Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-июлу № 376
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана региондорду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Бишкек" эркин экономикалык чөлкөмү жөнүндө жободо:
- 3-пунктундагы "салык жана бажы мыйзамдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары" деген ар түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча "бажы режими" деген ар түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "бажылык жол-жобосу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктундагы "ата мекендик" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин товарларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктундагы "бажы" деген сөз "бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ай сайын келип түшкөн акчадан 0,01 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке жана келип түшкөн акчадан 2 пайыз өлчөмүндө республикалык бюджетке чегерет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын:
"15-1. "Бишкек" ЭЭЧнын аймагында "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери катары өз иштерин жүзөгө ашыруу укугу үчүн "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери "Бишкек" ЭЭЗнын башкы дирекциясына жыл сайын акы төлөшөт.";
- 16-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери катары "Бишкек" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төлөө эсеп фактураларды жана товарларга декларацияларды тариздөө бүткөндө, Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчанын 2 пайыз өлчөмүндө, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчанын 1 пайыз өлчөмүндө белгиленет.";
- 5-бөлүктүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. "Бишкек" ЭЭЧда колдонулуучу бажылык жол-жобо";
- 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. "Бишкек" ЭЭЧнын аймагы бажы иштери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажылык контролдоонун ченемдерин сактоо максатында Евразия экономикалык бирлигинин бажылык аймагынын бөлүгү болуп саналат.";
- 24-пунктунда:
биринчи абзацындагы "бажы режими, мында" деген сөздөр "бажылык жол-жобосу, мында" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "ата мекендик товарларга" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин товарларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бишкек" ЭЭЧнын аймагына эркин бажы чөлкөмү бажылык жол-жобосунун алдындагы товарларды жайгаштыруунун шарты жана тартиби Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы иштери чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.";
- 25-пунктундагы "Эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режими" деген сөздөр "Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 26-пунктунда:
биринчи абзацындагы "товарлар" деген сөз "чет өлкөлүк товарлар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бишкек" ЭЭЧнын аймагынан товарларды алып чыгуу Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык "Бишкек" ЭЭЧнын субъекти тандап алган бажылык жол-жобонун шарттарында жүзөгө ашырылат.";
- 27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Эркин бажы чөлкөмү бажылык жол-жобосу колдонулган "Бишкек" ЭЭЧнын аймагы бажылык контролдоонун чөлкөмү болуп саналат. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттеринин товарларын бажылык жол-жобонун алдында жайгаштыруу менен байланышкан бажылык контролдоо жана бажылык операциялар Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- 28-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Бишкек" ЭЭЧнын аймагына алып келген жана эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу менен жайгаштырылган чет өлкөлүк товарлар бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонуу максаты үчүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары турган товарлар катары каралат.";
- 29-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 29-1-пункту менен толукталсын:
"29-1. "Бишкек" ЭЭЧнын аймагында товарлар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу "Бишкек" ЭЭЧнын субъекттери ташып келинүүчү, ташып чыгарылуучу, сакталуучу, өндүрүлүүчү, кайра иштетилүүчү, утилдештирилүүчү, сатып алынуучу жана сатылуучу товарлардын эсебин жүргүзүү жана ушул товарлар боюнча отчеттуулукту "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына, ошондой эле товарларды контролдоо жана эсепке алуу боюнча отчеттуулукту бажы жана салык органдарына берүүгө милдеттүү. "Бишкек" ЭЭЧнын чегинде товарларга байланыштуу ар кандай өзгөрүүлөр эсепке алуу документтеринде чагылдырылышы керек.";
- 30-пунктундагы "бажы" деген сөздөн кийин "жана салык" деген сөздөр менен толукталсын, "чегинде" деген сөздөн кийин "бажы жана салык иштери чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 31-пунктунун биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын калган бажы аймагына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын аймагына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 32-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 33-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. "Бишкек" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагына, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан тышкары ташып чыгуу Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнү кошпогондо, квотадан бошотулат.
"Бишкек" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен классификаторго ылайык аныкталган кайра иштетилүүчү ата мекендик айыл чарба продукцияны кошпогондо, квота алууга тийиш, анын көлөмү жыл ичинде "Бишкек" ЭЭЧнын ар бир субъекти боюнча өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 0 пайызынан ашпашы керек.
Продукция өндүрүүчү ("Бишкек" ЭЭЧнын субъекти) тарабынан ЭЭЧда өндүргөн продукциясын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүдө белгиленген квотадан ашкан көлөмүнө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
"Бишкек" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны экспорттоодо белгиленген квотанын сакталышын контролдоону Кыргыз Республикасынын бажы, салык органдары жана "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы жүзөгө ашырат.";
- 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Эгерде товар Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык толук бойдон өндүрүлсө же жетиштүү иштетилсе/кайра иштетилсе "Бишкек" ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн деп эсептелет.";
- 35-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн ЭЭЧнын субъекттери тарабынан ЭЭЧнын аймагынан ташылып чыккан товарлар, анын ичинде ЭЭЧнын субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына аларды ажыратып алганда "салык салынуучу импорт" берими болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.";
- 44-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"44. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок жактардын кирүү, жүрүү жана чыгуу эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 46-1, 46-2, 46-3, 46-4, 46-5 жана 46-6-пункттар менен толукталсын:
"46-1. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
46-2. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган мамлекеттик органдын актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
46-3. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы юридикалык жак болуп саналат, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
46-4. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде:
"Бишкек" эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясы" мекемеси";
расмий тилде:
"Учреждение "Генеральная дирекция Свободной экономической зоны "Бишкек".
46-5. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын юридикалык дареги: 720016, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов пр. 303";
46-6. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликте болот.";
- 47-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47. "Бишкек" ЭЭЧнын ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат орунга дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы директор жана анын орун басарлары башкарышат.";
- 50-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) ЭЭЧнын ишинин Мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин "Бишкек" ЭЭЧнын иштөө шарттары тууралуу типтүү келишимди иштеп чыгуу жана бекитүү;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 50-1-пункту менен толукталсын:
"50-1. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ушул Жободо аныкталган өз милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) "Бишкек" ЭЭЧнын чек араларын өзгөртүү, анын иштөө мөөнөтүн узартуу демилгеси менен чыгууга;
2) мамлекеттик органдардан тийиштүү маалыматты суратууга;
3) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерин эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн командировкаларга жөнөтүүгө.";
- 51-пунктунда:
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ал белгилеген форматка ылайык "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын иши тууралуу отчетту тапшырат.";
төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункту менен толукталсын:
"2-1) ай сайын ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды бөлүп көрсөтүү менен ЭЭЧнын субъекти тарабынан өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмү жөнүндө маалыматты салык органына берүү;";
- 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) тийиштүү жылга "Бишкек" ЭЭЧны өнүктүрүүнүн ар жылдык планын иштеп чыгуу жана ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүү;";
төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пунктчалар менен толукталсын:
"9) оперативдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өзүнүн милдеттерин аткаруу.";
- төмөнкүдөй редакциядагы 52-63-пункттар менен толукталсын:
"52. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын бюджети "Бишкек" ЭЭЧнын бюджетинен турат.
53. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү актоонун принциптеринде жүзөгө ашырат.
54. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын бюджети төмөнкүлөрдөн алынган каражаттардан түзүлөт:
1) "Бишкек" ЭЭЧнын аймагында "Бишкек" ЭЭЧнын субъекти катары ишти жүзөгө ашыруу укугуна төлөмдөн;
2) жер участокторун ижарага берүү үчүн төлөмдөн;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелерден.
55. "Бишкек" ЭЭЧнын бюджеттик каражаттарын башкы дирекция төмөнкүлөргө пайдаланат:
1) ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдарда аныкталган транспорттук жана башка инфраструктураны түзүүгө, өнүктүрүүгө;
2) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын оперативдүү башкаруусунда турган мүлктү тейлөөгө;
3) инфраструктураны күтүүгө, "Бишкек" ЭЭЧнын кызматкерлеринин айлык акысын төлөөгө, коммуналдык жана өкүлчүлүк чыгымдарга.
56. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жүргүзөт.
57. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо жана камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
58. Түзүм жана штаттык расписание "Бишкек" ЭЭЧнын башкы директору тарабынан бекитилет.
59. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы директору башкы дирекцияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
60. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын мүлкү анын балансында турат жана төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына аны уюштурууда оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген мүлктөн;
2) "Бишкек" ЭЭЧнын бюджеттик каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлктөн;
3) "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына бекитилген мүлктү пайдалануунун жыйынтыгында алынган же сатып алынган мүлктөн, кирешелерден, жемиштерден, продукцияны кошкондогу мүлктөрдөн.
61. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте ага бекитилген мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.
62. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы мүлктү пайдалануу ченемдерин жана эрежелерин сактоо менен анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздайт.
63. "Бишкек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлат.";
жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген "Каракол" эркин экономикалык чөлкөмү жөнүндө жободо:
3-пунктундагы "салык жана бажы мыйзамдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары" деген ар түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча "бажы режими" деген ар түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "бажылык жол-жобосу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктундагы "ата мекендик" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин товарларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктундагы "бажы" деген сөз "бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ай сайын келип түшкөн акчадан 0,01 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке жана келип түшкөн акчадан 0,01 пайыз өлчөмүндө республикалык бюджетке чегерет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын:
"15-1. "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери "Каракол" ЭЭЧнын аймагында "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери катары өз иштерин жүзөгө ашыруу укугу үчүн "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясына жыл сайын акы төлөшөт.";
- 16-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери катары "Каракол" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төлөө эсеп фактураларды жана товарларга декларацияларды тариздөө бүткөндө, Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчанын 1 пайыз өлчөмүндө, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчанын 1 пайыз өлчөмүндө белгиленет.";
- 5-бөлүктүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. "Каракол" ЭЭЧда колдонулуучу бажылык жол-жобо";
- 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. "Каракол" ЭЭЧнын аймагы Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бажылык контролдоонун ченемдерин сактоо максатында Евразия экономикалык бирлигинин бажылык аймагынын бөлүгү болуп саналат.";
- 24-пунктунда:
биринчи абзацында:
"бажы режими, мында" деген сөздөр "бажылык жол-жобосу, мында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"ата мекендик товарларга" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин товарларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Каракол" ЭЭЧнын аймагына эркин бажы чөлкөмү бажылык жол-жобосунун алдындагы товарларды жайгаштыруунун шарты жана тартиби Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы иштери чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.";
- 25-пунктундагы "Эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режими" деген сөздөр "Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 26-пунктунда:
биринчи абзацындагы "товарлар" деген сөз "чет өлкөлүк товарлар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Каракол" ЭЭЧнын аймагынан товарларды алып чыгуу Кыргыз Республикасынын бажы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык "Каракол" ЭЭЧнын субъекти тандап алган бажылык жол-жобонун шарттарында жүзөгө ашырылат.";
- 27-пунктунда:
биринчи сүйлөмүндөгү "бажы режими" деген сөздөр "бажылык жол-жобосу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Каракол" ЭЭЧнын субъекттеринин товарларын бажылык жол-жобонун алдында жайгаштыруу менен байланышкан бажылык контролдоо жана бажылык операциялар Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- 28-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Каракол" ЭЭЧнын аймагына алып келген жана эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу менен жайгаштырылган чет өлкөлүк товарлар бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонуу максаты үчүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары турган товарлар катары каралат.";
- 29-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 29-1-пункту менен толукталсын:
"29-1. "Каракол" ЭЭЧнын аймагында товарлар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу "Каракол" ЭЭЧнын субъекттери ташып келинүүчү, ташып чыгарылуучу, сакталуучу, өндүрүлүүчү, кайра иштетилүүчү, утилдештирилүүчү, сатып алынуучу жана сатылуучу товарлардын эсебин жүргүзүү жана ушул товарлар боюнча отчеттуулукту "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясына, ошондой эле товарларды контролдоо жана эсепке алуу боюнча отчеттуулукту бажы жана салык органдарына берүүгө милдеттүү. "Каракол" ЭЭЧнын чегинде товарларга байланыштуу ар кандай өзгөрүүлөр эсепке алуу документтеринде чагылдырылышы керек.";
- 30-пунктунда:
"бажы" деген сөздөн кийин "жана салык" деген сөздөр менен толукталсын;
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөрдөн мурун "бажы жана салык иштери чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 31-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын калган бажы аймагына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын аймагына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 32-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 33-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. "Каракол" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагына, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан тышкары ташып чыгуу Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнү кошпогондо, квотадан бошотулат.
"Каракол" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен классификаторго ылайык аныкталган кайра иштетилүүчү ата мекендик айыл чарба продукциясын кошпогондо, квота алууга тийиш, анын көлөмү жыл ичинде "Каракол" ЭЭЧнын ар бир субъекти боюнча өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан ашпашы керек.
Продукция өндүрүүчү ("Каракол" ЭЭЧнын субъекти) тарабынан ЭЭЧда өндүргөн продукциясын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүдө белгиленген квотадан ашкан көлөмү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
"Каракол" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны экспорттоодо белгиленген квотанын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын бажы, салык органдары жана "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы жүзөгө ашырат.";
- 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Эгерде товар Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык толук бойдон өндүрүлсө же жетиштүү иштетилсе/кайра иштетилсе "Каракол" ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн деп эсептелет.";
- 35-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн ЭЭЧнын субъекттери тарабынан ЭЭЧнын аймагынан ташылып чыккан товарлар, анын ичинде ЭЭЧнын субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына аларды ажыратып алганда "салык салынуучу импорт" берими болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.";
- 44-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"44. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок жактардын кирүү, жүрүү жана чыгуу эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 46-1, 46-2, 46-3, 46-4, 46-5 жана 46-6-пункттар менен толукталсын:
"46-1. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
46-2. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган мамлекеттик органдын актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
46-3. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы юридикалык жак болуп саналат, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
46-4. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде:
"Каракол" эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясы" мекемеси";
расмий тилде:
"Учреждение "Генеральная дирекция Свободной экономической зоны "Каракол".
46-5. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын юридикалык дареги: 721900, Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Нарын шоссеси, 1а.
46-6. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликте болот.";
- 47-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47. "Каракол" ЭЭЧнын ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат орунга дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы директор жана анын орун басарлары башкарышат.";
- 50-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин "Каракол" ЭЭЧнын иштөө шарттары тууралуу типтүү келишимди иштеп чыгуу жана бекитүү;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 50-1-пункту менен толукталсын:
"50-1. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ушул Жободо аныкталган өз милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) "Каракол" ЭЭЧнын чек араларын өзгөртүү, анын иштөө мөөнөтүн узартуу демилгеси менен чыгууга;
2) мамлекеттик органдардан тийиштүү маалыматты суратууга;
3) "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерин эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн командировкаларга жөнөтүүгө.";
- 51-пунктунда:
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ал белгилеген форматка ылайык "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын иши тууралуу отчетту тапшырат.";
төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункту менен толукталсын:
"2-1) ай сайын ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды бөлүп көрсөтүү менен ЭЭЧнын субъекти тарабынан өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмү жөнүндө маалыматты салык органына берүү;";
- 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) тийиштүү жылга "Каракол" ЭЭЧны өнүктүрүүнүн ар жылдык планын иштеп чыгуу жана ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүү;";
төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пунктчалар менен толукталсын:
"9) оперативдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо;";
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өзүнүн милдеттерин аткаруу.";
- төмөнкүдөй редакциядагы 52-63-пункттар менен толукталсын:
"52. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын бюджети "Каракол" ЭЭЧнын бюджетинен турат.
53. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү актоонун принциптеринде жүзөгө ашырат.
54. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын бюджети төмөнкүлөрдөн алынган каражаттардан түзүлөт:
1) "Каракол" ЭЭЧнын аймагында "Каракол" ЭЭЧнын субъекти катары ишти жүзөгө ашыруу укугуна төлөмдөн;
2) жер участокторун ижарага берүү үчүн төлөмдөн;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелерден.
55. "Каракол" ЭЭЧнын бюджеттик каражаттарын башкы дирекция төмөнкүлөргө пайдаланат:
1) ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдарда аныкталган транспорттук жана башка инфраструктураны түзүүгө, өнүктүрүүгө;
2) "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын оперативдүү башкаруусунда турган мүлктү тейлөөгө;
3) инфраструктураны күтүүгө, "Каракол" ЭЭЧнын кызматкерлеринин айлык акысын төлөөгө, коммуналдык жана өкүлчүлүк чыгымдарга.
56. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жүргүзөт.
57. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо жана камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
58. Түзүм жана штаттык расписание "Каракол" ЭЭЧнын башкы директору тарабынан бекитилет.
59. "Каракол" ЭЭЧнын башкы директору башкы дирекцияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
60. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын мүлкү анын балансында турат жана төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясына аны уюштурууда оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген мүлктөн;
2) "Каракол" ЭЭЧнын бюджеттик каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлктөн;
3) "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясына бекитилген мүлктү пайдалануунун жыйынтыгында алынган же сатып алынган мүлктөн, кирешелерди, жемиштерди, продукцияны кошкондо.
61. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте ага бекитилген мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.
62. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы мүлктү пайдалануу ченемдерин жана эрежелерин сактоо менен анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздайт.
63. "Каракол" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлат.";
- жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген "Лейлек" эркин экономикалык чөлкөмү жөнүндө жободо:
3-пунктундагы "салык жана бажы мыйзамдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары" деген ар түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча "бажы режими" деген ар түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "бажы жол-жобосу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктундагы "ата мекендик" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин товарларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктундагы "бажы" деген сөз "бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ай сайын келип түшкөн акчадан 0,01 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке жана келип түшкөн акчадан 0,01 пайыз өлчөмүндө республикалык бюджетке чегерет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын:
"15-1. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери катары өз иштерин жүзөгө ашыруу укугу үчүн "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына жыл сайын акы төлөшөт.";
- 16-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери катары "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төлөө эсеп фактураларды жана товарларга декларацияларды тариздөө бүткөндө, Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчанын 1 пайыз өлчөмүндө, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчанын 1 пайыз өлчөмүндө белгиленет.";
- 5-бөлүктүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. "Лейлек" ЭЭЧда колдонулуучу бажылык жол-жобо";
- 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. "Лейлек" ЭЭЧнын аймагы бажы иштери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажылык контролдоонун ченемдерин сактоо максатында Евразия экономикалык бирлигинин бажылык аймагынын бөлүгү болуп саналат.";
- 24-пунктунда:
биринчи абзацында:
"бажы режими, мында" деген сөздөр "бажылык жол-жобосу, мында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"ата мекендик товарларга" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин товарларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Лейлек" ЭЭЧнын аймагына эркин бажы чөлкөмү бажылык жол-жобосунун алдындагы товарларды жайгаштыруунун шарты жана тартиби Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы иштери чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.";
- 25-пунктундагы "Эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режими" деген сөздөр "Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 26-пунктунда:
биринчи абзацындагы "товарлар" деген сөз "чет өлкөлүк товарлар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ЭЭЧнын аймагынан товарларды алып чыгуу Кыргыз Республикасынын бажы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын субъекти тандап алган бажылык жол-жобонун шарттарында жүзөгө ашырылат.";
- 27-пунктунда:
биринчи сүйлөмдөгү "бажы режими" деген сөздөр "бажылык жол-жобосу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Лейлек" ЭЭЧнын субъекттеринин товарларын бажылык жол-жобонун алдында жайгаштыруу менен байланышкан бажылык контролдоо жана бажылык операциялар Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- 28-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Лейлек" ЭЭЧнын аймагына алып келген жана эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу менен жайгаштырылган чет өлкөлүк товарлар бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонуу максаты үчүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары турган товарлар катары каралат.";
- 29-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 29-1-пункту менен толукталсын:
"29-1. "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында товарлар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу "Лейлек" ЭЭЧнын субъекттери ташып келинүүчү, ташып чыгарылуучу, сакталуучу, өндүрүлүүчү, кайра иштетилүүчү, утилдештирилүүчү, сатып алынуучу жана сатылуучу товарлардын эсебин жүргүзүү жана ушул товарлар боюнча отчеттуулукту "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына, ошондой эле товарларды контролдоо жана эсепке алуу боюнча отчеттуулукту бажы жана салык органдарына берүүгө милдеттүү. "Лейлек" ЭЭЧнын чегинде товарларга байланыштуу ар кандай өзгөрүүлөр эсепке алуу документтеринде чагылдырылышы керек.";
- 30-пунктунда:
"бажы" деген сөздөн кийин "жана салык" деген сөздөр менен толукталсын;
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөрдөн мурун "бажы жана салык иштери чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 31-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын калган бажы аймагына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын аймагына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 32-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 33-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. "Лейлек" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагына, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан тышкары ташып чыгуу Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнү кошпогондо, квотадан бошотулат.
"Лейлек" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен классификаторго ылайык аныкталган кайра иштетилүүчү ата мекендик айыл чарба продукциясын кошпогондо, квота алууга тийиш, анын көлөмү жыл ичинде "Лейлек" ЭЭЧнын ар бир субъекти боюнча өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан ашпашы керек.
