Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-декабры № 770
Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча Жобону бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 229 токтомунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Жобону жетекчиликке алышсын жана өзүлөрүнүн түзүмдүк бөлүкчөлөрүндө анын аткарылышын камсыз кылышсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган убакыттан баштап күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Д.Үсөнов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 770 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана чакыруу жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2015-жылдын 5-октябры № 682, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 , 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 229, 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 , 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616 , 2019-жылдын 18-июлундагы № 356, 2020-жылдын 14-январындагы № 8, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-бап. Жалпы жоболор
2-бап. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо
3-бап. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу
4-бап. Чакырылуучулардын аскердик каттоосу
5-бап. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга тийиш
болгон жарандарды изилдөө
6-бап. Жарандарды кызматка чакырууну уюштуруу
7-бап. Жарандарды аскердик кызматка чакыруу
8-бап. Жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу
9-бап. Мөөнөттүү аскер кызматына чакырылган жана мөөнөттүү аскер
кызматынын бошотулган жарандарды ташуу
1-бап Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана чакыруу жөнүндө ушул Жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыккан.
2. Жобо төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) жарандарды аскердик кызматка даярдоо, жарандарды аскердик кызматка чакыруу боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин;
2) аскерге чейинки жана аскерге чакырылуучу курактардагы жарандарды аскердик кызматка даярдоо тартибин;
3) жарандарды биринчи аскердик каттоого коюу, чакырылуучулардын аскердик каттоосун жүргүзүү жана жарандар тарабынан аскердик каттоо эрежелеринин аткарылышын камсыздоо боюнча райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын жергиликтүү мамлекеттик администрация менен өз ара аракеттенүү тартибин;
4) жарандарды аскердик кызматка чакыруу тартибин;
5) жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу тартибин;
6) жарандарга чакыруудан мөөнөтүн узартуу жана кызматтан бошонуу укугун берүү тартибин.
3. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик, альтернативдик кызматтарга жана аскердик (мобилизациялык) жыйындарга жана мобилизациялоо боюнча чакыруу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилери баш ийген аскердик бөлүктөрдү өздүк курам менен комплекттөө үчүн жоопкерчилик тартышат.
Аларга төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) баш ийген аскердик бөлүктөрдү комплектөө планын өз убагында иштеп чыгуу;
2) баш ийген аскердик бөлүктөрдө жаш толуктоону кабыл алуу боюнча контролду жүргүзүү жана моралдык, психологиялык сапаттарын, жалпы билим берүү жана техникалык даярдыгын эсепке алуу менен аны штаттык кызматтар боюнча бөлүштүрүү.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун 4-пунктунда каралган тапшырмалардан башка, кошумча төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарда аскердик каттоону уюштуруу;
2) жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу пландарын иштеп чыгуу, аны коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекитиши керек;
3) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө жарандарды аскердик кызматка даярдоо, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик, альтернативдик кызматтарга жана аскердик (мобилизациялык) жыйындарга жана мобилизацияга чакыруу;
4) (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына ушул Жобонун 4-пунктунда каралган милдеттерден тышкары, кошумча райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын талапкерлерди жогорку аскердин окуу жайларына тандоосун контролдоо жүктөлөт.
7. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскердик бөлүктөрүнүн командирлерине (мекемелердин башчыларына) төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) жаш толуктоону уюшкандыкта кабыл алууну өткөрүү;
2) өздүк курамда жарандык адистиктердин, билими жана башка сапаттары болушун эсепке алуу менен бөлүкчөлөр, эсептер жана экипаждар боюнча жаш толуктоону бөлүштүрүү;
3) аскердик бөлүккө келген жаш толуктоонун материалдык жана тиричилик камсыздоосу, анын ден-соолугун сактоо жөнүндө күндөлүк камкордукту жүргүзүү жана аскердик тартипти кармоо;
4) Аскердик кызматты үгүттөө жана кадыр-баркын жогорулатуу боюнча маалыматтык ишти жүргүзүү, жалпы орто билим берүү уюмдарында окугандар менен жолугушууларды жана алардын аскердик бөлүктөргө (мекемелерге) келүүлөрүн уюштуруу.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Райондук (шаардык) аскер комиссарлары жарандарды аскердик кызматка даярдоону жетектейт жана жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга өз убагында чакырууну өткөрүү үчүн жооп берет.
Аларга төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) Мыйзамдын талаптарын жарандардын жана аскер комиссариаттарынын кызмат адамдары аткарышын контролдойт;
2) жарандарды биринчи аскердик каттоого коюуну жүргүзүү;
3) чакырылуучу курактагы адамдардын аскердик каттоосун жүргүзүү;
4) тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчыларынын кароосуна, жарандарды аскердик кызматка даярдоо боюнча конкреттүү сунуштарды өз убагында иштеп чыгуу жана берүү;
5) Куралдуу Күчтөр үчүн зарыл болгон, коргонуу спорттук-техникалык коомдун окуу уюмдарындагы жана кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайларында адистерди даярдоого контроль жүргүзүү;
6) жарандарды биринчи аскердик каттоого, аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууга тартылган медициналык, техникалык кызматчыларды жана тейлөө персоналын тандоо жана даярдоо жана аларды тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчыларына бекитүүгө берүү;
7) жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууну белгиленген мөөнөттө уюштуруу жана өткөрүү.
2-бап Жарандарды аскердик кызматка даярдоо
9. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жаштардын аскерге чейинки даярдыгын;
2) аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдыкты;
3) орто жалпы билим берүү уюмдарында кошумча билим берүү программалары боюнча аскердик даярдыкты;
4) медициналык профилдеги жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын аскер кафедраларында запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдыгын;
5) дене-тарбия даярдыгын, дарылануу-ден соолукту чыңдоо ишин, аскердик-патриоттук тарбия берүүнү.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
§1. Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо
10. Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоону уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жалпы орто билим берүүнүн окуу программаларын, жалпы билим берүүчү техникалык жана кесиптик билим берүүнүн кесиптик окуу программаларын ишке ашырып жаткан жалпы билим берүү уюмдарында (мекемелеринде) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоонун жүргүзүлүшүн контролдоо коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, тиешелүү райондук (шаардык) аскер комиссариаттары жана башка мамлекеттик органдар менен бирдикте билим берүү жаатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдыгынын өткөрүлүшүн алып барган юридикалык жактарга төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) жаштардын аскерге чейинки даярдыгынын абалынын баалоо.
2) аны жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планын түзүү жана аларды карап чыгуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчыларына берүү;
3) жаштарды аскерге чейинки даярдоо окутуучулары менен окуу-усулдук жыйындарды жана нускоолук окууларды өткөрүү;
4) аскердик бөлүктөр менен биргелешкен жыйындарда билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жардам көрсөтүү;
5) ок атуу машыгууларын пландоо, уюштуруу жана өткөрүү;
6) жаштарды аскерге чейинки даярдоону өткөрүүдө белгиленген каттоону жүргүзүү;
7) (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 , 2019-жылдын 18-июлундагы № 356 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
§2. Аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоо
12. Жарандарды аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоо коргонуу спорттук-техникалык коомунун окуу мекемелеринде жана кесиптик-техникалык билим берүү тутумунун окуу жайларында өткөрүлөт.
13. Аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоого аскердик кызматка ден-соолугунун абалы боюнча жарамдуу болгон, он жети жана андан жогору жаштагы, анын ичинде контракт боюнча кызматты өтүүгө каалоосун билдирген жарандар жиберилет.
14. Адистиктердин тизмеси жана даярдоо программасын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Куралдуу Күчтөр үчүн адистерди даярдоону пландоо коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечимине ылайык жүргүзүлөт, анын негизинде бар болгон чакыруучуларды жана Куралдуу Күчтөрдүн запасына аларды топтоо үчүн адистиктерге муктаждыгын эсепке алуу менен адистерди даярдоо үчүн коргонуу спорттук-техникалык коомунун окуу уюмдарына жана кесиптик-техникалык билим берүү тутумунун окуу жайларына наряддар бөлүштүрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Коргонуу спорттук-техникалык коомунун уюмдары жана билим берүү бөлүмдөрүнүн кесиптик-техникалык билим берүү башкармалыктары нарядга карата, Куралдуу Күчтөр үчүн адистерди даярдоону пландаштырат, бул маселе боюнча чечимдердин долбоорлорун түзүп чыгат жана аларды карап чыгуу үчүн тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчыларына беришет.
17. Аскердик-техникалык адистиктер боюнча коргонуу спорттук-техникалык коомунун окуу уюмдарында жана орто кесиптик-техникалык окуу жайларында билим алган чакыруу курагындагы жарандар, белгиленген тартипте аскердик кызматка чакырылууга жатат.
§3. Дене-тарбия даярдыгы. Дарылоо-ден соолукту чыңдоо иштери. Аскердик-патриоттук тарбия берүү
18. Аскерге чейинки чакырылуучулардын жана чакырылуучулардын дене-тарбия даярдыгы, дарылоо-ден соолукту чыңдоо иштери дене-тарбия спорт уюмдары, саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдары тарабынан; аскердик-патриоттук тарбия берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюштурулат жана жүргүзүлөт.
19. Аскерге чейинки чакырылуучу жана чакырылуучу курактагы жарандардын дене-тарбия даярдыгы дене-тарбия даярдыгы программаларына ылайык жалпы билим берүү мектептеринде жана башка окуу жайларында дене-тарбия спорттук уюмдары тарабынан өткөрүлөт.
20. Дарылоо-ден соолукту чыңдоо иштери аскердик кызматты өтөөгө тоскоолдук кылган жана аскердик кызматка жарамдуулугунун даражасын чектеген оорусу бар адамдарды өз убагында таап чыгуу жана аларды дарылоо үчүн чараларды кабыл алуу максатында саламаттык сактоо уюмдары тарабынан уюштурулат жана өткөрүлөт.
Дарылоо-ден соолукту чыңдоо иштерин жүргүзүү, ошондой эле дарылоо-ден соолукту чыңдоо иштерине муктаж болгон бардык жарандарды бул иш-чараларга толук тартуу жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлөт.
Саламаттыкты сактоо уюмдарынын дарылоо-ден соолукту чыңдоо иштери жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчыларынын жетекчилигинин алдында уюштурулат.
21. Аскердик-патриоттук тарбия берүү, жарандардын элге берилгендиги жана ишенимдүүлүк духунда жана Мекенди коргоого даярдоого тарбия берүү максатында уюштурулат.
Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттары жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте жарандарга аскердик-патриоттук тарбия берүү боюнча иштерди өткөрөт.
Райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аскердик-патриоттук тарбия берүүнү жакшыртуу боюнча өзүлөрүнүн сунуштарын тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына беришет.
3-бап Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу
22. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген тартипте жана ушул Жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
23. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу төмөнкү максат үчүн аткарылат:
1) жарандарды аскердик каттоого коюу;
2) алардын санын аныктоо;
3) аскердик кызматка жарамдуулугун жана ден-соолугунун абалын аныктоо;
3) жалпы билим деңгээлин жана адистигинин бардыгын аныктоо;
4) Куралдуу Күчтөрдүн аскер бөлүктөрү жана мекемелери боюнча чакырылуучуларды алдын ала бөлүштүрүү;
5) аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоо жана аскердик окуу жайларына өтүү үчүн талапкерлерди тандоо.
24. Алгачкы аскердик каттоого райондун (шаардын) аймагында такай же убактылуу жашоочу, соттун өкүмү боюнча жазасын өтөп жаткан адамдардан, чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан тышкары жарандар турууга тийиш. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу жыл сайын төмөндөгүдөй мезгилде жүргүзүлөт:
- ушул жылдын декабрь айында - келе турган жылы 16 жашка толо турган өспүрүмдөр;
- келе турган жылдын январь-февраль айларында - алгачкы аскердик каттоого турган жылы 16 жашка толгон өспүрүмдөр.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык
25. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу, алардын туруктуу жана убактылуу жашаган жери боюнча мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу тарабынан жүргүзүлөт.
Бул үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысынын чечими менен курамында төрага - райондук (шаардык) аскер комиссары жана комиссиянын мүчөлөрү - дарыгерлер: хирург, терапевт, невропатолог, психиатр, окулист, отоларинголог, дерматолог-венеролог, стоматолог жана катчы турган жарандарды биринчи аскердик каттоого коюу боюнча комиссия түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
26. Жарандарды биринчи аскердик каттоого коюудан мурда райондук (шаардын) аскер комиссарлары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1-ноябрга чейин:
- райондун (шаардын) статистикалык башкармалыгынан чакырылуучуларды алгачкы аскердик каттоого коюу жүктөлгөн жана үйлөрдүн эксплуатациясынын жүргүзүп жаткан кварталдык комитеттердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле менчиктин формасына карабастан ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин (мындан ары - ишкана) жана билим берүү мекемелеринин тизмесин тактоого;
- бул уюмдардан жана ишканалардан алгачкы аскердик каттоого турууга тийиш болгон жарандардын тизмесин талап кылууга;
- жер-жерлерге чыгуу менен же тиешелүү адамдарды чакыруу менен ишканалардын, мекемелердин жана билим берүү мекемелердин кадрлар бөлүмүнөн алынган алгачкы аскердик каттоого турууга тийиш болгон бардык жарандардын иштеген же окуган жери боюнча түзүлгөн тизмесин текшерүүгө.
15-ноябрга чейин алгачкы аскердик каттоого турууга тийиш болгон жарандардан төмөнкүлөрдү талап кылууга:
а) саламаттык сактоо уюмдарынан төмөнкү тизмелерди:
- нервдик-психологиялык оорулар, кургак учук, тери-венерологиялык жана жугуштуу оорулар, трахома боюнча диспансердик каттоодо турган адамдардын тизмелерин;
- алкоголь ичимдиктерин көп ичкен жана баңги заттарды колдонгон адамдардын тизмесин;
- ички органдардын, сөөктөрдүн, булчуңдардын, муундардын өнөкөт оорусу бар адамдардын тизмесин жана оору жөнүндө тарыхынан көчүрмөсүн;
- стационардык (амбулаториялык) текшерүүгө же дарыланууга муктаж болгон аскерге чейинки чакырылуучу жана чакырылуучу курактагы жаш уландарды текшерүүгө же дарыланууга бекитилүүчү дарылоо-профилактикалык мекемелердин тизмеси;
б) социалдык коргоо бөлүмдөрүнөн - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген деп таанылган адамдардын тизмесин;
в) көмөкчү мектептерден (интернаттардан) - медициналык-педагогикалык мүнөздөмөлөрдү;
г) укук коргоо органдарынан - кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган, иши тергөөдө, сотто турган, коомго каршы тартиби үчүн ички иштер органдарына чакырылган адамдардын тизмесин.
30-ноябрга чейин:
а) берилген тизмелердин негизинде, алгачкы аскердик каттоого турууга тийиш болгон жарандардын жыйынтыкталган тизмесин түзүүгө;
б) алгачкы аскердик каттоого турууга тийиш болгон жарандардын өздүк делолорун дайындоого;
в) жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюуну өткөрүү боюнча пландалып жаткан иш-чаралар жөнүндө тиешелүү мамлекеттик администрациянын башчыларына кабарлоого жана төмөнкүлөрдү камсыздоо боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн сунуштарды берүүгө:
- бул ишти өткөрүү талаптарына жооп берген жабдылган жайлар, зарыл болгон техникалык кызматкерлер, тейлөө персоналынын адамдары жана жарандарды кабарлоо жана издөө үчүн транспорт менен райондук (шаардык) аскер комиссариаттарын;
- алгачкы аскердик каттоого туруу боюнча комиссияны өтүү үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жарандардын уюшулгандык менен келишин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
(шаардык) аскер комиссариаттарына жарандардын уюшулгандык менен келишин.
27. Райондук (шаардык) аскер комиссариаттары:
- жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу пландарын иштеп чыгышат;
- жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу үчүн чакыруу мөөнөттөрүн аныкташат;
- жарандардын медициналык күбөлөндүрүүсүн өткөрүү үчүн дарыгер-адистерди тандоону жүргүзүшөт;
- жарандарды биринчи аскердик каттоого коюуну уюшулгандык менен өткөрүүнү камсыздоо үчүн техникалык кызматкерлердин, тейлөө персоналынын жана транспорттун зарыл болгон санын бөлүп берүү эсебин иштеп чыгышат;
- жарандардын биринчи аскердик каттоого турушун өткөрүү үчүн тартылып жаткан адамдар менен нускалоо-усулдук сабактарды өткөрүү мөөнөттөрүн аныкташат.
28. Алгачкы аскердик каттоого туруу үчүн алардын келиши жөнүндө жарандарга кабарлоо, райондук (шаардык) аскер комиссарларынын буйруктары менен жүргүзүлөт. Буйруктар жыл сайын 25-ноябрдан кечиктирилбестен чыгарылышы керек. Алгачкы аскердик каттоого туруу үчүн жарандардын келишинин конкреттүү мөөнөттөрүн чакыруу баракчаларында райондук (шаардык) аскер комиссарлары аныктайт.
Чакыруу баракчасы жарандын жеке өзүнө же анын ата-энесине, аялына кол койдуруп, райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын кызмат адамдары же жашаган же иштеген (окуган) жери боюнча жетекчиси же мекеменин аскердик-каттоо иши үчүн жоопкерчиликтүү болгон кызмат адамдары тарабынан берилет.
Жарандын жеке өзүнө, же анын ата-энесине, аялына кол койдуруп чакыруу баракчасын берүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, ошондой эле ал келбеген учурда жарандын биринчи аскердик каттоого турушу үчүн келүүсүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же ички иштер органдары камсыздайт.
Райондук (шаардык) аскер комиссары бардык жарандардын алгачкы аскердик каттоого турушу үчүн райондук (шаардык) аскер комиссарынын буйругунда же чакыруу баракчаларында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө келишин көзөмөлдөш керек.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Алгачкы аскердик каттоого туруу үчүн келүүдөн оор оорулар менен ооруган же өз алдынча басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган адамдар гана бошотулат жана бул тиешелүү саламаттык сактоо уюмдарынын же медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты менен тастыкталышы керек (мындан ары - МСЭК).
Белгиленген мөөнөттө биринчи аскердик каттоого туруу үчүн келбей коюунун негизи бар себептер деп жаш уландын жеке өзү келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан оору жана табигый мүнөздөгү кырдаал эсептелет жана булар жашаган жери боюнча саламаттык сактоо органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация же ички иштер орган тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
30. Алгачкы аскердик каттоого коюу үчүн чакырылган жарандар, медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча алардын аскердик кызматка болгон жарамдуулугу "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзам менен аскер кызматы каралган мамлекеттик органдарында (тынчтык жана согуш мезгилинде) медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө" Жобонун талаптарына ылайык жеке баа берүү усулу менен аныкталат.
31. Медициналык күбөлөндүрүүнү аяктагандан кийин ар бир дарыгер-адис жарандын өздүк делосуна анын аскердик кызматка болгон жарамдуулугунун даражасы жөнүндө, кошумча медициналык текшерүүгө жиберүү жөнүндө, аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жарамдуу эместиги жөнүндө, кошуундар жана аскердик бөлүктөр боюнча дайындалышынын чектөөлөрү жөнүндө өзүнүн корутундусун жазат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча комиссиянын протоколдор китебине аскердик каттоого кабыл алынган бардык жарандар, жогорку курактагы жарандар, ошондой эле оор оорулар менен ооруп, оорусунун айынан алгачкы каттоого өзү келүүгө мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган адамдар да кошо жазылат.
Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар тарабынан бала кезинен майып, I, II жана III топтун майыптары деп табылган жарандар кошумча медициналык текшерилүүгө жиберилбейт. Алардын аскердик кызматка жарамдуулугу жөнүндө чечим МСЭКтин күбөлөндүрүү актысынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн негизинде кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Жарандарды биринчи аскердик каттоого коюу боюнча комиссия медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктарынын, үй-бүлөлүк абалынын, адистиктин жана билиминин бар болушунун негизинде төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат жана бул чечим протоколдор китебине жазылат:
- "Аскердик кызматка жарактуу, (Куралдуу Күчтөрдүн түрү көрсөтүлүшү керек) дайындалат";
- "Аскердик кызматка жарактуу, (диний ынанымдары, үй-бүлөлүк абалы) боюнча альтернативдик кызматка укугу бар";
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- "Тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, аскердик убакта чектүү жарактуу";
- "Аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз".
Аскердик кызматка жараксыз деп табылган чакырылуучулар райондук (шаардык) аскер комиссариаты тарабынан эсепке алынат жана медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө Жобонун белгиленген формалары боюнча алар жөнүндө маалыматтар саламаттык сактоо уюмдарына берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомдорунун редакциясына ылайык)
34. Райондук (шаардык) аскер комиссары жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу процессинде төмөнкү чакырылуучуларды табууга милдеттүү:
- аскердик кызматка жарактуу;
- аскердик кызматка жарактуу, (диний ынанымдары, үй-бүлөлүк абалы) боюнча альтернативдик кызматка укугу бар;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомуна ылайык күчүн жоготту
- кошумча медициналык текшерүүгө муктаж болгон;
- тынчтык убакта ден-соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жараксыз, аскердик убакта чектүү жарактууларды;
- аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз;
- аскердик кызматка жарактуу жана аскердик-окуу жайларына өтүүгө каалоосун билдиргендерди.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Келбей калган адамдарга карата келбей калышынын себептери аныкталат жана бир эле убакта аларды кайра чакыруу же издөө боюнча чаралар көрүлөт.
36. Аскердик каттоого тургузулган жарандарга (аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп таанылган адамдардан тышкары) аскердик каттоого тургузулгандыгы жөнүндө күбөлүк жана идентификациялык аскердик күбөлүк берилет. Электрондук түрдөгү идентификациялык аскердик күбөлүктө аскерге милдеттүүнүн (чакырылуучунун) анкеталык маалыматтары, анын жеке идентификациялык номери жана аскердик-каттоо маалыматтары, анын медициналык күбөлөндүрүүдөн, аскердик кызматтан, жыйындардан, мобилизациядан өткөндүгү, аскердик каттоого алынгандыгы жана чыгарылгандыгы жөнүндө маалыматтар сакталат. Идентификациялык аскердик күбөлүктүн сүрөттөлүшү жана үлгүсү коргоо маселелерин тейлеген мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүктү жана идентификациялык аскердик күбөлүктү берүү, ведомостко алгандыгы жөнүндө кол коюулуп берилет.
Күбөлүктү берүүдө райондук (шаардык) аскер комиссары же чакыруу бөлүмчөсүнүн башчысы чакырылуучуларга аскердик каттоонун тартибин сактоо боюнча, бул эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө алардын милдеттерин жана Куралдуу Күчтөрүндө кызматка даярдануунун тартибин түшүндүрүп бериши керек.
Чакырылуучу тарабынан аскердик каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүк жана идентификациялык аскердик күбөлүк жоготулган учурда ага күбөлүктүн дубликаты берилет. Күбөлүктүн дубликатынын берүү чакырылуучунун жазуу түрүндөгү арызы боюнча берилет жана бул арызда күбөлүктүн жоголушунун шарттары көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
37. Ден-соолугунун абалы боюнча аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп табылган жарандарга, алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча комиссияны өткөндөн кийин белгиленген тартипте аскердик билеттер берилет.
Аскердик билетти тариздөө жана берүү үчүн негиз болуп алгачкы каттоого коюу боюнча комиссиянын протоколдор китебинен көчүрмө болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Жарандарды алгачкы аскердик каттоо боюнча иштердин аякташы менен райондук (шаардык) аскер комиссариаттары 10 күндүк мөөнөттө төмөнкүлөргө милдеттүү:
- райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында аскердик каттоого тургузулган жарандардын бар болгон каттоо маалыматтарын, чакыруучуларды алгачкы аскердик каттоого коюу жүктөлгөн жана үйлөрдүн, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин эксплуатациясын жүргүзгөн кварталдык комитеттердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, каттоо малыматтары менен салыштыруу. Ошондой эле, жана алгачкы аскердик каттоого жаткан бардык жарандардын толук катталгандыгына ишенүү;
- чакырылуучулардын райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында жазылган өздүк делолорун, алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча комиссиянын протоколдор китебинин, каттоо-алфавиттик китебинин жана жыйынтыкталган тизменин маалыматтары менен салыштырууга;
- коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу жөнүндө отчет түзүү;
- жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюунун жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына кабарлоого жана аларга Куралдуу Күчтөрдөгү кызматка жаштарды даярдоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүүгө берүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Отчетторду алгандан кийин, коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюунун жыйынтыктарын, аскердик каттоого тургузулган жарандардын санын жана комиссиялардын чыккан чечимдеринин мыйзамдуулугун текшерүүнү уюштурат жана өткөрөт.
4-бап Чакырылуучулардын аскердик каттоосу
40. Чакырылуучулардын аскердик каттоосу алардын жашаган жери боюнча мамлекеттик администрациялар менен бирге райондук (шаардык) аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт. Ал эми аскер комиссариаттары жок болгон кээ бир калктуу пункттарда аскердик каттоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары камсыздайт. Ишканаларда жана мекемелерде чакырылуучуларды каттоо өздүк карточкалары боюнча жүргүзүлөт.
Чакырылуучулардын аскердик каттоосунун жалпы жетекчилик жүргүзүүнү коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аткарат, ал эми шаарлардын жана райондордун аймагынын чегинде - тиешелүү райондук (шаардык) аскер комиссариаттар жана мамлекеттик администрациялар аткарат.
41. Аскердик каттоонун негизги тапшырмалары болуп тейленип жаткан аймакта жашаган чакыруу курагындагы бардык жарандарды табуу, алардын санын жана сапаттык мүнөздөмөсүн аныктоо, ошондой эле жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга уюшулгандык менен чакырууну өткөрүүнү камсыздоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышынын контролдоосун жүргүзүү.
42. Чакырылуучулардын аскердик каттоосу Кыргыз Республикасынын жарандарынын өлкөдөгү аракеттеги паспорт тутумун эске алуу менен алып барылат.
43. Мамлекеттик администрациялардын башчылары жана райондук (шаардык) аскер комиссарлары, алар тейлеп жаткан аймакта жашаган чакырылуучулардын аскердик каттоосунун уюштурулушу, толук жана реалдуу болушу үчүн жоопкерчиликти тартышат.
Райондук (шаардык) аскер комиссарлары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- чакырылуучулардын каттоосун жүргүзүүгө, чакырылуучуларды өз убагында аскердик каттоого алышын жана аларды каттоодон алып ташташын өткөрүүгө;
- үй-бүлөлүк абалы, ден-соолугунун абалы, билими, адистиги, иштеген жери, жашаган жеринин дареги жана башка маалыматтар өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматтарды тактоого жана чакырылуучунун каттоо-аскердик документтерине өз убагында киргизүүгө;
- аскердик-каттоо иштерин аткарып жаткан адамдардын окутууга;
- кварталдык комитеттерде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле ишканаларда жана билим берүү мекемелерде чакырылуучулардын каттоо абалын бир жылда бир жолудан кем эмес текшерүүгө, ар дайым алардын каттоо маалыматтарын райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын маалыматтары менен салыштырууга;
- чакырылуучулардын аскердик каттоосунун абалы жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын кабарлоого жана керек учурда аны жакшыртуу үчүн сунуштарды киргизүүгө.
44. Райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында аскердик каттоо, чакырылуучулардын каттоо-алфавиттик китептери жана өздүк делолору боюнча жүргүзүлөт. Кварталдык комитеттерде, ишканаларда жана билим берүү мекемелерде аскердик каттоо тизмелер боюнча жүргүзүлөт.
Бар болгон чакырылуучу ресурстарды ыкчам каттоо үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында аскердик каттоодо турган чакырылуучулардын кыймылдарын каттаган журнал жүргүзүлөт.
Биринчи жолу аскердик каттоого коюуда жарандар жөнүндө маалымат каттоо-алфавиттик китептерине жазылат, ал аскер комиссариаттарында сакталат. Жарандар 25 беш жашка чыкканда алфавиттик-каттоо китеби архивге сактоого берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Кварталдык комитеттерде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле ишканаларда жана билим берүү мекемелердеги чакырылуучулардын каттоосунун тактыгы үчүн жоопкерчиликти тиешелүү жетекчилер, ал эми райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында - тиешелүү аскер комиссарлары тартышат. Чакырылуучулардын аскердик каттоо боюнча бардык документация (документтер) катуу отчеттуулуктагы документация катары сакталышы керек. Көрсөтүлгөн документтерди алуу укугу чектелген адамдарга жана алар менен түздөн-түз иштеп жаткан адамдарга гана уруксат болушу керек.
46. Райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында чакырылуучунун өздүк делолорунан төмөнкү картотекалар түзүлөт:
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгондор;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш болгондор (диний ынанымы);
- альтернативдик кызматты өтөөгө укугу барлар (үй-бүлөлүк абалы боюнча);
- тынчтык убакта ден-соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жараксыз. Согуш убагында чектүү жарактуу деп табылгандар;
- чакыруу күнүндө 18 жашка толбогондордун;
- чакырылуудан бошонуу укугуна ээ болгондордун (анын ичинде мөөнөттү төмөнкү мүнөздөгү узартуу боюнча: "ден-соолугунун абалы", "билимин улантуу үчүн" ж.б.);
- жаңы жашаган жерге көчүү жана республиканын чегинен башка жакка кетүү негиздер менен байланышкан, жаңы жашаган жери боюнча өздүк делолорду жиберүүгө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынан суроо келбеген аскердик каттоодон чыгарылган чакырылуучулар;
- аскердик каттоодон чыкпастан туруктуу жашаган жеринен тышкары кеткендер;
- аларга карата кылмыш иштери же жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жаткан, ошондой эле кылмыш иши же жоруктар жөнүндө иш сот тарабынан каралып жаткан адамдардын;
- үстүбүздөгү жылда аскердик каттоого алгачкы тургузулгандардын;
- мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосун билдиргендер.
Жогоруда көрсөтүлгөн ар бир картотекалардагы өздүк делолор чакырылуучулардын туулган жылдары боюнча бөлүштүрүлөт, ал эми алардын ичинде болсо - так алфавит боюнча бөлүштүрүлөт жана документтердин сакталышын камсыз кылган, жабдылган шкафтарда сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 229, 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 , 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616, 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомдорунун редакциясына ылайык)
47. Чакырылуучу курактагы жарандар чакырылуучулардын аскердик каттоосуна турууга тийиш, эгерде алар:
а) белгиленген мөөнөттөрдө алгачкы аскердик каттоого туруу боюнча комиссияны өтүшсө;
б) жаңы жашай, иштей же окуй турган жерге республиканын башка райондорунан келишсе;
в) Ички иштер министрлигинин (мындар ары - ИИМ) атайын каттоосунан чыкса (ИИМдин окуу жайларынан чыгарылышса);
г) мурда чакырылуучулардын аскердик каттоосунда катталбаган болушса;
д) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
е) Кыргыз Республикасынын жарандуулугун алышса;
ж) ден соолугунун абалы боюнча мурда аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында чектүү жарактуу деп табылган, бирок медициналык кайра күбөлөндүрүүдөн өткөндөн кийин аскердик кызматка жарактуу деп табылган болушса;
з) мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосун билдиришсе (мурда ар кандай себептер боюнча альтернативдик кызмат өтөгөн жана медициналык кайра күбөлөндүрүү боюнча комиссия тарабынан аскердик кызматка жарактуу деп таанылгандар)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2018-жылдын 14-мартындагы № 133, 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
48. Чакырылуучуларды аскердик каттоого кабыл алуу төмөнкү тартипте аткарылат.
а) белгиленген мөөнөттө алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча комиссияны өткөн жарандар, биринчи аскердик каттоого турууга тийиш болгон жарандардын тизмесинин, чакырылуучулардын өздүк делолорунун жана алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча комиссиянын протоколдор китебинин негизинде аскердик каттоого кабыл алынышат;
б) жаңы жашай, иштей, окуй турган жерге келген чакырылуучулар, жашаган жери боюнча жеке өзүлөрү райондук (шаардык) аскер комиссариатына келишет жана келүү баракчасын же каттоодо турган карточкасын (шаарларда) (үй китебин), жашаган жеринен маалымкатты, иштеген же окуган жеринен маалымкатты беришет. Аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүктө аскердик каттоого кабыл алынгандыгы жөнүндө белги коюлат, каттоо-алфавиттик китебинде чакырылуучунун маалыматтары киргизилет.
(экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Жумуш же окуу менен байланышкан иш сапардан (мөөнөтү 3 айдан ашык болгон) келген жарандар жеке өзүлөрү райондук (шаардык) аскер комиссариатына келишет. Аскердик каттоодо тургандыгы жөнүндө күбөлүктө аскердик каттоодо тургандыгы жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат жана каттоо-алфавиттик китебинде тиешелүү жазуу жазылат. Чакырылуучулардын өздүк делолору архивден алынат жана картотекалар боюнча коюлат;
в) ИИМ окуу жайларынан чыгарылган курсанттар, эгерде алар ИИМ жогорку окуу жайларына өткөнгө чейин аскердик кызматты өтөбөсө, чакырылуучулардын каттоосуна кабыл алынат жана жалпы негиздерде аскердик кызматка чакырылууга тийиш.
Жарандардын көрсөтүлгөн категориясын аскердик каттоого кабыл алуу, ИИМ окуу жайынын жазма буйругунун негизинде белгиленген тартипте аткарылат.
Жетишпегендиги, окууга каалоосу жоктугу же тартипсиздиги үчүн аскер-окуу жайынан чыгарылган курсанттар, эгерде алар мөөнөттүү аскер кызматынын белгиленген мөөнөтүн өтөбөгөн болсо, мөөнөттүү аскер кызматынын белгиленген мөөнөтүн өтөө үчүн аскердик бөлүктөргө жиберилет.
Ден-соолугунун абалы боюнча (аскердик кызматка жараксыз деп табылган) аскердик-окуу жайынан чыгарылган курсанттар, аскерге милдеттүүлөрдүн аскердик каттоосуна туруу үчүн жашаган жери боюнча райондук (шаардык) аскер комиссариатына жиберилет;
г) чакырылуучулардын аскердик каттоосунда мурда турбаган чакырылуучу куракка чейинки жана чакырылуучу курактагы жарандар жеке өздөрү райондук (шаардык) аскер комиссариатына келишет жана райондук (шаардык) аскер комиссарынын атына аскердик каттоого туруу жөнүндө арыз беришет. Райондук (шаардык) аскер комиссары же анын орун басары жарандын өз убагында аскердик каттоого тургузулбагандыгынын себеби боюнча изилдөө жүргүзүшөт жана изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча аны аскердик каттоонун эрежесин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартышат. Алар алгачкы аскердик каттоого туруу боюнча медициналык комиссиядан же чакыруу комиссиясынан өтүшөт. Алгачкы аскердик каттоого туруу мезгилинде же чакыруунун ортосундагы мезгилде аскер комиссариатына келген жарандар жашаган жери боюнча саламаттык сактоо органдарында медициналык текшерүүдөн өтүшөт.
Жаранга чакырылуучунун өздүк делосу ачылат, анын маалыматтары өтүп жаткан жылы алгачкы каттоого алынгандардын кошумча тизмесине, кошумча протокол ачуу менен бирге өтүп жаткан жылы аскердик каттоого алгачкы коюунун протоколдор китебине жана каттоо-алфавиттик китебине жазылат. Чакырылуучуга аскердик каттоого туруу жөнүндө күбөлүк берилет;
д) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
е) башка мамлекеттерден жаңы жашаган жерине келген жана Кыргыз Республикасынын жарандуулугун алган чакыруулучу курактагы жарандар жеке өзүлөрү райондук (шаардык) аскер комиссариатына келишет жана аскердик каттоого коюу жөнүндө райондук (шаардык) аскер комиссарынын атына арыз беришет. Мындан сырткары, алар тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандуулугун аларга бергендиги жөнүндө Президенттин Жарлыгынан көчүрмөсүн жана жашаган жеринен маалымкатты беришет;
ж) мурда ар кандай себептер боюнча альтернативдик кызмат өтөгөн, медициналык кайра күбөлөндүрүү боюнча комиссия тарабынан аскердик кызматка жарактуу деп таанылган жана мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосун билдирген жарандар аскер комиссарына каттоого коюу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылышат. Аскерге чакырылгандар жөнүндө маалымат каттоо-алфавиттик китебине киргизилет жана алар мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө жалпы негизде кабыл алынат;
з) кезектеги чакыруу мезгилинде райондун (шаардын) аймагында убактылуу жашаган катары аныкталган жана аскердик каттоодо турбаган, бирок башка аскер комиссариатында аскердик каттоодо турган жарандар убактылуу жашаган жери боюнча аскер комиссариатында аскердик каттоого алынат. Аларга өздүк делолордун дубликаттары ачылат жана алар убактылуу жашаган жери боюнча райондук (шаардык) чакыруу комиссиясына жиберилет. Аларды мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууда чакырылуучунун маалыматтары каттоо-алфавиттик китебине жазылат, протоколдор китебинен жана аскер бөлүктөрүнө жиберилгендердин аты-жөнү жазылган тизмелерден көчүрмөлөр туруктуу катталган жери боюнча аскер комиссариаттарына жиберилет. Аталган көчүрмөлөрдү алгандан кийин каттоо-алфавиттик китебине тийиштүү жазуулар жазылат, ал эми өздүк делолор чакыруу комиссиясынан өтө турган жер боюнча аскер комиссариатына жиберилет.
Мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жөнүндө чечим кабыл алынган, бирок нарядды аткарууга байланыштуу аскер бөлүктөрүнө жиберилбеген жарандардын өздүк делолорунун дубликаттары белгиленген тартипте жок кылынат, ал эми туруктуу катталган жери боюнча аскер комиссариаттарына чакырылуучунун өздүк делосуна жалпылоо үчүн протоколдор китебинен көчүрмөлөр жиберилет;
и) аскердик ант бергенге чейин аскер бөлүгүнөн кайтып келген жарандар кайрадан чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн жыйын пункттарынын жолдомолору боюнча аскер комиссариаттарына келишет. Аскер бөлүгүнүн оорусу бар экендигин ырастаган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык дарылоо уюмдары же гарнизондук госпиталдар тарабынан берилген медициналык документтеринин негизинде чакыруу комиссиясы тереңдетилген медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү жана кезектеги чакыруу бүткөнгө чейин тийиштүү чечимди кабыл алуу үчүн аларды дарылоо-алдын алуу мекемелерине жиберет.
Аскер комиссарынын мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жөнүндө буйругуна аскердик бөлүктөн кайтып келген жарандын чакырылуусун жокко чыгаруу жөнүндө өзгөртүү киргизилет. Аскер комиссарынын буйругунун көчүрмөсү Республикалык чакыруу комиссиясына жана чакырылуучу кайтып келген аскер бөлүгүнө аны аскер бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгаруу үчүн сунушталат.
Аскер бөлүктөрүнө жиберилгендердин аты-жөнү жазылган тизмелерде аскер бөлүгүнөн кайтып кеткендиги жөнүндө Республикалык чакыруу комиссиясынын төрагасынын колу менен күбөлөндүрүлгөн белгилер коюлат.
Тийиштүү протоколдор китебинде белгиленген тартипте мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу белгилер коюлат.
Каттоо-алфавиттик китебинде мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жөнүндө коюлган белгилер аскер комиссариатынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүп жокко чыгарылат, ал эми жарандын маалыматтары белгиленген тартипте кайрадан жазылат.
к) мурда альтернативдик кызматка чакырылган, бирок кызматтын мөөнөтү аяктаган убакытта төгүмдүн белгиленген өлчөмүн төлөө боюнча карызы бар экендигине байланыштуу аларды чакыруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган жарандар аты-жөнү жазылган тизме боюнча аскердик каттоого алынат.
Альтернативдик кызматтын кызматчыларынын өздүк делолоруна аскер комиссариатынын мөөрү менен күбөлөндүрүү аркылуу чакырууну жокко чыгаруу жөнүндө белги коюлат.
Тийиштүү протоколдор китебинде белгиленген тартипте альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу белги коюлат.
Каттоо-алфавиттик китебинде альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө коюлган белгилер аскер комиссариатынын мөөрү менен күбөлөндүрүү аркылуу жокко чыгарылат, ал эми жарандын маалыматтары белгиленген тартипте кайрадан жазылат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578, 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 , 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616, 2020-жылдын 14-январындагы № 8, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
49. Чакырылуучу курактагы жарандар төмөнкү учурларда чакырылуучулардын аскердик каттоосунан чыгарылууга жатат:
а) мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылышса жана аскердик бөлүктөргө жиберилишсе;
б) (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
в) альтернативдик кызматка чакырылышса;
г) тынчтык убакта ден-соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жараксыз, аскердик убакта чектүү жарактуу деп табылган болсо;
д) аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп табылган болсо;
е) Кыргыз Республикасынын чегинде жаңы жашаган, иштеген же окуган жерине кетип жатышса;
ж) республиканын аймагынан тышкары жаңы жашаган жерине кетип жатышса;
з) ИИМдин (ИИМдин окуу жайларына өткөн болсо) каттоосуна берилген болсо;
и) жогорку аскер-окуу жайларына кабыл алынган болсо;
к) соттолгон болсо;
л) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
м) Кыргыз Республикасынын жарандуулугунан чыккан болсо;
н) 25 жаш курагына жеткен болсо;
о) Кыргыз Республикасынын жарандык жогорку окуу жайларынын аскер факультеттеринде жана кафедраларында окуп жатканда аскердик жыйындардан өткөндөн кийин;
п) каза болушкан же сот тарабынан дайынсыз деп жоголгон деп табылган болсо;
р) мобилизациялык резервдин жыйындарына киргизилген болсо.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2018-жылдын 14-мартындагы № 133, 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
50. Чакырылуучуларды аскердик каттоодон чыгаруу төмөнкү тартип менен аткарылат:
а) аскердик кызматка чакырылган жана аскердик бөлүктөргө жана мекемелерге жиберилген жарандар чакыруу комиссиясынын протоколунун жана команда түзүлгөн жер боюнча аскер комиссары же жыйноо пунктунун башчысы тарабынан күбөлөндүрүлгөн аты аталган тизменин негизинде чакырылуучулардын каттоосунан чыгарылат. Каттоо-алфавиттик китебине аскердик кызматка чакырылгандыгы жөнүндө тийиштүү жазуу жазылат, өздүк дело архивге өткөрүлүп берилет;
б) (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
в) альтернативдик кызматка чакырылган жарандар, райондук (шаардык) чакыруу комиссиянын протоколунун жана райондук (шаардык) аскер комиссары тарабынан күбөлөндүрүлгөн аты атылган тизменин негизинде чакырылуучулардын тизмесинен алынат. Каттоо-алфавиттик китепте альтернативдик кызматка чакырылгандыгы жөнүндө тиешелүү белги коюлат, өздүк делосу альтернативдик кызматка чакырылгандардын картотекасына берилет;
г) райондук (шаардык) чакыруу комиссиялары тарабынан тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, аскердик мезгилде чектүү жарактуу деп табылган жарандар, райондук (шаардык) чакыруу комиссиясынын чечиминин негизинде каттоодон чыгарылышат;
д) аскердик каттоодон чыгаруу менен чакыруу комиссиялар тарабынан аскердик кызматка жараксыз деп табылган жарандар, райондук (шаардык) чакыруу комиссияынын чечиминин негизинде каттоодон чыгарылышат;
е) республиканын аймагына, жаңы жашаган, иштеген же окуган жерине кетип жаткан жарандар, жеке өзүлөрү райондук (шаардык) аскер комиссариатына келишет жана аскердик каттоодон алып таштоо жөнүндө райондук (шаардык) аскер комиссарынын атына арыз беришет. Каттоодон алыныш үчүн негиз болуп жашаган жеринен маалымкат эсептелет, бул маалымкатта чакырылуучу каяка кетип жаткандыгы жана кетүү баракчасы көрсөтүлөт, ал эми республиканын башка райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына кеткен чакырылуучулардын өздүк делолору, суроону (алфавиттик карточканы) алгандан кийин чакырылуучулар кеткен райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жиберилет.
Республиканын башка райондук (шаардык) аскер комиссариттарына кеткен чакырылуучунун өздүк делосун жиберүү жөнүндө суроо бир айдын ичинде келбеген учурда, райондук (шаардык) аскер комиссары, райондук (шаардык) ички иштер бөлүмү менен бирдикте чакырылуучуну издөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү;
ж) республиканын аймагынан сыртка жаңы жерге жашаганы кетип бараткан жарандар, жеке өзүлөрү райондук (шаардык) аскер комиссариатына келишет жана аскердик каттоодон алып таштоо жөнүндө аскер комиссарынын атына арыз беришет. Каттоодон алып таштоонун негизи болуп райондун паспорт-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн башчысынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, республиканын аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кетүүгө берген калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан маалымкат эсептелет.
Республиканын аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн кеткен чакырылуучулардын өздүк делолору белгиленген тартипте жок кылынат.
Республиканын аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн кетип жаткан чакырылуучулардан аскердик каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүк алынат жана маалымкат берилет;
з) ИИМдин каттоосуна берилген (ИИМдин окуу жайларына кабыл алынган) чакырылуучуларды аскердик каттоодон алып таштоо, чакырылуучуну окуу жайга кабыл алгандыгы жөнүндө окуу жайдын башчысынын кабарлоосунун (буйруктун көчүрмөсүнүн) негизинде аткарылат;
и) жогорку аскер-окуу жайларына өткөн чакырылычууларды аскердик каттоодон алып таштоо, чакырылычууларды окуу жайларына кабыл алгандыгы жөнүндө буйруктун көчүрмөсүнүн негизинде аткарылат;
к) өкүмдүн жана соттолгон адамдарга карата өкүмдөрдү күчүнө киргизүү жөнүндө кабарлоолордун көчүрмөсүн алгандан кийин жарандар чакырычуулардын каттоосунан алынып ташталат;
Бул жарандардын запастагы аскердик кызматка жарактуулугу райондук (шаардык) аскер комиссиариатынын аскерге милдеттүүлөрдү каттоо бөлүмчөсүнүн кайра медициналык күбөлөндүрүү боюнча комиссиясы тарабынан белгиленет;
л) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
м) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондор чакырылуучулардан, аскердик каттоого тургузгандыгы жөнүндө күбөлүк алынат;
н) жарандар 25 жаш курагына жеткенден кийин, чакырылуучулардын каттоосунан төмөнкү тартипте алынат:
- эгерде алардын чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугу жок болсо, анда чакырылуучулардын каттоосунан чыгарылат жана андан ары чечим кабыл алуу үчүн аты аталган тизме боюнча аскердик каттоо бөлүмүнө берилет. Жарандардын каттоо-алфавиттик китептери алар жыйырма беш жашка чыкканда, ага киргизилген чакырылуучулардын саны жана чакыруу комиссияларынын кандайдыр бир чечими кабыл алынбаган жарандардын саны жөнүндө аскер комиссарынын колу жана аскер комиссариатынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жыйынтыктоочу белгилер коюлгандан кийин аскердик каттоо бөлүмүнө берилет;
- эгерде алардын чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугу жок болсо, анда чакырылуучулардын каттоосунан чыгарылат жана алгачкы аскердик жыйындарга жиберилүүгө тийиш жарандардын каттоосуна берилет. Алфавиттик-каттоо тизмесине тийиштүү жазуу жазылат. Каттоодон чыгаруу үчүн негиз болуп аты-жөнү жазылган тизме эсептелет;
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Алтынчы абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
25 жашка чыккан жарандардын өздүк делолору каттоодон алынгандан кийин белгиленген тартипте жок кылынат;
о) запастагы офицердин аскердик наамын алган чакырылуучулардын каттоо-алфавиттик китебинде тиешелүү жазуу жазылат. Чакырылуучунун өздүк делосу белгиленген тартипте жок кылынат. Тастыктоочу документ болуп запастагы офицердин өздүк делосу болуп эсептелет;
п) каза болгон же сот тарабынан дайынсыз жоголгон деп табылган чакырылуучулар каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн (маалымкаттын) же аларды дайынсыз жоголгон деп табылгандыгы жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсүнүн негизинде каттоодон чыгарылат;
р) мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө киргизилген жарандар райондук (шаардык) чакыруу комиссиясынын протоколунун жана райондук (шаардык) аскер комиссариаты тарабынан ачылган мобилизациялык резервди каттоо бөлүмүнө каттоо үчүн берилген аты жазылган тизменин негизинде чакырылуучулардын каттоосунан чыгарылат. Каттоо-алфавиттик китебинде мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө киргизилгендиги жөнүндө тийиштүү жазуу жазылат, өздүк дело мобилизациялык резервди каттоо бөлүмүнө берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578, 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 , 2019-жылдын 18-июлундагы № 356, 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
51. Үй-бүлөлүк абалы боюнча, билимин улантуу үчүн жана башка негиздер менен чакыруудан бошонуу укугуна ээ болгон адамдар, алар 25 жаш курагына жеткенге чейин башка чакырылуучулар менен бирдей тең эсепке алынат.
52. Жашаган, окуган, иштеген жери алмашкан, үй-бүлөлүк абалы жана ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат өзгөргөн учурда, жаран 7 календардык күндүн ичинде тиешелүү райондук (шаардык) аскер комиссариатына билдирүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Чакырылуучу аскердик каттоодон чыкпай туруп кетип калган болсо же алардын жаңы жашаган жери боюнча аскердик каттоого туруу үчүн келбеген болсо, райондук (шаардык) аскер комиссарлары мындай чакырылуучуларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ички иштер органдары жана ата-энелери аркылуу издөөгө токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү.
Чакырылуучулардын издөөсү менен байланышкан суроолорго жооп берүүнү, райондук (шаардык) аскер комиссариаттары тарабынан суроону алган күндөн баштап 7 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен аткарылышы керек. Чакырылуучуларды издөө боюнча бардык кат алышуулар алардын өздүк делосуна тигилет.
54. Чакырылуучулардын аскердик каттоосунун тартибин бузгандарга, райондук (шаардык) аскер комиссары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)
55. Райондук (шаардык) аскер комиссары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- чакырылуучунун иштеген (окуган) жери боюнча ишкананын жана мекеменин жетекчисине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаза салынгандыгы жөнүндө жеткирүүгө;
- жарандарды чакыруу участкаларына өз убагында келүүгө тоскоолдук көрсөтүп жаткан менчиктин формасына карабастан окуу жайлардын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, фермердик чарбалардын, кооперативдердин жана акционердик коомдордун жетекчилерине, аларды колдонуп жаткан мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө материалдарды берүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)
56. Чакырылуучулардын аскердик каттоосун жүргүзүү маселелери боюнча мамлекеттик администрациялар, кварталдык комитеттер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- туруктуу же убактылуу жашоо, окуу үчүн райондун (шаардын) аймагына келип жаткан чакырылуучулардын каттоосун жүргүзүүгө жана көрсөтүлгөн жана башка негиздер боюнча кетип жатканда аларды тизмеден чыгарууга;
- аскердик каттоого тургузулбаган жарандарды табууга жана алардын аскердик каттоого коюу үчүн чараларды көрүүгө;
- чакырылуучуларды райондук (шаардык) аскер комиссариатына чакырып жаткандыгы жөнүндө кабарлоого жана аларды белгиленген мөөнөттөргө келишин камсыздоого;
- каттоодо турган чакырылуучулардын тизмесин алардын аймагында жайгашкан ишканаларда иштеп жаткан чакырылуучулардын өздүк карточкалары менен, үй китептери (карточкалары) менен, ошондой эле анык бар болушун үймө-үй кыдыруу жолу менен жыл сайын салыштырып текшерүүнү камсыздоого;
- алгачкы аскердик каттоого турууга тийиш болгон жарандардын тизмесин жана кызматка чакырылууга тийиш болгон чакырылуучулардын тизмесин райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына өз убагында көрсөтүүгө.
57. Уюмдардын жана окуу жайлардын жетекчилери чакырылуучулардын аскердик каттоосун жүргүзүү боюнча суроолор боюнча төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аскердик каттоо боюнча мыйзамдын талаптарын аткарууга жана чакырылуучулардын аскердик каттоосунун толуктугун жана сапаттуулугун камсыздоого;
- жумушка (окууга) алып жатканда жарандардан аскердик каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүктүн, аскердик билеттин бар болушун жана аларда райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын аскердик каттоого тургузулгандыгы жөнүндө белгисин текшерүүгө;
- чакырылуучуларды райондук (шаардык) аскер комиссариатына чакырып жаткандыгы жөнүндө кабарлоого жана аларды белгиленген мөөнөттөргө келишин камсыздоого;
- чакырылуучу болуп эсептелген жумушчулардын, кызматкерлердин жана окуучулардын өздүк карточкаларын аскердик каттоого тургузулгандыгы жөнүндөгү күбөлүктөгү жазуулары менен жана райондук (шаардык) аскер комиссариатындагы каттоо маалыматтары менен өз убагында салыштырып текшерүүнү өткөрүүгө;
- үй-бүлөлүк абалы, жашаган жеринин дареги, кызматтык абалы, жалпы билими жана техникалык даярдыгы өзгөргөндүгү жөнүндө өзгөрүүлөрдүн каттоосун жүргүзүүгө, алардын өздүк карточкаларына бул өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана 5 күндүк мөөнөттө бул өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды райондук (шаардык) аскер комиссариатына берүүгө;
- 10-февралга жана 10-августка кызматка чакырылууга тийиш болгон чакырылуучулардын тизмесин жана 1-ноябрга биринчи аскердик каттоого турууга тийиш болгон жарандардын тизмесин райондук (шаардык) аскер комиссариатына берүүгө;
- ишке (окууга) кабыл алынган же иштен бошотулган (окуу жайынан чыгарылган) чакырылуучулардын тизмесин 7 күндүк мөөнөттө райондук (шаардык) аскер комиссариатына берүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
57-1. Аскердик кафедралардын (факультеттердин) жетекчилери жыл сайын, 10-сентябрга карата райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына аскердик кафедрага (факультетке) окуу үчүн киргизилген чакырылуучулардын, ошондой аскердик кафедрадан (факультеттен) чыгарылгандардын тизмесин жана аскердик кафедрада (факультетте) окууну аяктаган жарандардын тизмесин, аскердик жыйындардан өткөн мөөнөттөрдү жана аскердик ант берген күндү көрсөтүү менен берүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
58. Чакырылуучунун запастагы аскердик кызматка жарамдуулугу райондук (шаардык) аскер комиссиариатынын аскерге милдеттүүлөрдү каттоо бөлүмчөсүнүн кайра медициналык күбөлөндүрүү боюнча комиссия тарабынан белгиленет.
5-бап Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга тийиш болгон жарандарды изилдөө
59. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга тийиш болгон жарандарды изилдөө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын маанилүү маселелери болуп саналат.
Изилдөө чакырылуучулардын дайындалышы боюнча объективдүү чечим кабыл алуу үчүн жарандар жөнүндө толук маалыматтар менен чакыруу комиссияларын камсыздоо максатында жүргүзүлөт.
Жарандарды изилдөө кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган, иши тергөөдө же сотто турган, психиатриялык, кургак учук, тери-венерологиялык, наркологиялык диспансерлерде жана дарылоо-алдын алуу мекемелеринде каттоодо турган адамдарды мөөнөттүү аскердик кызматка жана мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу учурларын четтетүү максатында жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
60. Куралдуу Күчтөрдүн бөлүктөрүнүн командирлеринен (мекемелердин башкармалары) керектүү сандагы жаш толуктоолор жөнүндөгү түшкөн суроо-талаптардын негизинде коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чакыруучуларды изилдөө жана тандоо тартибин аныктаган план-графигин түзөт, анда райондук (шаардык) аскер комиссариаттары чакыруучуларды изилдөө жана тандоо тартибин аныктайт.
Режимдүү командаларга чакырылуучуларды алдын ала тандоо жана изилдөө план-графигинен көчүрмө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жеткирилет.
61. Чакыруучуларды изилдөө боюнча иштерди камсыз кылуу максатында райондук (шаардык) аскер комиссарлары жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына пландалган иш чаралар жөнүндө маалымат берет, изилдөө планын иштеп чыгышат жана изилденүүгө жаткан чакырылуучулардын тизмесин түзүшөт.
62. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга жаткан жарандарды изилдөө, райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын өздүк курамы тарабынан райондук (шаардык) аскер комиссарынын жетекчилиги астында, үйлөрдү эксплуатациялоону жүргүзгөн кварталдык комитеттердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана участкалык инспекторлорун тартуу менен өткөрүлөт. Изилдөө чакырылуучу, анын ата-энеси, же алардын багуусунда турган адамдар менен жеке аңгемелешүү жолу менен жүргүзүлөт, анын жыйынтыгында изилдөө баракчасы түзүлөт, чакырылуучунун жана анын ата-энесинин, ошондой эле аңгемелешүүнүн өткөргөн адамдын колу менен күбөлөндүрүлөт.
Мөөнөттүү аскер кызматына чакырууга тийиш болгон аскерге чакырылуучулардын дене боюнун өнүгүү деңгээли коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген ченемдерге ылайык дене тарбия көнүгүүлөрүнүн үч түрүн аткаруу боюнча бааланат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
63. Райондук (шаардык) аскер комиссары чакырылуучу жөнүндө бардык маалыматтардын негизинде аны кызматка бөлүштүрүү жөнүндө жыйынтык чыгарат, ал жөнүндө изилдөө баракчасына тиешелүү жазууну жазат жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрөт.
64. Чакырууга чейин райондук (шаардык) аскер комиссарлары чакырылуучулар тууралуу толук же объективдүү төмөнкүдөй маалыматтарды билүүгө милдеттүү:
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырыла тургандарды;
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- альтернативдик кызматты өтөөгө укугу барларды;
- ар түрдүү негиздер боюнча чакыруудан кийинкиге калтырууга жаткандарды;
- мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосун билдиргендерди.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
65. Райондук (шаардык) аскер комиссариаттары чакырылуучу ресурстардын бар болуусу жөнүндө маалыматтарды коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга 1-июндагы жана 1-декабрдагы абалы боюнча 5-июнга жана 5-сентябрга көрсөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
6-бап Жарандарды кызматка чакырууну уюштуруу
1§. Чакырууну уюштуруу
66. Жарандарды кызматка чакыруу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууну;
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- альтернативдик кызматка чакырууну;
- мобилизациялык резервдин жыйындарына киргизүүнү.
Жарандарды кызматка чакыруу райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу жүргүзүлөт.
Кызматка, чакыруу күнүндө 18 жашка толгон эркек жарандар чакырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө киргизүү жыл сайын бардык жерде жылына эки жолу (мартта-майда жана сентябрда-ноябрда) жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
68. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына чакырылуучу жарандарга карата коюлуучу талаптар, аларды кошуундарга, аскердик бөлүктөргө бөлүштүрүү коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылуучу жарандардын санын, райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында чакырылуучу ресурстардын бар болуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен макулдашуу боюнча коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жетекчисинин директиваларын алуу менен, жаш толуктоолорду кабыл алуу планын иштеп чыгышат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
69. Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын райондук (шаардык) аскер комиссариаттары үчүн жарандарды өзүнчө мартта-майда жана сентябрда-ноябрда кызматка чакырууну жүргүзүү жөнүндө көрсөтмө иштеп чыгат.
Чакырууну жүргүзүү жөнүндө көрсөтмөдө төмөнкүлөр аныкталат:
- райондук (шаардык) аскер комиссариаттары боюнча жарандарды кызматка чакыруу нарядын бөлүштүрүү;
- жарандарды кызматка чакыруу боюнча ишке тартылган райондук (шаардык) аскер комиссарлары жана чакыруу бөлүмүнүн башчылары, врач-адистери жана башка адамдар менен нускамалык-методикалык жыйындарды өткөрүү тартиби жана мөөнөтү;
- (5-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- чакырууну өткөрүү боюнча иштерде райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына контролдоону уюштуруу жана жардам берүү;
- жыйын пункттарына жаш толуктоолорду кабыл алууга жана коштоого дайындалган өздүк курамга тескеме берүү мөөнөттөрүн жана тартиптерин;
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган адамдарды ташууга контроль жана жыйын пункттарында жана жол жүрүүдө аскердик жана коомдук тартипти камсыз кылууну уюштуруу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Райондук (шаардык) аскер комиссариаттары коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин директивасын алгандан кийин райондук (шаардык) аскердик комиссариаттарында төмөнкүлөрдү аныктаган чакырууну жүргүзүү пландарын иштеп чыгышат:
- чакырылуучуларды бөлүштүрүү эсебин;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын курамына талапкерлерди тандоо жана аларды жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына бекитүүгө берүүнүн мөөнөттөрүн;
- чакыруу участкасындагы иштөө үчүн тартылган өздүк курам менен нускамалык-методикалык окууларды өткөрүүнүн мөөнөттөрүн жана тартиптерин;
- чакыруу участкасындагы иштөө тартибин жана убактысын;
- чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн саламаттык сактоо мекемелеринен тартылган врач-адистеринин иш тартибин;
- жарандарды кызматка чакыруу жөнүндө райондук (шаардык) аскердик комиссариаттарынын буйруктарын жиберүүнүн мөөнөттөрүн жана тартиптерин;
- чакырылуучу комиссиянын иш графиги;
- жарандарды медициналык текшерүүгө зарыл болгон учурда башка райондорго жиберүү тартибин.
71. Райондук (шаардык) аскер комиссарлары чакырылуучу комиссиянын иши башталаарынын алдында төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жарандарды кезектеги кызматка чакыруу жөнүндө буйруктун долбоорун даярдоого жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчысына бекитүүгө көрсөтүүгө;
2) чакыруу участкаларында иштөө үчүн керектүү техникалык жана тейлөө персоналдарын алууга;
3) төмөнкүлөрдү суроого жана алууга:
а) саламаттык сактоо уюмдарынан:
- чакыруучулардын ден соолугунун абалын мүнөздөгөн медициналык текшерүүнүн жана диспансердик байкоонун негизинде алынган оорунун тарыхынан көчүрмөсүн, өспүрүмдүн кошумча салынган барагы менен амбулатордук оорулунун медициналык картасын;
- психикалык-нерв оорулары, кургак учук, жугуштуу тери оорулары, инфекциялык оорулар, трахома (жугуштуу көз оору), ички органдардын өнөкөт оорулары, сөөк, булчуң, муун жана башкалар боюнча диспансердик каттоодо турган адамдардын аты жазылган тизмесин;
- жашаган жери боюнча саламаттык сактоо органдарынан чакырылуучу диспансердик каттоодо турбагандыгы (мурда да турбагандыгы) жөнүндө дарылоо мекемесинин жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлгөн, чакырылуучулардын наамына жазылган маалымкаттарды;
б) укук коргоо органдарынан:
- кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган чакырылуучулар жөнүндө маалыматтарды;
- райондун (шаардын) ИИБ чакырылуучуларга профилактикалык каттоодо турбагандыгы (мурда да турбагандыгы) жөнүндө жетекчи тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалымкаттарды.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
72. Жарандарды кезектеги кызматка чакырууну жүргүзүү жана уюштуруу менен байланышкан бардык негизги иш чаралар, аларды материалдык камсыздоо боюнча мамлекеттик администрациялардын башчылары чечим кабыл алат жана төмөнкүлөргө жоопкерчиликтүү болушат:
- бул ишке атайын ылайыкталган, жабдылган чакыруу участкалары (жыйын пункттары) менен райондук (шаардык) аскер комиссариаттарын камсыз кылуу үчүн;
- керектүү сандагы врач-адистерди, техникалык жумушчуларды, тейлөөчү персоналдарды жана транспорт бөлүү үчүн;
- чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жарандардын уюшулгандыкта келүүсүн камсыз кылуу;
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандардын салтанаттуу узатууну уюштуруу үчүн.
