Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 24-апрелиндеги № 257 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-августу № 460
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы
№ 230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын
жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге
даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү
киргизүү тууралуу
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун Бишкек шаарындагы ТЭЦин өз учурунда отун, анын ичинде жергиликтүү көмүр менен камсыздоо, 2011/2012-жылдын күзгү-кышкы мезгилинен ийгиликтүү өтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Министрликтердин жана ведомстволордун, "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун тендердик комиссиялары бюджеттик уюмдар жана Бишкек шаарынын ТЭЦи үчүн жергиликтүү көмүр жеткирүүгө тендер өткөрүүдө 2011/2012-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдык көрүү максатындагы убактылуу чара катары бюджеттик уюмдарга тындырылбаган дебитордук карызы бар Кыргыз Республикасынын көмүр ишканаларын 2010/2011-жылдын өтүп кеткен жылытуу мезгили үчүн салыктар боюнча, бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна карыздары болгонуна карабастан тендерлерге катышууга уруксат беришсин.".
2. Бул токтом расмий Жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |