Загрузка документа…
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 127 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 12, 2013-жылдын 30-майындагы № 301, 2013-жылдын 31-майындагы № 308, 2014-жылдын 4-августу № 437, 2015-жылдын 12-марты № 115, 2015-жылдын 30-марты № 168 2016-жылдын 24-мартындагы № 142, 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 184 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Агенттиктин максаты
3. Агенттиктин милдеттери
4. Агенттиктин функциялары
5. Агенттиктин укуктары
6. Агенттиктин ишин уюштуруу
7. Корутунду жоболор
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет, ал кен пайдалануу жана кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин укуктук мураскери болуп эсептелет.
3. Агенттик өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, нормативдик укуктук актыларына, белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерине, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
4. Агенттик юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасындагы эсептери, Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсеби болот.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Агенттик аткаруу бийлигинин мамлекеттик башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен эриш-аркак иштейт.
6. Агенттик жана анын ведомстволук уюмдары пайдалуу кендердин запасын кеңейтүүдөн жана толуктоодон баштап аларды казууга жана кайра иштетүүгө чейин кендерди натыйжалуу пайдалануунун бирдиктүү системасын камсыз кылат. Кендерди иликтөө боюнча изилдөө жана методикалык иштерди аткаруу республикалык бюджеттин жана башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Агенттиктин максаты
7. Агенттиктин ишинин максаты болуп кендерди сарамжалдуу пайдалануу эсептелет.
3. Агенттиктин милдеттери
8. Агенттиктин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) кендерди системалуу комплекстүү геологиялык иликтөө;
б) кендерди пайдалануу маселелерин мамлекеттик жөнгө салуу жана кендердин мамлекеттик фондун башкаруунун системасын өркүндөтүү;
в) геологиялык чалгындоо ишин жүргүзүүдө жана пайдалуу кендерди иштетүүдө кендерди жана курчап турган чөйрөнү коргоо;
г) кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
д) топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштерди өнүктүрүүдө бирдиктүү техникалык саясатты жүргүзүү, картографиялык, топографиялык-геодезиялык иштерди жүргүзүүдө илимдин жана техниканын жаңы жетишкендиктерин, алдыңкы тажрыйбаны киргизүү.
4. Агенттиктин функциялары
9. Агенттик төмөнкүдөй функцияларды жүргүзөт:
а) Тармактык саясатты ишке ашыруу функциясы:
- кендерди иликтөө жана сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана кен казуу өнөр жайына тикелей чет элдик жана ата мекендик инвестицияларды тартат;
- тиешелүү нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышат;
- геологиялык изилдөөлөрдү жана кен казуу өнөр жайын натыйжалуу өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга катышат;
- минералдык-сырьелук ресурстарды иликтөөнүн жана пайдалануунун учурдагы жана келечектүү мамлекеттик, региондук пландарын жана тармактык программаларын иштеп чыгууга катышат жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Агенттиктин компетенциясы менен байланышкан маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган тартипте жана учурларда мамлекеттер аралык башкаруу органдарында жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;
- кендерди иликтөө жана минералдык-сырьелук ресурстарды өздөштүрүү боюнча мамлекеттер аралык программаларды жана макулдашууларды түзүүгө жана ишке ашырууга катышат;
- жаңы пайдалуу кендерди табуу жана болжолдоо, илимий-прикладдык маанидеги маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагын геологиялык иликтөөнү системалуу жүргүзүүнү камсыз кылат;
- гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык жана башка адистештирилген иштерди жүргүзүүдө, жер алдындагы таза жана термалдык-минералдык суулардын режимин жана абалын, калкка жана өндүрүштүк-социалдык комплекстерге коркунуч келтирген кооптуу экзогендик геологиялык процесстердин динамикасын иликтөөдө суу чарбалык камсыздоонун проблемасын чечүүнү камсыздайт;
- компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылайт, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- согуш мезгилинин шарттарында экономиканын, калктын жана Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыгын камсыз кылуу үчүн минералдык сырьенун жана жер алдындагы суулардын булактарынын запастарын болжолдойт;
- чет элдик донорлордун финансылык-техникалык колдоосунда жүргүзүлүүчү конвенциялар, долбоорлор, программалар боюнча кен пайдалануу жана курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү милдеттенмелерди аткарат;
- кендерди иликтөө жана пайдалануу, кен казуу өнөр жайынын комплексинин ишканаларын өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизет;
- кен өндүрүшү жана геология чөйрөсүндөгү жаңы технологияларды киргизүүгө көмөктөшөт;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларынын жана буйруктарынын долбоорлорун иштеп чыгат жана белгиленген тартипте киргизет;
- тейлеген чөйрөлөрдөгү эмгек ресурстарына керектөөлөрдүн болжолун иштеп чыгат;
б) Жөнгө салуу функциясы:
- каражаттардын бөлүштүрүлүшүн жүргүзөт жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө мамлекеттик заказдын аткарылышын контролдойт;
- жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматты пайдалануунун тартибин жана шарттарын аныктайт;
- фундаменталдуу жана атайын геодезиялык торлорду Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу үчүн координаттардын жана бийиктиктердин илимий негизделген системасын белгилейт;
- кен пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кен пайдалануу укугуна лицензияны берет, узартат, токтотуп турат жана кайтарып алат, лицензиялык макулдашуулардын шарттарынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- жардыруу иштерин жүргүзүүгө укук берүүнү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өнөр жай арналышындагы жардыруучу материалдарды сатып алууга жана сактоого күбөлүктү жана жардыруучунун күбөлүгүн берет;
- пайдалуу кендердин экономикалык баалуулугун жоготкон же белгиленген тартипте тындырылган запастарын белгиленген тартипте эсептен чыгарат;
- кооптуу өндүрүштүк объекттерди, кооптуу өндүрүштүк объекттердеги техникалык түзүлүштөрдү, имараттарды жана курулмаларды куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык жактан кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу үчүн долбоордук документтерге, өнөр жай коопсуздугу боюнча декларацияларга жана кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануу менен байланышкан башка документтерге өндүрүштүк коопсуздук экспертизасын жүргүзөт;
- жер казынасын коргоо бөлүгүндө кен жана кенди чалгындоо иштеринин, анын ичинде кен казуу секторунун объекттерин консеравциялоо жана жоюу долбоорлорун кошкондо, долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт;
- (онунчу абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-майындагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (он биринчи абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-майындагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жер казынасын коргоо бөлүгүндө кен жана кен чалгындоо иштерин өнүктүрүүнүн жылдык отчетторун жана программаларын (пландарын), анын ичинде кен казуу секторунун объекттерин консервациялоо жана жоюу долбоорлорун белгиленген тартипте макулдашат;
- кен жана кен чалгындоо иштерин өнүктүрүүнүн, аларды жүргүзүүнүн технологиясын өзгөртүүнүн пландарын, иштерди жүргүзүүнүн коопсуздугу боюнча техникалык чечимдерин өзгөртүү бөлүгүн белгиленген тартипте макулдашат;
- юридикалык жана жеке жактардын чарбалык иши үчүн зарыл болгон жардыруучу материалдарды жана жардыруу иштеринин шаймандарын даярдоонун санын белгиленген тартипте макулдашат;
- өнөр жай арналышындагы жардыруучу материалдарды жана катуу таасир берүүчү уулуу заттарды Кыргыз Республикасына алып кирүүнү (алып чыгууну) белгиленген тартипте макулдашат;
- кооптуу жүктөрдү (өнөр жай арналышындагы жардыргыч материалдарды жана катуу таасир берүүчү уулуу заттарды) коопсуз ташуунун шарттарын белгиленген тартипте макулдашат;
- бөтөн уюмдардын кампаларында өнөр жай арналышындагы жардыргыч материалдарды белгиленген тартипте сактоону макулдашат;
- кооптуу өндүрүш объекттеринде аварияларды жоюунун пландарын белгиленген тартипте макулдашат;
- кооптуу өндүрүш объектисинин персоналын өнөр жай коопсуздугунун маселелери боюнча даярдоонун жана кайра даярдоонун программасын белгиленген тартипте макулдашат;
- өнөр жай арналышындагы жардыргыч материалдардын реестрин жүргүзөт.
- товарлардын экспортуна жана импортуна эксперттик техникалык корутундуларды берет.
