугу талашылып жаткан "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 5-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесин бузган жоболорду камтыбайт. Улуттук коопсуздук органдарына байланыш түйүндөрүн пайдалануу менен байланышкан изин суутпай издөө иш-чараларын ишке ашыруу милдеттерин жүктөө алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 2-бөлүгүндө келип чыккан конституциялык талаптарды сактоону жокко чыгарбайт.
ТК ИСИИКни пайдалануу укуктуу органдардын жана байланыш операторунун макулдашылган аракеттерин талап кылгандыктан, алардын өз ара аракеттенишүүсүн конкреттештирүү жана деталдаштыруу, техникалык регламентти иштеп чыгуу, жоопкерчилик аймактарын бөлүштүрүү, башка техникалык маселелерди чечүү мыйзам алдындагы ченемдүү актылар менен жөнгө салынуу талап кылат. Мындай укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт тарабынан 2014-жылдын 30-июнундагы № 360 "Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому менен ишке ашырылган (мындан ары - Нускама).
6. Кайрылуучу тараптын каралып жаткан иштеги көз карашы негизинен ушул Нускама тарабынан кат жазышуулардын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, электр жана почта байланыш тарамдары боюнча берилүүчү телеграфтык жана башка билдирүүлөрдүн сырына тиешелүү маселелерди жөнгө салуу маселелерине барып такалат. Анын ичинде кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын негиздөө менен байланыш оператору жана улуттук коопсуздук маселелерин башкарган (ИСИИК пайдалануучу) укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынышы керек эмес деген далилдерди келтирет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат (88-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту). Мыйзамдарда камтылган тигил же бул маселелерди деталдуу чейин жөнгө салуунун зарылчылыгы жөнүндө буйруктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнүн компетенциясынын алкактарында аларды түздөн-түз аткарууга милдеттендирет. Конституциялуулугу талашка түшкөн Нускама "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" жана "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын буйруктарын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген. Мыйзамдардын ченемдери изин суутпай издөө ишин жүргүзүүнүн жалпы негиздерин аныктайт жана мыйзам алдындагы ченемдик актылар үчүн аларды өткөрүү тартибин деталдуу регламенттештирүүчү баштапкы жобо болуп саналат. Ошону менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү талашка түшкөн токтомду кабыл алууда өзүнүн укуктарынын алкактарынан чыккан жок.
Кайрылуучу тараптын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июнундагы № 360 "Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомун конституцияга ылайык эмес деп таануу талабы каралып жаткан иштин алкагында текшерүүнүн предмети болушу мүмкүн эмес, анткени бул субъектинин өтүнүчүндө Нускаманын конкреттүү ченемдеринин мазмунун текшерүү жөнүндө талаптар жок. Ушул эле себептерден улам бул Нускама тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү тарабынан кепилдик берилген байланыш операторунун менчик укуктарын мыйзамсыз чектөөлөргө жол берүүлөр жөнүндө "WINLINE" ("ВИНЛАЙН") ЖЧКсынын далилдери дагы эске алынышы мүмкүн эмес.
7. "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүн конституциянын талаптарына жооп бере тургандыгы боюнча талашуу менен кайрылуучуу субъектилери анын укукту чектеген мүнөздөрүн белгилешет жана ушундай сыяктуу укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу тутумуна кирген мыйзам алдындагы актылар менен жөнгө салынышы мүмкүн эместигин белгилейт.