73. Жарандарды кызматка чакыруу боюнча иш чараларды уюшулган жана сапаттуу жүргүзүү, чакыруу участкасындагы иштер үчүн тартылган, райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын офицерлеринин, врач-адистеринин, техникалык жумушчулар жана тейлөө персоналдарынын атайын даярдыгын жогорулатуу максатында, чакыруу башталганга чейин төмөнкүлөр өткөрүлөт:
а) коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда райондук (шаардык) аскер комиссарларынын жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын чакыруу бөлүмдөрүнүн башчыларынын бир күндүк нускамалык-методикалык жыйындары;
б) райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында - чакыруу участкасындагы иштер үчүн тартылган чакыруу комиссияларынын мүчөлөрүнүн, врач-адистеринин, техникалык жумушчулардын жана тейлөө персоналдарынын катышуусу менен бир күндүк инструктивдик-методикалык окуулар.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомунун редакциясына ылайык)
2§. Жарандарды кызматка чакыруу жана алардын чакыруу участкаларына келүүсү жөнүндө кабарлоо
74. Аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш жарандар Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы, райондук (шаардык) аскер комиссарынын аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жөнүндө буйругу жарыяланганда же чакыруу кагазын алганда алар каттоодо турган чакыруу участогуна келүүгө милдеттүү. Чакыруу кагазы райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын кызмат адамдары тарабынан жарандын өзүнө же болбосо анын ата-энесине же жубайына кол койдуруп же иштеген (окуган) жери боюнча жетекчилерине, уюмдун аскердик-каттоо ишине жооптуу башка кызмат адамдарына (кызматкерлерине) тапшырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
75. Жарандарды кызматка чакыруу жөнүндө райондук (шаардык) аскер комиссарларынын буйруктары коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу чыккандан кийин жарыяланат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомунун редакциясына ылайык)
76. Райондук (шаардык) чакыруу комиссияларына жарандардын келүүсү уюшкан тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн коштоосунда жүргүзүлүшү керек.
77. Райондук (шаардык) аскер комиссарлары чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн чакырылуучулардын келишин жеке өзү контролдойт жана чакыруу комиссиясына келбегендерге карата, алардын келбеген себептерин аныктаган иш чараларды кабыл алганга жана издегенге милдеттүү.
Негиздүү себептер менен чакыруу комиссиядан өткөнгө келбеген чакырылуучуларга комиссиядан өтүү үчүн башка күн белгиленет жана бул тууралуу аларга чакыруу кагазы менен билдирилет.
Чакыруу комиссиясына жарандардын негизи жок келбеген бардык учурларында райондук (шаардык) аскер комиссарлары аларга издөө жүргүзүү үчүн ички иштер органдарына билдиришет.
78. Кызматка чакыруудан баш тарткан адамдарга, ошондой эле жарандардын чакыруу участкасына өз убагында келүүсүнө жолтоо болгон кызмат адамдарына, райондук (шаардык) аскер комиссарлары тарабынан кызматтык тергөө иштерине материалдар даярдалат жана аларды кылмыш жообуна тартуу үчүн укук коргоо органдарына берилет.
Мөөнөттүү аскердик кызматтан баш тартты деп төмөнкүлөрдү түшүнсө болот:
- чакыруу боюнча комиссиядан өтүү үчүн негиздүү себеби жок райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына, ошондой эле Куралдуу Күчтөргө жана башка аскер түзүлүштөрүнө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына жиберүү үчүн келбей коюусу;
- мөөнөттүү аскер кызматына чакыруудан баш тартуу.
Райондун (шаардын) аскер комиссары мөөнөттү аскердик кызматка чакыруудан баш тарткан адамдарды кылмыш жообуна тартуу үчүн материалдарды белгиленген тартипте тариздеп жана укук коргоо органдарына берүүгө милдеттүү.
3§. Аскерге чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүү
79. Аскерге чакырылуучуларды медициналык текшерүү медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык врачтар: хирург, терапевт, невропатолог, психиатр, окулист, отоларинголог, дермотолог- венеролог, фтизиатр жана стоматолог менен жүргүзүлөт.
Ар бир врач-адисине толугу менен жабдылган, керектүү медициналык шаймандар жана медикаменттер менен камсыз болгон кабинет (бөлмө) берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 229 токтомунун редакциясына ылайык)
80. Аскерге чакырылуучулардын аскер кызматына жарамдуулугунун даражасын аныктаганга чейин врач-адистер саламаттык сактоо мекемелеринен алынган медициналык документтер менен көңүл коюп таанышып чыгуулары керек.
Медициналык персоналдардын иштерине жетекчилик кылууну керектүү билими, квалификациясы, тажрыйбасы бар врач-адистеринин ичинен дайындалган улук врач жүргүзөт.
81. Аскерге чакырылуучулардын ден соолугунун абалы боюнча жана дене тарбиялык өсүшү боюнча аскердик кызматка жарамдуулугун ар бир врач-адис жеке баа берүү методу менен аныктайт. Аскерге чакырылуучунун аскердик кызматка жарамдуулугу жана жарабастыгы жөнүндө жыйынтык жана медициналык текшерүүдө чыккан объективдүү маалыматтар, ошондой эле коюлган диагноз ар бир врач-адиси тарабынын аскерге чакырылуучунун өздүк делосуна жана Куралдуу Күчтөрдөгү медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө Жобосунда каралган жана башка документтерге киргизилет. Чечим медициналык күбөлөндүрүү айы-күнү көрсөтүлүп, врач-адистин өз колу коюлуп күбөлөндүрүлөт.
Райондук (шаардык) комиссиясы тарабынан мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандар, аскерге жиберилер алдына Республикалык чакыруу комиссиясынын арасынан тандап алынып контролдук текшерүүдөн өтүшөт.
4§. Чакыруу комиссияларынын иши
82. Жарандарды кызматка чакырууну жүргүзүү үчүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын буйругу менен райондордо (шаарларда) курамына төрагасы болгон райондук (шаардык) аскер комиссары жана комиссия мүчөлөрү - мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлү; райондук (шаардык) ички иштер бөлүмүнүн өкүлү; чакыруу комиссиясынын улук врачы жана катчы кирген чакыруу комиссиясы түзүлөт.
Оорунун же негиздүү себептери менен кайсы бир комиссиянын мүчөсү жок болгон учурга, чакыруу комиссиясынын резервдик курамы аныкталат. Чакыруу комиссиясынын негизги жана резервдик курамын жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы бекитет.
83. Райондук (шаардык) аскер комиссариаты бир нече административдик райондорду тейлеген учурда райондун (шаардык) аскер комиссары, жарандарды кызматка чакырууну жүргүзүүгө байланышкан алдыдагы иш чаралар жөнүндө бардык райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларына маалымат берет. Жарандарды кезектеги кызматка чакырууну жүргүзүү жөнүндө буйруктун долбоорун даярдайт жана аларга бекитүүгө берет, анда райондук (шаардык) аскер комиссариаты жайгашкан орду боюнча чакыруу комиссиясын түзүү аныкталат. Ошондой эле чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн жарандардын кезектүү келишинин графиги иштелип чыгат жана тартиптери аныкталат.
84. Райондук (шаардык) чакыруу комиссияларына төмөнкүлөр жүктөлөт:
- чакырылуучуларга медициналык күбөлөндүрүүнү уюштуруу;
- жарандарды мөөнөттүү аскер кызматка чакыруу жана Куралдуу Күчтөргө жиберүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- (4-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 229 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- жарандардын кызматка чакырылуусун кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- жарандарды аскер милдеттеринен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу.
- жарандарды мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө киргизүү чечимин кабыл алуу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 229, 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
85. Райондук (шаардык) аскер комиссары жарандарды кызматка чакыруу, ар түрдүү негиздер боюнча чакырууну кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгүн берүү же кызмат өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун мыйзамдуулугу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Райондук (шаардык) аскер комиссары райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын ишине өзү жетекчилик кылат, анын толук курамында отурум өткөрүүнү камсыз кылат жана жарандарды кызматка чакыруу, ар түрдүү негиздери боюнча чакырууну кийинкиге калтыруу же кызмат өтөөдөн бошотуу менен байланышкан документтердин туура жана өз убагында таризделишине такай контроль жүргүзөт.
Жумуш убагында чакыруу комиссиясынын бардык мүчөлөрү ага катышууга милдеттүү.
86. Райондук (шаардык) аскер комиссары чакырууну жүргүзүүдөн мурда чакыруу участкасынын ишке даярдыгын текшерүүгө, чакыруу комиссиясынын мүчөлөрү менен бирдикте аракеттеги мыйзамдарды, коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары жана директивалары менен таанышып чыгууга милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомунун редакциясына ылайык)
87. Чакыруу комиссиясынын мүчөлөрү комиссиянын иш күнүнүн алдында, чакыруу комиссиясына чакырылган чакырылуучуларды өздүк делолорундагы документтер боюнча кылдат таанышып чыгуусу керек.
88. Медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөн чакырылуучулар чакыруу комиссиясынын төрагасына жиберилет, ал аскерге чакырылуучудан төмөнкүлөрдү тактайт:
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- үй бүлөсүнүн курамын, материалдык абалын, турак-жай шартын;
- окуган жерин окуу жайын көрсөтүү менен;
- ордун, кызматын, иш стажын, коргонуу спорттук-техникалык коомдун окуу уюмунда же кесиптик-техникалык билим берүү тутумунан кандай кесип алгандыгын;
- соттуулугу бардыгын;
- даттануу бар болуусун;
- мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосун.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
89. Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы жана ден соолугунун абалы, аскердик кызматка жарактуулугунун даражасы боюнча, билими жана кесибинин, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосунун бар болуусу, ошондой эле үй бүлөсүнүн абалы боюнча райондук (шаардык) аскер комиссиясы ар бир аскерге чакырылуучуга тиешелүү чечим кабыл алат жана ал протоколдор китебине жазылып, аскерге чакырылуучуга кабарланат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
90. Райондук (шаардык) чакыруу комиссиясы аскерге чакырылуучулардын медициналык текшерүүнүн жыйынтыктарына, алардын моралдык жана профессионалдык сапаттарына, билиминин деңгээлдерине жана дене тарбиялык өсүштөрүнө ылайыктуу төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
- "аскердик кызматка жарактуу, мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылсын";
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- "альтернативдик кызматка чакырылсын (чакыруу жөнүндө негиздери көрсөтүлүп)";
- "тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында чектүү жарактуу жана запаска киргизилсин";
- "ден соолугунун абалы боюнча аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз";
- "аскерге чакыруу кийинкиге калтырылсын (негиздери көрсөтүлүп)";
- "кошумча медициналык текшерүүгө жиберилсин";
- "аскердик кызматка жарактуу, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө киргизилсин".
Кошумча медициналык текшерүүгө жиберилген жарандарга тапшырылган ден соолугунун абалынын текшерүү актысы, каттоо китебине катталат.
Медициналык-социалдык эксперттик комиссия I, II жана III топтун майыптары деп табылган жарандар, кошумча медициналык текшерүүгө жиберилбейт. Алардын аскердик кызматка жарамдуулугу жөнүндө чечим МСЭКтин маалымкатынын негизинде кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2018-жылдын 14-мартындагы № 133, 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомдорунун редакциясына ылайык)
91. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жана орто-кесиптик жана орто техникалык окуу жайларын бүткөн, ошондой эле коргонуу спорттук-техникалык коомдун окуу уюмунда аскердик кесип боюнча даярдыктарды өткөн аскерге чакырылуучулар, окуу жайлардан (уюмдардан) алган кесиптери боюнча аскер бөлүктөрүнө кызматка жиберилет.
