Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-июлу № 409
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шаттары жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 10-декабры № 852, 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736, 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттикке жогорку квалификациялуу кызматкерлерди тартууга багытталган эмгек акы төлөөнүн натыйжалуу тутумун түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 25-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2-1. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2-2. Ушул токтомдо каралбаган техникалык жана кенже тейлөө персоналдардын эмгегине акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" токтому менен жөнгө салынаары белгиленсин.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 10-декабры № 852 токтомдун редакциясына ылайык)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы №409 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)