Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 токтому менен бекитилген |
№ | Иш-чаранын аталышы | Аткаруучу | Аткаруу мөөнөтү |
I. Бажылык башкаруу чөйрөсүндө
| |||
1. Бажы союзунда бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу Бажы союзунун Бажы кодексине жана Бажы союзунун мүчө мамлекеттеринин эл аралык келишимдерине кошулуу
| |||
1. | Бажы союзунда бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдердин тизмегин актуалдаштыруу, 2010-жылдын 21-майындагы Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажы реестри жөнүндө макулдашууну ага киргизүү менен Бажы союзуна (мындан ары – БС) кошулуу жана бир мезгилде ага кирүү Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү болуп эсептелет | МБК Евразиялык экономикалык комиссия менен бирдикте | 2014-жылдын 25-июлуна чейин |
2. | БСнын Бажы кодексине жана бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге ылайык кабыл алынган БСнын Комиссиясынын жана Евразиялык экономикалык комиссиянын (мындан ары – ЕЭК) чечимдеринин тизмегин актуалдаштыруу, аларды аткарууга кабыл алуу БСга Кыргыз Республикасынын кошулушу үчүн милдеттүү | МБК
| 2014-жылдын 25-июлуна чейин |
3. | БСнын бажы мыйзамдарына ылайык келтирүү үчүн өзгөртүү киргизүүнү талап кылган же болбосо аларды жокко чыгаруу зарыл болгон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмегин аныктоо | ЭМ МБК
| 2014-жылдын 25-июлуна чейин |
4. | БСнын бажы мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык жана Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын БСга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө эл аралык келишимдердин жоболорун эске алуу менен жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү тартибин даярдоо жана колдонуу (мындан ары – кошулуу жөнүндө келишим): |
|
2014-жылдын 31-августу (эскертүү) |
| - жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү тартибин шайкеш келтирүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасында иштеп чыгуу | ЭМ МБК
| |
| - БСнын бажы мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү тартибин колдонуу | МБК ЭМ
| кошулуу жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык |
5. | Алдын ала чечимдер менен иштерди уюштуруу: | МБК |
|
| - БСнын Бажы кодексине ылайык БСнын бирдиктүү Тышкы экономикалык иштеринин товардык номенклатурасы (мындан ары – БС ТЭИ ТН) боюнча товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдерди кабыл алуу тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу; |
| 2014-жылдын 31-августу (эскертүү) |
| - БС ТЭИ ТНга ылайык товарларды квалификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдердин борборлоштурулган маалыматтар базасын түзүү жана ага төмөн турган бажы органдарынын жетүүсүн камсыз кылуу; - бажы кызматы тарабынан алдын ала кабыл алынган чечимдер жөнүндө тышкы экономикалык иштин катышуучуларына маалымдоо тартиби; |
| 2015-жылдын 1-январы
2015-жылдын 1-январы |
| - БС ТЭИ ТН боюнча товарларды квалификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдер тууралуу маалыматтарды ЕЭКке жиберүүнү уюштуруу |
| 2015-жылдын 1-январы |
6. | БСнын бажы мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген транзиттик декларацияны, товарларга декларацияны, жүргүнчү бажылык декларацияны жана транспорт каражаттарына декларацияны колдонуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу, ошондой эле аларды толтуруу тартиби жана алар менен бажылык операцияларды аткаруу | МБК | 2014-жылдын 31-августу (эскертүү) |
7. | БСнын бажы мыйзамдарында белгиленген бажылык документтердин формаларын колдонууну камсыз кылуу | МБК | 2014-жылдын 31-августу (эскертүү) |
8. | Бажылык идентификациялоо каражаттарын өз ара таанууга багытталган чараларды көрүү | МБК | 2015-жылдын 1-январы |
9. | Кыргыз Республикасында бажылык контролдоону жүргүзүү формаларын БСнын бажы мыйзамдарына, методдорду жана аларды колдонуу практикасын – БСга мүчө мамлекеттерде аны жүргүзүүнүн методдоруна жана укук колдонуу практикасына ылайык келтирүүгө багытталган чараларды көрүү | МБК | 2015-жылдын 1-январы |
10. | Евразиялык экономикалык коомдоштуктун алкагында 2011-жылдын 22-июнундагы БСга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын өкүлчүлүктөрүнүн иштеринин маселелери боюнча бажы иштериндеги кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө макулдашууда каралган өз ара аракеттенүүнүн үлгүсү боюнча БСга мүчө мамлекеттердин жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматтарынын кызмат адамдарынын өз ара байланышын уюштуруу | МБК | 2015-жылдын 1-январы |
11. | Кыргыз Республикасынын тобокелдиктерин башкаруу системасынын натыйжалуулугун баалоо жана БСга мүчө мамлекеттерде бажылык башкаруу чөйрөсүндө укук колдонуу практикасынын негизинде иштелип чыккан бир түргө келтирилген механизмдерди колдонуу максатында тобокелдиктерди башкаруу процессин маалыматтык-техникалык камсыздоону ишке ашыруу | МБК | 2015-жылдын 1-январы |
12. | БСнын Бажы кодексинде каралган реестрлерге ылайык өз ишин Кыргыз Республикасында ишке ашыруучу бажы брокерлерин, убактылуу сактоо кампаларынын ээлерин, бажы кампаларынын ээлерин жана алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлерин киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү бажы иши чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу адамдарга карата өтмө жоболорду аныктоо | МБК | 2014-жылдын 31-августу (эскертүү) |
13. | Эл аралык жол менен ташуулар (ЭЖТ) китепчелери боюнча кепилдиктердин суммасынын өлчөмүн БСга мүчө мамлекеттерде белгиленген кепилдиктердин суммасынын өлчөмдөрүнө ылайык келтирүү | МБК ТКМ | 2015-жылдын 1-январы |
14. | БСнын Бажы кодексине же БСнын мыйзамдарына шилтеме жасоочу ченемдер ишке ашырылуучу бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | ЭМ МБК | 2014-жылдын 31-августу (БСга Кыргыз Республикасынын кошулушу менен бир мезгилде аталган мыйзамдын күчүнө киришин көңүлгө алуу менен) |
15. | БСнын бажы мыйзамдарынын жана бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу | ЭМ МБК | 2014-жылдын 31-августу (эскертүү) |
16. | БСга Кыргыз Республикасынын кошулушуна байланышкан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу | ЭМ МБК | 2015-жыл (кошулгандан кийин макулдашылган мезгил ичинде) |
17. | БСнын бажы мыйзамдарына шайкеш келбеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу | ЭМ МБК | 2014-жылдын 31-августу (эскертүү)
|
18. | БСга мүчө болбогон мамлекеттер менен Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларды колдонуу маселелерин жана алардын бажылык башкаруу процессине таасирин изилдөө | ЭМ ТИМ ФМ МБК | 2014-жылдын 31-августу |
19. | БСга мүчө болбогон мамлекеттер менен Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларды БСнын келишимдик-укуктук базасына ылайык келтирүү планын иштеп чыгуу
| ЭМ ТИМ ФМ МБК | 2014-жылдын 31-августу |
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажылык маалыматтык технологияларын жана маалыматтык-программалык каражаттарын БСнын бажы мыйзамдарына ылайык келтирүү
| |||
20. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - БАМС) түзүү жана ишке киргизүү боюнча иштерди аяктоо | МБК | 2015-жылдын 1-январы |
21. | БСга мүчө мамлекеттердеги бажылык маалыматтык технологияларды жана жалпы бажылык процесстерди ишке ашыруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдары үчүн окуу-методикалык семинарларды уюштуруу | МБК | 2014-жыл ичинде (Кыргыз Республикасынын БСга мүчө мамлекеттер менен макулдашуусу боюнча) |
22. | БСнын бажы мыйзамдарына ылайык бажылык маалыматтык технологияларды жана маалыматтык-программалык каражаттарды пайдалануу менен бизнес-процесстерге талдоо жүргүзүү | МБК
| 2014-жылдын 29-июлуна чейин |
23. | Тиркемеге ылайык тизмек боюнча БСнын ченемдик жана башка документтеринин талаптарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын БАМСына модернизациялоо жүргүзүү | МБК ФМ
| 2015-жылдын 1-январы *
|
24. | Жалпы бажылык процесстердин иштешин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын БАМСына модернизациялоо жүргүзүү: | МБК ФМ | 2015-жылдын 1-январы* |
| - БСнын тышкы жана өз ара соодасынын интеграцияланган маалыматтык системасынын маалыматтарын алмашуу үчүн зарыл болгон адаптерлерди ишке ашыруу; |
| |
| - бажылык транзитти контролдоо; | ||
| - БСга мүчө мамлекеттердин тышкы чек аралары аркылуу товарларды иш жүзүндө ташып чыгууну ырастоо; | ||
| - БСга мүчө мамлекеттердин аймагына убактылуу алып келинген транспорт каражаттарын эсепке алуу жана контролдоо; | ||
| - БСга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын ортосунда ченемдик-маалымдамалык маалыматтарды алмашуу; | ||
| - 2010-жылдын 21-майындагы БСга мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын өз ара административдик жардамдары жөнүндө макулдашууга ылайык маалыматтарды алмашуу; | ||
| - 2011-жылдын 19-октябрындагы БСга мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын аналитикалык жана контролдук функцияларын ишке ашыруу үчүн маалыматтарды алмашууну уюштуруу жөнүндө макулдашууга ылайык маалыматтарды алмашуу; | ||
| - БСга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын ортосундагы маалыматтарды алмашууну кароочу, анын ичинде жүргүзүлгөн бажылык контролдоонун натыйжалары жөнүндө башка макулдашууларга ылайык маалыматтарды алмашуу | ||
25. | БСга мүчө мамлекеттердин бажы органдарында колдонулуучу тобокелдиктерди башкаруунун автоматташтырылган системасын пайдалануу менен тобокелдиктерди башкаруу системаларын бажылык контролдоонун жол-жоболорун ишке ашырууга болгон ыкмаларга ылайык келтирүү максатында аны өнүктүрүү жана өркүндөтүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын БАМСын модернизациялоо (БСга мүчө мамлекеттерде бажылык башкаруунун колдонулуудагы практикасын эске алуу менен) | МБК ФМ
| 2015-жылдын 1-январы* |
26. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын модернизацияланган БАМСынын ишине кызмат адамдарын окутуу | МБК ФМ
| 2015-жылдын 1-январы*
|
27. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын БАМСын пайдаланууга берүүнү уюштуруу жана тестирлөө, сыноо жана кабыл алууну жүргүзүү | МБК ФМ | 2015-жылдын 1-январы* |
28. | ЕЭК менен Кыргыз Республикасынын жана БСга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын ортосунда маалыматтарды берүү системасын уюштуруу (БСнын тышкы жана өз ара соодасынын интеграцияланган маалыматтык системасын түзүү боюнча иштердин алкагында) | МБК ФМ
| 2015-жылдын 1-январы* (маалыматтарды берүүнү баштоо – кошулган учурдан тартып) |
3. Өткөрүү пункттарын (товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүчү жерлерди) БСнын бажы мыйзамдарына ылайык келтирүү ылайык келтирүү
| |||
29.
| Өткөрүү пункттарын жайгаштырууга жана техникалык жабдууга талдоо жүргүзүү (товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүчү жерлер) жана аларды жайгаштыруунун артыкчылыгын аныктоо («биринчи кезектеги», «келечектүү», «аба» жана «оптималдаштырылуучу»)
| МБК МЧК Ветинспекция ССМ ТКМ БКМК | 2014-жылдын 29-июнуна чейин |
30.
| БСнын Комиссиясынын 2011-жылдын 22-июнундагы № 688 чечими менен бекитилген БСнын тышкы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында ишке ашырылуучу чек аралык, бажылык, санитардык-карантиндик, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык жана транспорттук контролдоону уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана материалдык-техникалык жабдууга Бирдиктүү типтүү талаптарга ылайык «биринчи кезектеги» өткөрүү пункттарын (товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүчү жерлер) жайгаштыруу жана материалдык-техникалык жабдуу | МБК МЧК Ветинспекция ССМ ТКМ БКМК ФМ | 2015-жылдын* 1-январы |
| а) «Эркеч-Там» автожол өткөрүү пунктунун бөлүгүндө (мындан ары – АЖӨП) (мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай участогу): - БАМСты киргизүү: төмөнкүлөр менен жабдуу: радиациялык контролдоо системасы менен (туруктуу орнотулган аппаратура жана алып жүрмө жабдуулар менен); жеке адамдардын температурасын байланышсыз өлчөө системасы менен (2 даана); инспекциялык-кароо комплекси менен (мындан ары – ИКК) (1 даана); автотранспорт каражаттарын электрондук эсепке алуу системасы менен (2 даана); коргоонун, жетүүнү контролдоонун инженердик каражаттарынын системасы жана кайтаруу сигналдаштыруусу менен (1 даана); видеокамералар менен (КӨПкө, жүргүнчүлөрдү тариздөө залдарына периметри боюнча кошумча видеокамераларды жайгаштыруу, жүктөрдү контролдоо жана аларга чек аралык жана бажылык кызматтардын жетишин уюштуруу); биологиялык калдыктарды жыйноо жана утилдештирүү системасы менен (1 даана); транспорт каражаттарын тазалоо жана дезинфекциялоо системасы менен (1 даана); карантиндик продукцияларды зыянсыздандыруу системасы менен (1 даана); резервдик электр азыктандыруу системасы менен (1 даана); куралдарды, баңгизат каражаттарын жана алып кирүүгө, алып чыгууга тыюу салынган башка товарларды табуу системасы менен |
|
|
| б) «Торугарт» АЖӨП бөлүгүндө (мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай участогу): - БАМСты киргизүү төмөнкүлөр менен жабдуу: радиациялык контролдоо системасы менен (туруктуу орнотулган аппаратура жана алып жүрмө жабдуулар менен); жеке адамдардын температурасын байланышсыз өлчөө системасы менен (2 даана); ИКК менен (1 даана); автотранспорт каражаттарын электрондук эсепке алуу системасы менен (2 даана); коргоонун, жетүүнү контролдоонун инженердик каражаттары системасы жана кайтаруу сигналдаштыруусу менен (1 даана); видеокамералар менен (КӨПкө, жүргүнчүлөрдү тариздөө залдарына периметри боюнча кошумча видеокамераларды жайгаштыруу, жүктөрдү контролдоо жана аларга чек аралык жана бажылык кызматтардын жетишин уюштуруу); биологиялык калдыктарды жыйноо жана утилдештирүү системасы менен (1 даана); транспорт каражаттарын тазалоо жана дезинфекциялоо системасы менен (1 даана); карантиндик продукцияларды зыянсыздандыруу системасы менен (1 даана); резервдик электр азыктандыруу системасы менен (1 даана); куралдарды, баңгизат каражаттарын жана алып кирүүгө, алып чыгууга тыюу салынган башка товарларды табуу системасы менен |
|
|
| в) «Достук» АЖӨП бөлүгүндө (мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек участогунда): - БАМСты киргизүү төмөнкүлөр менен жабдуу: радиациялык контролдоо системасы менен (алып жүрмө жабдуулар менен); жеке адамдардын температурасын байланышсыз өлчөө системасы менен (2 даана); жеке адамдардын жүгүн жана кол жүгүн текшерүү (кароо) системасы менен (2 даана); транспорт каражаттарын жана товарларды текшерүү (кароо) системасы менен (2 даана); ИКК менен (1 даана); автотранспорт каражаттарын электрондук эсепке алуу системасы менен (2 даана); автотранспорт каражаттарынын салмактык параметрлерин жана габариттик өлчөмдөрүн автоматтык (октук) аныктоо системасы менен (1 даана); куралдарды, баңгизат каражаттарын жана алып кирүүгө, алып чыгууга тыюу салынган башка товарларды табуу системасы менен (2 даана); коргоонун, жетүүнү контролдоонун инженердик каражаттары системасы жана кайтаруу сигналдаштыруусу менен (1 даана); видеокамералар менен (КӨПкө, жүргүнчүлөрдү тариздөө залдарына периметри боюнча кошумча видеокамераларды жайгаштыруу, жүктөрдү контролдоо жана аларга чек аралык жана бажылык кызматтардын жетишин уюштуруу); биологиялык калдыктарды жыйноо жана утилдештирүү системасы менен (1 даана); транспорт каражаттарын тазалоо жана дезинфекциялоо системасы менен (1 даана); карантиндик продукцияларды зыянсыздандыруу системасы менен (1 даана); резервдик электр азыктандыруу системасы менен (1 даана); куралдарды, баңгизат каражаттарын жана алып кирүүгө, алып чыгууга тыюу салынган башка товарларды табуу системасы менен |
|
|
| г) «Кызыл-Кыя» АЖӨП бөлүгүндө (мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек участогу): - БАМСты киргизүү төмөнкүлөр менен жабдуу: радиациялык контролдоо системасы менен (алып жүрмө жабдуулар менен); автотранспорт каражаттарынын салмактык параметрлерин жана габариттик өлчөмдөрүн автоматтык (октук) аныктоо системасы менен (1 даана); ИКК менен (1 даана); коргоонун, жетүүнү контролдоонун инженердик каражаттары системасы жана кайтаруу сигналдаштыруусу менен (1 даана); видеокамералар менен (КӨПкө, жүргүнчүлөрдү тариздөө залдарына периметри боюнча кошумча видеокамераларды жайгаштыруу, жүктөрдү контролдоо жана аларга чек аралык жана бажылык кызматтардын жетишин уюштуруу); биологиялык калдыктарды жыйноо жана утилдештирүү системасы менен (1 даана); карантиндик продукцияларды зыянсыздандыруу системасы менен (1 даана); резервдик электр азыктандыруу системасы менен (1 даана); куралдарды, баңгизат каражаттарын жана алып кирүүгө, алып чыгууга тыюу салынган башка товарларды табуу системасы менен |
|
|
| д) «Кара-Суу» темир жол өткөрүү пункту бөлүгүндө (мындан ары – АЖӨП) (чек аранын кыргыз-өзбек участогунда): - БАМСты киргизүү төмөнкүлөр менен жабдуу: радиациялык контролдоо системасы менен (туруктуу орнотулган аппаратура жана алып жүрмө жабдуулар менен); автотранспорт каражаттарынын салмактык параметрлерин жана габариттик өлчөмдөрүн автоматтык (октук) аныктоо системасы менен (1 даана); ИКК менен (1 даана); коргоонун, жетүүнү контролдоонун инженердик каражаттары системасы жана кайтаруу сигналдаштыруусу менен (1 даана); видеокамералар менен (КӨПкө, жүргүнчүлөрдү тариздөө залдарына периметри боюнча кошумча видеокамераларды жайгаштыруу, жүктөрдү контролдоо жана аларга чек аралык жана бажылык кызматтардын жетишин уюштуруу); биологиялык калдыктарды жыйноо жана утилдештирүү системасы менен (1 даана); карантиндик продукцияларды зыянсыздандыруу системасы менен (1 даана); резервдик электр азыктандыруу системасы менен (1 даана); куралдарды, баңгизат каражаттарын жана алып кирүүгө, алып чыгууга тыюу салынган башка товарларды табуу системасы менен |
|
|
| е) «Кызыл-Кыя» АЖӨП бөлүгүндө (кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара участогу): - БАМСты киргизүү төмөнкүлөр менен жабдуу: радиациялык контролдоо системасы менен (стационардык аппаратура жана алып жүрмө жабдуулар менен); автотранспорт каражаттарынын салмактык параметрлерин жана габариттик өлчөмдөрүн автоматтык аныктоо системасы менен (1 даана); ИКК менен (1 даана); коргоонун, жетүүнү контролдоонун инженердик каражаттары системасы жана кайтаруу сигналдаштыруусу менен (1 даана); видеокамералар менен (КӨПкө, жүргүнчүлөрдү тариздөө залдарына периметри боюнча кошумча видеокамераларды жайгаштыруу, жүктөрдү контролдоо жана аларга чек аралык, бажылык кызматтардын жетишин уюштуруу); биологиялык калдыктарды жыйноо жана утилдештирүү системасы менен (1 даана); карантиндик продукцияларды зыянсыздандыруу системасы менен (1 даана); резервдик электр азыктандыруу системасы менен (1 даана); куралдарды, баңгизат каражаттарын жана алып кирүүгө, алып чыгууга тыюу салынган башка товарларды табуу системасы менен |
|
|
| ж) «Жалал-Абад» АЖӨП бөлүгүндө (кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара участогу): - БАМСты киргизүү төмөнкүлөр менен жабдуу: радиациялык контролдоо системасы менен (стационардык аппаратура жана алып жүрмө жабдуулар менен); автотранспорт каражаттарынын салмактык параметрлерин жана габариттик өлчөмдөрүн автоматтык аныктоо системасы менен (1 даана); ИКК менен (1 даана); коргоонун, жетүүнү контролдоонун инженердик каражаттары системасы жана кайтаруу сигналдаштыруусу менен (1 даана); видеокамералар менен (КӨПкө, жүргүнчүлөрдү тариздөө залдарына периметри боюнча кошумча видеокамераларды жайгаштыруу, жүктөрдү контролдоо жана аларга чек аралык, бажылык кызматтардын жетишин уюштуруу); биологиялык калдыктарды жыйноо жана утилдештирүү системасы менен (1 даана); карантиндик продукцияларды зыянсыздандыруу системасы менен (1 даана); резервдик электр азыктандыруу системасы менен (1 даана); куралдарды, баңгизат каражаттарын жана алып кирүүгө, алып чыгууга тыюу салынган башка товарларды табуу системасы менен |
|
|
| з) «Шамалды-Сай» АЖӨП бөлүгүндө (кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара участогу): - БАМСты киргизүү төмөнкүлөр менен жабдуу: радиациялык контролдоо системасы менен (стационардык аппаратура жана алып жүрмө жабдуулар менен); автотранспорт каражаттарынын салмактык параметрлерин жана габариттик өлчөмдөрүн автоматтык аныктоо системасы менен (1 даана); ИКК менен (1 даана); коргоонун, жетүүнү контролдоонун инженердик каражаттары системасы жана кайтаруу сигналдаштыруусу менен (1 даана); видеокамералар менен (КӨПкө, жүргүнчүлөрдү тариздөө залдарына периметри боюнча кошумча видеокамераларды жайгаштыруу, жүктөрдү контролдоо жана аларга чек аралык, бажылык кызматтардын жетишин уюштуруу); биологиялык калдыктарды жыйноо жана утилдештирүү системасы менен (1 даана); карантиндик продукцияларды зыянсыздандыруу системасы менен (1 даана); резервдик электр азыктандыруу системасы менен (1 даана); куралдарды, баңгизат каражаттарын жана алып кирүүгө, алып чыгууга тыюу салынган башка товарларды табуу системасы менен |
|
|
31.
| БСнын комиссиясынын 2011-жылдын 22-июнундагы № 688 чечими менен бекитилген БСнын тышкы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында ишке ашырылуучу чек аралык, бажылык, санитардык-карантиндик, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык жана транспорттук контролдоону уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана материалдык-техникалык камсыздоого Бирдиктүү типтүү талаптарга ылайык «келечектүү» өткөрүү пункттарын (товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүчү жерлер) жайгаштыруу жана материалдык-техникалык жабдуу | МБК МЧК Ветинспекция ССМ ТКМ БКМК | 2015-жылдын 1-январы* |
32.
