Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 токтому менен бекитилген |
"Лейлек" эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана "Лейлек" эркин экономикалык чөлкөмүндөгү (мындан ары - "Лейлек" ЭЭЧ) чарбалык жана тышкы экономикалык иштин укуктук негиздерин аныктайт.
2. "Лейлек" ЭЭЧны түзүүнүн максаты регионду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, инвестицияларды, технологияларды тартууга жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, өндүрүштү, унаа инфратүзүмүн, заманбап өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмдү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өнүктүрүү, рынокторду товарлар менен толтуруу, калктын жашоо турмушунун деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
3. "Лейлек" ЭЭЧнын иши жана "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери катары юридикалык жактарды каттоо менен байланышкан мамилелер "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдарда каралгандан башкача эрежелер белгиленген болсо, анда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
5. "Лейлек" ЭЭЧ функциялык типтеги ЭЭЧ болуп саналат, анын тосмо тургузулган аймагы жана чек аралары, бюджети, башкаруунун өздүк органдары бар.
6. "Лейлек" ЭЭЧ Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук айылынын чек араларында (контур № 101 - 86 га, 102 - 14,0 га) 100 га аянттагы участокто жайгашкан.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "Лейлек" ЭЭЧны уюштуруунун жана анын иштешинин шарттары
7. "Лейлек" ЭЭЧ Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин ишине бажылык контролдоо жана бажылык жөнгө салуу менен камсыз кылына турган атайын бөлүнгөн аймакта түзүлөт.
8. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык режими колдонулган "Лейлек" ЭЭЧнын аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар, анын ичинде тосмо орнотуу боюнча талаптар, ошондой эле "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Бажы тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тосмонун же бажылык контролдоонун башка шарттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсүн бышыктайт.
9. Эгерде ушул бапта башкача каралбаса, ушул Жобонун 7-пунктунда каралган шарттар сакталбаган учурда "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттерине жалпы салыктык режим колдонулат.
10. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактаган шартта Евразия экономикалык бирлигинин товарларын жана чет өлкөлүк товарларды колдонуу менен байланышкан өндүрүштүк жана башка чарбалык ишти жүргүзө алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
11. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди жүргүзөт.
12. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттерин алар тарабынан бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, салык мыйзамдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери боюнча текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясын кабарлоо менен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын мыйзамында аныкталган учурлардан тышкары, каалаган мамлекеттик орган тарабынан "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин чарбалык иштерине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
3. "Лейлек" ЭЭЧны каржылоо жана өзгөчө валюталык режим
14. "Лейлек" ЭЭЧны түзүүгө жана өнүктүрүүгө кеткен чыгымдарды, анын ичинде өндүрүштүк, инженердик, унаалык жана башка инфратүзүмдүк, "Лейлек" ЭЭЧнын иштеши менен байланышкан башка чыгымдарды, ошондой эле башкы дирекцияны күтүүгө каралган сарптоолорду каржылоо республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен, "Лейлек" ЭЭЧнын өздүк бюджетинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүлүшү мүмкүн.
15. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ай сайын келип түшкөн акчадан 0,01 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке жана келип түшкөн акчадан 0,01 пайыз өлчөмүндө республикалык бюджетке чегерет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
15-1. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери катары өз иштерин жүзөгө ашыруу укугу үчүн "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына жыл сайын акы төлөшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
16. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери катары "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төлөө эсеп фактураларды жана товарларга декларацияларды тариздөө бүткөндө, Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчанын 1 пайыз өлчөмүндө, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчанын 1 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Жогоруда көрсөтүлгөн төлөмдөрдөн жана "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери менен түзгөн келишимдер боюнча төлөмдөрдөн башка төлөмдөр каралбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
17. "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында өзгөчө валюталык режим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык кызмат көрсөтүүдө жана юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы эсептешүүлөрдө чет өлкөлүк валютанын эркин жүгүртүлүшүн карайт.
18. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин тышкы соода ишинин чет өлкөлүк катышуучулары менен болгон эсептешүүлөрү тараптардын макулдугу боюнча каалагандай валютада жүргүзүлөт.
4. Салыктык милдеттенмелерди жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу
19. Юридикалык жакты ЭЭЧнын субъекти катары каттоо же юридикалык жак тарабынан ЭЭЧнын субъекти катары макамын жоготуу Юридикалык жакты ЭЭЧнын субъекти катары эсептик каттоо тартибине ылайык жүргүзүлөт.
20. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин ишине карата жеңилдетилген салыктык режим бажы иштери чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тосмолордун же башка шарттардын "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттерин бажылык контролдоо талаптарына шайкештигин бышыктаган учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексиндеги 58-бапка ылайык колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомунун редакциясына ылайык)
21. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекти мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткарат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалдануу боюнча иштеп жаткан жеке жактарды мамлекеттик социалдык камсыздандырат.
22. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери бухгалтердик эсеп жөнүндө тартипке жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жана финансылык-чарбалык иш тууралуу отчеттуулукту жүргүзөт.
5. "Лейлек" ЭЭЧда колдонулуучу бажылык жол-жобо
(Бөлүк КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
23. "Лейлек" ЭЭЧнын аймагы бажы иштери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажылык контролдоонун ченемдерин сактоо максатында Евразия экономикалык бирлигинин бажылык аймагынын бөлүгү болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Эркин бажы чөлкөмү - бажылык жол-жобосу, мында "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери бажы алымдарын, салыкты төлөбөстөн, ошондой эле чет өлкөлүк товарларга карата тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонбостон жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларына карата тыюу салууларды жана чектөөлөрдү колдонбостон "Лейлек" ЭЭЧнын аймагынын чектеринде товарларды жайгаштырат жана колдонушат.
Лейлек" ЭЭЧнын аймагына эркин бажы чөлкөмү бажылык жол-жобосунун алдындагы товарларды жайгаштыруунун шарты жана тартиби Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы иштери чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык бажылык контролдоону камсыз кылуу максатында ыңгайлаштырылган "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
26. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери "Лейлек" ЭЭЧнын аймагына алып келген чет өлкөлүк товарлар эркин бажы чөлкөмүнүн бажы жол-жобосунун шарттарына ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын аймагына жайгаштырылат жана колдонулат.
ЭЭЧнын аймагынан товарларды алып чыгуу Кыргыз Республикасынын бажы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын субъекти тандап алган бажылык жол-жобонун шарттарында жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу колдонулуучу "Лейлек" ЭЭЧнын аймагы бажылык контролдоонун чөлкөмү болуп саналат. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин товарларын бажылык жол-жобонун алдында жайгаштыруу менен байланышкан бажылык контролдоо жана бажылык операциялар Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
28. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Лейлек" ЭЭЧнын аймагына алып келген жана эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу менен жайгаштырылган чет өлкөлүк товарлар бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонуу максаты үчүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары турган товарлар катары каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
29. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
29-1. "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында товарлар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери ташып келинүүчү, ташып чыгарылуучу, сакталуучу, өндүрүлүүчү, кайра иштетилүүчү, утилдештирилүүчү, сатып алынуучу жана сатылуучу товарлардын эсебин жүргүзүү жана ушул товарлар боюнча отчеттуулукту "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына, ошондой эле товарларды контролдоо жана эсепке алуу боюнча отчеттуулукту бажы жана салык органдарына берүүгө милдеттүү. "Лейлек" ЭЭЧнын чегинде товарларга байланыштуу ар кандай өзгөрүүлөр эсепке алуу документтеринде чагылдырылышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Кыргыз Республикасынын бажы жана салык органдары, ошондой эле "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз компетенцияларынын чегинде бажы жана салык иштери чөйрөсүндөгү ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери иштеген товарлар менен болгон операцияларды контролдойт жана эсепке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
31. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекти "Лейлек" ЭЭЧнын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып чыгуучу товарларга карата:
1) салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
2) тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
32. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
33. "Лейлек" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагына, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан тышкары ташып чыгуу Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнү кошпогондо, квотадан бошотулат.
"Лейлек" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен классификаторго ылайык аныкталган кайра иштетилүүчү ата мекендик айыл чарба продукциясын кошпогондо, квота алууга тийиш, анын көлөмү жыл ичинде "Лейлек" ЭЭЧнын ар бир субъекти боюнча өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан ашпашы керек.
Продукция өндүрүүчү ("Лейлек" ЭЭЧнын субъекти) тарабынан ЭЭЧда өндүргөн продукциясын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүдө белгиленген квотадан ашкан көлөмү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
"Лейлек" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны экспорттоодо белгиленген квотанын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын бажы, салык органдары жана "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
34. Эгерде товар Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык толук бойдон өндүрүлсө же жетиштүү иштетилсе/кайра иштетилсе "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн деп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
35. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген товарларга "Лейлек" ЭЭЧинде кайра иштетилген даражасына, бүтүмдүн көлөмүнө жана сатып алуучунун ким экендигине карабастан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн ЭЭЧнын субъекттери тарабынан ЭЭЧнын аймагынан ташылып чыккан товарлар, анын ичинде ЭЭЧнын субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына аларды ажыратып алганда "салык салынуучу импорт" берими болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
36. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Лейлек" ЭЭЧнын аймагына алып келинген жана "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Лейлек" ЭЭЧнын аймагынан алып чыгарылган товарларды бажылык тариздөө Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясын кабарлоо менен жүргүзүлөт.
37. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажы жол-жобосу алдына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын аймагына алып келүүгө тыюу салынган товарларды жайгаштырууга болбойт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Юридикалык жак "Лейлек" ЭЭЧнын субъекти макамынан айрылгандан кийин "Лейлек" ЭЭЧнын аймагына юридикалык жак алып келген товарлар эркин бажы чөлкөмүнүн бажы жол-жобосу алдында жайгаштырылышы мүмкүн эмес.
39. Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын Улуттук контролдук тизмесине киргизилген "Лейлек" ЭЭЧнын аймагына киргизилүүчү товарларга карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык колдонулат.
6. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери жана чет өлкөлүк инвесторлору үчүн мамлекеттик кепилдиктер
40. "Лейлек" ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттерине кепилдиктер белгиленет.
41. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттерине Кыргыз Республикасынын инвестициялык иштер жөнүндөгү мыйзамдарында каралган инвесторлордун укугун жана инвестицияларды коргоонун кепилдиктери колдонулат.
42. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк инвестицияларды укуктук жактан коргоо кепилденет.
43. Чет өлкөлүк инвестор ("Лейлек" ЭЭЧнын субъекти) менен "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын ортосунда пайда болгон талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
44. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок жактардын кирүү, жүрүү жана чыгуу эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
7. "Лейлек" ЭЭЧнын башкармалыгы
46. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы "Лейлек" ЭЭЧнын иштешине жана өнүгүшүнө жетекчиликти, ошондой эле анын карамагына кирген маселелер боюнча "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин координациялоону ишке ашыруучу эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкаруучу органы болуп саналат.
46-1. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
46-2. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган мамлекеттик органдын актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
46-3. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы юридикалык жак болуп саналат, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
46-4. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде:
"Лейлек" эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясы" мекемеси";
расмий тилде:
"Учреждение "Генеральная дирекция Свободной экономической зоны "Лейлек".
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
46-5. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын юридикалык дареги: 720409, Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Лейлек району, Жаңы-Жер айыл аймагы, Достук айылы.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
46-6. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликте болот.
47. "Лейлек" ЭЭЧнын ишин ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы директор жана анын орун басарлары башкарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомунун редакциясына ылайык)
471. Башкы директор:
1) "Лейлек" ЭЭЧнын ишин уюштурат жана жетектейт;
2) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашууга башкы дирекциянын бюджетинин, штаттык расписаниесинин жана түзүмүнүн долбоорлорун киргизет;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык башкы дирекциянын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен өз ара мамилелерде "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин кызыкчылыктарын коргойт;
6) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын атынан ишеним катсыз жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
7) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;
8) Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
9) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
10) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын жамааттык келишимине ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
11) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банктарда эсептерди ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансылык документтерге кол коет;
12) "Лейлек" ЭЭЧнын кызыкчылыктарын коргоого ишеним каттарды берет;
13) финансылык жана эсептик тартиптин сакталышын камсыз кылат;
14) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бюджеттик мезгилдин жыйынтыгы боюнча алынган пайданы бөлүштүрөт;
15) жүктөлгөн кызматтык милдеттерине ылайык коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштеши боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары алардын компетенциясына тийиштүү маселелерди чечүүдө, эгер алар "Лейлек" ЭЭЧнын кызыкчылыктарын козгой турган болсо, "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы менен макулдашуу боюнча аракет кылышат. Кайчы пикирлер пайда болгон учурда алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чечилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомунун редакциясына ылайык)
49. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын карыздары жана милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, Кыргыз Республикасы "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын карыздары жана милдеттенмелери үчүн жооп бербейт.
50. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери катары юридикалык жактарды эсептик каттоону ишке ашыруу;
2) "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин реестрин жүргүзүү, "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин талабы боюнча же кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин реестринен көчүрмөлөрдү берүү;
3) "Лейлек" ЭЭЧда иштөө шарттары жөнүндө келишим түзүүгө юридикалык жактар берген билдирмелерди кароо;
4) "Лейлек" ЭЭЧнын субъектисинин талабы боюнча же кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин реестринен көчүрмөлөрдү берүү;
5) "Лейлек" ЭЭЧнын иштери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин кызыкчылыктарын жактоо;
6) "Лейлек" ЭЭЧда инвестициялык жана ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүүнүн шарттарын чагылдыруу, чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлорду тартуу максатында Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта жарнамалык, маалыматтык иштерди жүзөгө ашыруу;
7) "Лейлек" ЭЭЧнын иштери тууралуу маалыматтарды жалпыга тааныштыруу үчүн аны ачык пайдаланууну, анын ичинде "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын сайтына милдеттүү түрдө жайгаштыруу менен камсыз кылуу;
8) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин "Лейлек" ЭЭЧнын иштөө шарттары тууралуу типтүү келишимди иштеп чыгуу жана бекитүү;
9) "Лейлек" ЭЭЧинде иштөөнүн шарттары тууралуу келишимди түзүү жана/же узартуу жана алардын аткарылышын контролдоону ишке ашыруу;
10) "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери катары алардын иши тууралуу маалыматтарды "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринен алуу;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын субъектисинин макамынан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
12) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына оперативдүү башкарууга өткөрүп берилген мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тескөө;
13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине "Лейлек" ЭЭЧнын чек араларын өзгөртүү жөнүндө сунуш менен кайрылуу;
14) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык башка функцияларды ишке ашыруу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
501. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ушул Жободо аныкталган өз милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) "Лейлек" ЭЭЧнын чек араларын өзгөртүү, анын иштөө мөөнөтүн узартуу демилгеси менен чыгууга;
2) мамлекеттик органдардан тийиштүү маалыматты суратууга;
3) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерин эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн командировкаларга жөнөтүүгө.
4) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык иштин зарыл болгон көлөмүн аткаруу үчүн жарандарды мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде тартууга.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
51. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) "Лейлек" ЭЭЧнын жана анын компетенциясын чегинде республиканын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ал белгилеген форматка ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын иши тууралуу отчетту тапшырат.
2-1) ай сайын ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды бөлүп көрсөтүү менен ЭЭЧнын субъекти тарабынан өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмү жөнүндө маалыматты салык органына берүү;
3) тийиштүү жылга "Лейлек" ЭЭЧны өнүктүрүүнүн ар жылдык планын иштеп чыгуу жана ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүү;
4) "Лейлек" ЭЭЧны заманбап талаптарга жооп берген инженердик курулмалар жана инфратүзүм менен куруу жана аларды мыйзамдарда белгиленген тартипте пайдалануу;
5) жер участоктор жана жайлар, сунушталган жер участоктор жана жайларга нарктын белгиленген тарифтери, "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттерин каттоо жана макамынан ажыратуу шарттары жана "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин жүргүзүү үчүн башка шарттар тууралуу толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк берген "Лейлек" ЭЭЧнын расмий сайтын иштеп чыгуу жана колдоо;
6) "Лейлек" ЭЭЧнын ички коопсуздугунун эрежелерин белгилөө жана сактоо;
7) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын түзүмүн жана штаттык санын аныктоо;
8) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерин кабыл алуу жана бошотуу;
9) оперативдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо;";
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өзүнүн милдеттерин аткаруу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
52. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын бюджети "Лейлек" ЭЭЧнын бюджетинен турат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
53. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү актоонун принциптеринде жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
54. "Лейлек" ЭЭЧнын бюджети төмөнкүлөрдөн алынган каражаттардан түзүлөт:
1) "Лейлек" ЭЭЧнын субъекти катары "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төлөөдөн;
2) жер участокторун, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүү үчүн акы төлөөдөн;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелерден.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомунун редакциясына ылайык)
55. "Лейлек" ЭЭЧнын бюджеттик каражаттарын башкы дирекция төмөнкүлөргө пайдаланат:
1) ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдарда аныкталган транспорттук жана башка инфраструктураны түзүүгө, өнүктүрүүгө;
2) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын оперативдүү башкаруусунда турган мүлктү тейлөөгө;
3) инфраструктураны күтүүгө, "Лейлек" ЭЭЧнын кызматкерлеринин айлык акысын төлөөгө, коммуналдык жана өкүлчүлүк чыгымдарга.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
56. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
57. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо жана камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
58. Түзүм жана штаттык расписание "Лейлек" ЭЭЧнын башкы директору тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
59. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы директору башкы дирекцияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
60. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын мүлкү анын балансында турат жана төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына аны уюштурууда оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген мүлктөн;
2) Лейлек" ЭЭЧнын бюджеттик каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлктөн;
3) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына бекитилген мүлктү пайдалануунун жыйынтыгында алынган же сатып алынган мүлктөн, кирешелерди, жемиштерди, продукцияны кошкондо.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
61. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте ага бекитилген мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
62. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы мүлктү пайдалануу ченемдерин жана эрежелерин сактоо менен анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздайт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
63. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)