92. Райондук (шаардык) чакыруу комиссиясынын төрагасы ар бир иш күнүнүн аягында иштердин жыйынтыгын чыгарат жана кетирилген каталарды жоюуга иш чараларды кабыл алат, кезектеги отурумдун күнүн жарыялайт.
93. Райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө жана алардын ишмердүүлүгүн контролдоо үчүн Республикалык чакыруу комиссиясы түзүлөт.
Республикалык чакыруу комиссиясынын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
94. Чакырылуучу райондук (шаардык) чакыруу комиссиясынын чечими менен макул болбогон учурда, республикалык чакыруу комиссиясына кайрылууга укуктуу. Республикалык чакыруу комиссиясы райондук (шаардык) чакыруу комиссиясынын чечимин жокко чыгарууга укугу бар.
Республикалык чакыруу комиссиясынын, жарандарды кызматка чакыруу, жарандарга кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгүн берүү жана аларды аскерге милдеттүүлөрдүн каттоосуна берүү же ден соолугунун абалы боюнча аскердик каттоодон чыгаруу боюнча чечими акыркы болуп эсептелет.
Чакырылуучу Республикалык чакыруу комиссиясынын чечими менен макул болбогон учурда, сотко кайрылууга укуктуу.
95. Республикалык чакыруу комиссиясына төмөнкүлөр жүктөлөт:
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын ишмердүүлүгүнө жетекчилик кылуу жана контролдоо;
- жарандарды аскер кызматына чакырууну кийинкиге калтыруу же аскер кызматынан бошотуунун мыйзамдуулугун текшерүү;
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылуучуларды кызмат өтөө жерине жөнөтүүнүн алдында медициналык контролдук кароону уюштуруу;
- тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында катардагы эмес кызматка жарактуу, аскердик кызматка жараксыз деп таанылган жарандарды жеке кароо боюнча, ошондой эле медициналык күбөлөндүрүүнүн документтеринин бар экендиги боюнча аскердик каттоодон чыгаруу менен контролдук медициналык текшерүүнү уюштуруу;
- аскердик кызматка жарактуулугу (жараксыздыгы) жөнүндөгү аныктамага макул болбогон жарандарды жана альтернативдик кызматка чакырылгандарды медициналык күбөлөндүрүүдөн кайрадан өткөрүү;
- жарандардын райондук (шаардык) чакыруу комиссиясынын чечимине болгон даттанууларын жана кайрылууларын карап чыгуу;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссиясы кабыл алган чечимдерин жокко чыгаруу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578, 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 229, 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
5§. Чакырууну кийинкиге калтыруу укугун берүү
96. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандарга чакырууну кийинкиге калтыруу үй бүлөлүк абалы боюнча, окуусун улантуу үчүн, ден соолугунун абалы боюнча берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
97. Жарандарга үй бүлөлүк абалы боюнча чакырууну кийинкиге калтыруу, райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү курамына кирген комиссия, алардын үй бүлөлүк абалын текшерип чыккандан кийин берилет. Үй бүлөлүк абалын текшерүү актысы каттоо китебине катталат.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөндөй анын багуусунда адам бар болгон учурда гана аскерге чакырылуучуга чакырууну кийинкиге калтыруу берилет. Эгерде анын багуусундагы адамдар башка райондо (шаарда) жашаса, анда аскерге чакырылуучу аскердик каттоодо турган райондун (шаардын) аскер комиссары чакырууну кийинкиге калтырууну тариздөө үчүн, ал адамдардын жашаган жери боюнча райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынан алардын үй бүлөлүк абалын текшерген актыны суроого милдеттүү.
Райондук (шаардык) аскер комиссарлары суроону алгандан кийин 10 күндүк мөөнөттө үй бүлөлүк абалын текшерүү актысын тактаган документтерди жана өзүнүн чечими менен жөнөтүүгө милдеттүү.
Үй бүлөлүк абалы боюнча кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим, чакыруу комиссиясы тарабынын бир жолу бул суроонун биринчи каралышы менен кабыл алынат.
Ар жылы август айында райондук (шаардык) аскер комиссариаттары үй бүлөлүк абалы боюча чакырууну кийинкиге калтыруу алган аскерге чакырылуучулардын үй бүлөлүк абалын текшерип турушат. Аскерге чакырылуучунун (чакырууда көрсөтүлгөн) үй бүлөлүк абалын текшерүү актысына текшерүүнүн жыйынтыктары жазылып, райондук (шаардык) аскер комиссарынын же чакыруу бөлүмүнүн башчысынын колу коюлуп, аскерге чакырылуучунун үй бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат менен күбөлөндүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
98. Окуусун улантуу үчүн аскерге чакырууну кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим, окуу жайдан берилген маалымкаттын негизинде бир жолу аскерге чакырылуучу райондук (шаардык) чакыруу комиссиясын биринчи өткөндө кабыл алынат.
Окуусун улантуу үчүн чакырууну кийинкиге калтырууну алган жарандар, жыл сайын 10-сентябрга чейин анын окуу жайда окуусун улантып жаткандыгын далилдеген маалымкаттарды райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жеке өздөрү берет.
Райондук (шаардык) аскер комиссарлары, жылдык экзамендер бүткөндөн кийин, бардык аскерге чакыруу жашындагы адамдар окуусун улантуу үчүн чакырууну кийинкиге калтырууну мыйзамдуу колдонуп жатышкандыгын окуу жайларынан текшерүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
99. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
100. Үй бүлөлүк абалы боюнча, окуусун улантуу үчүн чакырууну кийинкиге калтырууну тариздөө, аскерге чакырылуучуларды райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына чакыруу менен медициналык текшерүүдөн өтүүнү милдеттендирбестен жүргүзүлөт. Бул аскерге чакырылуучулардын ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтар алгачкы аскердик каттоого коюудагы медициналык текшерүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын протоколдор китебине киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
101. Ден соолугунун абалы боюнча кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу, ден соолугунун абалы боюнча мөөнөттүү аскер кызматына убактылуу жараксыз деп таанылган аскерге чакырылуучуларга берилет.
102. Райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын ден соолугунун абалы боюнча, окуусун улантуу үчүн жана үй бүлөлүк абалы боюнча жарандарга чакырууну кийинкиге калтыруу жөнүндө чечими протоколдор китебине жана аскердик каттоого туруу жөнүндө күбөлүгүнө кайсы мөөнөткө чейин чакырууну кийинкиге калтырылгандыгы, ошондой эле кайсы негиздер боюнча берилгендиги көрсөтүлүп жазылат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
103. Кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган же кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу укугунан баш тарткан жарандар жалпы негиздер менен аскердик же альтернативдик кызматка чакырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
6§. Чакыруу комиссиясынын чечимдерин тариздөө
104. Чакыруу комиссиясынын чечимине ылайык райондук (шаардык) аскер комиссариатынын чакыруу бөлүмүнүн башчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жыйын пункттарына жөнөтүү үчүн, райондук (шаардык) аскер комиссариатына келүүсүнүн конкреттүү бекитилген мөөнөтүн белгилөө менен райондук (шаардык) чакыруу комиссиясы мөөнөттүү аскердик кызматка чакырган жарандарга чакыруу кагазын тапшыруу. Аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүккө тиешелүү жазууларды жазууга ал эми идентификациялык аскердик күбөлүккө тийиштүү маалыматтарды киргизүүгө;
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- райондук (шаардык) чакыруу комиссиялары тарабынан альтернативдик кызматка чакырылган, белгиленген конкреттүү мөөнөттө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына аларды альтернативдик кызматтын кызматчыларынын каттоосуна берүү үчүн келүүгө жарандарга чакыруу кагазын тапшыруу. Аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүккө тиешелүү жазууларды жазууга, ошондой эле идентификациялык аскердик күбөлүккө тийиштүү маалыматтарды киргизүүгө;
- үй бүлөлүк абалы боюнча, окуусун улантуу үчүн жана ден соолугунун абалы боюнча чакырууну кийинкиге калтыруу алган жарандардын аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүгүнө тиешелүү жазууларды жазууга, ошондой эле идентификациялык аскердик күбөлүккө тийиштүү маалыматтарды киргизүүгө;
- ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жараксыз деп табылган, ошондой эле аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп табылган жарандарга протоколдор китебинен көчүрмөнү толтурууга;
- кошумча медициналык текшерүүгө жиберилген жарандарга, каттоо китептеринде катталган ден соолугун текшерүү актысын берүүгө. Чакырылуучулар райондук (шаардык) чакыруу комиссиясына кайтадан кайтып келүү мөөнөтү көрсөтүлүп, тиешелүү дарылоо-профилактикалык мекемелерге жиберилет.
- мобилизациялык резервдин бөлүмүнө зарыл болгон маалыматтарды берүү үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариатына так белгиленген келүү мөөнөтү менен райондук (шаардык) чакыруу комиссиясы тарабынан мобилизациялык резервдин жыйындарына киргизилген жарандарга чакыруу кагазын тапшырууга. Идентификациялык аскердик күбөлүккө тиешелүү маалыматты киргизүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682, 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
105. Райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чыгарылган чечимдери жөнүндө тиешелүү жазуулар алфавиттик-каттоо китебине киргизилет.
106. Аскерге жөнөтүлүүгө жаткан чакырылуучуларга аскердик билеттери, аларды жыйын пункттарынан жөнөтүү алдында жазылып берилиш керек.
Альтернативдик кызматка чакырылган чакырылуучуларга аскердик билеттердин ордуна убактылуу күбөлүктөр, каттоо-кызмат өтөө карточкалары, ошондой эле идентификациялык аскердик күбөлүктөр жарандарды райондук (шаардык) аскер комиссариатынын альтернативдик кызматтын кызматчыларынын каттоосуна берген күнү жазылат/даярдалат.
Мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө киргизилген чакырылуучулардын аскердик билеттери, каттоо-кызматтык карточкалары, ошондой эле идентификациялык аскердик күбөлүктөрү жыйын пункттарынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын окуу борборлоруна жиберилгенге чейин даярдалат/берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682, 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
107. Аскердик билеттерди, каттоо-кызмат өтөө карточкаларын жана аскердик билеттин ордуна берилүүчү убактылуу күбөлүктөрдү толтуруу тартибин коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктайт.
Идентификациялык аскердик күбөлүктөргө маалыматтарды киргизүү тартиби коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомунун редакциясына ылайык)
108. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган, ошондой эле түрдүү негиздери боюнча кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу алган адамдардын аскерге каттоого туруу жөнүндө күбөлүгүнө жана идентификациялык аскердик күбөлүктөрүнө тиешелүү белги коюлгандан кийин өз ээлерине берилет.
Аскердик кызматка тынчтык убакта жараксыз жана аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз, согуш убактысында аскердик кызматка чектүү жарактуу деп таанылган аскерге чакырылуучулардын аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүктөрү аскердик билеттери берилгенден кийин алынып жана бекитилген тартипте жок кылынат, ал эми мындай адамдардын идентификациялык аскердик күбөлүктөрү алынат жана аскер комиссариатында коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомунун редакциясына ылайык)
109. Толугу менен таризделген, текшерилген жана райондук (шаардык) аскер комиссарынын колу коюлган документтер аскерге чакырылуучуга тапшырылат жана төмөнкүлөр жарыяланат:
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган чакырылуучуларга - жыйын пункттарына жиберүү үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариатына келүү убактысы жана жанына кандай документтерди алууга милдеттүү экендиги;
- альтернативдик кызматка кабыл алынган чакырылуучуларга - альтернативдик кызматтын кызматчыларынын каттоосуна берүү үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариатына келүү убактысын жана жанына кандай документтерди алууга милдеттүү экендиги;
- үй бүлөлүк абалы боюнча кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу алган аскерге чакырылуучуларга - жыл сыйын 1-сентябрга чейин райондук (шаардык) аскер комиссариатына үй бүлөсү жөнүндө маалымкатты көрсөтүүгө милдеттүү экендиги, анын үй бүлөлүк абалында болгон өзгөрүүлөр жөнүндө кечиктирбестен райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына билдирүү жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу мөөнөтү бүткөндө келүүсү жөнүндө;
- окуусун улантуу үчүн кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу алган чакырылуучуларга - окуусун улантуу жөнүндө окуу жайынан керектүү маалымкаттарды өз убагында көрсөтүп туруу милдеттүү экендиги жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу мөөнөтү бүткөндө келүүсү жөнүндө;
- ден соолугунун абалы боюнча кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу алган чакырылуучуларга - чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына келүү убактысы;
- аскерге милдеттүүлөрдүн каттоосуна берилген же аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп табылган чакырылуучуларга, аскердик каттоо документтерин алууга райондук (шаардык) аскер комиссариатына келүү мөөнөтү.
- мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылган жарандарга - мобилизациялык резервдин бөлүмүнө маалыматтарды каттоого берүү үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариатына келүү убактысы жана жанында болууга тийиш документтердин тизмеси;
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 229, 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомдорунун редакциясына ылайык)
110. Жарандарды кызматка чакыруу аяктаганда, райондук (шаардык) чакыруу комиссиялары кандайдыр бир себептер менен аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлбөй же альтернативдик кызматтын кызматчыларынын каттоосуна берилбей калган жарандарды мөөнөттүү жана альтернативдик кызматка чакыруу чечимин жокко чыгарат жана бул жөнүндө чакыруу комиссиясынын протоколдор китебине тиешелүү жазуу жазылат. Чакырылуучулардын аскердик каттоосуна алуу күбөлүгүнө жана каттоо карталарына райондук (шаардык) аскер комиссиясынын чечиминин жокко чыгарылгандыгы жөнүндө жазуу жазылат жана райондук (шаардык) аскер комиссарынын колу коюлуп, мастикалык гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Бул чакырылуучулардын аскердик билеттери алынып, белгиленген тартипте жок кылынат.
7-бап Жарандарды аскердик кызматка чакыруу
1§. Жарандарды мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу
111. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу, аскердик кызматка чакыруудан кийинкиге калтырууга укугу жок, аскердик кызматка чакыруудан бошонууга же аскердик кызматка чакыруудан кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган он сегиз жаштан жыйырма жети жашка чейинки эркек жарандар жатат.
112. Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына чейин мөөнөттүү аскердик кызматка жарандарды чакыруу жана аскер бөлүктөрүнө кийинки жөнөтүүгө алып келүү үчүн жыйноо пункттарына берүү мөөнөттөрү жана саны жөнүндө көрсөтмө иштеп чыгат жана жеткирет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомунун редакциясына ылайык)
113. Чакырылуучуларды аскер бөлүктөрүнө жөнөтүү жыйноо пункттары аркылуу гана жүргүзүлөт.
Чакырылуучуларды аскер бөлүктөрүнө жөнөтүү үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына келиши, алар жыйноо пункттарына аскердик командаларды жөнөтүүгө чейин бир суткадан кеч эмес эсептелип белгиленет.
114. Жыйноо пункттарына чакырылуучуларды жөнөтүүнүн алдында райондук (шаардык) аскер комиссарлары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- 3 нускада аты-жөнү жазылган тизмени түзүүгө;
- чакырылуучуларды жыйноо пункттарына чейин аскердик жол жүрүү документтери, керек учурда азык-түлүк-жолдук акча менен камсыз кылууга;
- жыйноо пункттарынын тиешелүү кызмат адамдары жана жаш толуктоолорду коштоо жана кабыл алууга келген адамдар таанышуу үчүн аскердик бөлүктөргө жөнөтүлүүгө тийиш болгон чакырылуучулардын өздүк делолорун жыйноо пункттарына жөнөтүү үчүн даярдоого.
Жөнөтүлгөндөн кийин чакырылуучулардын өздүк делолору райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына кайтарылат.
Штамп менен белгиленет, ал эми аскердик билет чакырылуучудан алынат.
115. Чакырылуучулар аскер кызматына паспорттору-ID-карттары менен кошо чакырылат. Паспорттор-ID-карттар жыйноо пункттарынын жөнөтүү учурунда чакырылуучуларга келишкен аскер бөлүктөрүнүн өкүлдөрүнө тизме боюнча убактылуу сактоого берилет.
Жөнөтүү үчүн аскер комиссариатына паспорту-ID-карты жок келген чакырылуучу аскердик кызматка жиберилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 229 токтомунун редакциясына ылайык)
2§. Чакырылуучу мобилизациялык резервге жарандарды кабыл алуу
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3§. Жарандарды аскердик кызматка жөнөтүү. Жыйын пункттарынын ишин уюштуруу
119. Аскердик кызматка чакырылган жарандарды аскер бөлүктөрүнө, окуу борборлоруна уюшулган түрдө жөнөтүү, чакырылуучуларды аскер бөлүктөрүнүн өкүлдөрүнө берүү, ошондой эле аларды белгиленген жерге чейинки жолго керектүү бардык нерселер менен камсыз кылуу үчүн жыйын пункттары түзүлөт.
120. Жыйын пункттарында төмөнкүлөр болуусу керек:
- аскер бөлүктөрүнө жиберилүүчү райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынан келген өздүк курамды жайгаштыруу үчүн имарат;
- өздүк курамды санитардык кароо үчүн (душ, мончо) имарат;
- командаларды түзүү бөлүмү үчүн имарат;
- тамактануу пункттары, буфеттер;
- өздүк курамды тизүү жана алар менен саптык жана дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаруу үчүн жер.
Жыйын пунктунда аскердик тартипти кармоо үчүн дайындалган жыйын пунктунун командачылыгын, нөөмөт кызматын жана башка адамдарды жайгаштыруу үчүн жыйын пункттарында орундар каралышы керек.
121. Жыйын пункттарында тарбия иштери уюштурулат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу администрацияларынын, коомдук уюмдардын жана чакырылуучулардын ата-энелеринин катышуусунда аскер командаларын салтанаттуу узатуу уюштурулат.
122. Жыйын пункттарына, жөнөтүү графиги аныктаган мөөнөттө чакырылуучулар райондук (шаардык) аскер комиссариаттары тарабынан жеткирилет.
123. Жыйын пункттарында, келген жаш толуктоолордун санынын ичинен, аскердик бөлүктөрдү комплектөө үчүн командалар түзүлөт. Аскердик командалар аскер бөлүктөрүнүн же окуу борборлорунун өкүлдөрүнө аты жазылган тизме боюнча берилет.
124. Жыйын пунктунун башчысы аскер бөлүктөрүнүн жана окуу борборлорунун өкүлдөрүнүн керектүү документтерин текшерип, аты жазылган тизмеге ылайык аларга жаш толуктоолорду кабыл алуу үчүн көрсөтөт.
Аскер бөлүктөрүнүн жана окуу борборлорунун өкүлдөрү, Республикалык чакыруу комиссиясынын өкүлдөрү менен бирдикте коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген моралдык-иштик сапаттарын аныктоо тесттерин кабыл алышат, ошондой эле дене тарбия көнүгүүлөрүнүн үч түрүн аткаруу боюнча алардын дене боюнун өнүгүүсүнүн деңгээлин аныкташат. Тестирлөөнүн жана дене боюнун өнүгүүсүн баалоонун жыйынтыгы боюнча аскерге чакырылуучулар менен аскердик командаларды ысымы жазылган тизме боюнча кабыл алат жана каттоо документтеринин болуусун текшерет.
Өкүлдөргө, коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктарында жана азыркы Жободо каралбаган чакырылуучуларга медициналык текшерүү жүргүзүүгө, чакырылуучуларды тандоо жана алардын мүлктөр менен комплектөөгө боюнча кандайдыр бир талаптарды коюуга тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682, 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомдорунун редакциясына ылайык)
125. Аскер бөлүгүнүн же окуу борборунун өкүлдөрү, дайындалган жерге келүүсү боюнча, аты жазылган тизме боюнча өздүк курамды тапшырышат. Ошол эле маалда тиешелүү башчыга аскер тартибинин абалы жөнүндө жана жол жүрүүдө кетирилген бардык тартип бузуулар тууралуу билдирет.
Аты жазылган тизменин биринчи нускасы аскер бөлүгүндө калат. Аскер бөлүгүнүн командиринин же окуу борборунун башчысынын колу коюлуп, гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн экинчи нускасы, аскер бөлүгүнүн өздүк курамынын тизмесине алынгандан кийинки күнү коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Аты жазылган тизмеде кабыл алынган жаш толуктоолордун саны, катардык бөлүк боюнча командирдин буйругунун номери, ошондой эле билими, кесиби жана туулган жылдары боюнча мүнөздөмөлөр жөнүндө белги коюлат. Аты жазылган тизмелер 3 жыл сакталат.
Мөөнөттүү аскердик кызмат өтөө үчүн жаңы чакырылган аскер кызматчыларынын арасынан аскердик ант бергенге чейин аскер кызматына жарамдуулугун чектеген мурда билинбеген кандайдыр бир өнөкөт оорулар аныкталса, аларга аскер бөлүгүнүн командири Республикалык чакыруу комиссиясынын төрагасынын атына аскер бөлүгүнүн билдирмесин жана тийиштүү медициналык документтерди берет.
Аскер кызматчы аскер комиссариатына жиберүү жана тереңдетилген медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү үчүн жыйын пунктуна кайтып келет, бул жөнүндө аты-жөнү жазылган тизмеге тийиштүү белгилер коюлат. Жыйын пунктунан аскер бөлүгүнө анын ордуна белгиленген тартипте башка чакырылуучу жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 токтомдорунун редакциясына ылайык)
8-бап Жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу
126. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
127. Альтернативдик кызматка чакырууну райондук (шаардык) аскер комиссариаттары жүргүзөт.
128. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
129. Альтернативдик кызмат өтөөнү каалаган жана укугу бар жарандар, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларына каттоо китебине каттала турган жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылышат.
Жарандар альтернативдик кызматка чакыруунун алдында, альтернативдик кызмат өтөө укугун далилдеген документтерди райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына көрсөтүүгө милдеттүү.
Жарандарга үй бүлөлүк абалы боюнча альтернативдик кызмат өтөө укугу алардын үй бүлөөлүк абалын текшергенден кийин берилет. Үй бүлөөлүк абалын текшерүү, азыркы Жобонун 90-беренесинде аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
130. Үй-бүлөлүк абалын, диний уюмга таандык экендигин тактагандан, ошондой эле коомдук пайдалуу жумушту аткарууга каалоосу жөнүндө арызды карагандан кийин райондук (шаардык) чакыруу комиссиясы аскерге чакырылуучуларды альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Чакыруу комиссиясынын чечими аскерге чакырылуучуга жеткирилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
131. Райондук (шаардык) чакыруу комиссиясынын чечимине макул болбогон учурда, чакырылуучу Республикалык чакыруу комиссиясына кайрылганга укуктуу.
132. Альтернативдик кызматты өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
133. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9-бап Мөөнөттүү аскер кызматына чакырылган жана мөөнөттүү аскер кызматынын бошотулган жарандарды ташуу
134. Мөөнөттүү аскер кызматына чакырылган жарандарды ташуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын Уставына ылайык жүргүзүлөт.
Аскердик кызматка чакырылган жарандарды транспорттордун түрү боюнча ташуунун көлөмүн бөлүштүрүүнү коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
Жаш толуктоолорду менен командаларды ташуунун тартиби жана мөөнөтү коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин директивасы жана буйруктары менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомунун редакциясына ылайык)
135. коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Куралдуу Күчтөргө толуктоолорду жөнөтүү планын түзөт жана ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомунун редакциясына ылайык)
136. Аскер бөлүктөрүнө чейин толуктоону ташуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- жыйын пунктунан 100 км чейин аралыкка, жарандар чакырылган мамлекеттик органдарынын күчү жана каражаттары менен;
- 100 км ашык аралыкка, коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күчү жана каражаттары менен.
10-бап Жарандарды мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө киргизүү
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
137. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга тийиш жана мөөнөтүн кийинкиге калтырууга же чакыруудан бошотууга укугу жок, ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жарактуу 22 жаштан 25 жашка чейинки жарандар мобилизациялык резервдин жыйындарында өз каалоосу боюнча кызмат өтөөгө укуктуу.
Мурда (ар кандай негиздер боюнча) альтернативдик кызмат өтөгөн кайра медициналык күбөлөндүрүү боюнча комиссиядан өткөндөн кийин аскердик кызматка жарактуу деп таанылган 22 жаштан 25 жашка чейинки жарандар мобилизациялык резервдин жыйындарында өз каалоосу боюнча кызмат өтөөгө укуктуу.
Мобилизациялык резервдин жыйындарындагы кызмат аймактык жана аймактык эмес принцип боюнча уюштурулат, чакырылуучулардын республикалык бюджеттин кирешесине акчалай төгүмдөрү каралган жана аскер жыйындары өткөндөн кийин аяктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
138. Мобилизациялык резервдин жыйындарында кызмат өтөөгө каалоосун билдирген жаран райондук (шаардык) аскер комиссарынын атына арыз берет, анда ал белгиленген акчаны төгүүгө жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын окуу борборлорунда аскер жыйындарынан өтүүгө милдеттенет.
Арыз райондук (шаардык) чакыруу комиссиясынын жыйынына чейин үч күндөн кечиктирбей берилет жана каттоо китебине катталат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
139. Мобилизациялык резервдин жыйындарында кызмат өтөөгө чакыруу медициналык күбөлөндүрүүдөн кийин жарандардын райондук (шаардык) аскер комиссарынын атына жазылган арызынын негизинде райондук (шаардык) аскер комиссариаттары тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)