- баалуу металлдардын кендерин жана концентраттарын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасына(нан) импортоого (экспорттоого) эксперттик корутунду берет;
в) Координациялоо, мониторинг жана контролдоо функциясы:
- Кыргыз Республикасынын аймагынын геологиялык жактан иликтешине, пайдалуу кендерди казуу жана кайра иштетүү боюнча ишканалардын минералдык сырьенун запастары менен камсыз болушуна мониторинг жүргүзөт;
- жер казынасынын мамлекеттик фондун түзөт, пайдалуу кендерди эсепке алууну жүргүзөт, Пайдалуу кендердин запасынын мамлекеттик балансын жүргүзөт, мында алардын кыймылына жана өзгөрүүлөрүнө туруктуу мониторинг кылат, кендердин жана пайдалуу кендер белгиленген жерлердин кадастрларын түзөт;
- "Жер алдындагы суулар" бөлүмү боюнча мамлекеттик кадастрды жүргүзөт;
- компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик тиешелүү органдар жана өкмөттүк эмес түзүмдөр менен эриш-аркак иштейт;
- мамлекеттик заказ боюнча жер казынасын геологиялык иликтөөнүн программаларын белгиленген тартипте каржылоону координациялайт, бөлүнгөн каражаттардын (ведомстволук уюмдар тарабынан) сарамжалдуу пайдаланылышын контролдойт;
- (жетинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 437 токтомуна 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 ылайык күчүн жоготту)
Жер алдындагы таза жана термалдык-минералдык сууларды булгоодон жана азаюудан коргоого мамлекеттик контролдоо жүргүзөт, геологиялык чөйрөгө, анын ичинде жер алдындагы суулардын режимине жана сапатына, кооптуу экзогендик геологиялык процесстерине байкоо бөлүгүнө мониторинг жүргүзөт;
- жер казынасын булгоону болтурбоо максатында зыяндуу заттардын, өндүрүштүн калдыктарынын сакталышынын, агын сууларды агызуунун мүмкүндүгүн жана шарттарын мамлекеттик тиешелүү органдар менен бирдикте аныктоого катышат;
- ведомстволук мамлекеттик геологиялык уюмдардын бухгалтердик жана статистикалык эсепке алуусуна жана отчеттуулугуна, финансылык-чарбалык ишине контрол жүргүзөт, бухгалтердик жана статистикалык маалыматтардын мамлекеттик тиешелүү органдарга өз убагында берилишин контролдойт;
- Агенттик тейлеген чөйрөдөгү инвестициялык программаларды жана долбоорлорду киргизүү максатында мамлекеттик башка органдар менен кызматташтыкты жана ишти координациялоону жүргүзөт;
- кен пайдалануучулар тарабынан лицензиялык макулдашуулардын шарттарынын сакталышын контролдойт;
- жер казынасын пайдалануучулар тарабынан жер казынасынын сарамжалдуу пайдаланылышы жана корголушу үчүн мамлекеттик контролдоону ишке ашырат;
- жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензияларда, техникалык долбоорлордо, өнүктүрүүнүн пландарында жана жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди аткаруу боюнча башка документтерде камтылган жер казынасын пайдалануунун шарттарынын аткарылышын текшерет;
- бекитилген техникалык долбоорлордун жана жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди аткаруу боюнча башка документтердин бар экендигин текшерет;
- пайдалуу кендердин абалы жана камдыктарынын өзгөрүшү тууралуу геологиялык жана башка алгачкы документтердин мазмунунун тууралыгын текшерет;
- геологиялык маалыматтар фонддоруна жер казынасы жөнүндө мамлекеттик отчеттуулукту, ошондой эле геологиялык жана башка маалыматтарды тапшыруунун белгиленген тартибинин сакталышын текшерет;
- чалгындалуучу кен иштетүүлөрдүн жана скважиналардын, геологиялык жана техникалык документтердин, кен жана тоо тектеринин үлгүлөрүнүн, кендердин, жер казынасын, пайдалуу кен чыккан жерлерди андан ары изилдөөдө, чалгындоодо жана иштетүүдө, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алууга байланышпаган максаттарда, жер казынасын пайдаланууда колдонулушу мүмкүн болгон пайдалуу кендердин сынамдарынын жупнускаларынын сакталышын текшерет;
- пайдалуу кендердин мамлекеттик теңдеминин камдыгына пайдалуу кендердин камдыгын коюу жана аларды мамлекеттик теңдемдин эсебинен чыгарып салуу үчүн жер казынасын пайдалануучулар берген материалдардын тууралыгын жана негиздүүлүгүн текшерет;
- жер казынасын коргоо, лицензиялоонун шарттарынын аткарылышы боюнча пландуу, ошондой эле пландан тышкаркы - арыздар жана даттануулар боюнча текшерүүлөрдү ишке ашырат.