Продукция өндүрүүчү ("Лейлек" ЭЭЧнын субъекти) тарабынан ЭЭЧда өндүргөн продукциясын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүдө белгиленген квотадан ашкан көлөмү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
"Лейлек" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны экспорттоодо белгиленген квотанын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын бажы, салык органдары жана "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы жүзөгө ашырат.";
- 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Эгерде товар Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык толук бойдон өндүрүлсө же жетиштүү иштетилсе/кайра иштетилсе "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн деп эсептелет.";
- 35-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн ЭЭЧнын субъекттери тарабынан ЭЭЧнын аймагынан ташылып чыккан товарлар, анын ичинде ЭЭЧнын субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына аларды ажыратып алганда "салык салынуучу импорт" берими болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.";
- 44-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"44. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок жактардын кирүү, жүрүү жана чыгуу эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 46-1, 46-2, 46-3, 46-4, 46-5 жана 46-6-пункттар менен толукталсын:
"46-1. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
46-2. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган мамлекеттик органдын актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
46-3. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы юридикалык жак болуп саналат, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
46-4. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде:
"Лейлек" эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясы" мекемеси";
расмий тилде:
"Учреждение "Генеральная дирекция Свободной экономической зоны "Лейлек".
46-5. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын юридикалык дареги: 720409, Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Лейлек району, Жаңы-Жер айыл аймагы, Достук айылы.
46-6. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликте болот.";
- 47-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47. "Лейлек" ЭЭЧнын ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат орунга дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы директор жана анын орун басарлары башкарышат.";
- 50-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин "Лейлек" ЭЭЧнын иштөө шарттары тууралуу типтүү келишимди иштеп чыгуу жана бекитүү;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 50-1-пункту менен толукталсын:
"50-1. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ушул Жободо аныкталган өз милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) "Лейлек" ЭЭЧнын чек араларын өзгөртүү, анын иштөө мөөнөтүн узартуу демилгеси менен чыгууга;
2) мамлекеттик органдардан тийиштүү маалыматты суратууга;
3) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерин эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн командировкаларга жөнөтүүгө.";
- 51-пунктунда:
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ал белгилеген форматка ылайык "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын иши тууралуу отчетту тапшырат.";
төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункту менен толукталсын:
"2-1) ай сайын ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды бөлүп көрсөтүү менен ЭЭЧнын субъекти тарабынан өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмү жөнүндө маалыматты салык органына берүү;";
- 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) тийиштүү жылга "Лейлек" ЭЭЧны өнүктүрүүнүн ар жылдык планын иштеп чыгуу жана ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүү;";
төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пунктчалар менен толукталсын:
"9) оперативдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо;";
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өзүнүн милдеттерин аткаруу.";
- төмөнкүдөй редакциядагы 52-63-пункттар менен толукталсын:
"52. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын бюджети "Лейлек" ЭЭЧнын бюджетинен турат.
53. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү актоонун принциптеринде жүзөгө ашырат.
54. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын бюджети төмөнкүлөрдөн алынган каражаттардан түзүлөт:
1) "Лейлек" ЭЭЧнын аймагында "Лейлек" ЭЭЧнын субъекти катары ишти жүзөгө ашыруу укугуна төлөмдөн;
2) жер участокторун ижарага берүү үчүн төлөмдөн;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелерден.
55. "Лейлек" ЭЭЧнын бюджеттик каражаттарын башкы дирекция төмөнкүлөргө пайдаланат:
1) ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдарда аныкталган транспорттук жана башка инфраструктураны түзүүгө, өнүктүрүүгө;
2) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын оперативдүү башкаруусунда турган мүлктү тейлөөгө;
3) инфраструктураны күтүүгө, "Лейлек" ЭЭЧнын кызматкерлеринин айлык акысын төлөөгө, коммуналдык жана өкүлчүлүк чыгымдарга.
56. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жүргүзөт.
57. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо жана камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
58. Түзүм жана штаттык расписание "Лейлек" ЭЭЧнын башкы директору тарабынан бекитилет.
59. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы директору башкы дирекцияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
60. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын мүлкү анын балансында турат жана төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына аны уюштурууда оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген мүлктөн;
2) Лейлек" ЭЭЧнын бюджеттик каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлктөн;
3) "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясына бекитилген мүлктү пайдалануунун жыйынтыгында алынган же сатып алынган мүлктөн, кирешелерди, жемиштерди, продукцияны кошкондо.
61. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте ага бекитилген мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.
62. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы мүлктү пайдалануу ченемдерин жана эрежелерин сактоо менен анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздайт.
63. "Лейлек" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлат.";
- жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген "Маймак" эркин экономикалык чөлкөмү жөнүндө жободо:
3-пунктундагы "салык жана бажы мыйзамдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары" деген ар түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча "бажы режими" деген ар түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "бажылык жол-жобосу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктундагы "ата мекендик" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин товарларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктундагы "бажы" деген сөз "бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ай сайын келип түшкөн акчадан 0,01 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке жана келип түшкөн акчадан 0,01 пайыз өлчөмүндө республикалык бюджетке чегерет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын:
"15-1. "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери "Маймак" ЭЭЧнын аймагында "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери катары өз иштерин жүзөгө ашыруу укугу үчүн "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясына жыл сайын акы төлөшөт.";
- 16-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери катары "Маймак" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төлөө эсеп фактураларды жана товарларга декларацияларды тариздөө бүткөндө, Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчанын 1 пайыз өлчөмүндө, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчанын 1 пайыз өлчөмүндө белгиленет.";
- 5-бөлүктүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. "Маймак" ЭЭЧда колдонулуучу бажылык жол-жобо";
- 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. "Маймак" ЭЭЧнын аймагы Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бажылык контролдоонун ченемдерин сактоо максатында Евразия экономикалык бирлигинин бажылык аймагынын бөлүгү болуп саналат.";
- 24-пунктунда:
биринчи абзацында:
"бажы режими, мында" деген сөздөр "бажылык жол-жобосу, мында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"ата мекендик товарларга" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин товарларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Маймак" ЭЭЧнын аймагына эркин бажы чөлкөмү бажылык жол-жобосунун алдындагы товарларды жайгаштыруунун шарты жана тартиби Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы иштери чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.";
- 25-пунктундагы "Эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режими" деген сөздөр "Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 26-пунктунда:
биринчи абзацындагы "товарлар" деген сөз "чет өлкөлүк товарлар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Маймак" ЭЭЧнын аймагынан товарларды алып чыгуу Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык "Маймак" ЭЭЧнын субъекти тандап алган бажылык жол-жобонун шарттарында жүзөгө ашырылат.";
- 27-пунктунда:
биринчи сүйлөмдөгү "бажы режими" деген сөздөр "бажылык жол-жобосу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Маймак" ЭЭЧнын субъекттеринин товарларын бажылык жол-жобонун алдында жайгаштыруу менен байланышкан бажылык контролдоо жана бажылык операциялар Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- 28-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Маймак" ЭЭЧнын аймагына алып келген жана эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу менен жайгаштырылган чет өлкөлүк товарлар бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонуу максаты үчүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары турган товарлар катары каралат.";
- 29-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 29-1-пункту менен толукталсын:
"29-1. "Маймак" ЭЭЧнын аймагында товарлар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери ташып келинүүчү, ташып чыгарылуучу, сакталуучу, өндүрүлүүчү, кайра иштетилүүчү, утилдештирилүүчү, сатып алынуучу жана сатылуучу товарлардын эсебин жүргүзүү жана ушул товарлар боюнча отчеттуулукту "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясына, ошондой эле товарларды контролдоо жана эсепке алуу боюнча отчеттуулукту бажы жана салык органдарына берүүгө милдеттүү. "Маймак" ЭЭЧнын чегинде товарларга байланыштуу ар кандай өзгөрүүлөр эсепке алуу документтеринде чагылдырылышы керек.";
- 30-пунктунда:
"бажы" деген сөздөн кийин "жана салык" деген сөздөр менен толукталсын;
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөрдөн мурун "бажы жана салык иштери чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 31-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын калган бажы аймагына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын аймагына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 32-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 33-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. "Маймак" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагына, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан тышкары ташып чыгуу Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнү кошпогондо, квотадан бошотулат.
"Маймак" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен классификаторго ылайык аныкталган кайра иштетилүүчү ата-мекендик айыл чарба продукцияны кошпогондо, квота алууга тийиш, анын көлөмү жыл ичинде "Маймак" ЭЭЧнын ар бир субъекти боюнча өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан ашпашы керек.
Продукция өндүрүүчү ("Маймак" ЭЭЧнын субъекти) тарабынан ЭЭЧда өндүргөн продукциясын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүдө белгиленген квотадан ашкан көлөмү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
"Маймак" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны экспорттоодо белгиленген квотанын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын бажы, салык органдары жана "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы жүзөгө ашырат.";
- 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Эгерде товар Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык толук бойдон өндүрүлсө же жетиштүү иштетилсе/кайра иштетилсе "Маймак" ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн деп эсептелет.";
- 35-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн ЭЭЧнын субъекттери тарабынан ЭЭЧнын аймагынан ташылып чыккан товарлар, анын ичинде ЭЭЧнын субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына аларды ажыратып алганда "салык салынуучу импорт" берими болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.";
- 44-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"44. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок жактардын кирүү, жүрүү жана чыгуу эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 46-1, 46-2, 46-3, 46-4, 46-5 жана 46-6-пункттар менен толукталсын:
"46-1. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
46-2. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган мамлекеттик органдын актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
46-3. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы юридикалык жак болуп саналат, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
46-4. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде:
"Маймак" эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясы" мекемеси";
расмий тилде:
"Учреждение "Генеральная дирекция Свободной экономической зоны "Маймак" .
46-5. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын юридикалык дареги: 723901, Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Кара-Буура району, Аманбаев айыл аймагы, Куру-Маймак айылы.
46-6. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликте болот.";
- 47-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47. "Маймак" ЭЭЧнын ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат орунга дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы директор жана анын орун басарлары башкарышат.";
- 50-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин "Маймак" ЭЭЧнын иштөө шарттары тууралуу типтүү келишимди иштеп чыгуу жана бекитүү;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 50-1-пункту менен толукталсын:
"50-1. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ушул Жободо аныкталган өз милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) "Маймак" ЭЭЧнын чек араларын өзгөртүү, анын иштөө мөөнөтүн узартуу демилгеси менен чыгууга;
2) мамлекеттик органдардан тийиштүү маалыматты суратууга;
3) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерин эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн командировкаларга жөнөтүүгө.";
- 51-пунктунда:
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ал белгилеген форматка ылайык "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын иши тууралуу отчетту тапшырат.";
төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункту менен толукталсын:
"2-1) ай сайын ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды бөлүп көрсөтүү менен ЭЭЧнын субъекти тарабынан өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмү жөнүндө маалыматты салык органына берүү;";
- 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) тийиштүү жылга "Маймак" ЭЭЧны өнүктүрүүнүн ар жылдык планын иштеп чыгуу жана ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүү;";
төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пунктчалар менен толукталсын:
"9) оперативдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо;";
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өзүнүн милдеттерин аткаруу.";
- төмөнкүдөй редакциядагы 52-63-пункттар менен толукталсын:
"52. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын бюджети "Маймак" ЭЭЧнын бюджетинен турат.
53. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү актоонун принциптеринде жүзөгө ашырат.
54. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын бюджети төмөнкүлөрдөн алынган каражаттардан түзүлөт:
1) "Маймак" ЭЭЧнын аймагында "Маймак" ЭЭЧнын субъекти катары ишти жүзөгө ашыруу укугуна төлөмдөн;
2) жер участокторун ижарага берүү үчүн төлөмдөн;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелерден.
55. "Маймак" ЭЭЧнын бюджеттик каражаттарын башкы дирекция төмөнкүлөргө пайдаланат:
1) ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдарда аныкталган транспорттук жана башка инфраструктураны түзүүгө, өнүктүрүүгө;
2) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын оперативдүү башкаруусунда турган мүлктү тейлөөгө;
3) инфраструктураны күтүүгө, "Маймак" ЭЭЧнын кызматкерлеринин айлык акысын төлөөгө, коммуналдык жана өкүлчүлүк чыгымдарга.
56. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жүргүзөт.
57. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо жана камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
58. Түзүм жана штаттык расписание "Маймак" ЭЭЧнын башкы директору тарабынан бекитилет.
59. "Маймак" ЭЭЧнын башкы директору башкы дирекцияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
60. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын мүлкү анын балансында турат жана төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясына аны уюштурууда оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген мүлктөн;
2) Маймак" ЭЭЧнын бюджеттик каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлктөн;
3) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясына бекитилген мүлктү пайдалануунун жыйынтыгында алынган же сатып алынган мүлктөн, кирешелерди, жемиштерди, продукцияны кошкондо.
61. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте ага бекитилген мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.
62. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы мүлктү пайдалануу ченемдерин жана эрежелерин сактоо менен анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздайт.
63. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлат.";
- жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмү жөнүндө жободо:
3-пунктундагы "салык жана бажы мыйзамдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары" деген ар түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча "бажы режими" деген ар түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "бажылык жол-жобосу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктундагы "ата мекендик" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин товарларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктундагы "бажы" деген сөз "бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ай сайын келип түшкөн акчадан 0,01 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке жана келип түшкөн акчадан 0,01 пайыз өлчөмүндө республикалык бюджетке чегерет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын:
"15-1. "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери "Нарын" ЭЭЧнын аймагында "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери катары өз иштерин жүзөгө ашыруу укугу үчүн "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясына жыл сайын акы төлөшөт.";
- 16-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери катары "Нарын" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төлөө эсеп фактураларды жана товарларга декларацияларды тариздөө бүткөндө, Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчанын 1 пайыз өлчөмүндө, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчанын 1 пайыз өлчөмүндө белгиленет.";
- 5-бөлүктүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. "Нарын" ЭЭЧда колдонулуучу бажылык жол-жобо";
- 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. "Нарын" ЭЭЧнын аймагы Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бажылык контролдоонун ченемдерин сактоо максатында Евразия экономикалык бирлигинин бажылык аймагынын бөлүгү болуп саналат.";
- 24-пунктунда:
биринчи абзацында:
"бажы режими, мында" деген сөздөр "бажылык жол-жобосу, мында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"ата мекендик товарларга" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин товарларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Нарын" ЭЭЧнын аймагына эркин бажы чөлкөмү бажылык жол-жобосунун алдындагы товарларды жайгаштыруунун шарты жана тартиби Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы иштери чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.";
- 25-пунктундагы "Эркин бажы чөлкөмүнүн бажы режими" деген сөздөр "Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 26-пунктунда:
биринчи абзацындагы "товарлар" деген сөз "чет өлкөлүк товарлар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Нарын" ЭЭЧнын аймагынан товарларды алып чыгуу Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык "Нарын" ЭЭЧнын субъекти тандап алган бажылык жол-жобонун шарттарында жүзөгө ашырылат.";
- 27-пунктунда:
биринчи сүйлөмдөгү "бажы режими" деген сөздөр "бажылык жол-жобосу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Нарын" ЭЭЧнын субъекттеринин товарларын бажылык жол-жобонун алдында жайгаштыруу менен байланышкан бажылык контролдоо жана бажылык операциялар бажы иштери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- 28-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Нарын" ЭЭЧнын аймагына алып келген жана эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу менен жайгаштырылган чет өлкөлүк товарлар бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонуу максаты үчүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары турган товарлар катары каралат.";
- 29-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 29-1-пункту менен толукталсын:
"29-1. "Нарын" ЭЭЧнын аймагында товарлар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери ташып келинүүчү, ташып чыгарылуучу, сакталуучу, өндүрүлүүчү, кайра иштетилүүчү, утилдештирилүүчү, сатып алынуучу жана сатылуучу товарлардын эсебин жүргүзүү жана ушул товарлар боюнча отчеттуулукту "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясына, ошондой эле товарларды контролдоо жана эсепке алуу боюнча отчеттуулукту бажы жана салык органдарына берүүгө милдеттүү. "Нарын" ЭЭЧнын чегинде товарларга байланыштуу ар кандай өзгөрүүлөр эсепке алуу документтеринде чагылдырылышы керек.";
- 30-пунктунда:
"бажы" деген сөздөн кийин "жана салык" деген сөздөр менен толукталсын;
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөрдөн мурун "бажы жана салык иштери чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 31-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын калган бажы аймагына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын аймагына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 32-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 33-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. "Нарын" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагына, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан тышкары ташып чыгуу Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнү кошпогондо, квотадан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын аймагына "Нарын" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны ташып келүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен классификаторго ылайык аныкталган кайра иштетилүүчү ата-мекендик айыл чарба продукцияны кошпогондо, квота алууга тийиш, анын көлөмү жыл ичинде "Нарын" ЭЭЧнын ар бир субъекти боюнча өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан ашпашы керек.
Продукция өндүрүүчү ("Нарын" ЭЭЧнын субъекти) тарабынан ЭЭЧда өндүргөн продукцияны Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүдө белгиленген квотадан ашкан көлөмүнө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
"Нарын" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны экспорттоодо белгиленген квотанын сакталышын контролдоону Кыргыз Республикасынын бажы, салык органдары жана "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы жүзөгө ашырат.";
- 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Эгерде товар Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык толук бойдон өндүрүлсө же жетиштүү иштетилсе/кайра иштетилсе "Нарын" ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн деп эсептелет.";
- 35-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн ЭЭЧнын субъекттери тарабынан ЭЭЧнын аймагынан ташылып чыккан товарлар, анын ичинде ЭЭЧнын субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына аларды ажыратып алганда "салык салынуучу импорт" берими болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.";
- 44-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"44. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок жактардын кирүү, жүрүү жана чыгуу эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 46-1, 46-2, 46-3, 46-4, 46-5 жана 46-6-пункттар менен толукталсын:
"46-1. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
46-2. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган мамлекеттик органдын актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
46-3. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы юридикалык жак болуп саналат, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
46-4. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде:
"Нарын" эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясы" мекемеси";
расмий тилде:
"Учреждение "Генеральная дирекция Свободной экономической зоны "Нарын".
46-5. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын юридикалык дареги: 722900, Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын шаары, Ленин көчөсү, 44.
46-6. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликте болот.";
- 47-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47. "Нарын" ЭЭЧнын ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат орунга дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы директор жана анын орун басарлары башкарышат.";
- 50-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин "Нарын" ЭЭЧнын иштөө шарттары тууралуу типтүү келишимди иштеп чыгуу жана бекитүү;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 50-1-пункту менен толукталсын:
"50-1. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ушул Жободо аныкталган өз милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) "Нарын" ЭЭЧнын чек араларын өзгөртүү, анын иштөө мөөнөтүн узартуу демилгеси менен чыгууга;
2) мамлекеттик органдардан тийиштүү маалыматты суратууга;
3) "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерин эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн командировкаларга жөнөтүүгө.";
- 51-пунктунда:
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ал белгиленген форматка ылайык "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын иши тууралуу отчетту тапшырат.";
төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункту менен толукталсын:
"2-1) ай сайын ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды бөлүп көрсөтүү менен ЭЭЧнын субъекти тарабынан өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмү жөнүндө маалыматты салык органына берүү;";
- 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) тийиштүү жылга "Нарын" ЭЭЧны өнүктүрүүнүн ар жылдык планын иштеп чыгуу жана ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүү;";
төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пунктчалар менен толукталсын:
"9) оперативдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо;";
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өзүнүн милдеттерин аткаруу.";
- төмөнкүдөй редакциядагы 52-63-пункттар менен толукталсын:
"52. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын бюджети "Нарын" ЭЭЧнын бюджетинен турат.
53. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү актоонун принциптеринде жүзөгө ашырат.
54. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын бюджети төмөнкүлөрдөн алынган каражаттардан түзүлөт:
1) "Нарын" ЭЭЧнын аймагында "Нарын" ЭЭЧнын субъекти катары ишти жүзөгө ашыруу укугуна төлөмдөн;
2) жер участокторун ижарага берүү үчүн төлөмдөн;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелерден.
55. "Нарын" ЭЭЧнын бюджеттик каражаттарын башкы дирекция төмөнкүлөргө пайдаланат:
1) ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдарда аныкталган транспорттук жана башка инфраструктураны түзүүгө, өнүктүрүүгө;
2) "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын оперативдүү башкаруусунда турган мүлктү тейлөөгө;
3) инфраструктураны күтүүгө, "Нарын" ЭЭЧнын кызматкерлеринин айлык акысын төлөөгө, коммуналдык жана өкүлчүлүк чыгымдарга.
56. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жүргүзөт.
57. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо жана камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
58. Түзүм жана штаттык расписание "Нарын" ЭЭЧнын башкы директору тарабынан бекитилет.
59. "Нарын" ЭЭЧнын башкы директору башкы дирекцияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
60. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын мүлкү анын балансында турат жана төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясына аны уюштурууда ыкчам башкаруу укугунда бекитилген мүлктөн;
2) "Нарын" ЭЭЧнын бюджеттик каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлктөн;
3) "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясына бекитилген мүлктү пайдалануунун жыйынтыгында алынган же сатып алынган мүлктөн, кирешелерди, жемиштердин, продукцияны кошкондо.
61. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте ага бекитилген мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.
62. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы мүлктү пайдалануу ченемдерин жана эрежелерин сактоо менен анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздайт.
63. "Нарын" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 22-июлунда N 64 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С. Жээнбеков |