| БСнын комиссиясынын 2011-жылдын 22-июнундагы № 688 чечими менен бекитилген БСнын тышкы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында ишке ашырылуучу чек аралык, бажылык, санитардык-карантиндик, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык жана транспорттук контролдоону уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана материалдык-техникалык камсыздоого Бирдиктүү типтүү талаптарга ылайык «аба» өткөрүү пункттарын (товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүчү жерлер) жайгаштыруу жана материалдык-техникалык жабдуу |
|
|
| а) «Манас» авиациялык өткөрүү пункту бөлүгүндө: - БАМСты киргизүү төмөнкүлөр менен жабдуу: радиациялык контролдоо системасы менен (стационардык аппаратура жана алып жүрмө жабдуулар менен); жеке адамдардын температурасын байланышсыз өлчөө системасы менен (7 даана); жеке адамдардын жүгүн жана кол жүгүн текшерүү системасы менен (7 даана); ИКК менен (1 даана); коргоонун, жетүүнү контролдоонун инженердик каражаттары системасы жана кайтаруу сигналдаштыруусу менен (1 даана); видеокамералар менен (КӨПкө, жүргүнчүлөрдү тариздөө залдарына периметри боюнча кошумча видеокамераларды жайгаштыруу жана жүктөрдү контролдоо жана аларга чек аралык, бажылык кызматтардын жетишин уюштуруу); биологиялык калдыктарды жыйноо жана утилдештирүү системасы менен (1 даана); карантиндик продукцияларды зыянсыздандыруу системасы менен (1 даана); резервдик электр азыктандыруу системасы менен (1 даана); куралдарды, баңгизат каражаттарын жана алып кирүүгө, алып чыгууга тыюу салынган башка товарларды табуу системасы менен | ТКМ МБК МЧК Ветинспекция ССМ БКМК ФМ
| 2015-жылдын 1-январы* |
| б) «Ош» авиациялык өткөрүү пункту бөлүгүндө: - БАМСты киргизүү төмөнкүлөр менен жабдуу: радиациялык контролдоо системасы менен (стационардык аппаратура жана алып жүрмө жабдуулар менен); жеке адамдардын температурасын байланышсыз өлчөө системасы менен (7 даана); жеке адамдардын жүгүн жана кол жүгүн текшерүү системасы менен (7 даана); ИКК менен (1 даана); коргоонун, жетүүнү контролдоонун инженердик каражаттары системасы жана кайтаруу сигналдаштыруусу менен (1 даана); видеокамералар менен (КӨПкө, жүргүнчүлөрдү тариздөө залдарына периметри боюнча кошумча видеокамераларды жайгаштыруу жана жүктөрдү контролдоо жана аларга чек аралык, бажылык кызматтардын жетишин уюштуруу); биологиялык калдыктарды жыйноо жана утилдештирүү системасы менен (1 даана); карантиндик продукцияларды зыянсыздандыруу системасы менен (1 даана); резервдик электр азыктандыруу системасы менен (1 даана); куралдарды, баңгизат каражаттарын жана алып кирүүгө, алып чыгууга тыюу салынган башка товарларды табуу системасы менен | ТКМ МБК МЧК Ветинспекция ССМ БКМК ФМ | 2015-жылдын 1-январы* |
| в) «Ысык-Көл» авиациялык өткөрүү пункту бөлүгүндө: - БАМСты киргизүү төмөнкүлөр менен жабдуу: радиациялык контролдоо системасы менен (стационардык аппаратура жана алып жүрмө жабдуулар менен); жеке адамдардын температурасын байланышсыз өлчөө системасы менен (7 даана); жеке адамдардын жүгүн жана кол жүгүн текшерүү системасы менен (7 даана); ИКК менен (1 даана); коргоонун, жетүүнү контролдоонун инженердик каражаттары системасы жана кайтаруу сигналдаштыруусу менен (1 даана); видеокамералар менен (КӨПкө, жүргүнчүлөрдү тариздөө залдарына периметри боюнча кошумча видеокамераларды жайгаштыруу жана жүктөрдү контролдоо жана аларга чек аралык, бажылык кызматтардын жетишин уюштуруу); биологиялык калдыктарды жыйноо жана утилдештирүү системасы менен (1 даана); карантиндик продукцияларды зыянсыздандыруу системасы менен (1 даана); резервдик электр азыктандыруу системасы менен (1 даана); куралдарды, баңгизат каражаттарын жана алып кирүүгө, алып чыгууга тыюу салынган башка товарларды табуу системасы менен | ТКМ МБК МЧК Ветинспекция ССМ БКМК | 2015-жылдын 1-январы (БСга мүчө болбогон мамлекеттер менен авиакаттамдарды ачуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда) |
| г) «Каракол» авиациялык өткөрүү пункту бөлүгүндө: - БАМСты киргизүү төмөнкүлөр менен жабдуу: радиациялык контролдоо системасы менен (стационардык аппаратура жана алып жүрмө жабдуулар менен); жеке адамдардын температурасын байланышсыз өлчөө системасы менен (7 даана); жеке адамдардын жүгүн жана кол жүгүн текшерүү системасы менен (7 даана); ИКК менен (1 даана); коргоонун, жетүүнү контролдоонун инженердик каражаттары системасы жана кайтаруу сигналдаштыруусу менен (1 даана); видеокамералар менен (КӨПкө, жүргүнчүлөрдү тариздөө залдарына периметри боюнча кошумча видеокамераларды жайгаштыруу жана жүктөрдү контролдоо жана аларга чек аралык, бажылык кызматтардын жетишин уюштуруу); биологиялык калдыктарды жыйноо жана утилдештирүү системасы менен (1 даана); карантиндик продукцияларды зыянсыздандыруу системасы менен (1 даана); резервдик электр азыктандыруу системасы менен (1 даана); куралдарды, баңгизат каражаттарын жана алып кирүүгө, алып чыгууга тыюу салынган башка товарларды табуу системасы менен | ТКМ МБК МЧК Ветинспекция ССМ БКМК | 2015-жылдын 1-январы (БСга мүчө болбогон мамлекеттер менен авиакаттамдарды ачуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда) |
| д) «Баткен» авиациялык өткөрүү пункту бөлүгүндө: - БАМСты киргизүү төмөнкүлөр менен жабдуу: радиациялык контролдоо системасы менен (стационардык аппаратура жана алып жүрмө жабдуулар менен); жеке адамдардын температурасын байланышсыз өлчөө системасы менен (7 даана); жеке адамдардын жүгүн жана кол жүгүн текшерүү системасы менен (7 даана); ИКК менен (1 даана); коргоонун, жетүүнү контролдоонун инженердик каражаттары системасы жана кайтаруу сигналдаштыруусу менен (1 даана); видеокамералар менен (КӨПкө, жүргүнчүлөрдү тариздөө залдарына периметри боюнча кошумча видеокамераларды жайгаштыруу жана жүктөрдү контролдоо жана аларга чек аралык, бажылык кызматтардын жетишин уюштуруу); биологиялык калдыктарды жыйноо жана утилдештирүү системасы менен (1 даана); карантиндик продукцияларды зыянсыздандыруу системасы менен (1 даана); резервдик электр азыктандыруу системасы менен (1 даана); куралдарды, баңгизат каражаттарын жана алып кирүүгө, алып чыгууга тыюу салынган башка товарларды табуу системасы менен | ТКМ МБК МЧК Ветинспекция ССМ БКМК |
|
33.
| 2010-жылы жабылган кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара участогунда: «Кең-Сай», «Бек-Абад», «Кара-Багыш», «Кара-Суу», «Ынтымак», «Маданият», ПУП «Сейдикум» жана «Сумсар» авто жол өткөрүү пункттарынын (товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүчү жерлердин) андан ары иштөө маселеси боюнча Өзбекстан Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү
| МБК МЧК Ветинспекция ССМ ТКМ БКМК ТИМ МУКК КРӨнүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 2015-жылдын 1-январы |
34.
| Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участогунда: «Кулунду», «Бор-Дөбө» авто жол өткөрүү пункттарынын (товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүчү жерлердин) андан ары иштөө маселеси боюнча Өзбекстан Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү | МБК МЧК Ветинспекция ССМ ТКМ БКМК ТИМ МУКК КРӨнүн Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 2015-жылдын 1-январы |
35.
| БСнын комиссиясынын 2011-жылдын 22-июнундагы № 688 чечими менен бекитилген БСнын тышкы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында ишке ашырылуучу чек аралык, бажылык, санитардык-карантиндик, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык жана транспорттук контролдоону уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана материалдык-техникалык камсыздоого Бирдиктүү типтүү талаптарга ылайык кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участогунда «оптималдаштырылуучу» өткөрүү пункттарын (товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүчү жерлер) жайгаштыруу жана материалдык-техникалык жабдуу**: |
|
|
| а) «Карамык» АЖӨП бөлүгүндө (чек аранын кыргыз-тажик участогу): - курулуш төмөнкүлөр менен жабдуу: радиациялык контролдоо системасы менен (стационардык аппаратура жана алып жүрмө жабдуулар менен); автотранспорт каражаттарынын салмактык параметрлерин жана габариттик өлчөмдөрүн автоматтык (огу боюнча) аныктоо системасы менен (1 даана); ИКК менен (1 даана); коргоонун, жетүүнү контролдоонун инженердик каражаттары системасы жана кайтаруу сигналдаштыруусу менен (1 даана); видеокамералар менен (КӨПкө, жүргүнчүлөрдү тариздөө залдарына периметри боюнча кошумча видеокамераларды жайгаштыруу жана жүктөрдү контролдоо жана аларга чек аралык, бажылык кызматтардын жетишин уюштуруу); биологиялык калдыктарды жыйноо жана утилдештирүү системасы менен (1 даана); карантиндик продукцияларды зыянсыздандыруу системасы менен (1 даана); резервдик электр азыктандыруу системасы менен (1 даана) куралдарды, баңгизат каражаттарын жана алып кирүүгө, алып чыгууга тыюу салынган башка товарларды табуу системасы менен | МБК МЧК Ветинспекция ССМ ТКМ БКМК ЭМ ФМ | ЦАРЭСтин чек ара жанындагы кызматтарын региондук өркүндөтүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында белгиленген мөөнөттө |
| б) «Кайгарач» АЖӨП бөлүгүндө (кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участогу) төмөнкүлөр менен жабдуу: радиациялык контролдоо системасы менен (стационардык аппаратура жана алып жүрмө жабдуулар менен); автотранспорт каражаттарынын салмактык параметрлерин жана габариттик өлчөмдөрүн автоматтык (огу боюнча) аныктоо системасы менен (1 даана); ИКК менен (1 даана); коргоонун, жетүүнү контролдоонун инженердик каражаттары системасы жана кайтаруу сигналдаштыруусу менен (1 даана); видеокамералар менен (КӨПкө, жүргүнчүлөрдү тариздөө залдарына периметри боюнча кошумча видеокамераларды жайгаштыруу жана жүктөрдү контролдоо жана аларга чек аралык жана бажылык кызматтардын жетишин уюштуруу); биологиялык калдыктарды жыйноо жана утилдештирүү системасы менен (1 даана); карантиндик продукцияларды зыянсыздандыруу системасы менен (1 даана); резервдик электр азыктандыруу системасы менен (1 даана) куралдарды, баңгизат каражаттарын жана алып кирүүгө, алып чыгууга тыюу салынган башка товарларды табуу системасы менен | МБК МЧК Ветинспекция ССМ ТКМ БКМК ФМ | 2015-жылдын 1-январы* |
| в) «Кызыл-Бел» АЖӨП бөлүгүндө (кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участогу) төмөнкүлөр менен жабдуу: радиациялык контролдоо системасы менен (стационардык аппаратура жана алып жүрмө жабдуулар менен); автотранспорт каражаттарынын салмактык параметрлерин жана габариттик өлчөмдөрүн автоматтык (огу боюнча) аныктоо системасы менен (1 даана); ИКК менен (1 даана); коргоонун, жетүүнү контролдоонун инженердик каражаттары системасы жана кайтаруу сигналдаштыруусу менен (1 даана); видеокамералар менен (КӨПкө, жүргүнчүлөрдү тариздөө залдарына периметри боюнча кошумча видеокамераларды жайгаштыруу жана жүктөрдү контролдоо жана аларга чек аралык, бажылык кызматтардын жетишин уюштуруу); биологиялык калдыктарды жыйноо жана утилдештирүү системасы менен (1 даана); карантиндик продукцияларды зыянсыздандыруу системасы менен (1 даана); резервдик электр азыктандыруу системасы менен (1 даана) куралдарды, баңгизат каражаттарын жана алып кирүүгө жана алып чыгууга тыюу салынган башка товарларды табуу системасы менен | МБК МЧК Ветинспекция ССМ ТКМ БКМК ФМ | 2015-жылдын 1-январы* |
36.
| Кыргыз-Казакстан мамлекеттик чек арасында бажылык контролдоо өткөрбөстөн жөнөкөйлөтүлгөн өткөрүү пункттарын ачуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2003-жылдын 25-декабрындагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашуу) | МЧК МБК ТИМ | 2015-жылдын 1-январы |
37.
| Бажылык контролдоонун техникалык каражаттарын колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдары үчүн окуу-методикалык семинарларды өткөрүү (БСга мүчө мамлекеттер менен макулдашуу боюнча) | МБК | 2015-жылдын 1-январы |
4. Бажылык башкаруу бөлүгүндө башка иш-чараларды аткаруу
| |||
38.
| Бажылык башкаруу бөлүгүндө ушул иш-чаралар планында («жол картасында») каралган иш-чараларды каржылоонун булактарын, мөөнөттөрүн жана көлөмдөрүн аныктоо | МБК ФМ МЧК ТКМ ССМ Ветинспекция | 2014-жылдын 31-августу
|
39.
| Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (мындан ары – БДСУ) тиешелүү макулдашууларынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасына өзгөртүүлөр киргизилгенине байланыштуу БДСУнун Катчылыгына билдирүүлөрдү (нотификацияларды) жиберүү | ЭМ
| 2015-жыл (БДСУнун талаптарына ылайык) |
40.
| БСга Кыргыз Республикасынын кошулуусуна багытталган бажылык башкаруу чөйрөсүндөгү иш-чараларды аткарууга биргелешкен мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу | МБК
| 2014-жылдын кварталына 1 жолу
|
41.
| БСга Кыргыз Республикасынын кошулуусуна багытталган бажылык башкаруу чөйрөсүндөгү иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө Евразиялык экономикалык комиссиясына дайыма билдирип туруу | МБК ЭМ | 2014-жылдын кварталына 1 жолу
|
42.
| БСга Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу жалпы бажылык процесстерди ишке ашыруу үчүн БСга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын маалыматтык-программалык каражаттарын модернизациялоо, алмашуунун бекитилген технологияларына жана техникалык шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү. МБКнын БАМТын БСнын маалымат системасына интеграциялоосу | МБК | 2015-жылдын 1-январы |
43.
| Жүргүзүлгөн иштер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернет тарамында тышкы экономикалык иштердин катышуучуларына маалымдоо | ЭМ МБК | Туруктуу негизде |
44.
| Кыргыз-Казакстан мамлекеттик чек арасында жана эл аралык каттам үчүн ачык болгон аэропорттордо өндүрүүчү өлкө Кыргыз Республикасы же БСга мүчө-мамлекет болуп саналган Кыргыз Республикасына (нан) БСга мүчө-мамлекеттердин аймагына (нан) ташып алынган товарларга карата бажылык контролдоону жоюу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу | МБК | 2015-жыл (кошулуу жөнүндө протокол (келишим) менен аныкталган мөөнөттөргө ылайык) |
45.
| Кыргыз Республикасы менен БСга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өткөрүлүүчү товарларга, ошондой эле БСнын бирдиктүү бажы аймагы боюнча өткөрүлүүчү товарларды караштырган тиешелүү бажылык жол-жоболор менен жайгаштырылган, ушундай өткөрүүнүн шарттарына ылайык чет өлкөлүк товарларга карата Кыргыз-Казакстан мамлекеттик чек арасынан жана эл аралык каттамдар үчүн ачылган аэропорттордон бажылык контролдоону алып салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу | МБК | 2015-жыл (кошулуу жөнүндө протокол (келишим) менен аныкталган мөөнөттөргө ылайык) |
46.
| Товарлардын агымы мүмкүн болгон көбөйүү учурунда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында бажылык транзитти кошпогондо башка бажылык жол-жоболор менен өткөрүлүүчү товарларды жайгаштырууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан операцияларды өткөрүү мүмкүндүгүнө талдоо жүргүзүү | МБК
| 2014-жылдын 31-августу |
II. Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө
| |||
1. 2010-жылдын 18-сентябрындагы Беларусь Республикасында, Казакстан Республикасында жана Россия Федерациясында техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга, 2009-жылдын 11-декабрындагы БСнын бажылык аймагында милдеттүү түрдө шайкештиги баалануучу (ырасталуучу) продукцияларды жүгүртүү жөнүндө макулдашууга жана 2009-жылдын 11-декабрындагы шайкештигин баалоо (ырастоо) боюнча иштерди аткаруучу сертификациялоо (шайкештигин баалоо (ырастоо) жана сыноо лабораториялар (борборлор) боюнча органдарды аккредитациялоону өз ара таануу жөнүндө макулдашууга кошулуу | |||
47.
| БСнын техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү жана чектеш чөйрөсүндөгү жана келишимдик-укуктук базасындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына салыштырма укуктук талдоо жүргүзүү, ошондой эле өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган Кыргыз Республикасынын актыларын аныктоо | ЭМ | 2014-жылдын 31-августу
|
48. | БСга кошулууга байланыштуу техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана Евразиялык экономикалык комиссияга тиешелүү маалыматтарды берүү. БСнын мүчө-мамлекеттерине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акытларына киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдоо | ЭМ Министрликтер жана ведомстволор КР
| 2014-2015-жылдар ичинде |
49. | БДСУнун мүчөсү катары техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын үчүнчү өлкөлөр менен түзүлгөн (анын ичинде КМШнын алкагында) эл аралык келишимдеринде жана макулдашууларында каралган милдеттенмелерге талдоо жүргүзүү. Ушул талдоо жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө БСнын мүчө-мамлекеттерин маалымдоо жана талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча даярдалган сунуштарды БСнын мүчө-мамлекеттерине берүү | ЭМ
| 2015-жылдын 1-январы |
50.
| Бснын техникалык регламенттери күчүнө киргенге чейин өткөөл мезгилдин мөөнөтүн аныктоо боюнча сунуштарды даярдоо | ЭМ Кыргыз Республикасы-нын министрликтери жана ведомстволору | 2014-жылдын 1-ноябры |
51.
| Кыргыз Республикасынын аймагында БС техникалык регламенттерин колдонуу маселеси боюнча техникалык жөнгө салуу жаатында атайын ыйгарым укуктуу органдардын адистери менен консультациялардын программаларын иштеп чыгуу | ЭМ
| 2015-жылдын 1-январы, андан ары – туруктуу негизде |
52.
| Төмөнкү маселелерге тиешелүү БС техникалык регламенттеринин Кыргыз Республикасынын аймагында тикелей аракетин камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын жана аларды колдонуу үчүн Евразиялык экономикалык комиссиянын зарыл чечимдерин даярдоо: - БС комиссиясынын 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 620 чечими менен бекитилген БС сертификациялоо жана сыноо лабораториялары (борборлору) боюнча органдардын Бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүн түзүүнү жана жүргүзүүнү камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органды аныктоо; - БС техникалык регламенттеринде каралган шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча документтердин Бирдиктүү реестрлеринин улуттук бөлүктөрүн түзүүнү жана жүргүзүүнү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органды аныктоо, ошондой эле аларга эркин жетүүнү камсыз кылуу менен ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына ыкчам жайгаштыруу; - БСнын тиешелүү техникалык регламенттери менен каралган техникалык жөнгө салуу объекттерин мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо; - БСнын техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо; - БСнын сертификациялоо жана сыноо лабораториялары (борборлору) боюнча органдардын Бирдиктүү реестрине сертификациялоо жана сыноо лабораториялары (борборлору) боюнча органдарды киргизүү | ЭМ | 2014-жылдын 1-ноябры |
53.
| БС техникалык регламенттерин колдонуу маселелери боюнча консультацияларды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын бизнес-жамаатына көмөк көрсөтүү жана тамак-аш азыктары жана ХАССП системасын ишке киргизүү менен байланышкан маселелер, ошондой эле жеңил өнөр жай маселелери боюнча тегерек столдорду өткөрүү | ЭМ АЧММ ССМ ФМ БИМ | 2014-жылдын ичинде, андан ары – туруктуу негизде*
|
54.
| Евразиялык экономикалык комиссиянын базасында, ошондой эле БС мүчө мамлекеттердин окутуучу борборлорунун базасында техникалык жөнгө салуу жаатында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу (мүчө мамлекеттер менен макулдашылган маселелер боюнча) | ЭМ ФМ АЧММ
| 2015-жылдын 1-январы, андан ары – туруктуу негизде*
|
55.
| БС техникалык регламенттерин киргизүү маселелери боюнча, анын ичинде мүчө мамлекеттердин окутуучу борборлорунун базасында Кыргыз Республикасынын сертификациялоо жана сыноо лабораториялары (борборлору) боюнча органдардын кызматкерлерин даярдоо, окутуу, квалификациясын жогорулатуу | ЭМ ФМ
| 2015-жылдын 1-январы, андан ары – туруктуу негизде*
|
56.
| БС техникалык регламенттерин ишке ашырууга даярдыкты камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын сертификациялоо жана сыноо лабораториялары (борборлору) боюнча органдардын кызматкерлерине Евразиялык экономикалык комиссиясынын кызматкерлери жана мүчө мамлекеттердин органдарынын кызматкерлери тарабынан консультацияларды өткөрүү | ЭМ Ветинспекция ССМ АЧММ | 2015-жылдын 1-январы, андан ары – туруктуу негизде
|
57.
| Сыноо лабораторияларын (борборлорун), анын ичинде Кыргыз Республикасында кабыл алынган мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында толуктап жабдуу (иш-чаралардын («жол картасынын») ушул планынын 54 жана 55-пункттарын аткаруунун жыйынтыктары боюнча) | ЭМ Ветинспекция ССМ ФМ АЧММ | 2018-жылга чейин*
|
58.
| ДСУнун тиешелүү макулдашууларынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу ДСУнун катчылыгына билдирүүлөрдү (нотификацияларды) жиберүү (анын ичинде ДСУнун соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуусу) | ЭМ БИМ
| 2015-жыл (ДСУнун талаптарына ылайык) |
59.
| Тамак-аш азыктарынын коопсуздук жана сыноо борборун түзүү (И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана Москванын Тамак-аш өндүрүү мамлекеттик университети менен бирдикте) | БИМ ССМ ФМ | 2015–2017-жылдар* |
III. Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар чөйрөсүндө
| |||
1. БС 2009-жылдын 11-декабрындагы Санитардык чаралар боюнча макулдашуусуна кошулуу
| |||
60.