г) Кызмат көрсөтүү функциясы:
- кендерди пайдалануу жана жөнгө салуу маселелери, экологиялык жана жаратылышты коргоо мыйзамдары боюнча консультация берет;
- Кыргыз Республикасынын аймагынын геологиялык түзүлүшүнүн ар кандай маселелери боюнча минералдык-сырьелук базасы жана пайдалуу кендердин жайгашкан жери жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берет;
- Мамлекеттик геологиялык фонддун жана Геологиялык баштапкы маалыматтын архивинин материалдары менен белгиленген тартипте тааныштырат;
- ар кандай курулмаларды куруунун белгиленген аянттарында пайдалуу кендер жайгашпагандыгы жөнүндө же бар экендиги жөнүндө корутунду берет;
- минералдык сырьедон өндүрүлгөн товарлардын өзгөчөлүктөрү, белгилүү бир сапаттары жана башка мүнөздөмөлөрү байланышкан географиялык жерлердин чек араларын аныктайт;
- ар кандай арналыштагы карталарды жана атластарды чыгарууну жүргүзөт;
- лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгарылуучу рудалардын жана кен породаларынын, концентраттардын, өндүрүштүк калдыктардын жана лабораториялык сынамыктардын үлгүлөрүнүн келип чыгышы жөнүндө корутунду берет;
- коллекциялык материал катарында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгарылуучу кен породаларынын жана рудалардын үлгүлөрүнүн келип чыгышы жөнүндө корутунду берет.
д) Колдоо функциясы:
- Пайдалуу кендердин запасы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комиссиясынын ишин уюштурат;
- кен казуу өнөр жайын жана геология тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча ишине катышат;
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча материалдарды мыйзамдарда белгиленген тартипте иштеп чыгууга катышат, мында жердин чегин белгилейт, ошондой эле өзгөчө жаратылыш коргоочу, укуктук жана башка режимдери бар өтө корголуучу аймактарды жайгаштыруунун жана алардын чектерин белгилөөнүн техникалык-экономикалык негиздүүлүгүн аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы геодезиялык пункттарды эсепке алат, ушул пункттардын сакталышын белгиленген тартипте камсыз кылат;
- мамлекеттик заказ боюнча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнүн финансылык жана экономикалык маселелерин жөнгө салат;
- кен казуучу өнөр жайдын ишканаларына ресурс үнөмдөөчү, кендерди сарамжалдуу жана комплекстүү пайдалануунун экологиялык жактан таза технологияларын киргизүүгө көмөк көрсөтөт;
- кендерди геологиялык иликтөөнүн жаңы методикаларын жана прогрессивдик технологияларын иштеп чыгууну жана киргизүүнү камсыз кылат;
- геологиялык маалыматтын фондусунун бирдиктүү мамлекеттик системасынын иштөөсүн камсыз кылат, Мамлекеттик геологиялык фондго берилүүгө тийиш болгон геологиялык жана башка маалыматтардын мазмунун жана формасын аныктайт;
- геологиялык иликтөө, кендерди пайдалануу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты белгиленген тартипте жүргүзөт;
- окутуу жана кайра даярдоо системасын кошкондо, кадрдык ресурстарды башкаруу системасын түзөт жана аны Агенттиктин бардык деңгээлдеринде иш жүзүндө киргизүүнү жүргүзөт;
- менчигинин түрүнө карабастан, иши кооптуу өндүрүш объекттери менен байланышкан уюмдар үчүн инженердик-техникалык кызматкерлерди жана негизги кесиптеги жумушчуларды Тармактар аралык окутуу борбору аркылуу даярдоону жана кайра даярдоону жүргүзөт;
- улуттук жана эл аралык илимий-техникалык мекемелер жана уюмдар менен байланыш түзөт жана алар менен биргелешкен изилдөө ишин жүргүзөт, Агенттиктин компетенциясынын алкагында кызматташтык жөнүндө зарыл болгон макулдашууларга, протоколдорго жана башка документтерге кол коет;
- республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык маалыматтык системалардын алкагында маалымат алмашууга көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын мобилизациялык даярдыгы чөйрөсүндө Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыгын камсыз кылуунун шарттарын даярдайт;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтык-маалымдама жана башка адабиятты даярдоону жана чыгарууну уюштурат;
- Агенттиктин иш чөйрөсүнө кирген улуттук стандарттарга, эл аралык (региондук) стандарттарга, ошондой эле техникалык регламенттерге экспертиза жүргүзүү боюнча комиссиялардын (топтордун) ишине катышат;
- геодезия жана картография боюнча долбоорлоо-иликтөө жана илимий-изилдөө иштерин башкарууну уюштурат жана жүргүзөт;
- ведомстволук бардык уюмдарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик, статистикалык эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштурат жана жүргүзөт;
- жер казынасын пайдалануу жана коргоо жагында республиканын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгууга катышат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 301, 2013-жылдын 31-майындагы № 308, 2014-жылдын 4-августу № 437, 2015-жылдын 12-марты № 115 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Агенттиктин укуктары
10. Агенттик өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- кен казуу өнөр жайынын жана геологиялык тармактын ишканаларынан, менчигинин түрүнө карабай, өндүрүштүк-чарбалык иштери жөнүндө бир айлык, кварталдык жана жылдык маалыматты белгиленген тартипте сурап алууга;
- контролдоо-көзөмөлдөө функцияларын жүргүзүү боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан кен пайдалануучуларды текшерүүнүн материалдарын (жыйынтыктарын) алууга;
- Агенттиктин функцияларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон, геологиялык иликтөө жана кен пайдалануу маселелери боюнча материалдарды, сунуштарды жана корутундуларды аткаруу бийлигинин органдарынан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден сурап алууга;
- баш ийген уюмдардын өндүрүштүк-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетторду коллегиянын жыйынында угууга жана алардын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- баалардын түзүлүшү, долбоорлоо-изилдөө, долбоорлоо-конструктордук жана башка иштер боюнча актыларды белгиленген тартипте бекитүүгө, буга ведомстволук уюмдар үчүн геологиялык чалгындоо иштерин каржылоо боюнча иштер кирет;
- Агенттикке белгиленген тартипте бекитип берилген мүлктү пайдаланууга жана аларды башкарууга, бул мүлк негизги фонддордон, жүгүртүү каражаттарынан, башка материалдык баалуулуктардан жана финансылык ресурстардан турат;
- Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин ишканалары, уюмдары менен кызматташуу боюнча келишимдерди жана макулдашууларды белгиленген тартипте түзүүгө;
- макулдашууларды түзүүгө жана жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары менен ар кандай ассоциацияларга белгиленген тартипте кирүүгө;
- Агенттиктин адистери үчүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө квалификацияны үзгүлтүксүз жогорулатууну, тренингдерди жүргүзүүнү, тажрыйба алмашууну камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана учурларда, эл аралык уюмдардын тиешелүү органдарында Кыргыз Республикасынын атынан чыгууга, колдонуудагы мыйзамдардан келип чыккан Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга багытталган чараларды көрүүгө, ошондой эле эл аралык кызматташтык боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- мамлекеттик заказдарды эске алуу менен Агенттиктин бюджетин түзүүгө катышууга жана сунуштарды берүүгө;
- тындырылган запастардын иликтешини, пайдаланылышы, анын ичинде кыймылы, пайдалуу кендердин алынышы, минералдык сырьену кайра иштетүүдө пайдалуу компоненттердин алынышы, товардык продукциянын өндүрүлүшү жана сатылышы, табигый ресурстарды пайдалангандыгы үчүн салыктардын төлөнүшү жөнүндө маалыматты кен пайдалануучулардан алууга;
- иштин белгиленген чөйрөсүндө маалыматты жарыялоо, Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча башка материалдарды жайгаштыруу үчүн жалпыга маалымдоонун басма каражаттарын белгиленген тартипте уюштурууга;
- Агенттиктин иш чөйрөсүнө кирген маселелерди иштеп чыгуу үчүн илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди белгиленген тартипте тартууга;
- координациялык жана кеңешүүчү, анын ичинде ведомстволор аралык органдарды, фонддорду иштин белгиленген чөйрөсүндө түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- производить проверки соблюдения установленного порядка пользования недрами в отношении юридических и физических лиц;
- выдавать обязательные для исполнения предписания об устранении выявленных нарушений законодательства Кыргызской Республики о недрах;
- рассматривать материалы об административных правонарушениях и налагать административные взыскания в порядке, установленном Кодексом Кыргызской Республики об административной ответственности.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 437 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Агенттиктин ишин уюштуруу
11. Агенттикти директор жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
12. Директор Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана иштин белгиленген чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчиликти тартат.
13. Агенттиктин штатында статс-катчынын жана директордун орун басарынын кызмат орду каралат.
14. Статс-катчыны дайындоонун, аны кызматтан бошотуунун тартиби, функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарда аныкталат.
15. Директордун орун басарлары директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 184 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Агенттиктин борбордук аппаратын жана ведомстволук түзүмдөрүн күтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджетте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген булактарда каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
17. Директор:
- Агенттиктин, анын коллегиясынын, борбордук аппараттын жана ведомстволук уюмдарынын ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен мамилелерде Агенттиктин атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча эриш-аркак иштөө жана кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго белгиленген тартипте кол коет;
- Агенттиктин ишин уюштуруу боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- Агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Агенттиктин системасынын кызматкерлерине жана жумушчуларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сыйлоонун түрлөрүн жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Агенттиктин борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык органдарынын түзүмүн бекитет, анын өзгөрүүсү Агенттиктин милдеттерин жана функцияларын өзгөртүү менен гана байланыштуу болушу мүмкүн. Мында директорду кызматка дайындоо Агенттиктин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- Агенттиктин кызматкерлеринин эмгек акы фондунун белгиленген ченемдеринин жана чектик санынын чегинде Агенттиктин борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык органдарынын штаттык ырааттамасын бекитет;
- Агенттиктин атынан ишеним каттарды берет, Агенттиктин мүлкүн жана каражаттарын белгиленген тартипте тескейт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бүтүмдөрдү түзөт;
- Агенттиктин жана Агенттикке караган түзүмдөрдүн кызматкерлерин, белгиленген чөйрөдө иштеген башка адамдарды ардак наамдарды ыйгарууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого белгиленген тартипте көрсөтөт;
- Агенттиктин ведомстволук түзүмдөрүнө тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- ведомстволук түзүмдөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин, эгерде чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбесе, жокко чыгарат;
- Агенттиктин системасынын кызматкерлерин статс-катчынын сунушу боюнча кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга класстык чиндерди ыйгарат;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин номенклатурасына кирген кызматтарды ээлөөгө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштарды киргизет;
- кызмат орду боюнча Агенттиктин жарандык коргоосунун начальниги болуп эсептелет;
- Агенттиктин компетенциясына кирген оперативдик, уюштуруу-штаттык, кадрдык, финансылык, өндүрүш-чарбалык жана башка маселелерди чечүүдө Агенттиктин системасындагы кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- статс-катчы менен директордун орун басарынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;
- мамлекеттик кызмат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашып статс-катчыга башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүктөйт;
- Агенттиктин акча каражаттарын банктардагы алыш-бериш эсептерде, атайын жана башка эсептерде тескейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-майындагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Директордун орун басары жана статс-катчы өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алат, тейлеген маселелери боюнча нускама, методикалык, кириш жана чыгыш документтерге кол коет.
19. Агенттикте курамына директор (төрага), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, статс-катчы, директордун орун басары жана Агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башка кызматкерлери кирген, 9 адамдан турган коллегия түзүлөт.
20. Курамына кызмат орду боюнча кирген адамдарды кошпогондо, коллегиянын мүчөлөрүнүн жеке курамы директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.
21. Агенттикте Пайдалуу кендердин запастары боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комиссиясы иштейт, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобого ылайык иш жүргүзөт.
22. Агенттикте Илимий-техникалык кеңеш түзүлөт. Илимий-техникалык кеңештин жеке курамын жана ал жөнүндө жобону Агенттиктин директору бекитет.
23. Агенттиктин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген Коомдук кеңеш түзүлөт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 30-марты № 168 токтомдун редакциясына ылайык)
7. Корутунду жоболор
24. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.