Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-февралы №127
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
(В редакции постановления Правительства КР от 8 октября 2014 года № 584)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" жана 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралар жөнүндө" токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугуна көзөмөл жана тоо кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын атайын эсебинин каражаттарын кошкондо, материалдык-техникалык базасы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин укук улантуучусу катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында калтырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте өнөр жай коопсуздугу жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына берилүүчү зарыл болгон материалдык-техникалык каражаттардын тизмесин аныктасын;
- үч айлык мөөнөттө ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболордун долбоорлорун жана ушул токтомдон келип чыккан Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугуна көзөмөл жана тоо кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө. Бабанов |
|
|
2-тиркеме
СХЕМА управления Государственного агентства по геологии и минеральным ресурсам при Правительстве Кыргызской Республики
(В редакции постановления Правительства КР от 8 октября 2014 года № 584)