| БС Комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген БС бажылык чек арасында жана бажы аймагында Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөгө (контролдоого) тийиштүү Товарлардын бирдиктүү тизмегин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу | ССМ
| 2014-жылдын 31-августу* (эскертүү) |
61.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу техникалык жөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук актылар жөнүндө” токтомуна ылайык продукцияларга милдеттүү талаптарды аткарууга мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (контролдун) компетенциясы жаатын БС Комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген БСнын бажылык чек арасында жана бажы аймагында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөгө (контролдоого) тийиштүү Товарлардын бирдиктүү тизмегине ылайык келтирүү | ССМ ФМ ЭМ | 2014-жылдын 31-августу* (эскертүү) |
62.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 206 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүдө Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү фитосанитардык контролдоого жана санитардык-эпидемиологиялык контролдоого тийиш болгон товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө” жана 2007-жылдын 12-мартындагы № 74 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомдору менен бекитилген контролдонууга жатуучу товарлардын тизмегин БС Комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген БС бажылык чек арасында жана бажы аймагында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөгө (контролдоого) тийиштүү Товарлардын бирдиктүү тизмегине ылайык келтирүү | ССМ | 2014-жылдын. 31-августу (эскертүү) |
63.
| Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн БС Комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөгө (контролдоого) тийиштүү товарларга Бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарды бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу | ССМ
| 2014-жылдын. 31-августу (эскертүү) |
64.
| Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын сыноо (изилдөө) лабораторияларына аларды БС талаптарына ылайык келтирүү максатында модернизациялоо | ССМ ФМ
| 2014 – 2020-жылдар* |
65.
| Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөгө (контролдоого) тийиштүү товарларга БС техникалык регламенттеринде жана Бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарда белгиленген санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарга продукциялардын шайкештигин баалоо (ырастоо) максаттары үчүн колдонулуучу методдорду (методикаларды) киргизүү | ССМ ФМ | 2014 – 2020-жылдар* этап-этабы менен |
66.
| БС сертификациялоо (шайкештигин баалоо) жана сыноо лабораториялары (борборлору) боюнча органдардын бирдиктүү реестрине киргизүүгө карата санитардык чаралар жаатында өз ишин жүзөгө ашыруучу лабораторияларды текшерүүнү ишке ашыруу жана аларды көрсөтүлгөн реестрге киргизүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү | ЭМ ССМ ФМ | 2014-жылдын* 1-декабры
|
67.
| БС Комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген БС бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү жана БС бажылык аймагындагы контролдонуучу товарларды, БС бажылык чек арасынан өтүүчү адамдарга жана транспорт каражаттарына мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө (контролдоо) жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону колдонуу | ССМ | 2014-жылдын. 31-августу (эскертүү) |
68.
| Евразиялык экономикалык комиссияга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө маалыматтарды берүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу санитардык-карантиндик өткөрүү пункттарынын тизмегин бекитүү | ССМ МЧК | 2015-жылдын 1-январы |
69.
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында ишке ашырылуучу санитардык-карантиндик контролдоону уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттардын, жайлардын, курулмалардын, персоналдын компетенттүүлүгүнүн БС Комиссиясынын 2011-жылдын 22-июнундагы № 688 чечими менен бекитилген БС тышкы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында ишке ашырылуучу чек аралык, бажылык, санитардык-карантиндик, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык жана транспорттук контролдоону уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана материалдык-техникалык жабдууга Бирдиктүү типтүү талаптарга шайкеш келишине даярдыгын баалоо | ССМ ТКМ Ветинспекция МБК МЧК
| 2015-жылдын 1-январы |
70.
| БС Комиссиясынын 2011-жылдын 22-июнундагы № 688 чечими менен бекитилген БС тышкы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында ишке ашырылуучу чек аралык, бажылык, санитардык-карантиндик, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык жана транспорттук контролдоону уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана материалдык-техникалык жабдууга Бирдиктүү типтүү талаптарга өткөрүү пункттарынын шайкеш келишин камсыздоо үчүн зарыл болгон иш-чаралардын планын даярдоо | МБК ССМ ТКМ МЧК Ветинспекция | 2015-жыл |
71.
| Өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоочу органдардын өз ара аракеттеринин тартибин иштеп чыгуу
| МБК МЧК Ветинспекция ССМ ТКМ | 2014-жылдын. 31-августу (эскертүү) |
72.
| БС Комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен каралган БС бажы чек арасындагы аэропорттордогу өткөрүү пункттарында (аба өткөрүү пункттарында) жана автомобилдик (автожол), темир жол, суу, деңиз өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик контролдоону уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана техникалык жабдууга Типтүү талаптарга ылайык БС бажы чек арасындагы кыргыз участогунун санитардык-карантиндик өткөрүү пункттарын жабдуулар менен камсыздоо | ССМ Ветинспекция ФМ | 2015-жылдын 1-январы
|
73.
| Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл чөйрөсүндө автоматташтырылган маалыматтык системаларды Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын пайдалануу шарттарын талкуулоо | ССМ
| 2015-жылдын аягына чейин
|
74.
| Мамлекеттик-санитардык эпидемиологиялык көзөмөл чөйрөсүндө маалыматтык системалар менен иштөө маселелери боюнча адистерди окутууну кошкондо БС аймагын санитардык коргоо маселелери боюнча санитардык-карантиндик контролдоону ишке ашыруучу адистерди окутуу | ССМ ФМ | 2014-2015-жылдардын ичинде |
75.
| Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органды аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу | ССМ | 2014-жылдын. 31-августу (эскертүү) |
76.
| БС Комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген продукциялардын (товарлардын) коопсуздугун ырастоочу документтин Бирдиктүү формасын пайдалануу менен продукцияларды (товарларды) мамлекеттик каттоону киргизүү | ССМ | 2015-жылдын 1-январы
|
77.
| БС Комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген продукциялардын (товарлардын) коопсуздугун ырастоочу документтин Бирдиктүү формасын колдонуу | ССМнин Санэпидкөзөмөл департаменти | 2015-жылдын 1-январы
|
78.
| Продукцияларды (товарларды) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн улуттук реестрин түзүү жана аны БС Комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген Мамлекеттик каттоо жөнүндө Күбөлүктөрдүн бирдиктүү реестрине интеграциялоо | ССМ | 2015-жылдын 1-январы
|
79.
| БС белгиленген санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун жана продукциялардын зыянсыздыгын көрсөткүчтөрүнө шайкеш келишине продукцияларга (товарларга) изилдөө жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү методдорду жана методикаларды пайдалануу менен лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча лабораторияларды жабдуу | ССМ ФМ | 2015-жылдын 1-январы*
|
2. БС 2009-жылдын 11-декабрындагы Ветеринардык-санитардык чаралар боюнча макулдашуусуна кошулуу
| |||
80.
| БС Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 317 чечими менен бекитилген Ветеринардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) жатуучу товарлардын бирдиктүү тизмегин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу | Ветинспекция | 2014-жылдын. 31-августу (эскертүү) |
81.
| БС Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 317 чечими менен бекитилген Ветеринардык контролдоого жатуучу товарларга коюлуучу Бирдиктүү ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптарды бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу | Ветинспекция | 2014-жылдын. 31-августу (эскертүү) |
82.
| БС комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 317 чечими менен бекитилген БС бажы чек арасында жана БСнын бажы аймагында Ветеринардык контролдоонун бирдиктүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу | Ветинспекция
| 2014-жылдын. 31-августу (эскертүү) |
83.
| БС комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 834 чечими менен бекитилген Ветеринардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) алынуучу объектилерди жана товарларды (продукцияларды) бирге текшерүүнүн жана алардын сынамын алуунун бирдей тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу | Ветинспекция | 2014-жылдын. 31-августу (эскертүү) |
84.
| БС комиссиясынын 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 455 чечими менен бекитилген БС ветеринардык тастыктамаларынын бирдей формаларын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу | Ветинспекция | 2014-жылдын. 31-августу (эскертүү) |
85.
| БС Комиссиясынын 2010-жылдын 17-августундагы № 42 чечими менен бекитилген Контролдонуучу товарларды өндүрүүнү, кайра иштетүүнү жана (же) сактоону жүргүзүүчү уюмдар менен жактардын реестрлеринин формаларынын маалыматтарын өткөрүп берүүнүн форматы жана регламенти боюнча техникалык шарттарды бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу | Ветинспекция | 2015-жылдын 1-январы |
86.
| БС Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 317 чечими менен бекитилген БС бажы чек арасында жана БС бажы аймагында Ветеринардык контролдоонун бирдей тартиби жөнүндө жобого ылайык ветеринардык көзөмөлдүн штамптарын, документтеринин бланктарын жана журналдарын даярдоо | Ветинспекция | 2015-жылдын 1-январы |
87.
| БС Комиссиясынын 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 455 чечимине ылайык Ветеринардык тастыктамалардын бирдей формаларынын бланктарын иштеп чыгуу жана жасоо | Ветинспекция ФМ | 2015-жылдын 1-январы |
88.
| Кыргыз Республикасынын аймагына контролдонуучу товарларды ташып келүүчү Кыргыз Республикасынын ишканаларынын реестрин жана үчүнчү өлкөлөрдүн ишканаларынын реестрин БС Комиссиясынын 2010-жылдын 17-августундагы № 342 чечими менен бекитилген формаларга ылайык келтирүү жана ушундай реестрлерди БС комиссиясынын 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 624 чечими менен бекитилген БС бажы аймагына ташып киргизилүүчү Ветеринардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) тиешелүү товарларды өндүрүүнү, кайра иштетүүнү жана (же) сактоону жүргүзүүчү уюмдар менен жактардын реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүү | Ветинспекция | 2015-жылдын 1-январы |
89.
| БС Комиссиясынын 2011-жылдын 22-июнундагы №688 чечими менен бекитилген Бирдиктүү типтүү талаптарга ылайык ветеринардык контролдоону уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдуулар жана каражаттар менен БС бажы чек арасынын өткөрмө пункттарынын имараттарын, жайларын жана курулмаларын куруу жана жабдуу | Ветинспекция ФМ | 2015-жылдын 1-январы*
|
90.
| БС Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы №317 чечими менен бекитилген БС бажы чек арасында жана БС бажы аймагында Ветеринардык контролдоонун бирдей тартиби жөнүндө жобого ылайык ветеринардык контролдоону уюштуруу | Ветинспекция | 2015-жылдын 1-январы |
91.
| Контролдонуучу товарларды импорттоодо, экспорттоодо жана ташууда аларга ветеринардык контролдоо жүргүзүлүүчү Кыргыз Республикасынын өткөрмө пункттарынын тизмесин Евразиялык экономиялык комиссияга берүү | Ветинспекция | 2014-жылдын 31-августу |
92.
| Кыргыз Республикасынын ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу органын аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу | Ветинспекция
| 2014-жылдын. 31-августу (эскертүү) |
93.
| Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын кызматкерлерин окутуу зарылчылыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан пайдаланылуучу ветеринария жаатындагы мамлекеттик ветеринардык көзөмөл чөйрөсүндөгү автоматташтырылган маалыматтык системаларды киргизүүсү жана пайдалануусу | Ветинспекция ФМ | 2015-жылдын 1-январы* |
94.
| Кыргыз Республикасынын ветеринардык лабораторияларын жабдуу жана алардын тизмесин БС Комиссиясынын 2011-жылдын 7-апрелиндеги №620 чечими менен бекитилген бирдиктүү документтерди берүү менен БСнын алкагында туура келишин милдеттүү түрдө баалоого (бышыктоого) тиешелүү БС Тастыктамалоо боюнча органдарынын жана сыноо лабораторияларынын бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн берүү | Ветинспекция ФМ | 2015-жылдын 1-январы* |
95.
| Кыргыз Республикасынын аймагын чөлкөмдөргө бөлүү, Кыргыз Республикасында эпизоотиялык мониторинг системасын киргизүү жана Евразиялык экономикалык комиссияга жаныбарлардын коркунучтуу жана карантиндик ооруларынын тизмегинин жыйындысын берүү | Ветинспекция ФМ | 2014-жыл – 2015-жылдын I кварталы* |
96.
| БС Комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №835 Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралардын эквиваленттүүлүгү жана тобокелди баалоо жөнүндө чечимин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн аны бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу | Ветинспекция | 2015-жылдын 1-январы |
97. | БС Комиссиясынын 2011-жылдын 22-июнундагы № 721, эл аралык стандарттарды, рекомендацияларды жана колдонмолорду пайдалануу жөнүндө чечимин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу | Ветинспекция
| 2015-жылдын 1-январы |
98.
| Кыргыз Республикасынын аймагында ветеринарияда колдонуу үчүн дары каражаттарды жана тоюттук кошумчаларды мамлекеттик каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу | АЧММ Ветинспекция ФМ
| 2014-жылдын. 31-августу (эскертүү) |
99.
| Ветеринарияда колдонуу үчүн дары каражаттардын, диагностикалык системалардын, жаныбарларды митеге каршы дарылоо каражаттарынын жана жаныбарлар үчүн тоюттук кошумчалардын бирдей реестринин улуттук бөлүгүн түзүү | АЧММ Ветинспекция | 2014-жылдын. 31-августу (эскертүү) |
100.
| БС 2009-жылдын 11-декабрындагы Ветеринардык-санитардык чаралар боюнча макулдашуусуна ылайык Кыргыз Республикасында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүүчү пункттарда ветеринардык-санитардык контролдоо системасына аудит | Ветинспекция | 2014-жылдын ичинде |
101.
| Үчүнчү өлкөлөрдөн продукцияларды ташып келүүдө БС Комиссиясынын 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 607 чечими менен бекитилген БСнын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келүүчү товарларга карата бирдей ветеринардык тастыктамалардын формаларын колдонуу | Ветинспекция | 2015-жылдын 1-январы |
102.
| Евразиялык экономикалык комиссиянын кызматкерлерин жана мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарын Кыргыз Республикасында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүүчү пункттарда санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык-санитардык контролдоо системасы менен тааныштыруу | Ветинспекция ССМ | 2014-жылдын ичинде |
3. БС 2009-жылдын 11-декабрындагы Өсүмдүктөр карантини жөнүндө макулдашуусуна кошулуу
| |||
103.
| БС Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими менен бекитилген БС бажы чек арасында жана БС бажы аймагында Карантиндик фитосанитардык контролдоого (көзөмөлгө) тиешелүү карантиндеги продукциялардын (карантиндеги жүктөрдүн, карантиндеги материалдардын, карантиндеги товарлардын) тизмегин колдонуу | Ветинспекция | 2015-жылдын 1-январы |
104.
| БС Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими менен бекитилген БС бажы аймагында Карантиндик фитосанитардык контроль (көзөмөл) жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону колдонуу | Ветинспекция | 2015-жылдын 1-январы |
105.
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пункттарын фитосанитардык контролдоо жүргүзүү үчүн БС Комиссиясынын 2011-жылдын 22-июнундагы № 688 чечими менен бекитилген БС тышкы чек арасы аркылуу өткөрүүчү пункттарда жүргүзүлүүчү чек аралык, бажылык, санитардык-карантиндик, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык жана транспорттук контролдоону уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды материалдык-техникалык жактан жабдуу боюнча бирдиктүү типтүү талаптарга ылайык келтирүү | Ветинспекция ТКМ МБК МЧК БКМК ФМ | 2017-жылга чейин* |
106.
| Карантиндик фитосанитардык чара көрүү чөйрөсүндө маалымат алмашуу | Ветинспекция | 2014-жылдын 29-августунан баштап |
107.
| Карантиндик фитосанитардык контролдоо (көзөмөлдөө) функциясын аткаруучу ыйгарым укуктуу органды белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу | Ветинспекция | 2014-жылдын 31-августу (эскертүү) |
108.
| Евразиялык экономикалык комиссияга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пункттарда жабдылган карантиндик-фитосанитардык пункттардын тизмегин берүү | Ветинспекция | 2014-жылдын 30-декабры |
109. | БС Комиссиясынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 894 чечими менен бекитилген карантиндик фитосанитардык контролдун (көзөмөлдүн) уруксат берүүчү жазууларынын (штамптарынын) жана актыларынын бирдей формаларын кабыл алуу | Ветинспекция
| 2015-жылдын 1-январы |
110.
| Карантиндик зыяндуу организмдерди тиешелүү түрдө аныктоо жана идентификациялоо үчүн өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларды түзүү жана материалдык-техникалык жактан жабдуу | АЧММ Ветинспекция ФМ | 2017-жылга чейин* |
111.
| Кыргыз Республикасындагы, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүүчү пункттардагы карантиндик фитосанитардык контролдоо системасына аудит, БС 2009-жылдын 11-декабрындагы Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө макулдашуусуна ылайык БС мүчө мамлекеттер үчүн карантиндик фитосанитардык коркунуч келтирүүчү карантиндик объектилердин бар же жок экендигин Кыргыз Республикасынын аймагында инспекциялоо менен кошо | Ветинспекция | 2014-жылдын ичинде |
112.
| Кыргыз Республикасынын БС кошулушуна багытталган иш-чараларды аткаруунун мониторингин камсыздоо | Ветинспекция | Ай сайын |
113.
| Кыргыз Республикасынын БС кошулуу багытындагы иш-чаралардын аткарылышына Кыргыз Республикасы менен бирге жасалган мониторингдин жыйынтыктарын БСга мүчө мамлекеттерге жиберүү | Евразиялык экономикалык комиссия | Мониторинг бүткөндөн кийин 1 ай |
114.
| Евразиялык экономикалык комиссияга жана БС мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына Кыргыз Республикасынын БС кошулуу маселеси боюнча иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө такай маалымат берүү | Ветинспекция | Ушул план менен белгиленген мөөнөттөргө ылайык
|
115.
| ДСУнун тиешелүү макулдашууларынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу ДСУнун Катчылыгына билдирүүлөрдү (нотификацияларды) жиберүү | ЭМ
| 2015-жыл (ДСУнун талаптарына ылайык) |
116.
| Кыргыз РеспубликасынынДСУнун мүчөсү катары санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык иш-чаралар чөйрөсүндөгү, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен үчүнчү өлкөлөрдүн (анын ичинде КМШнын алкагында) ортосунда түзүлгөн эл аралык келишимдери менен макулдашууларында каралган Кыргыз Республикасынын кабыл алган милдетенмелерине анализ жасоо, Евразиялык экономикалык комиссияга Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин актуалдаштыруу боюнча сунуштарды даярдоо жана берүү | Ветинспекция ЭМ | 2014-жылдын 31-августу |
117.
| БС санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык иш-чаралар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын кабыл алууга/өзгөртүүгө байланыштуу ДСУнун Катчылыгына билдирүүлөрдү (нотификацияларды) даярдоо жана жиберүү боюнча ишти координациялоо | ЭМ | 2015-жылдын 1-январы |
118.
| Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын жана лабораторияларынын кызматкерлерин санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонуу чөйрөсүндө окутуу жана такшалтуу
| Ветинспекция ССМ ФМ | 2014-2016-жылдар* (БСнын жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө) |
IV. Транспорт жана инфратүзүм чөйрөсүндө
| |||
1. 2011-жылдын 22-июнундагы БСнын тышкы чек арасында транспорт (автомобиль) көзөмөлүн жүргүзүү жөнүндө макулдашууга кошулуу
| |||
119.
| БСга мүчө мамлекеттердин жана Кыргыз Республикасынын транспорттук контролдоо органдарынын маалымат алмашуу боюнча иш-чараларын камсыздоо | ТКМ ФМ
| 2015-жылдын 1-июлу (кошулгандан кийин 6 айдан кеч эмес*) |
120.
| БСнын келишимдик-укуктук базасын түзгөн транспорт маселелери бөлүгүндө эл аралык келишимдердин тизмегин белгилөө, ага Кыргыз Республикасы милдеттүү түрдө кошулат | ТКМ | 2014-жылдын 29-августуна чейин
|
121.
| Кыргыз Республикасынын Бснын мүчөлөрү болуп эсептелбеген мамлекеттер менен түзгөн транспорт жана коммуникациялар тармагындагы эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларын колдонуу жана алардын Кыргыз Республикасы БСга кошулгандан кийин транспорт чөйрөсүнө тийгизген таасири жөнүндө маселени изилдөө | ТКМ | 2014-жылдын 30-августуна чейин |
122.
| БСнын келишимдик-укуктук базасына ылайык келтирүү үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмегин белгилөө
| ТКМ
| 2014-жылдын 1-августуна чейин
|
V. Бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндө
| |||
123.
| Кыргыз Республикасынын төмөнкү эл аралык келишимдерге кошулуусу боюнча тиешелүү чараларды көрүү: - 2008-жылдын 25-январындагы Бирдиктүү бажылык-тарифтик жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга, 2008-жылдын 12-декабрындагы Тарифтик квоталарды колдонуу шарттары жана механизми жөнүндө макулдашууга, 2008-жылдын 12-декабрындагы Тарифтик жеңилдиктерди берүү жөнүндө протоколго жана 2008-жылдын 12-декабрындагы Бирдиктүү бажылык тарифтин коюмдарынан айырмаланган ташып кирүү бажы алымдарынын коюмдарын өзгөчө учурларда колдонуу шарттары жана тартиби жөнүндө протоколго; - 2008-жылдын 25-январындагы БСнын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлардын бажылык наркын аныктоо жөнүндө макулдашууга; - 2008-жылдын 25-январындагы Үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чаралары жөнүндө макулдашууга, 2009-жылдын 9-июнундагы Үчүнчү өлкөлөргө карата бирдиктүү бажы аймагында товарлардын тышкы соодасына тиешелүү чараларды киргизүү жана колдонуу тартиби жөнүндө макулдашууга жана 2009-жылдын 9-июнундагы Товарлардын тышкы соодасы чөйрөсүндө лицензиялоо эрежелери жөнүндө макулдашууга; - 2013-жылдын 24-октябрындагы БСнын бажы аймагы боюнча баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун ташуу тартиби жөнүндө макулдашууга | ЭМ МБК БКМК МСК | 2015-жылдын 1-январы
|
124.
| ДСУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын тарифтик милдеттенмелерин салыштырууну талдоонун жыйынтыктарын жана баштапкы маалыматтарын тактоо | ЭМ | 2014-жылдын 31-августу
|
125.
| БС (ТЭИ ТН) тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн ага түшүндүрмөлөрдү иштеп чыгуу
| ЭМ МБК | 2014-2015 жылдардын ичинде, бирок кошулуу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн кеч эмес |
126.
| БДСУнун алдындагы Россия Федерациясынын милдеттенмелеринин акыркы деңгээли БДСУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин деңгээлинен жогору болгон БС ТЭИ ТНдин подсубпозицияларынын тизмеги боюнча ушул план бекитилген мурунку жылдагы үч календардык жыл үчүн Кыргыз Республикасынын импортунун жана экспортунун көлөмдөрү боюнча БС ТЭИ ТНге ылайык статистикалык маалыматтарды даярдоо | ЭМ | 2014-жылдын 29-ноябрына чейин |
127.
| БДСУнун алдындагы Россия Федерациясынын милдеттенмелеринин акыркы деңгээли БДСУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин деңгээлинен жогору болгон товарлардын тизмеги бөлүгүндө ушул план бекитилген мурунку жылдагы үч календардык жыл үчүн өлкөлөрдүн тышкы соодасынын көлөмдөрүн эске алуу менен БСнын Бирдиктүү бажы тарифине жана Кыргыз Республикасынын бажы тарифине талдоо жүргүзүү | ЭМ | 2014-жыл (128-пункт аткарылгандан кийин 3 айдын ичинде) |
128.
| Кыргыз Республикасында өткөөл мезгилдин ичинде БСнын Бирдиктүү бажы тарифи менен белгиленген коюмдардан айырмаланган ташып кирүү бажы алымдарынын коюмдарын пайдалануу зарыл болгон товарлардын жана коюмдардын тизмегин аныктоо | ЭМ | 2014-жылдын 30-декабры |
129.
| БСнын Бирдиктүү бажы тарифине жана Казакстан Республикасынын БДСУга кошулуусун эске алуу менен (зарыл болгондо) Кыргыз Республикасынын бажы тарифине талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарын тактоо | ЭМ | БДСУга Казакстан Республикасынын кошулуусу боюнча жумушчу топтун отчету бүткөн күндөн тартып |
130.
| БДСУнун Катчылыгына кийинки 3 жылдык мезгилге бажы тарифтери боюнча милдеттенмелерди өзгөртүүгө карата сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугун сактоо жөнүндө кабарлоо жиберүү | ЭМ | 2014-жылдын 15-декабры |
131.
| 1994-жылдагы Тарифтер жана соода боюнча башкы макулдашуунун (мындан ары - ГАТТ) XXIV жана XXVIII беренелерине ылайык БДСУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү механизмин жана мазмундуу бөлүгүн аныктоо маселелери боюнча консультацияларды жүргүзүү | ЭМ | 2015-жылдын 1-январы, мындан ары- үзгүлтүксүз негизде
|
132.
| ГАТТнын 28-беренесине ылайык БДСУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин өзгөртүү боюнча кызыкдар БДСУга мүчө мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана макулдашуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү | ЭМ | 2015-2016-жылдар
|
133.
| Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана БСнын келишимдик-укуктук базасына ылайык тарифтик жеңилдиктерди берүү режимине салыштырма талдоо жүргүзүү | ЭМ | 2014-жыл |
134.
| Тарифтик жеңилдиктерди берүүнү жана тарифтик квоталарды пайдаланууну кошкондо, үчүнчү өлкөлөр менен товарларды сатууда бажы-тарифтик жөнгө салуунун бирдиктүү чараларын колдонуу | ЭМ | 2015-жыл (кошулуу жөнүндө келишимде белгиленген мөөнөттө) |
135.
| Бажылык-тарифтик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге кошулууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын бажылык-тарифтик жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу | ЭМ | 2014-жылдын 31-августу(эскертүү) |
136.
| БДСУнун тиешелүү макулдашууларынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажылык-тарифтик жөнгө салуу жаатындагы ченемдик-укуктук базасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу БДСУнун Катчылыгына кабарлоолорду (нотификацияларды) жиберүү | ЭМ | БДСУнун талаптарына ылайык |
137.
| БСнын комиссиясынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын товарлардын бажылык наркы маселелери боюнча чечимдерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын аткаруусуна алуу | МБК | 2015-жылдын 1-январы |
138.
| Бажылык нарк маселелери боюнча эл аралык келишимдерге кошулууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу | ЭМ МБК | 2014-жылдын 31 августу(эскертүү) |
139.
| БДСУнун макулдашууларынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын товарлардын бажылык наркы чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу БДСУнун Катчылыгына кабарлоолорду (нотификацияларды) жиберүү | ЭМ
| БДСУнун талаптарына ылайык |
140.
| БСнын комиссиясынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге ылайык кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын аткаруусуна алуу | ЭМ МБК | 2015-жылдын 1-январы |
141.
| Тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге кошулууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тарифтик эмес жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу | ЭМ | 2014-жылдын 31-августу(эскертүү)
|
142.
| Кыргыз Республикасы менен БСга мүчө эмес мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларды колдонуу маселелерин (БСга кошулгандан кийин) тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуудан бошоткон ченемдердин болушу бөлүгүндө иликтөө | ЭМ | 2014-жылдын 31-августу |
143.
| БДСУнун тиешелүү макулдашууларынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын тарифтик эмес жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук базасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу БДСУнун Катчылыгына кабарлоолорду (нотификацияларды) жиберүү | ЭМ
| 2015-жылдын 1-январы, БДСУнун талаптарына ылайык |
144. | Озонду бузуучу заттарды жана озонду бузуучу заттарды камтыган продукцияларды БСнын бажылык аймагына ташып кирүү жана БСнын бажылык аймагынан ташып чыгуу маселелери боюнча жумушчу жолугушууларды өткөрүү | ЭМ | 2015-жылдын 1-январы |
145.
| Бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары үчүн окутуу-методикалык семинарларды өткөрүү | ЭМ | 2015-жылдын 1-январы
|
VI. Атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу чөйрөсүндө
| |||
1. 2008-жылдын 25-январындагы Үчүнчү өлкөлөргө карата атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу жөнүндө макулдашууга жана 2010-жылдын 19-ноябрындагы Үчүнчү өлкөлөргө карата атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды киргизүүнүн алдындагы изилдөө максаттарында изилдөө жүргүзүүчү органга маалыматтарды, анын ичинен купуялыкты камтыган маалыматтарды берүү жөнүндө протоколго кошулуу | |||
146.
| Колдонуудагы атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды бирдейлештирүү механизмин иштеп чыгуу (БСга Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө протоколдун долбооруна тиешелүү жоболорду кошуу мүмкүнчүлүгү менен) | ЭМ | 2015-жылдын 31-августу |
147.
| Колдонуудагы атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды бирдейлештирүү | ЭМ | 2015-жыл (БС менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы ички бажы чек араларын алып салуу күнүнөн кечиктирилбестен) |
148.
| 2008-жылдын 25-январындагы Үчүнчү өлкөлөргө карата атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу жөнүндө макулдашууга, ташып кирүү бажы алымдары үчүн окшош механизмдерге ылайык атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды киргизүү жана бөлүштүрүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү (зарыл болгон учурда) жөнүндө протоколдун долбоорун даярдоо | ФМ ЭМ | 2015-жылдын 31-августу |
149.
| 2008-жылдын 25-январындагы Макулдашууга ылайык талап кылынуучу төмөнкүлөргө карата бюджеттик классификациянын коддорун ачуу: төлөө боюнча милдеттер 2008-жылдын 25-январындагы Макулдашууга Кыргыз Республикасы кошулганга чейин пайда болгон атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардан түшкөн (кайтарымдар) суммаларды кошкондо атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардан түшкөн (кайтарымдар) суммаларга; чет өлкөлүк валютада башка мүчө мамлекеттердин эсептерине которулган бөлүштүрүлгөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардын суммаларына; атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн бюджетке түшкөн кирешелердин суммаларына; башка мүчө мамлекеттерден бюджетке түшкөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардын суммаларына; чет өлкөлүк валютада башка мүчө мамлекеттердин эсептерине которуу токтотулган бөлүштүрүлгөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардын суммаларына | ФМ | 2015-жылдын 1-январы |
150.
| Евразия экономикалык комиссиясынын 2012-жылдын 16-майындагы № 60 чечими менен бекитилген Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсепке киргизүү, бөлүштүрүү, которуу жана кайтаруу менен байланышкан маалыматтарды БСга мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда алмашуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун иштеп чыгуу | ФМ | 2014-жылдын 1-декабрына чейин (кошулуу күнүнө чейин 1 айдан кечиктирбестен)
|
151.
| Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү механизмине тестирлөө жүргүзүү (зарыл болгон учурда) | ФМ УБ | 2014-жылдын 1-ноябрына чейин (кошулуу күнүнө чейин 2 айдан кечиктирбестен*) |
152.
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсепке киргизүү жана бөлүштүрүү үчүн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бирдиктүү эсеп аркылуу төлөө тартибин киргизүү | ФМ УБ
| 2014-жылдын 1-ноябрына чейин (кошулуу күнүнө чейин 2 айдан кечиктирбестен) |
153.
| Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу БДСУнун Катчылыгына кабарлоолорду (нотификацияларды) жиберүү | ЭМ
| 2015-жыл (БДСУнун талаптарына ылайык) |
VII. Соода саясаты чөйрөсүндө
| |||
154.
| Кыргыз Республикасы менен БСга мүчө эмес мамлекеттердин (анын ичинде КМШнын алкагында) ортосунда түзүлгөн эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларда каралган Кыргыз Республикасынын соода саясатынын чөйрөсүндөгү милдеттенмелерине талдоо жүргүзүү | ЭМ
| 2014-жылдын 31-августу
|
155. | Ушул пландын 156-пунктунда эскертилген Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин БСнын келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү | ЭМ | айрым макулдашылган график боюнча |
156.
| БСнын бекитилген директиваларынын негизинде үчүнчү тарап менен преференциалдык соода макулдашууларын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрүнө Кыргыз Республикасын тартуу боюнча маселелерди иштеп чыгуу | ЭМ Евразиялык экономикалык комиссиясы менен бирдикте | 2015-жылдын 1-январы |
157.
| БСнын ченемдик укуктук базасына ылайык Кыргыз Республикасынын үчүнчү өлкөлөр менен эки тараптуу келишүүчүлүктүн алкагында преференцийлерди берүү режимин өзгөртүү бөлүгүнө сунуштарды киргизүү боюнча маселелерди иштеп чыгуу
| ЭМ
| 2015-жылдын 1-январы
|
VIII. Финансы саясаты чөйрөсүндө
| |||
1. 2008-жылдын 25-январындагы БСда товарларды экспорттоо жана импорттоодо, иштерди аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө кыйыр салыктарды салуу принциптери жөнүндө макулдашууга, 2009-жылдын 11-декабрындагы БСда товарларды экспорттоо жана импорттоодо кыйыр салыктарды салууну жана алардын төлөнүшүн контролдоо тартиби жөнүндө протоколуна, 2009-жылдын 11-декабрындагы БСда кызмат көрсөтүүдө, иштерди аткарууда кыйыр салыктарды салуу жөнүндө протоколуна жана 1-3-тиркемени кошкондо 2009-жылдын 11-декабрындагы мамлекеттин салык органдары менен БСнын мүчөлөрүнүн ортосунда төлөнгөн кыйыр салыктардын суммасы тууралуу электрондук түрдөгү маалымат алмашуусу тууралуу протоколуна кошулуу | |||
158.
| Кыргыз Республикасынын салыктык мыйзамдарын БСнын кыйыр салык салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базасына шайкеш келтирүү, анын ичинде: - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине бажылык тариздөө жана бажылык контроль болбогон шартта товарларды ташып келүүдө, иштерди аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алууну башкаруу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу; - тиешелүү ведомстволук ички жана башка документтерди (министрликтердин буйруктарын, түшүндүрүүчү каттарды, отчеттордун жана декларациялардын формаларын бекитүү ж.б) кабыл алуу | ЭМ ФМ МСК |
2014-жылдын 31-августу (эскертүү)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийин 3 айдан кечиктирбестен |
159.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2009-жылдын 11-декабрындагы кыйыр салыктардан төлөнгөн акчалар тууралуу БСга мүчө мамлекеттердин салык органдарынын ортосунда электрондук түрдө маалымат алмашуу жөнүндөгү Протоколдун жоболорун ишке ашыруу боюнча укуктук-уюштуруу иш-чараларын аткаруу, анын ичинде товарларды четтен келтирүү жөнүндө арыздарды толтуруу жана кыйыр салыктарды төлөө, маалымат алмашууну уюштуруу эрежелерин бекитүү | МСК ФМ | 2015-жылдын 1-январы
|
160.
| Кыргыз Республикасынын кыйыр салык алуу маселелерин жөнгө салуучу БСнын мүчө мамлекеттери менен иштеп жаткан айрым эки тараптуу эл аралык келишимдерди дененсациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун иштеп чыгуу | ЭМ ФМ МСК | 2015-жыл (кошулгандан кийин макулдашылган убакыттын ичинде) |
161.
| Маалымат системасынын технологиялык платформасын түзүү (алмашуучу маалыматтын форматына жана түзүлүшүнө талаптарды макулдашуу, кийин программалык өнүмдөрдү маалыматтардын курамына жана түзүлүшүнө жана жалпы форматтык-логикалык контролго макулдашылган талаптарды эске алуу менен пайдаланууга киргизүү ) | МСК ФМ | 2015-жылдын 1-январына чейин (кошулганга чейинки 3 айдан аз эмес убакытта) |
162.
| Мүчө мамлекеттердин салык органдарынын ортосунда маалыматтарга криптографиялык коргоо каражаттарын колдонуу менен электрондук түрдө кыйыр салыктардын төлөнгөн суммасы тууралуу тексттик маалымат алмашуусун жүргүзүү
| МСК ФМ
| 2009-жылдын 11-декабрындагы кыйыр салыктардын төлөнгөн суммасы тууралуу БСга мүчө мамлекеттердин салык органдарынын ортосунда электрондук түрдө маалымат алмашуу жөнүндөгү протоколго өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин
|
2. 2010-жылдын 20-майындагы ташып кирүү бажы алымдарын (эквиваленттүү аракетке ээ болгон башка алымдар, салыктар жана жыйымдар) киргизүүнүн жана бөлүштүрүүнүн тартибин БСда белгилөө жана колдонуу жөнүндө ЕЭКтин макулдашуусуна кошулуу
| |||
163.
| “Кыргыз Республикасынын БСга кошулгандыгына байланыштуу ташып кирүү бажы алымын киргизүү механизмин колдонуу” багыты боюнча эксперттик жумушчу топту түзүү жана ташып кирүү бажы алымдарын бөлүштүрүүнүн ченемдери боюнча сунуштарды даярдоо, бул ченемдерди БСга мүчө мамлекеттер менен макулдашуу | ФМ ЭМ МБК УБ
| 2014-жылдын 31-августу
|
164.
| Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жана Кеңешинин жыйындарында ташып кирүү бажы алымдарын бөлүштүрүү ченемдеринин эсебин кароо жана аларды андан ары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште бекитүү | ФМ ЭМ МБК УБ | 2014-жылдын 31-августу (эскертүү) |
165.
| 2010-жылдын 20-майындагы ЕЭКтин Макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү протоколдун долбоорун даярдоо
| ФМ ЭМ МБК УБ ЕЭК менен биргеликте | 2015-жылдын 1-январы |
166.
| Ташып кирүү бажы алымдарын киргизүү жана бөлүштүрүү үчүн Бажы алымдарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында бирдиктүү эсеп аркылуу төлөө тартибин киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу | ФМ УБ | 2014-жылдын 1-октябрына чейин (кошулганга чейинки 3 айдан аз эмес) |
167.
| 2010-жылдын 20-майындагы ЕЭКтин Макулдашуусуна ылайык талап кылынган бюджеттик классификациялардын төмөнкүлөргө карата коддорун ачуу: - ташып кирүү бажы алымдарынан түшкөн акча (кайтаруулар), ташып кирүү бажы алымдарынан түшкөн акчаны (кайтарууларды) кошуп, Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 20-майындагы ЕЭКтин Макулдашуусуна кошулганга чейин келип чыккан төлөмдөр боюнча милдеттенмелер; - БСнын башка мүчө мамлекеттеринен чет элдик валютада которулган, ташып кирүү бажы алымдарынан түшкөн суммалардын; - бюджетке ташып кирүү бажы алымдарынан түшкөн суммаларды бөлүштүрүүдөн кирешелердин бюджетине которулган суммалардын; - БСнын башка мүчө мамлекеттеринен бюджетке келип түшкөн ташып кирүү бажы алымдарынын суммаларынын; - бюджетке 2010-жылдын 20-майындагы ЕЭКтин Макулдашуусунда белгиленген, төлөөнү мөөнөтүнөн өткөрүп жиберүүдөн келип түшкөн суммалардын; - эсепке БСнын башка мүчө мамлекеттеринен чет элдик валютада которулган, ташып кирүү бажы алымдарынан салык акчаларын бөлүштүрүү токтотулду | ФМ
| 2015-жылдын 1-январы |
168.
| БСнын комиссиясынын 2010-жылдын 8-декабрындагы № 493 чечими менен бекитилген, үстөк методу боюнча ташып кирүү бажы алымдарынан алынуучу өкмөттүк салык акчаларынын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү принциптери жөнүндөгү эрежелерди колдонуу | ФМ МБК | 2015-жылдын 1-январы
|
169.
| Казыналыктар, борбордук бажы органдары жана улуттук (борбордук) банктар аркылуу, эл аралык келишимдердин долбоорлорунун күчүнө кирүүлөрү үчүн зарыл болгон иштерди аткаруу, анын ичинде: - Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын бюджеттеринин ортосундагы ташып кирүү бажы алымдарын эсепке киргизүү жана бөлүштүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан Улуттук банкта бирдиктүү эсепти ачуу; - Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсептерин тейлөө боюнча ведомстволор аралык макулдашууну 2010-жылдын 20-майындагы ЕЭКтин Макулдашуусунун талаптарына ылайык келтирүү; - мүчө мамлекеттердин казыналыктары тарабынан улуттук (борбордук) банктарда Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында эсептерди ачуу; - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында чет өлкөлүк валютадагы (беларусь рубли, казак теңгеси, орус рубли) эсептерди ачуу; - Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын казыналыктары менен чет өлкөлүк валютадагы эсептер жөнүндө жана четтен киргизилген товардан алынуучу бажы салыгынан түшкөн акчаларды которууну ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды алмашуу; - Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын казыналыктары менен маалымат алмашуунун түрүн макулдашуу; - мүчө мамлекеттердин казыналыктарына Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык белгиленген жумуш эмес күндөрү жөнүндө маалымдоо; - корреспонденттик эсептен Беларусь Республикасынын Улуттук банкы менен беларусь рублинде, Казакстан Республикасынын Улуттук банкы менен казак теңгесинде, Россия Федерациясынын Борбордук банкы менен орус рублинде эл аралык келишимдерди түзүү; - корреспонденттик эсептен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана мүчө мамлекеттердин улуттук (борбордук) банктары менен Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында эл аралык келишимдерди түзүү
| ФМ УБ МБК
| 2014-жылдын 1-ноябрына чейин (кошулганга чейин 2 айдан аз эмес убакытта*)
|
170.
| Мүчө мамлекеттердин казыналыктарынын ортосунда четтен киргизилген товардан алынуучу бажы салыгын киргизүү жана каттоо, эскертүүлөрдү жоюу боюнча электрондук түрдө маалымат алмашуу механизмдерин тестирлөө | ФМ | 2014-жылдын 1-ноябрына чейин* (кошулуу учурга чейинки 2 айдан аз эмес) |
171.
| Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык макулдашууларынын ташып кирүү бажы алымдарын каттоо жана бөлүштүрүү чөйрөсүндөгү долбоорлорун (эквиваленттик күчкө ээ болгон башка алымдар, салыктар жана жыйымдар) 2010-жылдын 20-майындагы ЕЭКнын Макулдашуусуна ылайык келтирүү | ФМ УБ МБК | 2014-жылдын 31-августу (эскертүү)
|
3. 2011-жылдын 19-октябрындагы ташып кирүү бажы алымын төлөөгө байланышкан маалымат алмашуу тартиби жөнүндө Протоколго кошулуу
| |||
172.
| 2011-жылдын 19-октябрындагы ташып кирүү бажы алымын төлөөгө байланышкан маалымат алмашуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу | ФМ МБК | 2014-жылдын 31-августу (эскертүү)
|
4. 2011-жылдын 19-декабрындагы Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана накталай акча каражаттарын жана (же) акчалай каражаттарын БСнын бажылык чек арасы аркылуу өткөрүүдө терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге кошулуу
| |||
173. | 2011-жылдын 19-декабрындагы Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана накталай акча каражаттарын жана (же) акчалай каражаттарын БСнын бажылык чек арасы аркылуу өткөрүүдө терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге кошулуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу | МБК ФЧМК МСК ЭККМК ЭМ
| 2014-жылдын 31-августу (эскертүү)
|
174. | “Накталай акчалардын жана (же) акча каражаттары декларациясы” жүргүнчүлүк бажы декларациясынын кошумча формулярындагы маалыматтардын негизинде жеке адамдар тарабынан валютаны жана (же) акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу өткөрүү жөнүндө маалыматтар базасын түзүү
| МБК ФЧМК МСК ФМ | 2015-жылдын 1-январында *
|
5. БСнын 2010-жылдын 5-июлундагы бажы чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан накталай акчаларды жана (же) акча каражаттарын өткөрүү тартиби жөнүндө келишимге кошулуу
| |||
175. | БСнын 2010-жылдын 5-июлундагы макулдашууга ылайык бажы чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан накталай акчаларды жана (же) акча каражаттарын өткөрүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу
| МБК МСК ЭМ УБ
| 2014-жылдын 31-августу (эскертүү)
|
6. Кеңеш берүүлөрдү, окуу-методикалык семинарларды жана тажрыйба алмашууларды жүргүзүү
| |||
176.
| Тараптар менен эквиваленттик таасирдеги ташып кирүү бажы алымын, башка өкмөттүк салыктарды, салыктарды жана жыйымдарды киргизүү жана каттоо механизмдери жөнүндө Макулдашууну аткаруу боюнча кеңеш берүүлөрдү жана тажрыйба алмашууларды жүргүзүү | ФМ МБК МСК УБ | 2014-2015-жылдар |
177.
| Кыргыз Республикасынын кызмат адамдары үчүн финансы саясаты боюнча окуу-методикалык семинарларды өткөрүү
| ФМ МБК МСК УБ
| 2014-2015-жылдар |
IX. Статистика чөйрөсүндө
| |||
178.
| Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдарына жана ЕЭКга тышкы сооданын статистикалык маалыматтарын жана тиешелүү ченемдик укуктук актыны чыгаруу (иштеп жатканга өзгөртүү киргизүү) жолу менен өз ара соода статистикалык маалыматтарын жүргүзүүгө жана берүүгө жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органын аныктоо | Улутстатком МБК МСК | 2014-жылдын 31-августу (эскертүү) |
179.
| Кыргыз Республикасынын өз ара соода боюнча БСга мүчө-мамлекеттер менен мамлекеттик статистикалык байкоону, ушул байкоону уюштуруу боюнча иш-чаралардын планын даярдоо жана ишке ашыруу (БСнын өз ара соодалашуу статистикасы, ошондой эле мүчө мамлекеттердин аны ишке ашыруудагы тажрыйбасы боюнча ченемдик укуктук базасын эске алуу менен), статистикалык шаймандарды иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара соодасы боюнча мамлекеттик жана статистикалык байкоону уюштуруу боюнча иш-чараларга тартуу жолу менен уюштуруу | Улутстатком МБК МСК УБ ФМ | 2014-жылы жана андан ары дайыма* |
180.
| Статистика маселелери боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана ЕЭКнын Статистика департаментинин ортосунда тышкы жана өз ара товар соодалашуу статистикасы боюнча консультацияларды уюштуруу
| Улутстатком УБ МБК МСК УБ ФМ | 2014-жылы жана андан ары дайыма* |
Х. Инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү боюнча башка иш-чаралар | |||
181. | БСнын бажы чек арасынын кыргыз участогун, анын ичинде өткөрүү пункттарынан тышкары техникалык жабдуу жана инженердик жабдуу боюнча иш-чараларды өткөрүү | МЧК ФМ | 2014-2015-жылдар* |
_________________________________
* Аткаруу мөөнөтү булактары жана каржылоонун керектүү көлөмдөрү болгон шартта белгиленген.
** БСга Тажикстан Республикасынын кошулуусу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тактоо талап кылынат.
(Эскертүү) - Эскертүү: 2014-жылдын 31-август мөөнөтү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин кабыл алуу үчүн акыркы мөөнөт катары белгиленген, алар күчүнө кирген күн Кыргыз Республикасы БСга кошулган учурдан баштап же башка мөөнөттөрдө аныкталат, Кыргыз Республикасынын БСга кошулуусу жөнүндө келишимде белгиленет, аларга мындан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизиле турган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору кирет.