Талашка түшкөн ченемден келип чыккан мобилдик байланыш операторунун зарыл болгон маалыматты берүү милдеттери изин суутпай издөө иш милдеттери менен шартталган. Ошону менен бирге укуктуу мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү мыйзам менен каралган гана тартип жана тариздерде, ошондой эле мыйзам менен аныкталган компетенциянын чектеринде өтүүгө тийиш. Ага ылайык, кайсы гана болбосун аракеттер, анын ичинде мыйзам менен корголгон электр байланыштар түйүн аркылуу берилген кат жазышуулардын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, электр жана почта байланыш тарамдары боюнча берилүүчү телеграфтык жана башка билдирүүлөрдүн сырына тиешелүү маалыматтарды талап кылуу жана тартып алууга белгиленген максаттарда гана жана соттук актынын негизинде гана жол берилет.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн аракетинин алдына изин суутпай издөө ишинин максаттары жана милдеттери үчүн маанилүү болгон бардык эле маалымат дал келбейт. "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык байланыш операторунун абоненттер жөнүндө маалыматтар базасы төмөнкү маалыматтарды камтыйт: абоненттин фамилиясын, атын, атасынын атын, абоненттин - юридикалык жактын толук аталышын, абонент болуп саналган бул юридикалык жактын жетекчисинин жана кызматчыларынын фамилиясын, атын, атасынын атын, абоненттин дарегин же четки абоненттик түзүлмөнү (терминалды) орнотуунун дарегин, абонентти же анын четки түзүлмөнү (терминалды) аныктоого (идентификациялоого) мүмкүнчүлүк берген абоненттик номерлерди жана башка маалыматтарды, байланыштын көрсөтүлгөн кызматтары үчүн эсептөө тутумдарынын маалыматтар базасынын маалыматтарын. Абонент жөнүндө маалыматка тиешелүү маалыматтар "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчүнө түшөт, ага ылайык конкреттүү адам жөнүндө материалдык сактоочулар жазылган маалымат, ал конкреттүү адам менен окшоштурулат же окшоштурулушу мүмкүн, ушул адамды түз же кыйыр анын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык түрдүүлүгү үчүн анын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык идентификация үчүн мүнөздүү болгон бир же бир нече факторлорго шилтеме жасоо жолу менен идентификациялоого мүмкүндүк берет (3-берене). Абоненттер жөнүндө маалыматтар "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине жана "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, жеке мүнөздөгү маалымат катары купуялуулук маалымат болуп саналат, өткөрүп берүүнү, көрсөтүүнү жана жеке маалыматтарды сактоо шарттарын чектөөнү аныктаган ченемдик жактан белгиленген эрежелерди камтыйт. "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн мазмунунан жана маанисинен алганда абоненттер жөнүндө маалыматты кармоочу катары болгон байланыш оператору, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талабы боюнча, эгерде суралып жаткан жеке маалыматтардын тизмеги сурап жаткан органдын ыйгарым укугуна ылайык келсе жеке маалыматтар субъектинин макулдугусуз өткөрүп берүүгө укуктуу. "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бул жоболору укуктуу субъектилер тарабынан абоненттер жөнүндө соттук актыларсыз маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө түздөн-түз жол берет. Мындай маалымат купуялуулук мүнөздөгү, бирок телефон аркылуу сүйлөшүүлөргө кирбеген маалыматтардын өзүнчө тобун түзөт жана ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн коргоосуна кирбейт.
Изин суутпай издөө органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка маалымат телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү, почта, телеграф жана электрондук жөнөтүүлөрдүн (мисалы, мобилдик байланыш аппаратынын жайгашкан жери) мазмунун ачпай турган башка кайсы гана болбосун маалыматтарды камтыйт. Ошону менен бирге маалыматты талап кылуу толук тизмеси мыйзам чыгаруучу тарабынан аныкталган изин суутпай издөө иш-чараларынын алкактарында ишке ашырылышы керек.
Мобилдик байланыш операторунун милдети байланыш түйүндөрүндө изин суутпай издөө ишин ишке ашырган укуктуу мамлекеттик органдарга бардык түйүндөрдө жана байланыш каналдарында изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо милдети, жарандардын электр байланыштар түйүн аркылуу берилген кат жазышуулардын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, электр жана почта байланыш тарамдары боюнча берилүүчү телеграфтык жана башка билдирүүлөрдүн сырына конституциялык укуктарына тиешелүү изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүү менен шартталган жана соттук актынын негизинде гана ишке ашырылат.
Жогоруда белгиленген изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүүдө орнотуу жана пайдалануу байланыш операторунун уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн тартууну талап кылган ТК ИСИИК пайдаланылат. Изин суутпай издөө ишин ишке ашыруу үчүн байланыш түйүндөрүндө айлануучу маалыматты пайдалануунун зарылчылыгы маалыматтардын жана байланыш операторунун автоматташтырылган тутумуна кирүүнү камтыйт. Ошону менен мыйзам чыгаруучу тарабынан буйрук берилген мобилдик байланыш операторунун изин суутпай издөө иш-чараларын ишке ашырууга зарыл болгон көмөк көрсөтүү милдети жалпы маанидеги конституциялык максаттардан келип чыккан изин суутпай издөө ишин максаттарына баш ийген объективдүү максаттуу жана социалдык-зарыл болгон жүрүм-турум чаралары болуп саналат.
Талашка түшкөн ченем негизинде байланыш операторунун укуктук органдар менен өз ара аракеттенишүү жол-жоболорун жана эрежелерин жөнгө салуучу мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар иштелип жана кабыл алынышы мүмкүн болгон баштапкы укуктук база болуп саналат. Ошол эле учурда бул ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 2-бөлүгү менен кепилдик берилген адам укуктарына тиешелүү болгон изин суутпай издөө иш-чараларын ишке ашыруу үчүн соттук актылардын зарылчылыгы жөнүндө конституциялык талаптарды жокко чыгарбайт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8, 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19, 41, 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып Конституциялык палата.
ЧЕЧТИ:
1. "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 5-бөлүгүнүн жана 3-бөлүгүнүн ченемдик жоболору жана "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы