Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 638 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-декабры № 754
«Тамак-аш азыктарынын жана аларды ɵндγрγγ, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирγγ процестериндеги коопсуздук талаптары» жɵнɵндɵ жалпы техникалык регламент» тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жɵнγндɵ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын θкмɵтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Тамак-аш азыктарынын жана аларды ɵндγрγγ, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирγγ процесстериндеги коопсуздук талаптары» жɵнγндɵ жалпы техникалык регламен» тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министиринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекттик санитардык врачы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн расмий ɵкγлγ болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д. Усенов |
| Долбоор |
1-берене. Жалпы техникалык регламенттин максаттары
2-берене. Техникалык регламентти колдонуу чɵйрɵсγγ
3-берене. Техникалык жɵнгɵ салуу объекттери
4-берене. Негизги тγшγнγктɵр
5-берене. Тамак-аш азыктарын ɵндγрγγ жана жγргγзγтγγ багытындагы жеке жана юридикалык тараптардын милдеттери
6-берене. Тамак-аш азыктарын ɵндγрγγнγн коопсуздугуна коюлуучу талаптар
7-берене. Тамак-аш азыктары, аларды ɵндγрγγ, сактоо ташып келγγ сатуу жана жок кылуу процесстериндеги коопсуздугуна коюлучу жалпы талаптар
8-берене. Тамк-аш кошулмаларыны коюлуучу талаптар
9-берене. Диеталык (дарылоо жана алдын алуучу) азыктарга коюлуучу талаптар
10-берене. Адистештирилген тонусту (кубатты) жогорулатуучу азыктарга коюлуучу таоаптар
11-берене. Байытылган тамак-аш азыктарына коюлуучу талаптар
12-берене. Гендик-инженердик модификациаланган ɵсγмдγктɵрже жаныбарлардан алынган азыктардын коопсуздугуна коюлуучу талаптар 4-глава. Тамак-аш азыктары, аларды ɵндγрγγ, сактоо, ташып келγγ, сатуу жана жок кылуу процесстеринде алардын азыркы техникалык регламенттин талаптпрына шайкештигин баалоо
13-берене. Тамак-аш азыктары, аларды ɵндγрγγ, сактоо, ташып келγγ, сатуу жана жок кылуу процесстеринде алардын азыркы техникалык регламенттин талаптпрына шайкештигин баалоо формалары
14-берене. Тамак-аш азыктарын идентификациалоо
15-берене. Тамак-аш азыктарын каттоо
16-берене. Азыркы жалпы техникалык регламенттин талаптарынын аткарылуусуна мамлекет тарабынан кɵзɵмɵл
17-берене. Кɵзɵмɵл
18-берене. Техникалык регламенттерге шайкештий белгиси 5-глава. Азыркы жалпы техникалык регламенттин талаптарынын бузулушуна жоопкерчилик
19-берене. Азыркы жалпы техникалык регламенттин талаптарынын бузулушуна жоопкерчилик
20-берене. Θтмɵ жоболор
21-берене. Укуктун ченемдик актыларды азыркы жалпы техникалык регламентке ылайыкташтыруу
22-берене. Азыркы жалпы техникалык регламенттин талаптарынын кγчγнɵ кириши
Тиркемелер
Тамак-аш сырьелорунун жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна талаптар.
Ветеринардык (зоотехникалык) препараттардын малдан алынган азыктардагы калджыктарынын максималдык деңгээли.
Балдардын тамактарынын коопсуздугу жана азыктык баалуулугуна талаптар.
Балыктын, чаян, чаян сымалдуулардын моллюскалардын, жер-сууда жашоочулар, сойлоп жγрγчγлɵр жана алардан кайра иштетилип жасалган азыктардын коопсуздугунун мителик кɵрсɵткγчтɵрγ.
Диеталык (дарылоо жана алдын алуучу) азыктардын жана БАК (биологиалык активдγγ кошумчалардын) тутумундагы чоң кишилер γчγн бир сутка ичинде тамакка колдонууга сунуш кылынган ɵлчɵмγ.
Диеталык (дарылоо жана алдын алуучу)азыктарды ɵндγрγγдɵ колдонууга уруксат берилген витаминдердин жана минералдык туздардын формалары.
Консерваланган тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна талапта.
(4±2) ͦ С температурадатез бузулуучу азыктардын жарамдуулук мɵɵнɵтγ жана сактоо шарттары.
1-берене Мыйзамдын максаттары
1. Бул мыйзам (мындан ары-техникалык регламент) тамак-аш сырьелорун жана тамак-аш азыктарын иштетγγдɵн, ɵндγрγγдɵн пайда болгон коркунучтуу жана зыяндуу факторлордон адамдардын ɵмγрγн жана ден соолугун коргоону, айлана-чɵйрɵнγ коргоону камсыз кылуу; азыктарды керектɵɵчγлɵрдγ жаңылдырып, тескери жолго салуучу аракеттерден эскертγγ максатында колдонулат.
2. Азыркы техникалык регламент тамак-аш азыктарынын, сырьелорунун кайсынысы болбосун, бпрдык тγрлɵрγнɵ милдетγγ талаптарды коюп, алардын биологиялык, химиялык, радиациалык жана экологиалык коопсуздугун да камтыйт.
2-берене. Техникалык регламентти колдонуу чɵйрɵсγ
1. Бул техникалык регламент тамак-аш азыктарынын, аларды ɵндγрγγ, сактоо, ташып келγγ, сатуу жана жок кылуу процестериндеги, коопсуздугуна коюлуучу аткарууга милдеттγγ талаптарды коɵт.
2. Бул техникалык регламент Кыргыз Республикасынын аймагында азыктарды жγгγртγγдɵ пайда болгон мамилелерди, тамак-аш сырьелорунун, тамак-аш азыктарынын техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин жɵнгɵ жана мамлекеттик кɵзɵмɵлдγ ишке ашырат.
3. Бул техникалык регламент тамк-аш азыктарын кайра иштетγγдɵ, даяр тамак-аш азыктарын, тамак-аш менен байланышта болгон материалдарды бɵлγштγрγγдɵ, иштетγγдɵ, маркировкалоодо жана тангактоодо пайда болгон мамилелерди жɵнгɵ салат.
4. Бул техникалык регламенттин талаптары айрым бир тамак-аш азыктарынын тγрлɵрγнɵ карата иштелип чыга турган атайын техникалык регламенттерде да эске алынышы зарыл.
5. Бул техникалык регламент тамак-аш азыктарынын ɵндγрγшγнɵ, аны тангактоого, маркировкалоого, сактоого, ташып келγγгɵ, сатууга, жок кылууга жана алар менен байланышта болгон материалдар γчγн жалпы талаптарды кымтайт. Маркировкалоого жана тангактоого атайын талаптар атайын техникалык регламенттер аркылуу бекитилет.
3-берене. Техникалык жɵнгɵ салуу объектери
1. Бул техникалык регламенттин техникалык жɵнгɵ салуу объекттерине тамак-аш азыктары, аларды ɵндγрγγ сактоо, ташып келγγ, сатуу жана жок кылуу процесстери камтылат:
- эт жана эт азыктары; куш, жумуртка жана алардан кайра иштетилген азыктар;
- сγт жана сγт азыктары;
- балык, балыктан башка чарбачылык жана алардан алынган азыктар;
- кант;
- кондитердик азыктар;
- мɵмɵ-жемиш азыктары (жемиш, жашылча, косервалар);
- май сырьесу жана майлуу азыктар;
- ширелер;
- алкоголсуз суусундуктар;
- табигый минерал суулары;
- алкоголдук ичимдиктер (спирт жана тутумунда спирт бар суусундуктар вино, пиво);
- балдар жана диеталык тамак-аш азыктары;
- тамак-аш кошумчалары;
- жаңы тамак-аш азыктары;
- тамеки.
2. Техникалык регламенттин объектери катары γй шартында жасалган, иштетилген жана (же) сакталган тамак-аш азыктары эсептелбейт.
4-берене. Негизги тγшγнγктɵр
Бул техникалык регламенттин максаттары жана ишке ашуусу γчγн тɵмɵнкγ тγшγнγктɵр колдонулат:
коркунучтардын анализи, кооптуу кɵзɵмɵл тγйγнγ - коркунучтуу факторлорду аныктоо жана тобекелдикти баалоо γчγн жеткиликтγγ маалыматтарды колдонуу иш аракетин ɵткɵрγγ менен коопсуздукту кɵзɵмɵлгɵ алуу бири-бирине ɵз ара байланыштуу 4 компоненттен турат: коркунучтун булагын аныктоо, коркунучту баалоо, коркунучту башкаруу, жана коркунучтар тууралуу маалымат;
тамак-аш азыктарынын коопсуздуу - адамдардын жашоосуна, алардын келечек муундарынын ден соолугуна, жаныбарларга, ɵсγмдγктɵргɵ жана айлана-чɵйрɵгɵ кесепетин тийгизγγсγн болтурбай турган азыктардын ɵзгɵчɵ сапаттарынын жана мγнɵздɵрγнγн жыйынтысы;
биологиалык активдγγ тамак -аш кошулмалары - ден соолукту чындоо жана орулардын алдын алуу γчγн витаминдерге бай азыктар, минералдар жана башка табигый тектγγ заттар камтылган тамак-аш азыктары;
биологиалык коопсуздук - техникалык жɵнгɵ салуу объекттеринин абалдары, анын ичинде адамдын ден соолугуна коркунуч жок болгон, ошондой эле айлана-чɵйрɵнγн зыяндуу факторлорунун коркунучтары;
тамак-аш азыктарынын ветеринардык-санитардык экспертизасы – базарлардагы жаныбарлардан жана ɵсγмдγктɵрдɵн алынган тамак-аш азыктары жана аларды колдонуу маселелерин чечγγ максатында жγргγзγлгɵн атайын изилдɵɵлɵрдγн комплекси;
адамга зыяндуу таасирлери – тамак-аш азыктарындагы кошулмалардын, булгоочу заттардын, уулуу заттардын, оору чакыруучу организимдердин, адамдын жана келечек муундардын ден соолугуна коркунуч келтирген кошулмалардын болгондугуна байланыштуу, айлана-чɵйрɵгɵ, ɵсγмдγк жана жаныбарлар дγйнɵсγндɵгγ жагымсыз жагдайларга алып келγγнγ сактоо, ташып γγ жана жок кылуу, калдыктарды туура эмес колдонуунун натыйжасында пайда болгон таасири;
генндик-модификациоланган азыктар – гендик-инженердик-модификациаланган (трансгендик) жаныбарлардан жана ɵсγмдγктɵрдɵн – азыктар натуралдык жана иштетилген тγрдɵ, гендик-инженердик-модификациаланган (трансгендик) жаныбарлардан жана ɵсγмдγктɵрдɵн же алардан алынган сырьелордон ɵндγрγлгɵн тамак-аш азыктары;
техникалык регламенттин талаптарын колдонууга мамлекеттик кɵзɵмɵл – техникалык регламенттин талаптарын аткарууну текшерγγ боюнча аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ишмердγγлγгγ;
идентификация – азыктардын аларга тиешелγγ белгилерин, мγнɵздɵрγн, алардын айырмачылыгын маанилγγ белгилерине карап аныктоо;
коркунучтар тууралуу маалымат – тамак-аш азыктарынын коопсуздугу γчγн жооп берγγчγ , ыйгарым укуктуу жана башка кызыкдар тараптар ортосунда субъекттердин арасындагы коркунучтар тууралууу ɵз учурундагы маалымат алмашуу;
сапатту гигиеналык тажрыйба – тамак-аш азыктарынын коопсуздулугун камсыз кылуу максатында технологиялык (ɵндγрγштγк) процесстерин ишке ашырууда, санитардык-эпидемиологиялык сунуштарды колдонуу; кɵзɵмɵл - тиешелγγ суроолор жана ченɵɵлɵр менен коштолгон, байкоолордун жана жыйынтыктардын негизинде ишке ашкан шайкештикти баалоо формасы;
коопту кɵзɵмɵл тγйγнγ – коркунуч факторун идентификациалоо жана коркунучту башкаруу γчγн кɵзɵмɵл жγргγзγγчγ орун (жер);
лаборатордук кɵзɵмɵл – аккредиттелген лабораторияда уюштурулган физико-химиялык, микробиологиялык жана башка тамак-аш азыктарынын регламенттелген коопсуздук кɵрсɵткγчтɵрγн баалоо изилдɵɵлɵрγ;
тамак-аш азыктарынын коопсуздугу багытындагы мониторинг – мыйзам чегинде бекитилген тартипте тамак-аш азыктарынын коопсуздугун, азыктык баалуулугун жана калктын саламаттыгын аныктоо, алардын жашоо чɵйрɵсγн, анализин, прогносун жана баалоосун себеп натыйжасын аныктоону мыйзам мыйзам четиндеги тартипте ишке ашыруу, мамлекеттик деңгээлде кɵзɵмɵлдɵ системаасы;
тез бузулбай турган тамак-аш азыктары – сактоо эрежелерин белгиленген бир тартипте ишке ашкан тамак-аш азыктары атайын температуралык режимди талап кылбаган азыктар;
жаңы тамак-аш азыктары – Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы иштелип чыккан, алгачкы жолу ɵндγрγп чыгарууга киргизилген же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагына биринчи жолуалып келинген тамак-аш азыктары; жаңы технологиялар – мурда Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулбаган тамак-аш азыктарынын даярдоо, сактоо, ташып келγγ жана сатуу, ошондой эле мурда колдонулбаган сырьенун тγрлɵрγнɵн жана башка компоненттерден азыктарды даярдоо процесстери;
Байытуу ( фортификация) – тамак-аш азыктарына алардын технологиялык жактан иштетγγдɵн жоготулган микронутриенттеринин алардын тутумунун табигый денгээлине чейин жеткирγγ γчγн кошу, ошондой эле нутриенттерди алардын тутумунун табигый денгээлинен жогорулатып, бул азыктардын тутумунда жок болгон микронутриенттерди кошу; азыктын жγгγртγлγшγ – тамак-аш азыктарынын жашоо циклынын стадиялары ɵндγрγγчγнγн жγктɵп жɵнɵткɵнγнɵн баштап, анын акыркы колдонуучусу кабыл алганга чийинки жашоосу, анын ээсинин алмашуусу сутуу-сатып алуу процесстери аркылуу ишке ашат;
кооптуу тамак-аш азыктары – бул техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келбеген азыктар;
кооптуу (зыяндуу) факторлор – адамга, анын ден соолугуна же болбосо келечек муундардын саламаттыгына коркунуч келтирген биологиялык, химиялык жана башка чɵйрɵɵнγн факторлору;
тамак-аш азыктарынын адамдын ден соолугуна келтирген коркунучун баалоо – адамдарга же алардын топторуна таасир берγγнγн натыйжасында ɵнγгγγгɵ жɵндɵмдγγ болгон коркунучтуу же потенциалдуу коркунуч туудурган биологиялык, химиялык жана башка факторлордун экспозициянын ɵзгɵчɵ шарттарында тамак-ашка байланышкан зыяндуу таасирлеринин сандык жана сапаттык мγнɵɵздɵрγ;
тамак-аш кошулмалары – тамак-аш азыктарынγγ даярдоо процессткринде алардын сапатын, сактоо мɵɵнɵттɵрγн жакшыртуу γчγн кошулган (араматизаторлор, стабилизаторлор, консерванттар, биологиялык активдγγ кошулмалар, технологиялык кɵмɵкчγ заттар, витаминдер, миниралдык туздар, про-, пребиотиктер, микро-, макронунттер) табигый же жасалма заттардын же алардын кошулмалары;
тамак-аш азыктары – адамдардын азыктануу γчγн колдонгон табигый же иштетилген тγрдɵгγ (анын ичинде балдардын тамактары, диеталык азыктар) ботолколонгон иче турган таза суу, алкоголдук ичимдмктер (анын ичинде пиво), алкоголсуз суусундуктар, сагыз жана тамак-аш сырьесу, ошондой эле тамак-аш кошулмалары жана биологиялык активдγγ кошулмалар;
тамак-аш рационунун толук баалуулугу – химиялык тутумунун сандык жана сапаттык жактан тоолук баалуулугу;
керектɵɵчγ –
1) ɵзγнγн жеке муктаждыгына (пайда табу максатында эмес тиричилик муктаждыктары γчγн) товар (жумуш же кызмат) сатып алуучу, заказ берγγчγ же заказ берγ жана сатып алууга ниети бар, же товарды колдонуучу жаран;
2) азыктарды алган уюм же адам;
тамак-аш азыктарын ɵндγрγγ жана жγгγртγγ процессиндеги гигиена (тазалык) эрежелери (ɵндγрγштγк гигиенанын эрежелери) – санитардык иштетγγнγн, дезинфекция, дезинсекция жана дератизациянын кɵлɵмγн жана тартибин жɵнгɵ салуучу сунуш кылынган санитардык-гигиеналык талаптардын жыйындысы;
ɵздγк гигиенанын (тазалыктын) эрежелери – тамак-аш сырьелорун жана тамак-аш азыктарын булгануудан сактоо максатында, ɵндγрγштγн баардык баскычтарында жумушчунун экипировкасын жана кыймыл аракетин жɵнгɵ салуучу санитардык-гигиеналык талаптардын жыйындысы;
премикс (минералдык-витаминдик, минералдык, витаминдик кошулмалар) – тамак-аш азыктарын байытуу (фортификация) процессинде витаминдерди камтыган тамак-аштар, минералдык заттар же алардын аралашмалары;
тамак-аш сырьелору – тамак-аш азыктарын кайра иштеп чыгууда, ɵндγрγγдɵ колдонула турган ɵсγмдγк, жаныбар, микробиологиялык, минералдык же жасалма тγрγндɵгγ сырьелор жана суу; диеталык тамактануу азыктары – дарылануу жана оорунун алдын алууга багытталган тамак-аш азыктары;
ɵндγрγштγк кɵзɵмɵл – тамак-аш азыктарын ɵндγрγγ жана жγгγртγγ багытында чарбалык ишмердγγлγктγн катышуучусу тарабынан ишке аша турган булл техникалык регламеттин талаптарына ылайык тамак-ашка жана анны ɵндγрγγгɵ кɵзɵмɵл жγргγзγγ;
тамак-аштын ɵндγрγшγ (даярдоо) – тамак-аш азыктарын алуу (ɵстγрγγ, ɵндγрγγ, олжолоо), иштетγγ, кайра иштетγγ, ɵндγрγγ жана таңгактоо процесстери жана коомдук тамактануу кызматы;
тамак-аш азыктарына байкоо жγргγзγγ – тамак-аш азыктарын (ɵндγрγлγшγ, журушу жана барган жерин) анын баардык процесстеринде (стадияларында) ишштеп чыгуу (тγзγγ), ɵндγрγγ (даярдоо), жγгγртγγ, утилизациялоо жана жок кылууга байкоо жγргγзγγ мγмкγнчγлγгγ;
ɵндурγγ процессии – ɵзгɵчɵ мамиле жасоого регламенттелген шарты бар тамак-аш азыктарын ɵндγрγγ процессинин баскычтарынын ырааттуулугу;
ден соолукка коркунуч – жагымсыз факторлордун таасири алдында кооптуу тамак-аш азыктары аркылуу адамдын же келечек муундардын ден соолугуна же ɵмγрγнɵ коркунуч туудурган шарттардын мγмкγндγгγ;
тамак-аш азыктарынын жана алардын ɵндγрγш процесстеринин санитардык-эпидемиологиялык экспертизасы – тамак-аш азыктарынын жана алардын ɵндγрγш процесстеринин бул техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин аныктоо боюнча ишмердγγлγк;
тамактануунун баланстуулугу – тамак-аш азык заттарынын ортосундагы ɵз ара байланыш (белоктор, майлар, углеводдор, минералдык заттар жана витаминдер);
жарамдуулук мɵɵнɵтү – саламаттык саактоо органдары менен ɵндγрγшчγнγн ортосунда макулдашып тандап аныкталган мɵɵнɵт, белгиленген сактоо шарттары, алардык сактоо мɵɵнɵтγ ɵтγп кеткен учурда бул тамак-аш азыктары колдонууга жараксыз деп табылат;
тамак-аш азыктарынын жана алардын копоненттеринин ɵндγрγγ жана жγгртγγдɵгγ температуралык режими – тамак-аш азыктарын ɵндγрγγдɵгγ технологиялык процесстерде жана аларды ташып жеткирγγдɵ. Тамак-аш азыктарын убактылуу сактоочу муздаткыч жабдуулардагы камераларда, ɵндγрγштγк (складдык) имараттарда азыктын массасындагы температураны жɵнгɵ салуучу кɵрсɵткγчтɵрдγн жыйындысы;
технологиялык документтер (технологиялык нускамлар, рецептуралар ж.б.) – тамак-аш азыктарын даярдоо операцияларында жана технологиялык процесстерди ɵткɵрγγнγн тартиптери, сырьенун курамын жана мγнɵздɵмɵсγн аныктаган технологиялык режимдер, рецептуралар, документтер;
тамак-аш азыктарын даярдоо жана жγргγзγγ багытындагы чарбалык ишмердγγлγктγн каиышуучусу - тамак-аш онор жайынын мекемелеринде жана коомдук тамактануу жайларында тамак-аш азыктарын ɵндγргɵн, анны сактоону, ташып келγγнγ жана сатууну ишке ашырган юридикалык же жеке тарап;
тамак-аш азыктарын утилизациалоо (жок кылуу) – негизинен тамак аш азыктарынын колдонулуучу максаттарынан айырмаланып, кооптуу тамак-аш азыктарын бул максатта колдонууну жокко чыгаруу (жок кылуу);
фальсификацияланган тамак-аш азыктары – сапаттары тууралуу маалымат атайын жашырылган же ɵзгɵртγлгɵн, же болбосо анын касиеттери тууралуу толук эмес же так эмес маалымат берилген тамак-аш азыктары.
5-берене. Тамак-аш азыктарын ɵндγргɵн, аны сактоону, ташып келγγнγ, сатууну жана жок кылууну ишке ашырган юридикалык же жеке тараптардын милдеттери
1. Тамак-аш азыктарын ɵндγргɵн, аны сактоону, ташып келγγнγ, сатууну жана жок кылууну ишке ашырган юридикалык же жеке тараптар (мындан ары - чарбалык ишмердγγлγктγн катышуучулары) бул техникалык регламенттин талаптарына жооп бербеген тамак-аш азыктарын базарларга жайгаштырууга акылары жок.
2. Чарбалык ишмердγγлγктγн катышуучулары милдеттуу:
- техникалык регламенттин талаптарын аткарууга, байланышкан чыгымдардуу тартуу;
- техникалык регламент аркылуу аныкталган тараптарга шайкеш келген тамак-аш азыктарын жана тамак-аш сырьелорун гана жγгγртγγгɵ колдонууга;
- жакшы сапаттагы жана коопсуз тамак-аш азыктарын чыгарууга кепилдик берγγгɵ;
- бул техникалык регламент аркылуу аныкталган шайкештикке баалоодон ɵтпɵй калган тамак-аш азыктарын жана тамак-аш сырьелорун жγгγртγγгɵ жол бербɵɵгɵ;
- тамак-аш азыктарынын, тамак-аш сырьелоруну ɵндγрγγ жана жγгγртγγ процесстеринде техникалык регаменттин талаптарына шайкештигин баалоо γчγн ɵндγрγштγк кɵзɵмɵлдγ ишке ашырууга;
- тамак-аш азыктарынын, тмак-аш сырьелорунун жγгγрγγудɵ алардын коопсуздук талаптарын сактоону камсз кылууга;
- керктɵɵчγ тамак-аш сырьесу, тамак-аш азыктары тууралуу белгиленген тартипте маалымат берγγгɵ;
- коопсуздук талаптарына жооп бербеген тамак-аш азыктарын чыгаруу же сатууда анын сапатсыздыгын аныктаган буйрук же тапшырма болгон учурда, ɵндγрγγнγ же сатууну токтотуга;
- копсуздук талаптарына жооп бербеген тамак-аш азыктарын, анын ичинде сатылып кеткендерин кайра керектоочудон кайтарып алып, аларды ɵз каражатынын эсебинде утилизациялоого же жок кылууга;
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдары менен бирдикте макулдашуу жолу менен, сактоодо белгиленген шарттарды аткарып, сакталуу мɵɵнɵтγн аныктоого (тез бузулуучу азыктар боюнча – 8 – тиркеме);
- тамак-аш азыктарынын чыгарылышы боюнча документацияларды ал азыктардын сакталуу мɵɵнɵтγ бγткɵндɵн кийин дагы бир жыл убакытка чейин сактоону камсыз кылуу зарыл.
3. Чарбалык ишмердγγлγктγн катышуучулары атамекендик ɵндγрγштɵн чыгарылган же ташылып келинген импорттук тамак-аштарды бекитилген тартипте сактоо жана ташып келуу эрежелерин так сактоодогу алардын баардык сакталуу мɵɵнɵтγнγн ичинде жоопкерчиликти моюндарына алышат.
6-берене. Тамак-аш азыктарын ɵндγрγγнγн коопсуздугуна коюлуучу талаптар
Тамак-аш сырьелорунун ɵндγрγγ жана жγгγртγγ процессиндеги коопсуздугуна талаптар ɵзγнɵ тɵмɵнкγлɵрдγ камтыйт:
- тамак-аш сырьесуна аны ɵндγрγγ, сактоо, ташып келγγ, сатуу жана утилизациялоо процесстери;
- тамак-аш сырьесун кайра иштетγγнγ;
- тамак-аш азыктарын ɵндγрγγчγ ишканалардын жайгашуусун;
- имараттарды, сактоочу жайларды;
- суу менен камсыз кылууну;
- канализацияны;
- жарык берγγнγ, желдетγγнγ, жылытууну;
- ɵндγрγштγк калдыктарды чогултууну жана жок кылууну;
- технологиялык жабдыктарды;
- персоналдарды;
- операцияларды;
- тамак-аш сырьелорун жана тамак-аш азыктарын ташып келγγ, жеткирγγ процесстерине;
- тамак-аш сырьелорун жана тамак-аш азыктарын сактоону.
Тамак-аш сырьелорун жана тамак-аш азыктарын ɵндγрγγнγн гигиенасынын талаптары тиешелγγ техникаык регламентинде бекитилген талаптарга шайкеш келиши керек.
7-берене. Таммак-аш азыктарын ɵндγрγγ, анны сактоо, ташып келγγ, сатуу жана жок кылуу процесстеринде алардын коопсуздугуна жалпы талаптар
1.Тамак-аш азыктарын ɵндγрγγ, анны сактоо, ташып келγγ, сатуу жана жок кылуу процесстеринде алардын коопсуздугуна милдеттγγ талаптарын бекитγγ жана аткаруу багытындгы укуктук мамилелерди жɵнгɵ салу тɵмɵнкγ принциптерге ылайык ишке ашат: - жарандарды адамдын ден соолугуна залакасын тийгизбей турган тамк-аш азыктары менен камсыз кылууга чарбалык ишмердγγлγктγн катышуучуларынын жоопкерчилиги;
- товардын жγгγртγγ айланпасын, чарбалык ишмердγγлγктγн катышуучунан тамак-аштардычекене сатууга байкоо жγргγзγγ;
- тамак-аш сырьелорунун, тамак-аш азыктарынын техникалык, химиялык, биологиялык жана радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу (сыноо ыкмаларынын стандарттарынын изилдɵɵ мезгилинде, ченемдерди жγргγзγγнγн Кыргыз Республиксынын мыйзамдары менен бекитилген тартипте аттестацияланган ыкмаларын жана ченем кражаттарын колдонуу менен ишке ашыруу);
- белгиленген тартипте шайкештикке баалоо жγргγзγγ;
- тамак-аш сырьелорун, тамак-аш азыктарын ɵндγрγγ, анны сактоо, ташып келγγ, сатуу жана жок кылуу процесстеринде алардын коопсуздугу багытындагы мониторингди уюштуруу;
- юридикалык жана жеке тараптардын тамак-аш сырьелорун, тама-аш азыктарын ɵндγрγγ, анны сактоо, ташып келγγ, сатуу жана жок кылуу процесстеринде алардын коопсуздук талаптарын аткаруу жана аларды так сактоого милдеттγγлγгγ.
2.Тамак-аш сырьелорунун жана тамак-аш азыктарынын аларды ɵндγрγγ жана жγгγртγγ процесстериндеги коопсуздугу тɵмɵнкγлɵр аркылуу ишке ашат:
- чарбалык ишмердγγлγктγн катышуучуларынын тамак-аш сырьелорун, тамак-аш азыктарын ɵндγрγγ, анны сактоо, ташып келγγ, сатуу жана жок кылуу процесстеринде тиешелγγ укуктук-ченемдикиактылардын талаптарын аткаруу менен уюштурулган, агрохимиялык ветеринардык, технологиялык, инженердик-техникалык, санитардык-эпидемияга каршы жана фитосанитардык иш аракеттерди ɵткɵрγγсγ;
- тамак-аш сырьелорун, тамак-аш азыктарын ɵндγрγγчγ ишканалардын сапатты башкаруу системаларын ишке киргизγ менен, тамак-аш сырьелорун жана тамак-аш азыктарын ɵндγрγγ, анны сатоо, ташып келγγ, сатуу жана жок кылуу шарттарынын коопсуздугуна ɵндγрγштγк кɵзɵмɵлдγ жгргγзγγсγ;
З. Кыргыз Республикасынын аймагында ɵндγрγлгɵн, ташып киргизилген, сатыкка коюлган тамак-аш сырьелору жана тамак-аш азыктары коопсуздук кɵрсɵткγчтɵрγ боюнча бул техникалык регламенттин жана Кыргыз Республикасынын учурдагы иштеп жаткан укуктук-ченемдик актыларынын талаптарына шайкеш келиши керек.
4. Тамак-аш азыктары аларды жγгγртγγ, алып-сатуу мезгилинде алардын коопсуздугун сактоого мγмкγндγк бергендей ыкмада ɵлчɵп орулуп, тангакталышы керек. Тамак-аш азыктарынын маркировкасы, таңгакталышы техникалык регламетинин талаптарына ылайык болушу керек.
5. Тамак-аш азыктарын ɵндγрγγ процессинде колдонулуучу буюмдар, каражаттар жана материалдар мындай буюм, каражат, материалдын белгиленген тартиптеги коопсуздук талаптарына ылайык келип, бекитилген тиешелγγ техникалык регламентке шайкеш болушу зарыл.
6. Тамак-аш азыктарын ɵндγрγγ, ташып келγγ, сатуу чɵйрɵсγндз алектенген чарбалык ишмердγγлγктγн катышуучулары азыктарга зндγрγштгк кɵзɵмɵл жγргγзγшγ, анын ичинде бул техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин аныктоочу коопсуздук кɵрсɵткγчтɵрγ боюнча, лабораториялык кɵзɵмɵлдγ жана сыноолорду ишке ашырышы керек.
7. Лаборатордук изилдɵɵлɵр жана сыноолор белгиленген тартипте аккредитацияланган лабораторияларда жγргγзγлɵт.
8. Тамак-аш азыктарынын коопсуздук кɵрсɵткγчтɵрγн аныктоодо изилдɵɵлɵр жана сыноолорду ɵткɵрγγ γчγн белгиленген тартипте бекитилген стандарттар, ыкмалар жана мамлекеттик реестрге киргизилген, белгиленген тартипте текшерилген ченем каржаттары колдонулушу керек.
9. Чарбалык ишмердγγлγктγн катышуучулары тамак-аш азыктарынын ар бир партиясына алардын коопсуздугун далилдеген документтерди толтурушат.
10. Мындай тамак-аш сырьелору, азыктары жγгγртγγгɵ коюлбайт, алар ден соолукка коркунуч туудуруучу деп табылат, сатылбайт, утилизацияланат же белгилγγ бир тартипте жок кылынат, алар:
- бул техникалык регламенттин жана тиешелγγ техникалык регламенттердин коопсуздук талаптарына жооп бербегендер;
- ɵндγрγшчγнγн ɵндγрγγчγ сырьего, тамак-аш азыктарына алардын чыккан жерин тастыктаган документтери жок, ошондой эле алардын бул техникалык регламентин талаптарына шайкештиги тиешелγγ техникалык регламенттери, келишим шарттары тууралуу маалыматтары жок;
- чарбалык ишмердγγлγктγн катышуучуларынын керектɵɵчγлɵр γчγн берген техникалык регламентке ылайык маалыматы тура келбейт (фальсификацияланган азыктар);
- аныкталган сактоо мɵɵнɵтγ жок (тамак-аш азыктары γчγн сактоо мɵɵнɵтγн аныктоо милдеттγγ тγрдɵ ишке ашышы керек) же сактоо мɵɵнɵтγ ɵтγп кеткен азыктар;
- мызам тарабынан алдын ала аныкталган маалыматтарды камтыган маркировкасы болбосо, же аларга карата маалымат жок болгон азыктар.
11. Тамак-аш азыктарын ɵндγрγγдɵ – алкаголсуз суусундуктарды жана ликерарак ичимдиктерин даярдоодо жыт берγγчγ (жыттарды жакшыртуучу) ɵсγмдγктɵрдɵн башка кубатын жогорулатуучу, жакшыртуучу касиетке ээ болгон ɵсγмдγктɵрдγ, дары ɵсγмдγктγрγн колдонууга жол бербейт.
12. Учурдагы илимий изилдɵɵлɵрдɵн маалыматтарына ылайык, адамдардын жана келечек муундардын ден соолугуна зыяндуу таасирин тийгизбей турган тамак-аш кошулмаларын, технологиялык кɵмɵкчγ заттарды тамак-аш азыктарын ɵндγрγγдɵ колдонууга жол берилбейт.
13. Тамак-аш азыктарын ɵндγрγγдɵ, тамак-аш кошулмаларын, технологиялык кɵмɵкчγ заттарды колдонуу, алардын сандык нормаларын аныктоо жана алардын коопсуздугун кɵрсɵткγчтɵрγ белгиленген талаптарга ылайык болушу зарыл.
14. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу γчγн ишканаларга тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жана сапатынын менеджмент системасы киргизилип, тобокел кылуунун анализи жана кɵзɵмɵл тγйγндɵрγн сынактан ɵткɵрγγнγн негизинде ишке ашып, анын баардык жашоо айлампасында – сырьену алуудан баштап керектɵɵчγнγн азыкты пайдаланганына чейинки циклы камтылат.
15. Тобокел кылуунун анализи жана кɵзɵмɵл тγйγндɵрγн сынактан ɵткɵрγγгɵ негизделген тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жана сапатынын менеджмент системасынын ишканаларга этап менен киргизилишинин тартиби жана графиги Кыргыз Республикасынын θкмɵтγ тарабынан аныкталат.
8-берене. Тамак-аш кошулмаларына коюлуучу талаптар
1. Тамак-аш кошулмалары тамакка кошумча даам берγγчγ жана биологиялык активдγγ заттардын булагы катарында колдонулат.
2. Тамак-аш кошулмаларынын коопсуздугуна талаптар тиешелγγ техникалык регламенте аныкталган.
9-берене. Диеталык (дарылоо жана алдын алуучу) азыктарга коюлуучу талаптар
1. Диеталык (дарылоо жана алдын алуучу) азыктар жана алардын компонеттери (сырье) коопсуздук кɵрсɵткγчтɵрγ боюнча белгиленген талаптарга ылайык болушу зарыл.
2. Диеталык (дарылоо жана алдын алуучу) азыктар γчγн айыл-чарбалык сырьелорду ɵндγрγγдɵ гигиеналык жактан модификацияланган азыктарды, антибиотиктерди, ɵсγмдγктγн ɵсγшγн жогорулатуучу стимуляторлорду колдонууга жол берилбейт.
3. Диеталык тамак-аштарды ɵндγрγγ γчγн кошулуучу белгиленген тартиптеги кошулмалардан тышкары тамак-аш кошулмаларын колдонууга жол берилбейт.
4. Диеталык (дарылоо жана алдын алуучу) тамак-аштарды ɵндγрγγ жана жγгγртγγдɵгγ атайын ɵзгɵчɵ талаптар атайын техникалык регламенте эске алынышы керек.
10-берене. Адистештирилген тонусту жогорулатуучу азыктарга коюлуучу талаптар
1. Адистештирилишкен тонусту жогорулатуучу тɵмɵндɵгγдɵй тγрдɵгγ тамак-аш азыктарын ɵндγрγγгɵ уруксат берилет: кубатты жогоруулатуучу (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктар, кубатты жогорулатуучу (энергетикалык) ɵз ɵлчɵмдɵ алкоголу бар ичимдиктер, бар кубатты жогорулатуучу кондитердик азыктар (момпосуйлар, батончиктер, плиткалар, тоголок майда момпосуйлар, жемиштин таттуу камырынан кургатылган как момпосуйлар, сагыздар).
2. Адистештирилген тонусту (кубатты) жогорулатуучу азыктар жана аларды ɵндγрγγ γчγн колдонулган сырьелор коопсуздук кɵрсɵткγчтɵрγ боюнча 1-тиркемеде белгиленген талаптарга жооп бериши зарыл.
3. Кубатты жогорулатуучу зат (компонент) катары кофеинди, ал тутумунда бар ɵсγмдγктɵрдγ (ɵсγмдγктɵрдγн экстракктарын), ошондой эле кубатты жогорулатуучу уруксат берилген ɵсγмдγктɵрдγ жана алардын экстрактарын колдонууга болот.
4. Кубатты жогорулатуучу азыктардын тутумуна бир эле учурда экиден ашык эмес кубатты жогорулатуучу азыкты (аз ɵлчɵмдɵ алкоголу бар ичимдиктер γчгн –этил спиртин кошкондо), ошондой эле витаминдер, витамин сыяктуу заттар, субтраттар жана энергетика алмашуучу жакшыртуучу заттарды кошууга уруксат этилет.
5. Кубатты жогорулатуучу компоненттердин, тамак-аш, жана биологиялык активдγγ заттардын бир суткалык ɵлчɵмγндɵгγ (1 таңгак) саны 5-тиркемеде белгиленген «керектɵɵнγн мγмкγн болгон жогорку чеги» 50%дан, же болбосо «керектɵɵнγн адекваттууденгээлинин» жогорку чегинен 150%дан ашпоосу зарыл.
6. Витаминдер жана минералдык туздар 6-тиркемеде белгиленген формага ылайык колдонулушу зарыл.
7. Адистештирилген кубатты жогорулаттучу алкоголсуз суусундуктарда кофейиндин тутуму 400 м/г литрден жогору болбошу керек.
8. Кубатты жогорулатуучу тамак-аш азыктары ɵлчɵмγ менен колдонула турган адистештирилген азык болгондуктан тангакталган тγрдɵ гана (дааналап жана ɵлчɵнγп таңгакталып) чыгарылышы шарткка ылайык.
9. Бир жолку керектелуучу тангактын кɵлɵмγ (массасы) тɵмɵнкγдɵй ɵлчɵмдɵ зарыл: кубатты жогорулатуучу суусундуктар, ичимдиктер γчγн – 200-330 мл. ал эми кондитердик азыктар γчγн – 75-150 г.
10. Кубатты жогорулатуучу азыктарды санитардык-эпидемиологиялык экспертизадан ɵткɵрγγ мезгилинде, аларга клиникалык же/жана кошумча баалоо жγргγзγγ муктаждыгын баалоо жγргγзγлɵт.
11. Аз ɵлчɵмдɵ алкоголу бар кубаттуулукту жогорулатуучу ичимдиктер γчγн кошумча наркологиялык жана токсикологиялык экспертиза жγргγзγγ талапка ылайык.
12. Кубатты жогорулатуучу азыктардын тутумуна, мγмкγн болгон керектелγγчγ ɵлчɵмг аныкталбаган биологиялык активдγγ заттарды колдонгон учурда (5-тиркеме), клиникалык баалоо жгргγзγ зарыл.
13. Наркологиялык, таксикологиялык экспертиза, ошондой эле кубатты жогорулатуучу тамак-аш азыктарынын клиникалык экспертизасы ишмердγγлγктγн ушул тγрγнɵ белгиленген тартипте аккретизацияланган илимий, дарылоо жана алдын алуучу медициналык мекемелерде жγргγзγлγшγ керек.
11-берене. Байытылган тамак-аш азыктарына коюлуучу талаптар
1. Ттамак-аш азыктарын тишелγγ техникалык регламенте бекитилген талаптарга ылайык микронутриенттер (витаминдер жана минералдык заттар), премикстер менен байытууга жол берилет.
2. Витаминдер жана минералдык туздар 6-тиркемеде берилген формога ылайык колдонушу зарыл.
3. Тамак-аш азыктарындагы байытуучу заттардын тутуму (бир суткалык порциясында) 5-тиркемеде аныкталгандай, бир суткалык суткалык сунуш кылынган ɵлчɵмдɵн 15тен 50%га чейин болушу талапка ылайык.
4. Тамак-аштарды байытуунун натыйжасында бул азыктардын керектɵɵчγ сапаттарын жоготпой, анын ичинде бул азыркы камтылган башка азыктык заттардын тутумуна жана аш бɵлγмдγγлγгγн тɵмɵндɵтпɵй, алардын коопсуздугуна терс таасирин тийгизбеши керек.
5. Тамак-аш азыктарын витаминдер жана минералдык заттар менен байытууда кошулмалардын химиялык ɵз ара аракеттерин, байытылып жаткан азыктын компоненттери болгон аракеттерин эске алып, алардын бири-бирине туура келе турган формаларын кошуу, ыкмаларын жана баскычтарын, ошондой эле алардын байытылган азыктын айланпасында максималдуу турдо сакталып калган айкалышын тандап алуу керек.
6. Тамак-аш азыктарын байытуу учун атайын алдын ала тандаган даяр композицияларды: витаминдик, витаминдик-минералдык аралашманы, кайсы бир азыктын конкреттуу тγрγнɵ гана кошуу учун даярдаган премикстерди колдонууга жол берилет.
12-берене. Гендик-инженердик модификацияланган ɵсγмдγктɵр же жаныбарлардан алынган азыктардын коопсуздугуна коюлуучу талаптар
1. Гендик-инженердик модификацияланган ɵсγмдγктɵр же жаныбарлардан алынган азыктардын коопсуздугун баалоо жана тобокелдигин анализдɵɵ саламаттык сактоо багытындагы Кыргыз Республикасынын θкмɵтγнγн атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жγргγзγлгɵн медико-биологиялык изилдɵɵлɵрдγн негизинде ишке ашат.
2. Гендик-инженердик модификацияланган ɵсγмдγктɵр же жаныбарлардан алынган (трансгендик) азыктардын коопсуздугуна коюлуучу талаптар аныкталган талаптарга шайкеш болушу керек.
3. Гендик-инженердик модификацияланган (трансгендик) ɵсγмдγктɵрдγн же жаныбарлардын ɵлчɵмγ тамак-аш азыктарында 0,9%дан жогору болушу керек.
13-берене. Тамак-аш азыктары, аларды ɵндγрγγ, сактоо, ташып келγγ, сатуу жана жок кылуу процессинде алардын азыркы техникалык регламенттин талаптарына шайкштигин баалоо формалары.
1. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу бул техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келе тургандыгын баалоо тɵмɵнкγдɵй формада ишке ашат:
2. Тамак-аш азыктарынын азыркы техникалык регламенттин коопсуздук талаптарына шайкештигин баалоо тɵмɵндɵгγдɵй формада ишке ашат:
а) мамлекеттик кɵзɵмɵлдɵ жγргγзγγ;
б) кɵзɵмɵл;
в) каттоо.
14-берене. Тамак-аш азыктарын идентификациялоо
1. Арыз ээси ɵзγ шайкештигин баалоо жγргγзуγγ γчγн идентификацияланган тамак-аш азыктарын бериши керек. Идентификациялоого ɵзгɵчɵ талаптарды атайын ɵзгɵчɵлɵнгɵн техникалык регламенттерден аныктай алат.
15-берене. Тамак-аш азыктарын каттоо
1. Тамак-аш азыктарын каттоо айрым бир тγрлɵрγ γчγн ɵзγнчɵ жγргγзγлɵт:
-байытылган тамак-аш азыктары;
- тамак-аш кошулмалары, анын ичинде тамакка колдонуучу биологиялык активдγγ кошулмалар.
2. Бул берененин 1 пункунда айтылган тамак-аш азыктары, ɵндγрγγгɵ, сактоого, ташып келγγгɵ жана анны азыркы техникалык регламенттин талаптарына ылайык каттодон ɵткɵргɵндɵн кийин гана сатууга уруксат берилет.
3. Бул берененин 1 пункунда айтылган тамак-аш азыктары, алардын ɵндγрγγ технологиясы, ошону менен бирге улуттук стандарттардын жана иш кананын стандарттарынын баардыгы бекитилген талаптарга ылайык илимий-техникалык, укуктук, санитардык-эпидемиологиялык экспертизадан ɵткɵрγлɵт, ошонун натыйжасында алардын булл техникалык регламенттин талаптарына шайкештиги аныкталат.
4. Бул берененин 1 пункунда айтылган иамак-аш азыктарын анын Кыргыз Республикасынын аймагында ɵндγрγγгɵ даярданып жаткан мезгилинен баштап (мындан ары – ата мекендик азыктар), ал эми ташып келген азыктарды алып кирγγдɵн мурда каттодон ɵткɵрɵт.
5. Каттоо тɵмɵндɵгγлɵрдγн негизинде жγргγзγлɵт:
- тамак-аш азыктарынын жана кошулмалардын, адам жашаган чɵйрɵнγн коркунучтуулугун баалоонун жыйынтыктарынын негизинде;
-тамак-аш азыктарындагы айрым бир компоненттердин болушунун санитардык-эпидемиологиялык нормативин аныктоонун негизинде; - кооптуу азыктарды утилизациялоо жана жок кылуу анын ичинде адамдын ден соолугуна, анын жашаган чɵйрɵсγнɵ зыянын тийгизγγдɵн коргоо чараларын кошкондо, сактоо чараларын иштеп чыгуунун негизинде.
6. Бул берененин 1 пункунда айтылган тамак-аш азыктарынын, тамак-аш кошулмаларынын кооптуулугун адамдын ден соолугуна, анын жашаган чɵйрɵсγнɵ зыянын баалоо тɵмɵндɵгγлɵрдγ карап чыккандан кийин анын натыйжасынын негизинде жγргγзγлɵт:
- азыр берγγчγнγн берген документтеринин негизинде;
- ар биринин компетенциясына жараша эксперттердин жана уюмдардын санитардык-эпидемиологиялык экспертизаларынын жана изилдɵɵлɵрдγн (сыноолордун) жыйынтыктарынын негизинде.
7. Каттоо жана мамлкеттик реестирге киргизуу тартиби каттоочу орган тарабынан иштелип чыгат да, Кыргыз Республикасынын θкмɵтγ тарабынан бекитилет.
16-берене. Азыркы жалпы техникалык регламенттин талаптарынын аткарылуусуна мамлекет тарабынан кɵзɵмɵл
1. Азыркы жалпы техникалык регламенттин талаптарын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын θкмɵтγ тарабынан аныкталган компитенциянын негизинде аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан, тамак-аш азыктары, аларды ɵндγрγг, сактоо, ташып келγγ, сатуу жана жок кылуу процестеринде, анын ичинде санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык жана башка экспертизалардын жыйынтыктарынын негизинде мамлекеттик кɵзɵмɵл жγргγзγлɵт, анын ичинде санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык жана башка экспертизалардын жыйынтыктарынын бекитилген тартипте ишке ашат.
2. Мамлекеттик кɵзɵмɵл тамак-аш азыктары, аларды ɵндγрγγ, сактоо, ташып келγγ, сатуу жана жок кылуу процесстеринин бардык айлануу, жугуртуу стадияларында жургузулуп турат.
17-берене. Козомол
1.θндγрγштг ишке ашырган жеке адамдар жана юридикалык талаптар тамак-аштын коопсуздугунун менежментин тγзγп, иш жγзγнɵ ашырып, жайылтып жана иштеген абалда кармап туруусу зарыл. Кооптуукоркунучтар менен кооптуу кɵзɵмɵл тγйгндɵрγн анализдɵɵ системасын жана тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджментин ɵндγγрγштγк-технологиянын бардык этаптарында ɵндγрγштγк кɵззмɵл жγргγзγγ зарыл. θндγрγштγк кɵзɵмɵл программасы тамак-аш сырьелору менен тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна кɵзɵмɵл кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашышат. Θндγрγштγк кɵзɵмɵл программмасы ɵндγрγштɵ болуп жаткан ɵндγрγγлɵргɵ байланыштуу, ишкананын жетекчисинин ыктияры менен кайра карап чыгып, же кошумчаланышы мγмкγн.
2. θндγрγштγк кɵзɵмɵл программасы ɵз ичине тɵмɵндɵгγлɵрдγ камтышы керек:
- технологиялык процесстердин кɵзɵмɵлгɵ алына турган параметрлери;
- сырьелордун, компоненттердин, даяр азыктардын коопсуздук талаптарына жасалуучу лабораториялык ɵндγрγштγк кɵзɵмɵлγнγн мɵɵнɵтγ;
- жууп тазалоонун, жыйноонун, дезинфекциянын, дератицазиянын графиктери жана режимдери;
- жабдуулары жана шаймандарды техникалык тейлɵɵ графиктери жана режимдери;
- азыктарды кайтаруу, кайрадан толуктап иштеп чыгуу, кайра иштетγγ жолдору;
- персоналдардын тазалыгын камсыз кылуучу чарала;
- потенциалдуу булгоочулардын кɵзɵмɵлгɵ алынган пунктары (кооптуу кɵзɵмɵл тγйγндɵрγ);
- азыкты кайра чакыртып алуу (сатыктан алып таштоо) процедурасы;
- башка режимдер жана программалардын процедуралары.
3. Базарга сатыкка азыктарды коюу γчγн жеке адамдарр жана юридикалык талаптар бул азыктын азыркы техникалык регламенттин талаптарына ылайык келе тургандыгын аныктаган документ алышы керек (бир жолу, бир органдан, эгерде башкасы техникалык регламенте бул конкретγγ азык учун каралбаса). Мындай документ болуп санитардык-эпидемиологиялык, фитосанитардык жана ветеринардык кызматтардан алган бγтγм эсептелет. Кыргыз Республикасынын ɵндγрγлгɵн же сырттан ташып келинген азыктар базарга, сатыкка жайгаштырылганга чейин милдеттγγ тγрдɵ санитардык-эпидемиологиялык, фитосанитардык жана ветеринардык кɵзɵмɵлдɵн ɵтγшг керек. Ошондой эле кɵзɵмɵл бир эле азыкка бирдей кɵрсɵткγчтɵргɵ ар башка кɵзɵмɵл органдары тарабынан жасоого жол берилбейт. Кɵзɵмɵлдγн тартиптери жана процедуралары Кыргыз Республикасынын тарабынан аныкталат.
18-берене. Техникалык регламенттерге шайкештик белгиси
1. Азыркы техникалык регламентте каралган тартипте шайкештиги ырасталган тамак-аш сырьесу, тамак-аш азыктары белгиленген тартипте кабыл алынган техникалык регламентке ылайык экендиги шайкештик белгиси менен маркировкаланат.
2. Техникалык регламентке шайкештик белгисинин сγрɵтγ маалымат берγγ максатында жɵнɵтмɵ кат документтерине, же/жана тангагына же трансспорттук тангагына тγшγрγлɵт.
19-берене. Азыркы жалпы техникалык регламенттин талаптарынын бузулушуна жоопкерчилик
Азыркы техникалык регламенттин талаптарын бузгандыгы γчγн, тамак-аш сырьелорун, тамак-аш азыктарын ташып келγγ, сатуу, ɵндγрγγ, транспорттоо, сактоо менен алектенген жеке адамдарга жана юридикалык талаптарга тамак-аш сырьелорун, тамак-аш азыктарынын коопсуздугун козомолго алуучу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик козомол жургузулгон органдар тарабынан тиешелγγ жана чаралар Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык жγргγзγлɵт.
20-берене. Θтмɵ жоболор
1. Азыркы техникалык регламенттин кγчγнɵ кирген кγнγнɵн баштап, тамак-аш сырьелоруна, тамак-аш азыктарынын айрым тγрлɵрγнɵ, азыктын жγгγртγлγшγнɵ атайын техникалык регламентти иштеп чыкканга чейин, Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылары менен бекитилген жана аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдары тарабынан бекитилген, ушул техникалык регламент тарабынан аныкталган, аракеттеги бɵлγмдɵрγндɵгγ талаптар ишке ашат. 2. Шайкештикти ырастаган документтер (шайкештик сертификаты, шайкештик туралуу деклорация) катталгандыгы тууралуу кγбɵлγк, белгиленген тартипте алынган документтер, азыркы техниккалык регламент ишке киргенге чейин, аларда кɵрсɵтγлгɵн мɵɵнɵт бγткɵнгɵ чейин жарактуу деп эсептелет. 3. Азыктардын тγрлɵрγнɵ жараша регламент кабыл алынгандан кийин, азыркы технткалык регламенте белгиленген коопсуздук кɵрсɵткγчтɵрγ боюнча талаптар азыктын бул тγрлɵрγ γчγн ɵз кγчγн жоготот.
21-берене. Укуктук ченемдик актыларды азыркы жалпы техникалык регламентке ылайыкташтыруу
Кыргыз Республикасынын θкмɵтγ тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна байланыштуу укуктук-ченемдик актыларын азыркы техникалык регламенттин талаптарына ылыйыкташтырсын.
22-берене. Бул жалпы техникалык регламенттин талаптарынын кγчγнɵ кириши
Бул техникалык регламент расмий тγрдɵ жарыялангандан алты ай ɵткɵндɵн кийин кγчгнɵ кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|