Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-июлу № 498
Турак жай сертификаттарын чыгаруу, колдонуу жана жабуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасында турак жай сертификаттарын эмиссиялоо жана колдонуудагы мамилелерди жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Турак жай сертификаттарын чыгаруу, колдонуу жана жабуу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ѳ.Бабанов
|
Тиркеме
1. Жалпы жоболор
1. Турак жай сертификаттарын чыгаруу, колдонуу жана жабуу тартиби жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине, «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө», «Күрөө жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Жободо Кыргыз Республикасындагы турак жай сертификаттарын чыгарууда жана колдонууда пайда болгон мамилелер жөнгө салынат, эмитенттери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болуп саналган, турак жай сертификаттарын чыгарууда жана колдонууда пайда болгон мамилелер буга кошулбайт.
2. Бул жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
3. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- турак жай сертификатынын ээси - турак жай сертификаттары менчик укугунда таандык болгон адам;
- турак жай сертификаттарын чыгаруунун кепили (кепилдик кылуучу) - эмитент менен түзүлгөн келишимде каралгандар аткарылбай калган учурда турак жай сертификаттарынын ээлеринин алдындагы эмитенттин милдеттенмелерин өзүнө алган банк жана/ же башка насыялык мекеме жана/же камсыздандыруу компаниясы жана/ же башка юридикалык жак (коммерциялык уюм) жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- турак жай сертификаттары - эмиссиянын проспектисинде аныкталган шарттар сакталган учурда, турак жай сертификатынын индексацияланган суммасы түрүндөгү белгилүү жалпы аянттагы турак жайды сатып алууга же алардын менчик ээлеринин дивиденддерди алуу укуктарын күбөлөндүргөн эмиссиялуу баалуу кагаздар;
- турак жай сертификаттарынын эмитенти - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, турак жай курулушун курууга (кайра курууга) менчик, же башка мыйзамдык негизде белгиленген тартипте бөлүнүп берилген (сатып алынган) жер тилкеси бар жана каражаттарды тартуунун объектиси болуп саналган турак жайды (кайра курулушту) курууга керектүү долбоордук документтерге ээ юридикалык жак, ошондой эле белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн укуктардын баардыгы ага берилген, турак жай сертификаттарын чыгаруучу жана алар боюнча алардын ээлеринин алдында жоопкерчиликтүү юридикалык жак;
3. Турак жай сертификаттарын чыгарууну каттоо
4. Турак жай сертификаттарын эмиссиялоонун жол-жоболору төмөнкүдөй этаптардан турат:
1) турак жай сертификаттарын чыгаруу жөнүндө эмитенттин чечим кабыл алышы;
2) коомго сунуш кылуунун шарттарын жана турак жай сертификаттарынын проспектисин баалуу кагаздар рыногун тескөөчү расмий укуктуу мамлекеттик органда каттатышы;
3) турак жай сертификаттарын эмиссиялары жөнүндө баардык маалыматтарды ачып берүү;
4) чыгаруунун документтештик түрү үчүн - турак жай сертификаттарын даярдоо;
5) турак жай сертификаттарын жайгаштыруу;
6) турак жай сертификаттарын чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо.
5. Турак жай сертификаттарын мамлекеттик каттоодон өткөргөн жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик каттоо номерин ыйгарган учурдан тартып эмитент турак жай сертификаттарын чыгарууга укуктуу. Чыгарылган турак жай сертификаттарын мамлекеттик каттоодон өткөргөнгө чейин ошол турак жай сертификаттары менен ар кандай бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат. Турак жай сертификаттарынын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрбөй туруп алар жайгаштырылган каражаттардан алынган кирешелер акцепти жок түрдө эле Кыргыз Республикасынын бюджетине алынууга жатат.
Турак жай сертификаттарын чыгарууну мамлекеттик каттоого документтер эмитент тарабынан каттоочу органга турак жай сертификаттарын чыгаруу жөнүндө эмитент чечим кабыл алган учурдан тартып бир айдын ичинде берилиши керек.
6. Чыгарылган турак жай сертификаттарынын көлөмү кепил берген кепилдик көлөмүнөн ашышы мүмкүн эмес. Турак жай сертификаттарына чыгаруунун кепили жок болгон учурда, чыгарылган турак жай сертификаттарынын көлөмү эмитенттин жеке өзүнүн капиталынан ашышы мүмкүн эмес.
7. Эмитент турак жай сертификаттарын чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда сертификаттар ээлик кылуучулардын колдоруна (милдеттүү түрдө борборлоштуруп сактабоосуз эле) бериле тургандыгын, же болбосо энчилүү эсептердеги жазуулар түрүндө (милдеттүү түрдө борборлоштурулуп сактоо менен) лицензиясы бар көз каранды эмес баалуу кагаздардын реестрин кармоочуда милдеттүү түрдө сакталууга жаткандыгын аныктай алат.
8. Турак жай сертификаттарында бекитилген укуктарды жана эпке келүүлөрдү иш жүзүнө ашырууларды күбөлөндүрүүнүн түрү жана тартиби, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ушул Жобо менен аныкталат жана турак жай сертификаттарын чыгаруу жөнүндө чечимде көрсөтүлөт. Турак жай документтеринин (документтештирилген же документтештирилбеген) түрү турак жай сертификаттарынын эмитенти тарабынан аныкталат. Бир мамлекеттик каттоо номери бар турак жай сертификаттары бирдей түрдө, бирдей шарттарда жана бирдей номиналдык нарк менен чыгарылат.
9. Турак жай сертификаттарын чыгарууну, коомго сунуш кылуунун шарттарын жана эмиссиянын проспектисин мамлекеттик каттоо үчүн эмитент баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтерди берет:
1) тиркелген формага ылайык коомго сунуш кылуунун шарттарын жана турак жай сертификаттарынын эмиссиясынын проспектисин мамлекеттик каттоого алууга эмитенттин арызын (1-тиркеме);
2) турак жай сертификаттарын коомго сунуш кылуунун шарттарын 3 нускада (2-тиркеме);
3) мамлекеттик каттоо органдарында юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
4) эмитенттин мөөрү басылган жана нотариуста күбөлөндүрүлгөн эмитенттин уюштуруучулук документтерин, ага киргизилген баардык толуктоолору жана өзгөртүүлөрү менен;
5) тиркелген түрүнө жараша түзүлгөн турак жай сертификаттарынын проспектисин 3 нускада;
6) турак жай сертификаттарын чыгаруу жөнүндө чечимдин 3 нускасы;
7) турак жай курулушун курууга менчик же башка мыйзамдуу негизде белгиленген тартипте бөлүнүп берилген (сатып алган) жер тилкеси бар экендигин ырастаган эмитенттин документтеринин нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсүн;
8) акча каражаттарын тартуунун объектиси болуп саналган турак жайды куруунун (кайра куруунун) долбоордук-сметалык документтеринин көчүрмөлөрүн;
9) акча каражаттарын тартуунун объектиси болуп саналган турак жайды куруунун долбоордук-сметалык документтерине тиешелүү мамлекеттик органдын эксперттик корутундусун;
10) кепилдик кылуучу (кепил) менен эмитенттин ортосундагы келишимдин нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсүн;
11) чыгаруунун документтик формасы үчүн - Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын жана бул Жобонун талаптарына ылайык таризделген турак жай сертификаттарынын үлгүсүнүн 2 нускасын;
12) лицензиясы бар баалуу кагаздардын реестрин кармоочу менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсүн;
13) баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоо үчүн төлөм-жыйымдардын төлөнгөндүгүн ырастаган документти;
14) Берилген бухгалтердик отчётко аудитордун корутундусу (аудиторлордун квалификациясына жана кесиптик компетенциясына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат);
15) проспекти түзгөн учурга карата акыркы аяктаган отчёттук квартал үчүн эмитенттин кварталдык бухгалтердик отчётунун көчүрмөлөрү;
16) корпоративдик башкаруу кодексинин көчүрмөсү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Чыгарылган турак жай сертификаттарын мамлекеттик каттоо үчүн берилген баардык документтерге кол койгон эмитенттин кызмат адамдары ошол документтердеги маалыматтардын аныктыгы үчүн, ошондой эле турак жай сертификаттарын чыгаруунун жана колдонуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеринин сакталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тартат.
11. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгарылган турак жай сертификаттарын каттоого же каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөөлүү чечимди документтерди алган күндөн тартып 15 жумушчу күндөн кечиктирбей кабыл алууга милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 565 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү үчүн керектүү кошумча документтерди суроого укуктуу.
13. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй учурларда сертификаттарды чыгарууну каттоодон баш тартат:
1) турак жай сертификаттарын эмитенттин коомго сунуш кылышы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана бул Жобонун талаптарына каршы келсе;
2) коомго сунуш кылуунун шарттарын жана турак жай сертификаттарынын проспектисин каттатуу үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана бул Жобонун талаптарына ылайык келбесе;
3) коомго сунуш кылуунун шарттарын жана турак жай сертификаттарынын проспектисин каттоо үчүн негиз болгон документтерден жалган маалыматтар же чындыкка туура келбеген (анык эмес маалыматтар) табылса.
14. Турак жай сертификаттарын каттоодон баш тарткан учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай чечим кабыл алынгандан тартып 5 иш күндөн кечиктирбей, баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен бул тууралуу жазуу жүзүндө талапкерге билдирет.
15. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жана учурларда турак жай сертификаттарын чыгарууну токтотуп коюуга, турак жай сертификаттарынын чыгарылышы ишке ашпай калды (жараксыз) деп таанууга баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укугу бар.
Турак жай сертификаттарынын чыгарууну каттоодон баш тартуу жана коомго сунуш кылынышы ишке ашпай калды деп таанылган турак жай сертификаттары жөнүндө маалыматтарды өз сайтына жарыялоого баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган милдеттүү.
4. Турак жай сертификаттарын коомго сунуш кылуунун шарттары
16. Турак жай сертификаттарын коомго сунуш кылуунун шарттары турак жай сертификаттарын коомго эмиссия кылуунун мазмунун жана ар кандай шарттарын ачык жана жеткиликтүү баяндаган документ болуп саналат, алардын аткарылбай калышы турак жай сертификаттарынын эмиссиясынын токтотулушуна алып келет.
17. Турак жай сертификаттарын коомго сунуш кылуунун шарттары өзүнүн мазмуну боюнча бул жобонун 2-тиркемесине ылайык келиши керек. Турак жай сертификаттарын коомго сунуш кылуунун шарттарынын ар бир барагына номер коюлат, көктөлөт, жетекчи тарабынан кол коюлат жана эмитенттин мөөрү басылып бекемделет.
18. Турак жай сертификаттарын коомго сунуш кылуунун шарттары үч нускада түзүлөт. Бир нуска каттоочу органда, экинчиси эмитентте, үчүнчүсү сактоо үчүн көз каранды эмес реестр кармоочуга берилет. Турак жай сертификаттарын коомго сунуш кылуунун шарттарынын нускаларынын тексттеринде айырмачылыктар болгон учурда каттоочу органда сакталган документтин тексти туура деп эсептелинет.
19. Турак жай сертификаттарын коомго сунуш кылуунун шарттарында турак жай сертификаттарынын наркын индексация кылуунун чиймеси аныкталышы керек.
20. Турак жай сертификаттарын коомго сунуш кылуунун шарттарында турак жай сертификаттарын эмитенттин мөөнөтүнөн мурда төлөп берүү (тактап айтканда, турак жай сертификаттарын чыгаруу жөнүндө чечимде белгиленген аткаруу мөөнөтү келгенге чейин турак жай сертификаттары менен күбөлөндүрүлгөн милдеттенмени аткаруу) мүмкүнчүлүгү каралышы мүмкүн. Мөөнөтүнөн мурда эмитент төлөп берген турак жай сертификаттары колдонууга кайтадан чыгарылбайт жана турак жай сертификаттарына болгон укуктардын эсеби жүргүзүлгөн баалуу кагаздардын ээлеринин реестриндеги төлөнүп берилген турак жай сертификаттарынын эсебине киргизилүүгө жатат.
21. Турак жай сертификаттарынын чыгаруу ишке ашпай калды деп таанылган учурда, турак жай сертификаттары үчүн эмитент акы төлөө каражаттары катары алган каражаттарды кайтарып берүү тартиби турак жай сертификаттарын коомго сунуш кылуунун шарттарында каралышы керек.
22. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун негизги жоболору турак жай сертификаттарын чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган эмитенттин башкаруу органы тарабынан бекитилет.
5. Турак жай сертификаттарынын проспектисине карата коюлуучу талаптар
23. Турак жай сертификаттарынын проспектиси бул жобонун 3-тиркемесине ылайык таризделет.
24. Турак жай сертификаттарынын проспектисинин ар бир барагына номер коюлат, көктөлөт, кызмат адамы (эмитенттин жетекчиси, башкы бухгалтери) тарабынан кол коюлат жана эмитенттин мөөрү менен бекемделет.
Турак жай сертификаттарын эмиссиялоодо проспектиге турак жай сертификаттарынын эмиссиясынын кепили да кол коюшу керек.
25. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каттоо үчүн берилген проспектиде эксперт (эксперттик уюм) даярдаган корутундуга же отчетто шилтемелер камтылса, анда төмөнкүлөр да камтылышы керек:
- эксперттин квалификациясынын сыпаттамасы;
- эксперт (эксперттик уюм) баалуу кагаздар эмитентинин аффилирленген же байланышы бар адамы болуп саналары, саналбашы жөнүндө маалыматтар.
Эксперттин (эксперттик уюмдун) проспектиге чыгарууга болгон жазуу жүзүндөгү макулдугу анын бүтүмү же отчету же ошол бүтүмгө же отчетко шилтемелер проспекти менен бирге проспектиге тиркелиши керек, же болбосо буга эксперттин (эксперттик уюмдун) макулдугу жөнүндө көрсөтмөсү проспектиде болушу керек.
26. Проспекти үч нускада түзүлөт. Проспектин нускаларынын текстинде айырмачылыктар болгон учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталган документтин тексти туура деп эсептелинет.
27. Проспектиде камтылган маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана проспектиде камтылган маалыматтарды ачып берүүнүн тартиби жөнүндө билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыя кылууга эмитент милдеттүү.
Төмөнкүдөй билдирүүлөрдү жана маалыматтарды жарыя кылуу жолу менен турак жай сертификаттарын чыгаруу жөнүндө маалыматтар ачылып берилет:
эмитент жөнүндө маалыматтар (эмитенттин аталышы, жайгашкан жери, почтолук дареги, уюштуруучулук-укуктук түрү);
турак жай сертификаттарын каттоо (каттоого алган орган, мамлекеттик каттоого алынган күн, чыгарууга ыйгарылган мамлекеттик каттоо номери) жөнүндө маалыматтар;
турак жай сертификаттарынын негизги параметрлери (чыгарылган турак жай сертификаттарынын жалпы көлөмү, бир турак жай сертификатынын номиналдык наркы, индексациялоо схемасы, колдонуу мөөнөтү, турак жай сертификаттарын төлөп берүүнүн тартиби);
жайгаштыруу башталуучу дата жана проспектиде камтылган маалыматтар менен кызыкчылыктары бар адамдар таанышуучу жер.
28. Проспектиде чагылдырылган маалыматтар үчүн жоопкер болгон эмитенттин кызмат адамы же башка адамдар проспектиге кол коюшу керек.
Көрсөтүлгөн проспектиде камтылган жалган, толук эмес жана/же инвесторду адашууга алып келген маалыматтын кесепетинен баалуу кагаздардын ээлерине келтирилген зыяндар үчүн проспектиге кол койгон адам эмитент менен бирге субсидардык жоопкерчилик тартат.
6. Турак жай сертификаттарын жайгаштыруу жана колдонуу
29. Жайгаштыруу башталганга чейин эмиссиянын проспектисине же эмиссиянын проспектисинде камтылган маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга эмитент милдеттүү. Турак жай сертификаттарын жарнамалоодо эмиссиянын проспектисинин каттоодон өткөн күнү жөнүндө жана турак жай сертификаттарын эмиссия кылуу жолу менен каражат тартуучу объектинин курулушу жайгашкан орун тууралуу маалыматты, ошондой эле турак жай сертификаттарынын эмитенти жайгашкан жерди көрсөтүүгө эмитент милдеттүү.
30. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте турак жай сертификаттарынын эмиссиясы жөнүндө маалыматты ачып берүү тартиби иш жүзүнө ашырылат.
31. Турак жай сертификаттарын жайгаштырууну төмөнкүлөр жүргүзө алышат:
1) турак жай сертификаттарынын эмитенттери;
2) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу.
32. Турак жай сертификаттарын жайгаштыруудан эмитент жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу алган каражаттар турак жай сертификаттарын чыгаруу жөнүндө чечимде, коомго сунуш кылуунун шарттарында жана турак жай сертификаттарынын эмиссиясынын проспектисинде көрсөтүлгөн максаттарга ылайык жана төмөндөгү чыгымдарды жабуу үчүн кынтыксыз пайдаланылат:
1) турак жай сертификаттарынын эмиссияларынын проспектисинде каралган объектилерди курууга (кайра конструкциялоого);
2) турак жай сертификаттарынын эмиссиясын уюштурууга, тиешелүү документтерди жана жарнамаларды даярдоого;
3) учурдагы индекстелген номиналдык нарк менен алардын ээлеринин талабы боюнча турак жай сертификаттарын сатып алууга;
4) турак жай сертификаттарын жайгаштырганга чейин каражат тартуучу объектини курууга (кайра конструкциялоого) тарткан чыгымды турак жай сертификаттарынын эмитентине кайтарып берүүгө;
5) бөлмөлөрдү (квартираларды) ээлерине менчик укугуна бергенге чейинки мезгилде курулушу бүткөн (кайра конструкцияланган) объектилерди пайдаланууга берүүгө.
33. Турак жай сертификаттарынын номиналы накталай түрдө турак жайдын жалпы аянтынын бирдиктеринде белгиленет жана анын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин өзгөртүлбөйт.
Коомго сунуш кылуунун шарттарында жана турак жай сертификаттарынын эмиссиясынын проспектисинде келтирилген индексация кылуу схемасына жараша, акчалай түрүндө турак жай сертификаттарынын номиналдык наркы индексацияланат.
Турак жай сертификаттарын алгачкы жайгаштыруунун баасы турак жай сертификаттарынын эмиссияларынын ар бирине өз өзүнчө эмитент тарабынан белгиленет.
34. Эмиссиянын проспектисиндеги турак жай сертификаттарын жайгаштыруунун мөөнөттөрү эмитент тарабынан белгиленет, бирок ал турак жай сертификаттарын жайгаштыруу башталган күндөн тартып бир жылдан ашпайт.
35. Эмитенттин акционерлеринин/ катышуучуларынын жалпы чогулушунда добуш берүүчү укукту, кирешеден же эмитенттин активдеринин жалпы суммасынан үлүш алуу укугун турак жай сертификаттары бербейт (анын кудуретсиз (банкрот) болгон учурдан башкасында).
36. Турак жай сертификаттарына менчик укугун өткөрүп берүү баалуу кагаздар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. Турак жай сертификаттарына менчик укугун өткөрүп берүүнү баалуу кагаздар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак жай сертификаттарынын көз каранды эмес реестр кармоочусу ишке ашырат.
37. Турак жай сертификаттары колдонулуп жаткан мезгилде, учурдун индексацияланган наркына барабар болгон баада аларды сатып алууну эмитент жүргүзөт. Коомго сунуш кылуунун жана турак жай сертификаттарынын проспектисинин шарттарындагы индексациялоонун схемасына жараша жүргүзүлүүчү турак жай сертификаттарынын номиналдык наркы биринчи индексациялангандан кийин турак жай сертификаттарын сатып алууну талап кылган эмитенттин укугу алардын ээлери тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн.
Турак жай сертификаттарынын ээлеринин талабы боюнча эмитенттин турак жай сертификаттарын сатып алышынын тартибин жана индексация кылуу коэффициентин колдонуу менен турак жай сертификаттарынын наркын индексация кылуунун схемасын эмиссиянын проспектисинде эмитент кароого милдеттүү.
38. Турак жай сертификаттарынын эмитенти Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте отчетту баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
39. Турак жай сертификаттарын коомго эмиссиялаган эмитент, турак жай сертификаттарын сатуулар бүткөндөн кийин 30 календарлык күндүн ичинде коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчетту 4-тиркемеге жараша баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
40. Турак жай сертификаттарын коомго эмиссиялаган эмитент, турак жай сертификаттары төлөнүп берилгенден кийин 30 календарлык күндүн ичинде төлөп берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү отчетту 5-тиркемеге жараша баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
7. Турак жай сертификаттарын жабуу
41. Турак жай сертификаттарын чыгаруу жөнүндө чечимде жана эмиссиянын проспектисинде белгиленген шарттарга жараша эмитент же кепил турак жай сертификаттарын жабууну жүргүзүшөт.
1) сатып алуу жолу - аларды эмитенттин сатып алышы тууралуу турак жай сертификаттарынын ээлеринин жазуу жүзүндөгү талабын алган учурдан тартып турак жай сертификаттарынын ээлик кылуучусунун талабы боюнча жети банктык күндүн ичинде;
2) турак жай сертификаттарын жабуу учурунда бош турган жайды турак жай сертификаттарына ээлик кылуучуга менчикке берүү менен, же эки тараптын макулдугу боюнча курулуш (кайра конструкциялоо) бүткөндөн кийин айкын-ачык жайдын турак жай сертификаттарын берүү жөнүндө эмитенттин жазуу жүзүндөгү милдеттенмесине алмашуу жолу менен;
3) эмитент жана турак жай сертификаттарынын ээлери менен макулдашылган тартипте жана шартта, ошол эле эмитент чыгарган башка сериялардагы (чыгарылыштагы) турак жай сертификаттарына алмашуу жолу менен.
42. Ээлик кылуучуга квартираны менчикке берүү менен турак жай сертификаттарын жабуу эч кандай кошумча төлөмдөрүсүз эле жүргүзүлөт. Мындай учурда айкын чыгаруудагы турак жай сертификаттарын сатып алуу (сатып алуу-сатуу келишими же башка бүтүм) турак жай сертификаттарынын ээлик кылуучусунун объектинин курулушуна (кайра конструкцияланышына) катышкандыгын күбөлөндүрөт жана анда квартираны сатып алууга артыкчылыктуу укуктун жаралышы үчүн кызмат кылат, ушундай негизди түзүш үчүн төмөнкүдөй шарттарды аткаруу керек:
1) турак жай сертификаттарынын эмиссиясынан алынган каражаттардын эсебинен курулган (кайра конструкцияланган) турак жай имаратындагы квартиралардын аянтынын номиналынын 100 пайызына ылайык келген турак жай сертификаттарынын пакетин турак жай сертификаттарынын ээлик кылуучулары көрсөтүүсү;
2) эмиссиянын проспектисинде белгиленген тартипте берилген, ага таандык турак жай сертификаттарын сатып алуу жөнүндө турак жай сертификаттарынын ээсинин жазуу жүзүндөгү талабынын жоктугу;
3) турак жай сертификаттарынын эмиссиясын жүзөгө ашыруунун натыйжасында бүткөрүлгөн курулуштун (кайра конструкциялоонун) болушу жана имаратты кабыл алуу комиссиясынын пайдаланууга кабыл алынышы;
4) турак жай сертификаттарынын эмиссиясынын проспектисинде белгиленген мөөнөттө жана турак жай сертификаттарын коомго сунуш кылуунун шарттарында турак жайды берүү жолу менен жабылуучу турак жай сертификаттарынын ээлери менен эмитент бөлмөлөрдү өткөрүп берүү-кабыл алуу актысына кол коюусу;
43. Турак жай сертификаттарын жабууда квартира менчикке берилсе, ошондой эле башка сериялардагы (чыгарылыштардагы) турак жай сертификаттарына алмаштырууда эмитент турак жай сертификаттарынын ээлерине берилген турак жайдын сапаты жөнүндө баардык керектүү маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
44. Бир эле жана ошол эле квартираны берүү жолу менен турак жай сертификаттары төлөнүп берилгендиги тууралуу турак жай сертификаттарынын эки же андан ашуун ээлеринин талаптары боло турган болсо, анда ээлик кылуучулардын талаптары квартиранын наркынын өлчөмүнө жараша суммадагы турак жай сертификаттарын ээлик кылуучулардын сатып алуу кезегине ылайык канааттандырылат. Турак жай сертификаттарынын ээлеринин мындай укуктары, турак жай сертификаттарын сатып алуу учурунда, эмитент менен анын ээлик кылуучусунун ортосундагы жазуу жүзүндө өзүнчө түзүлгөн келишимде каралышы мүмкүн.
8. Турак жай сертификаттарынын кепил (кепилдик кылуучу) тарабынан төлөнүп берилиши
45. Эгерде эмитент өз алдынча турак жай сертификаттарын жаба албаса, кепилдик келишиминде белгиленген мөөнөттө жана шартта жабууну кепил жүргүзүүгө милдеттүү. Банк, камсыздандыруу компаниясы же башка коммерциялык уюм, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюму кепил (кепилдик кылуучу) боло алат.
46. Кепил (кепилдик кылуучу) болуп бир же бир нече жак кире алат. Эмитент менен кепилдин ортосундагы келишим турак жай сертификаттарынын ээлик кылуучуларынын алдындагы милдеттенмелерди камсыз кылуу максатын көздөй тургандыгы тууралуу так шарттарды камтууга тийиш.
47. Кепил (кепилдик кылуучу) же кепилдер чыгарылган турак жай сертификаттарынын кепилдик кылынган бөлүгүнүн (бөлүктөрүнүн) өлчөмүн жаба ала турган өзүнчө капиталга же капиталдардын жыйындысына ээ болушу керек.
48. Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кепил (кепилдик кылуучу) болсо, үстүдөгү жылы турак жай сертификаттарын жабуу үчүн керектүү каражаттардын мүмкүн болгон көлөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү бюджетинде каралышы керек.
49. Турак жай сертификаттарынын ээлик кылуучуларынын алдындагы милдеттенмени кепилдин аткарышына негиз болгон кепилге (кепилдерге) таандык капиталды баалоо көз карандысыз аудитор тарабынан жүргүзүлөт. Турак жай сертификаттарынын эмиссиясы боюнча эмитенттин милдеттенмеси жабылуучу учурга чейин, жылдык каржылык отчеттун тутуму менен бирге, кепилдин (кепилдердин) өздүк капиталынын баалангандыгын ырастаган көз каранды эмес аудитордун бүтүмүн ар жыл сайын берип турууга эмитент милдеттүү.
50. Кепил (кепилдик кылуучу) турак жай сертификаттарын жайгаштыруунун натыйжасында эмитент алган каражаттардын максат ченемдүү пайдаланылышына, кепилдик кылуу келишимине ылайык, көзөмөл жүргүзөт.
51. Кепил (кепилдик кылуучу) кепилдик кылуу келишиминде белгиленген турак жай сертификаттарынын ээлеринин алдындагы милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тартат.
1-тиркеме
Каттоочу органдын аталышы ________________________________________________________________________________________
Коомго сунуш кылуунун жана турак жай сертификаттарынын проспектисинин шарттарын мамлекеттик каттоого алууАРЫЗЫ_________________________________________________________________________________________________________________ (эмитенттин фирмалык толук аталышы) коомго сунуш кылуунун жана турак жай сертификаттарынын проспектисинин шарттарын мамлекеттик каттоого алууну өтүнүп сурайт _________________________________________________________________________________________________________________ (турак жай сертификаттарынын номиналдуу наркы, саны, түрү, эмиссиянын көлөмү, жабуу мөөнөтү жана турак жай сертификаттарын жайгаштыруунун _________________________________________________________________________________________________________________ ыкмалары көрсөтүлөт) _________________________________________________________________________________________________________________ (чыгарылган турак жай сертификаттарын транш менен жайгаштырган учурда ушул жагдай да көрсөтүлөт) ылайык жайгаштырылды ____________________________________________________________________________________________ (турак жай сертификаттарын чыгаруу жөнүндөгү тиешелүү чечим, _________________________________________________________________________________________________________________ эмитенттин аны бекиткен ыйгарым укуктуу органы, дата жана номери көрсөтүлөт) Эмитенттин жайгашкан жери, почтолук дареги, байланышуу телефондору _________________________________________________________________________________________________________________ Эмитенттин жетекчисинин кызматынын аталышы ______________________________________________________________________ (Аты-жөнү, койгон колу)
Датасы «__»_______ 201_-ж. М.О. |
2-тиркеме
Титулдук баракчанын түрү
Турак жай сертификаттарын коомго сунуш кылуунун шарттары
Эмитенттин толук аталышы: _________________________________________________________________________________________ Эмитенттин жайгашкан жери: _______________________________________________________________________________________ Байланышуу телефондору: ___________________________________________________________________________________________ Коомдун жетекчисинин кызматынын аталышы _________________________________________________________________________ (Аты-жөнү) (мөөр)
Дата «__»_______ 201_-ж.
Турак жай сертификаттарын коомго сунуш кылуунун шарттарына киргизилүүчү маалыматтар: 1. Баалуу кагаздардын түрү, категориясы (тиби). 2. Чыгарылган ар бир баалуу кагаздардын номиналдуу наркы. 3. Чыгарылган облигациялардын саны. 4. Мурда жайгаштырылган баалуу кагаздардын жалпы саны. 5. Чыгарылган ар бир баалуу кагаздардын ээлеринин укуктары. 6. Чыгарылган баалуу кагаздарды жайгаштыруунун шарттары жана тартиби: 1) баалуу кагаздарды жайгаштыруунун мөөнөтү; 2) баалуу кагаздарды жайгаштыруу башталуучу күн; 3) баалуу кагаздарды жайгаштыруу бүтүүчү күн; 7. Чыгарылган баалуу кагаздар тууралуу кандайдыр бир маалыматтар ачылуучу күндү көрсөтүү менен баалуу кагаздарды жайгаштыруунун мөөнөтү аныкталат. 8. Баалуу кагаздарды жайгаштыруунун баасы же бааларды аныктоонун тартиби. 9. Баалуу кагаздарды төлөп берүүнүн шарттары: 10. Чыгарылышы ишке ашпай калды деп эсептелген жайгаштырылбай калган баалуу кагаздардын үлүшү, ошондой эле ал ишке ашпай калды деп таанылган учурда чыгарылган баалуу кагаздарга төлөнүп берилген каражаттарды кайтарып берүүнүн тартиби.. 11. Турак жай сертификаттарын индексация кылуунун чиймеси. 12.Турак жай сертификаттарын коомго сунуш кылуунун башка шарттары. |
3-тиркеме
(Турак жай сертификаттарынын проспектисинин титулдук баракчасынын түрү)
Катталды «__»_______ 201_-ж.
Мамлекеттик каттоо номери: __________________________________________________________________________________________ (каттоочу органдын аталышы) ________________________________________________________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу адамдын койгон колу) М.О.
ПРОСПЕКТ
________________________________________________________________________________________________________________ (эмитенттин фирмалык толук аталышы) ________________________________________________________________________________________________________________ (эмитенттин жайгашкан жери, байланышуу телефондору)
«__»_______ 201_-ж.
Ушул проспектиде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачылып берилиши керек. Турак жай сертификаттарынын ушул проспектисинде камтылган маалыматтардын чын экендигине баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы жооп бербейт жана каттоо фактысы менен жайгаштырылуучу Турак жай сертификаттарына карата мамилесин билдирбейт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, берилген баардык маалыматтарга карата болгон жоопкерчиликти эмитент өзү тартат. Эмитенттин турак жай сертификаттарына каражат салуу жөнүндө чечимди кабыл алууда, бул баалуу кагаздарга ээлик кылуу менен байланышкан жагымдуулугу жана коркунучтуулугу жөнүндөгү өзүңүздүн көз карашыңызга таянышыңыз керек. Проспект төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: 1. Проспект түзүлгөн дата. 2. Эмитент жөнүндөгү жалпы маалыматтар Эмитенттин фирмалык толук аталышы. Кыскартылган аталышы. Эмитенттин аталышындагы жана уюштуруучулук-укуктук түрүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар. Эгерде эмитенттин түзүлүп жашап келаткан мезгилдин ичинде анын фирмалык аталышы жана уюштуруучулук-укуктук түрү алмаштырылса, анда анын мурдагы баардык толук жана кыскартылган фирмалык аталыштары, уюштуруучулук-укуктук түрлөрү, ошондой эле өзгөртүү киргизилген дата көрсөтүлөт. Эмитенттин мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндөгү маалыматтар. Катталган номери, мамлекеттик каттоодон өткөн күн (эмитенттин мамлекеттик каттоого алынгандыгын ырастоочу башка документ), ошондой эле аны мамлекеттик каттоого алган органдын аталышы көрсөтүлөт. Эмитенттин жайгашкан жери, почтолук дареги жана байланышуу телефондору. Эмитенттин эсептешүү жана башка эсептери ачылган кредиттик уюмдардын аталышы. Эмитенттин өзүнүн капиталы жана катышуучулар (уюштуруучулар) жөнүндө маалыматтар. Эмитенттин түзүлүшүнүн жана өнүгүшүнүн тарыхы. (Эмитенттин түзүлүшүнүн жана ишинин кыскача тарыхы баяндалат. Эмитентти түзүүнүн максаты көрсөтүлөт). Эмитенттин чарбалык ишинин негизги түрү. (Эмитент иш тармагындагы жалпы тенденциялар, анын ичинде эмитент үчүн маанилүү жагдайлар кыскача баяндалат. Эмитенттин тармактагы ишин чагылдырып көрсөткөн салыштырма маалыматтар берилет. Тармактагы окуялардын келечектеги өнүгүшүнө карата жоромолдор берилет). Эмитенттин өнөр жайлык, банктык жана каржылык топторго, башка бирикмелерге катышуусу. Эмитенттин туунду жана көз каранды чарбалык коомдору жөнүндө маалыматтар. 3. Эмитенттин кызмат адамдары жөнүндөгү маалыматтар Эмитенттин башкаруу органдарынын түзүлүшү жана компетенциясы жөнүндө маалыматтар. Эмитенттин башкаруу органдарынын курамына кирген адамдардын тизмеси, башкаруучу уюмдар жөнүндөгү маалыматтар, эмитенттин башкаруу органына кирген аламдардын, акциялардын ири пакетинин ээлеринин жана акционерлердин, акциялардын көзөмөлдүк пакетинин ээлеринин ортосундагы аффилирленген байланыштардын мүнөзү. Эмитенттин кызмат адамдарына жана анын туунду жана көз каранды коомдоруна таандык акциялардын саны (үлүштөр). Эмитенттин башкаруу органдарынын түзүлүштөрүнүн жана алардын эмитенттин уставына (уюштуруучулук документтерине) ылайык аткаруучу компетенцияларынын толук баяндамасы келтирилет. 4. Эмитенттин акционерлери (катышуучулары) жөнүндө маалыматтар Акциялардын ири пакеттеринин ээлери жана акциялардын көзөмөлдүк пакеттерине ээлик кылган акционерлер жөнүндө маалыматтар. Эмитенттин кызмат адамдарынын, акциялардын ири пакетинин ээлеринин, алардын аффилирленген адамынын кызыкчылыктары бар акыркы 3 каржылык жылдагы же бүткөн ар бир каржылык жылдагы, ошондой эле баалуу кагаздардын проспектисин түзгөн күнгө чейинки мезгилдерде эмитент жасаган бүтүмдөр жөнүндө маалыматтар. 5. Эмитенттин каржылык отчету Акыркы бүткөн үч каржылык жылдагы же ар бир бүткөн каржылык жылдагы эмитенттин каржылык жылдагы отчеттору, көз каранды эмес аудитордун текшерүүсү менен ырасталган акыркы бүткөн кварталдын каржылык отчетун кошуп алганда, эгерде түзүлгөн учурдан тартып бул мөөнөт үч жылдан кем болбосо. Эмитенттин ишинин каржылык жыйынтыктары, алардын пайдаланылышы жөнүндө, бүткөн акыркы үч каржылык жылда кирешени пайдалануу жөнүндө, же болбосо аудитордун текшерүүсү менен ырасталган ар бир бүткөн каржылык жылдагы отчет, эгерде түзүлгөн учурдан тартып бул мөөнөт үч жылдан кем болбосо; кирешени түзүүнүн негизги булактары жана жалпы көлөмү; төлөнгөн салыктардын түзүмү жана өлчөмү; кирешени пайдалануунун башка багыттары; Бюджет төлөмдөрү жана салык боюнча карыздардын суммасы. Банктардын жана башка каржылык-насыялык мекемелердин насыялары боюнча милдеттенмелер тууралуу маалыматтар: - банктан алынган кыска мөөнөттүү насыялар (узартылганы анын ичинде); - банктан алынган узак мөөнөттүү насыялар (узартылганы анын ичинде); Эмитенттин милдеттенмесинин жалпы суммасы; Насыялык карыздарынын жалпы суммасы (ошол тейлеген банктын узарткан карыздары анын ичинде); Милдеттенмелерди чечмелөө: Акыркы үч каржы жылындагы насыялык карыздардын динамикасы; Эмитентке мамлекеттик органдар же соттор, мамлекеттик арбитраждык же үчүнчү соттор тарабынан үч жылдын ичинде турак жай сертификаттарын чыгаруу чечимин кабыл алган күнгө чейин салган административдик жана экономикалык жаза чаралары жөнүндө маалыматтар. Мындай маалыматтарда төмөнкүлөр камтылышы керек: жаза чарасы колдонулган күн; жаза чарасын салган орган; жаза чарасын салуунун себеби; жаза чарасынын түрү жана жазанын өлчөмү; турак жай сертификаттарын чыгаруу чечимин кабыл алынган учурда жаза чараларын аткаруунун даражасы. Эмитенттин капиталы жөнүндө маалыматтар: - уставдык капиталдын өлчөмү, уставдык капиталдын төлөнгөн бөлүгүнүн көлөмү, анын ичинде: акча каражаттары менен; материалдык эмес активдер менен; - кошумча төлөнгөн капиталдын өлчөмү; - бөлүштүрүлбөгөн кирешенин бөлүгү; - резервдик капиталдын өлчөмү; - кошумча капиталдын өлчөмү. Чыгарылган баалуу кагаздардын түрлөрүн жана алардын номиналдын наркын, чыгарылган баалуу кагаздардын санын, чыгарылган көлөмдү, баалуу кагаздарды жайгаштыруу башталган жана бүткөн күндү, мамлекеттик катталган номерди жана күндү, каттаган органдын атын, кирешелерди төлөп берүүнүн шарттарын, ээлик кылуучулардын башка укуктарын камтып турган эмитенттин мурда чыгарган баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтар; Жумшалган капиталдык салымдар, бүтпөгөн курулуштардын көлөмү, орнотулбаган жабдуулардын көлөмү жөнүндө маалыматтар; Көз каранды эмес аудитор жөнүндө маалыматтар: лицензиянын номери, лицензиянын аракеттенүү мөөнөтү, лицензия качан жана ким тарабынан берилген, юридикалык дареги, жетекчинин фамилиясы, аты-жөнү. 6. Чыгарылган турак жай сертификаттарынын кепилдик кылуучусу (кепили) жөнүндө маалыматтар 1. Уюштуруучулук-укуктук түрү. 2. Толук жана кымкартылган аталышы. 3. Мамлекеттик катталган күнү. 4. Юридикалык жана почтолук дареги. 5. Кепилдин мүлкүнүн кыскача баяндамасы жана ишинин негизги түрү. 6. Кепилдин капиталы жөнүндө маалыматтар: 1) уставдык капиталынын өлчөмү, уставдык капиталдын төлөнгөн бөлүгүнүн көлөмү, анын ичинде: акча каражаттары менен; материалдык эмес активдер менен; 2) кошумча төлөнгөн капиталдын өлчөмү; 3) бөлүштүрүлбөгөн кирешенин бөлүгү; 4) кошумча капиталдын өлчөмү. 7. Ар бир чыгарылыштагы маалыматтарды камтыган, кепил чыгарган баалуу кагаздар жөнүндө маалыматтар: 1) баалуу кагаздардын аталышы; 2) чыгарылган күн жана мамлекеттик каттоо номери; 3) төлөнүп берилүүчү күн; 4) номиналдык нарк боюнча чыгарылыштын көлөмү; 5) чыгарылган баалуу кагаздардын саны; 6) баалуу кагаздардын номиналдык наркы; 7) баалуу кагаздар боюнча кирешелерди төлөп берүү (эгерде мындай жасалса) жана алардын күнү; 8. Акыркы бүткөн үч каржылык жылдагы же ар бир бүткөн каржылык жылдагы каржылык отчеттору, көрсөтүлгөн каржылык отчетко карата аудитордун (аудиторлордун) бүтүмү жөнүндө маалымат, эгерде кепил (кепилдик кылуучу) өз ишин 3 жылдан кем эмес жүргүзсө. 9. Турак жай сертификаттарын кармоочулардын пайдасына нотариуста күбөлөндүрүлгөн кепилдик милдеттенменин көчүрмөсү (кепилдик кылуу келишими же камсыздандыруу келишими) чакыртылып алынбоочу кепилдик болуп саналат. Эмитент милдеттенмени аткарбаган жана аткаруудан качкан шарттарда, аткарылууга жаткан кепилдик милдеттенменин акчалай суммасы кепил төлөп берет. Кепилдиктин аракеттенүү мөөнөтү турак жай сертификаттарынын аракеттенүү мөөнөтүнөн аз дегенде бир жылга жогору болушу керек. 7. Алдыда чыгарылуучу турак жай сертификаттары жөнүндө маалыматтар 1. Турак жай сертификаттары жөнүндө маалыматтар: 1) турак жай сертификатынын номиналынын жалпы аянтынын чарчы метри _____; 2) турак жай сертификаттарын жайгаштыруу башталган күндөгү турак жай сертификатынын номиналдык баасы ____ сом; 3) чыгарылган турак жай сертификаттарынын саны ____; 4) чыгарылыштын жалпы көлөмүнүн жалпы аянты ____ чарчы метр; 5) турак жай сертификаттарын таркатуу башталган күндөгү чыгарылган жалпы көлөмдүн наркы _____ сом; 2. Турак жай сертификаттарын чыгаруунун тартиби жөнүндө маалыматтар: 1) чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алган күн; 2) чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алган эмитенттин органы; 3) турак жай сертификаттары чыгарылган кун; 4) турак жай сертификаттарын жайгаштыруу бүткөн күн; 5) турак жай сертификаттарын сатып алуучулар сатып алуучу (жазылуучу) жер; 6) турак жай сертификаттарынын индексацияланган наркынын суммаларын аныктоонун тартиби жана формуласы; 7) турак жай сертификаттарынын ээлеринин реестрин кармоочунун аталышы жана толук дареги; 3. Турак жай сертификаттарынын реквизиттери (чыгарылыш документтештирилген учурда): Турак жай сертификаттары төмөнкүдөй реквизиттерди камтууга тийиш: Биринчи бети: 1) эмитенттин фирмалык аталышын жана анын жайгашкан жерин; 2) турак жай сертификаттарын (катар номерлерин жана сериясын); 3) турак жай сертификаттары сатылып алынган күндү; 4) турак жай сертификаттарынын аракеттенүү мөөнөттөрүн; 5) турак жай сертификаттарынын эмиссиясынын жалпы көлөмүн; 6) турак жай сертификаттарынын номиналдык наркын; 7) мамлекеттик каттоо номерин; 8) чыгарылган жерин; 9) эмитенттин расмий укуктуу адамынын жана кепилдин (кепилдик кылуучунун) койгон колдорун. Турак жай сертификатынын кийинки бети: 1) Сатып алуучунун фирмалык аталышы жана аты; 2) Кол коюлган күн жана коюлган колу; 4. Турак жай сертификаттарын чыгаруунун нарктарынын жана эсептик шарттарынын маалыматтары: 1) турак жай сертификаттарын алгачкы жайгаштыруу башталган күндөгү бир турак жай сертификатынын наркы; 2) сатылып алынган турак жай сертификаттарына акы төлөөнүн тартиби (төлөөнүн мезгилдүүлүгү, эсептешүүнүн түрү, эсептердин номери, жазылуучу документтер д.у.с.). 5. Турак жай сертификаттарын жайгаштырууга катышууга тартылган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу жөнүндө маалыматтар: 1) аталышы; 2) юридикалык жана почтолук дареги; 3) баалуу кагаздар рыногунда кесиптик иш кылууга укук берген лицензиянын номери жана ал берилген күн; 4) турак жай сертификаттарын жайгаштыруу ишинин жүрүшүнө алардын катышуусунун мүнөзү. 6. Турак жай сертификаттары боюнча тартылган каражаттарды эмитент салган жана сактаган банк, толук аталышы, юридикалык жана почтолук дареги, банктын лицензиянын номери жана ал берилген күн жөнүндө маалыматтар. 7. Турак жай сертификаттарын эмитенттин сатып алышынын тартиби жана шарттары жөнүндө маалыматтар: 1) турак жай сертификаттарынын ээлери сатып алуу талабын койгон күндөн тартып эмитенттин турак жай сертификаттарын сатып алуусунун мөөнөтү; 2) турак жай сертификаттарын сатып алуу талабын турак жай сертификаттарынын ээлери койо турган жер; 3) эсептешүүнүн тартиби (эсептешүүнүн түрү, жазылуучу документтер, д.ус); 8. Турак жай сертификаттарын жабуунун тартиби жана шарттары жөнүндө маалыматтар: 1) турак жай сертификаттарын жабуу жөнүндө билдирүүлөрдү алуу бүтүүчү күн, жана турак жай сертификаттарынын ээлеринин тизмелери түзүлүп бүткөн күн; 2) турак жай сертификаттарын жабуу талабын турак жай сертификаттарынын ээлери койо турган жер; 3) эсептешүүнүн тартиби (эсептешүүнүн түрү, жазылуучу документтер, д.ус); 4) берилүүчү квартиралардын жалпы аянтынын 100 пайызына жана курулуш бүткөндөн кийин сертификаттардын менчик ээлерине айкын квартирага менчик укугун бере турган турак жай сертификаттарын жабуу учурунда сертификаттардын менчик ээсине берилүүчү документтердин түрлөрү жана шарттары. 9. Турак жай сертификаттарын чыгаруу жолу менен пайдаланылуучу каражаттардын багыттары (жаңы курулуштар, кайра конструкциялоолор, үлүштүк катышуулар). 10. Курулган турак жайды сатып өткөрүү үчүн келечек толук чагылдырып көрсөтүлөт, алардын ичинде төмөнкүлөр: 1) объектинин жалпы аянтынын бир чарчы метрин куруунун наркы, курулуш башталган күнү көрсөтүлгөн баа; 2) курулуш башталган күнү көрсөтүлгөн бааларга карата эмиссиянын проспектисин каттаган учурдагы баанын өсүү индекси; 3) ошондой эле курулуш жүрүп жаткан жердеги турак жайдын бир чарчы метринин обьектинин проспектисинде көрсөтүлгөн рыноктук баасы; 4) курулушка бөлүнгөн аянттын бар экендиги (жайгашкан жерин көрсөтүү менен), долбоордук сметалык документтер, жүргүзүлүп жаткан курулуш-монтаж жумуштарын мөөнөтүндө бүткөрүүгө жөндөмдүү подряддык уюм жөнүндө маалыматтар; 5) каражаттарды тартуучу обьект болуп саналган турак жайдын кыскача баяндамасы (жайгашкан жери, дареги, дубалдарына жумшалган материалдар, квартиранын түрү жана аянты, кабаттарынын планы); 6) каражат тартылуучу обьекттерге жумшалуучу капиталдык салымдардын болжолдуу көлөмү. 11. Топтор боюнча кооптуулуктардын факторлору: экологиялык, социалдык, техникалык, экономикалык. 12. Турак жай сертификаттарын чыгаруунун жана (же) жүгүртүүнүн башка шарттары жана өзгөчөлүктөрү. Турак жай сертификаттары сатылуучу негизги жер (орун). Эмитенттин жетекчисинин кызматынын аталышы _________________________________ (Аты-жөнү, койгон колу)
Датасы «__»_______ 201_-ж. М.О.
Коомдун башкы бухгалтери _______________________________ (Аты-жөнү, койгон колу) |
4-тиркеме
Чыгарылган турак жай сертификаттарын коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун титулдук барагынын түрү
«__»_______ 201_-ж. катталган
_________________________________________________________________________________________________________________ (каттоочу органдын аталышы) _________________________________________________________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу адамдын койгон колу)
М.О.
Турак жай сертификаттарын чыгаруунун жана жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчет
_________________________________________________________________________________________________________________ (эмитенттин фирмалык толук аталышы)
Чыгарылыштын катталган мамлекеттик номери _________________________________________________________________________ Чыгарылышты мамлекеттик каттоого алган дата «__»______201_-ж. Эмитенттин жайгашкан жери, почтолук дареги жана байланышуу телефондору _________________________________________________________________________________________________________________ Эмитенттин жетекчисинин кызматынын аталышы ______________________________________________________________________ (Койгон колу, Фамилиясы, аты, теги) Коомдун башкы бухгалтери __________________________________________________________________________________________ (Койгон колу, Фамилиясы, аты, теги) Каттоочу _________________________________________________________________________________________________________ (Койгон колу, Фамилиясы, аты, теги)
Күнү «__»_______201_-ж.
М.О
Турак жай сертификаттарын коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун мазмуну
1. Турак жай сертификаттарынын түрү жана аларды жүгүртүүнүн мөөнөттөрү. 2. Жыйынтык (чыгарылыш, транш) боюнча отчет берилет. 3. Берилүүчү отчеттук чыгарылыштагы транштын саны жана транштын номери. 4. Чыгарылган турак жай сертификаттарынын реестр кармоочусу жөнүндөгү маалымат. 5. Басма сөз органынын аталышы жана облигациянын чыгарылышы жөнүндөгү маалыматтык билдирүү жарыяланган дата. 6. Турак жай сертификаттарын жайгаштыруу башталган дата. 7. Турак жай сертификаттарын жайгаштыруу бүткөн дата. 8. Турак жай сертификаттарын чыгаруу жана жайгаштыруу:
Эскертүү: (*) 1 жана 6-саптарда транштын же баардык чыгарылган турак жай сертификаттарынын жыйынтыгына жараша отчет берилет, «чыгарылыш» же «транш» деген сөздөрдүн биринин астын сызып коюу керек.
9. Турак жай сертификаттарын сатып өткөрүүдөн алынган каражаттар:
10. Ошол чыгарылыштагы, транштагы турак жай сертификаттарынын ээлеринин жалпы саны (жалпы саны жана юридикалык жана жеке жактардын сандары бөлүнүп көрсөтүлөт). 11. Резидент эместердин арасына жайгаштырылган турак жай сертификаттарынын баасы, сатып алган өлкөлөрдү көрсөтүү менен. 12. Документтештирилген түрдө чыгарылган турак жай сертификаттары толук жайгаштырылбай калган учурда, жайгаштырылбай калган турак жай сертификаттарынын бланкаларынын жок кылынышы жөнүндөгү акт кошумча түрдө түзүлөт. |
5-тиркеме
Чыгарылган турак жай сертификаттарын жабуунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун титулдук баракчасынынтүрү
«__»______________ 201_ж. катталган
_________________________________________________________________________________________________________________ (каттоочу органдын аталышы)
Коомдук сунушталган турак жай сертификаттарын жабуунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчет
_________________________________________________________________________________________________________________ (эмитенттин фирмалык толук аталышы)
Чыгарылыштын катталган мамлекеттик номери _________________________________________________________________________ Чыгарылышты мамлекеттик каттоого алган дата «__»__________________ 201_-ж. Эмитенттин жайгашкан жери, почтолук дареги жана байланышуу телефондору _________________________________________________________________________________________________________________ Эмитенттин жетекчисинин кызматынын аталышы _______________________________________________________________________ (Койгон колу, Фамилиясы, аты, теги) Башкы бухгалтер ___________________________________________________________________________________________________ (Койгон колу, Фамилиясы, аты, теги)
Күнү «__»________________ 201_-ж.
М.О.
Коомдук сунушталган турак жай сертификаттарын жабуунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун мазмуну: 1. Турак жай сертификаттарынын түрү жана аларды жүгүртүүнүн мөөнөттөрү. 2. Жыйынтык (чыгарылыш, транш) боюнча отчет берилет. 3. Берилүүчү отчеттук чыгарылыштагы транштын саны жана транштын номери (турак жай сертификаттарын транш менен жайгаштырылган учурда). 4. Чыгарылган турак жай сертификаттарынын реестр кармоочусу жөнүндөгү маалымат. 5. Чыгарылган турак жай сертификаттарын жайгаштырылышы жөнүндөгү отчет катталган дата. 6. Турак жай сертификаттарын жабуу башталган дата. 7. Турак жай сертификаттарын жабуу бүткөн дата. 8. Турак жай сертификаттарын жабуунун түрү (турак жай сертификаттарын төлөөнүн түзүмү жөнүндө жалпы маалыматтар: квартираны сатып алуу, берүү, башка чыгарылыштагы турак жай сертификаттарына алмаштыруу ж.б.). 9. Турак жай сертификаттарын кармоочулардын эмитентке койгон доолору. 10. Турак жай сертификаттарын чыгаруу учурунда бекитилген мөөнөттө турак жай сертификаттары төлөнүп берилбей калган учурда төлөнүп берилбей калуунун себептери жана ошол баалуу кагаздар төлөнүп берилүүчү болжолдуу күн көрсөтүлөт. 11. Турак жай сертификаттарынын ээлеринин саны (жалпы саны жана юридикалык жана жеке жактардын сандары өзүнчө бөлүнүп көрсөтүлөт). |