Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 6-сентябры № 189
1994-жылы төрөлгөн жарандарды алгачкы аскерлик каттоого алууну жүргүзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 13, 14 жана 41-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү «мамлекеттик администрапиялар менен биргеликте:
-1994- жылы төрөлгөн жарандарды алгачкы аскердик каттоого алууну 2011-жылдын январь-март айларында райондук (шаардык) аскер юмиссариаттары аркылуу жүргүзсүн;
- жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча райондук (шаардык) комиссияларды түзсүн.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссияларды жабдыктар, медициналык жана чарбалык мүлктөр, автомобилдик транспорт, байланыш каражаттары жана зарыл сандагы медициналык, техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персоналдар менен камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо мипистрлиги жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиялар жөнөткөн жарандарды амбулатордук медициналык текшерүүнү же стационардык шарттарда дарылоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги алгачкы аскердик каттоого туруудан баш тарткан жарандарды издөөнү, кармоону жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүүнү жүргүзсүн.
5. Юридикалык жактар "Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана жүргүзүү жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрдагы № 770 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана жүргүзүү жөнүндөгү Жободо аныкталган мөөнөттө райондук аскер комиссариаттарына 1994-жылы төрөлгөн балдардын тизмесин беришсин.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиядан өтүү үчүн жарандарга кабарлоо жана аскер комиссариаттарына уюшулган түрдө келүүсүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү;
- алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиянын ишйн камсыздоо үчүн техникалык кызматкерлердин жана тейлөөчү персоналдардын санын аныктоо.
7. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиянын курамында иштеген учурунда комиссиянын мүчөлорү, врачтар, техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персоналдар үчүп жумуш орду, ээлеген кызматы жана негизги иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталары белгиленсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо, коопсуздук жана укук тартиби бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |