Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-августу № 437
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо үчүн мамлекеттик контролдоону күчөтүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
- 9-пунктта:
"в" пунктчасынын жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
"в" пунктчасы төмөнкү мазмундагы он үчүнчү-жыйырманчы абзацтар менен толукталсын:
"- жер казынасын пайдалануучулар тарабынан жер казынасынын сарамжалдуу пайдаланылышы жана корголушу үчүн мамлекеттик контролдоону ишке ашырат;
- жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензияларда, техникалык долбоорлордо, өнүктүрүүнүн пландарында жана жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди аткаруу боюнча башка документтерде камтылган жер казынасын пайдалануунун шарттарынын аткарылышын текшерет;
- бекитилген техникалык долбоорлордун жана жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди аткаруу боюнча башка документтердин бар экендигин текшерет;
- пайдалуу кендердин абалы жана камдыктарынын өзгөрүшү тууралуу геологиялык жана башка алгачкы документтердин мазмунунун тууралыгын текшерет;
- геологиялык маалыматтар фонддоруна жер казынасы жөнүндө мамлекеттик отчеттуулукту, ошондой эле геологиялык жана башка маалыматтарды тапшыруунун белгиленген тартибинин сакталышын текшерет;
- чалгындалуучу кен иштетүүлөрдүн жана скважиналардын, геологиялык жана техникалык документтердин, кен жана тоо тектеринин үлгүлөрүнүн, кендердин, жер казынасын, пайдалуу кен чыккан жерлерди андан ары изилдөөдө, чалгындоодо жана иштетүүдө, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алууга байланышпаган максаттарда, жер казынасын пайдаланууда колдонулушу мүмкүн болгон пайдалуу кендердин сынамдарынын жупнускаларынын сакталышын текшерет;
- пайдалуу кендердин мамлекеттик теңдеминин камдыгына пайдалуу кендердин камдыгын коюу жана аларды мамлекеттик теңдемдин эсебинен чыгарып салуу үчүн жер казынасын пайдалануучулар берген материалдардын тууралыгын жана негиздүүлүгүн текшерет;
- жер казынасын коргоо, лицензиялоонун шарттарынын аткарылышы боюнча пландуу, ошондой эле пландан тышкаркы - арыздар жана даттануулар боюнча текшерүүлөрдү ишке ашырат.";
"д" пунктчасы төмөнкү мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:
"- жер казынасын пайдалануу жана коргоо жагында республиканын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгууга катышат;";
- 10-пункт төмөнкү мазмундагы он жетинчи-он тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- жер казынасын пайдалануунун белгиленген тартибинин сакталышы боюнча юридикалык жана жеке жактарга текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдарынын аныкталган бузууларын четтетүү боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон жазма буйруктарды берүүгө;
- административдик укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароого жана Кыргыз Республикасынын Административдик кодексинде белгиленген тартипте административдик жазаларды салууга.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |