Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 токтому менен бекитилген |
"Маймак" эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана "Маймак" эркин экономикалык чөлкөмүндөгү (мындан ары - "Маймак" ЭЭЧ) чарбалык жана тышкы экономикалык иштин укуктук негиздерин аныктайт.
2. "Маймак" ЭЭЧны түзүүнүн максаты регионду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, инвестицияларды, технологияларды тартууга жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, өндүрүштү, унаа инфратүзүмүн, заманбап өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмдү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өнүктүрүү, рынокторду товарлар менен толтуруу, калктын жашоо турмушунун деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
3. "Маймак" ЭЭЧнын иши жана "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери катары юридикалык жактарды каттоо менен байланышкан мамилелер "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдарда каралгандан башкача эрежелер белгиленген болсо, анда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
5. "Маймак" ЭЭЧ функциялык типтеги ЭЭЧ болуп саналат, анын тосмо тургузулган аймагы жана чек аралары, бюджети, башкаруунун өздүк органдары бар.
6. "Маймак" ЭЭЧ Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын Сатыкей айылынын "Жоон-Төбө" станциясынын жалпы аянты 159 га чек араларында жайгашкан.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "Маймак" ЭЭЧны уюштуруунун жана анын иштешинин шарттары
7. "Маймак" ЭЭЧ Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык "Маймак" ЭЭЧнын субъекттеринин ишине бажылык контролдоо жана бажылык жөнгө салуу менен камсыз кылына турган атайын бөлүнгөн аймакта түзүлөт.
8. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык режими колдонулган "Маймак" ЭЭЧнын аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар, анын ичинде тосмо орнотуу боюнча талаптар, ошондой эле "Маймак" ЭЭЧнын аймагында "Маймак" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Бажы тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тосмонун же бажылык контролдоонун башка шарттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсүн бышыктайт.
9. Эгерде ушул бапта башкача каралбаса, ушул Жобонун 7-пунктунда каралган шарттар сакталбаган учурда "Маймак" ЭЭЧнын субъекттерине жалпы салыктык режим колдонулат.
10. "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери "Маймак" ЭЭЧнын аймагында "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактаган шартта Евразия экономикалык бирлигинин товарларын жана чет өлкөлүк товарларды колдонуу менен байланышкан өндүрүштүк жана башка чарбалык ишти жүргүзө алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
11. "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди жүргүзөт.
12. "Маймак" ЭЭЧнын субъекттерин алар тарабынан бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, салык мыйзамдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери боюнча текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясын кабарлоо менен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын мыйзамында аныкталган учурлардан тышкары, каалаган мамлекеттик орган тарабынан "Маймак" ЭЭЧнын субъекттеринин чарбалык иштерине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
3. "Маймак" ЭЭЧны каржылоо жана өзгөчө валюталык режим
14. "Маймак" ЭЭЧны түзүүгө жана өнүктүрүүгө кеткен чыгымдарды, анын ичинде өндүрүштүк, инженердик, унаалык жана башка инфратүзүмдүк, "Маймак" ЭЭЧнын иштеши менен байланышкан башка чыгымдарды, ошондой эле башкы дирекцияны күтүүгө каралган сарптоолорду каржылоо республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен, "Маймак" ЭЭЧнын өздүк бюджетинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүлүшү мүмкүн.
15. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ай сайын келип түшкөн акчадан 0,01 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке жана келип түшкөн акчадан 0,01 пайыз өлчөмүндө республикалык бюджетке чегерет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
15-1. "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери "Маймак" ЭЭЧнын аймагында "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери катары өз иштерин жүзөгө ашыруу укугу үчүн "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясына жыл сайын акы төлөшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
16. "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери катары "Маймак" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төлөө эсеп фактураларды жана товарларга декларацияларды тариздөө бүткөндө, Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчанын 1 пайыз өлчөмүндө, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчанын 1 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Жогоруда көрсөтүлгөн төлөмдөрдөн жана "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери менен түзгөн келишимдер боюнча төлөмдөрдөн башка төлөмдөр каралбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
17. "Маймак" ЭЭЧнын аймагында өзгөчө валюталык режим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык кызмат көрсөтүүдө жана юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы эсептешүүлөрдө чет өлкөлүк валютанын эркин жүгүртүлүшүн карайт.
18. "Маймак" ЭЭЧнын субъекттеринин тышкы соода ишинин чет өлкөлүк катышуучулары менен болгон эсептешүүлөрү тараптардын макулдугу боюнча каалагандай валютада жүргүзүлөт.
4. Салыктык милдеттенмелерди жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу
19. Юридикалык жакты ЭЭЧнын субъекти катары каттоо же юридикалык жак тарабынан ЭЭЧнын субъекти катары макамын жоготуу Юридикалык жакты ЭЭЧнын субъекти катары эсептик каттоо тартибине ылайык жүргүзүлөт.
20. "Маймак" ЭЭЧнын субъекттеринин ишине карата жеңилдетилген салыктык режим бажы иштери чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тосмолордун же башка шарттардын "Маймак" ЭЭЧнын субъекттерин бажылык контролдоо талаптарына шайкештигин бышыктаган учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексиндеги 58-бапка ылайык колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомунун редакциясына ылайык)
21. "Маймак" ЭЭЧнын субъекти мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткарат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалдануу боюнча иштеп жаткан жеке жактарды мамлекеттик социалдык камсыздандырат.
22. "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери бухгалтердик эсеп жөнүндө тартипке жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жана финансылык-чарбалык иш тууралуу отчеттуулукту жүргүзөт.
5. 5. "Маймак" ЭЭЧда колдонулуучу бажылык жол-жобо
(Бөлүктүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
23. "Маймак" ЭЭЧнын аймагы Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бажылык контролдоонун ченемдерин сактоо максатында Евразия экономикалык бирлигинин бажылык аймагынын бөлүгү болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Эркин бажы чөлкөмү - бажылык жол-жобосу, мында "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери бажы алымдарын, салыкты төлөбөстөн, ошондой эле чет өлкөлүк товарларга карата тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонбостон жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларына карата тыюу салууларды жана чектөөлөрдү колдонбостон "Маймак" ЭЭЧнын аймагынын чектеринде товарларды жайгаштырат жана колдонушат.
Маймак" ЭЭЧнын аймагына эркин бажы чөлкөмү бажылык жол-жобосунун алдындагы товарларды жайгаштыруунун шарты жана тартиби Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы иштери чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык бажылык контролдоону камсыз кылуу максатында ыңгайлаштырылган "Маймак" ЭЭЧнын аймагында колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
26. "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери "Маймак" ЭЭЧнын аймагына алып келген чет өлкөлүк товарлар эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосунун шарттарына ылайык "Маймак" ЭЭЧнын аймагына жайгаштырылат жана колдонулат.
"Маймак" ЭЭЧнын аймагынан товарларды алып чыгуу Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык "Маймак" ЭЭЧнын субъекти тандап алган бажылык жол-жобонун шарттарында жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу колдонулуучу "Маймак" ЭЭЧнын аймагы бажылык контролдоонун чөлкөмү болуп саналат. Маймак" ЭЭЧнын субъекттеринин товарларын бажылык жол-жобонун алдында жайгаштыруу менен байланышкан бажылык контролдоо жана бажылык операциялар Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
28. "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Маймак" ЭЭЧнын аймагына алып келген жана эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу менен жайгаштырылган чет өлкөлүк товарлар бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонуу максаты үчүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары турган товарлар катары каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
29. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
29-1. "Маймак" ЭЭЧнын аймагында товарлар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери ташып келинүүчү, ташып чыгарылуучу, сакталуучу, өндүрүлүүчү, кайра иштетилүүчү, утилдештирилүүчү, сатып алынуучу жана сатылуучу товарлардын эсебин жүргүзүү жана ушул товарлар боюнча отчеттуулукту "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясына, ошондой эле товарларды контролдоо жана эсепке алуу боюнча отчеттуулукту бажы жана салык органдарына берүүгө милдеттүү. "Маймак" ЭЭЧнын чегинде товарларга байланыштуу ар кандай өзгөрүүлөр эсепке алуу документтеринде чагылдырылышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Кыргыз Республикасынын бажы жана салык органдары, ошондой эле "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз компетенцияларынын чегинде бажы жана салык иштери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери иштеген товарлар менен болгон операцияларды контролдойт жана эсепке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
31. "Маймак" ЭЭЧнын субъекти "Маймак" ЭЭЧнын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып чыгуучу товарларга карата:
1) салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
2) тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
32. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
33. "Маймак" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагына, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан тышкары ташып чыгуу Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнү кошпогондо, квотадан бошотулат.
"Маймак" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен классификаторго ылайык аныкталган кайра иштетилүүчү ата-мекендик айыл чарба продукцияны кошпогондо, квота алууга тийиш, анын көлөмү жыл ичинде "Маймак" ЭЭЧнын ар бир субъекти боюнча өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан ашпашы керек.
Продукция өндүрүүчү ("Маймак" ЭЭЧнын субъекти) тарабынан ЭЭЧда өндүргөн продукциясын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүдө белгиленген квотадан ашкан көлөмү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
"Маймак" ЭЭЧда өндүрүлгөн продукцияны экспорттоодо белгиленген квотанын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын бажы, салык органдары жана "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
34. Эгерде товар Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык толук бойдон өндүрүлсө же жетиштүү иштетилсе/кайра иштетилсе "Маймак" ЭЭЧнын аймагында өндүрүлгөн деп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
35. "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген товарларга "Маймак" ЭЭЧинде кайра иштетилген даражасына, бүтүмдүн көлөмүнө жана сатып алуучунун ким экендигине карабастан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүү үчүн ЭЭЧнын субъекттери тарабынан ЭЭЧнын аймагынан ташылып чыккан товарлар, анын ичинде ЭЭЧнын субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына аларды ажыратып алганда "салык салынуучу импорт" берими болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
36. "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Маймак" ЭЭЧнын аймагына алып келинген жана "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери тарабынан "Маймак" ЭЭЧнын аймагынан алып чыгарылган товарларды бажылык тариздөө Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясын кабарлоо менен жүргүзүлөт.
37. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу алдына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге ылайык "Маймак" ЭЭЧнын аймагына алып келүүгө тыюу салынган товарларды жайгаштырууга болбойт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Юридикалык жак "Маймак" ЭЭЧнын субъекти макамынан айрылгандан кийин "Маймак" ЭЭЧнын аймагына юридикалык жак алып келген товарлар эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык жол-жобосу алдында жайгаштырылышы мүмкүн эмес.
39. Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын Улуттук контролдук тизмесине киргизилген "Маймак" ЭЭЧнын аймагына киргизилүүчү товарларга карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык колдонулат.
6. "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери жана чет өлкөлүк инвесторлору үчүн мамлекеттик кепилдиктер
40. "Маймак" ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен "Маймак" ЭЭЧнын субъекттерине кепилдиктер белгиленет.
41. "Маймак" ЭЭЧнын субъекттерине Кыргыз Республикасынын инвестициялык иштер жөнүндөгү мыйзамдарында каралган инвесторлордун укугун жана инвестицияларды коргоонун кепилдиктери колдонулат.
42. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк инвестицияларды укуктук жактан коргоо кепилденет.
43. Чет өлкөлүк инвестор ("Маймак" ЭЭЧнын субъекти) менен "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын ортосунда пайда болгон талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
44. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок жактардын кирүү, жүрүү жана чыгуу эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
7. "Маймак" ЭЭЧнын башкармалыгы
46. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы "Маймак" ЭЭЧнын иштешине жана өнүгүшүнө жетекчиликти, ошондой эле анын карамагына кирген маселелер боюнча "Маймак" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин координациялоону ишке ашыруучу эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкаруучу органы болуп саналат.
46-1. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
46-2. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган мамлекеттик органдын актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
46-3. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы юридикалык жак болуп саналат, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
46-4. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде:
"Маймак" эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясы" мекемеси";
расмий тилде:
"Учреждение "Генеральная дирекция Свободной экономической зоны "Маймак" .
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
46-5. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын юридикалык дареги: 723901, Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Кара-Буура району, Аманбаев айыл аймагы, Куру-Маймак айылы.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
46-6. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликте болот.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
47. "Маймак" ЭЭЧнын ишин ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы директор жана анын орун басарлары башкарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомунун редакциясына ылайык)
471. Башкы директор:
1) "Маймак" ЭЭЧнын ишин уюштурат жана жетектейт;
2) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашууга башкы дирекциянын бюджетинин, штаттык расписаниесинин жана түзүмүнүн долбоорлорун киргизет;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык башкы дирекциянын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен өз ара мамилелерде "Маймак" ЭЭЧнын субъекттеринин кызыкчылыктарын коргойт;
6) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын атынан ишеним катсыз жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
7) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;
8) Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
9) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
10) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын жамааттык келишимине ылайык "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
11) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банктарда эсептерди ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансылык документтерге кол коет;
12) "Маймак" ЭЭЧнын кызыкчылыктарын коргоого ишеним каттарды берет;
13) финансылык жана эсептик тартиптин сакталышын камсыз кылат;
14) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бюджеттик мезгилдин жыйынтыгы боюнча алынган пайданы бөлүштүрөт;
15) жүктөлгөн кызматтык милдеттерине ылайык коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштеши боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары алардын компетенциясына тийиштүү маселелерди чечүүдө, эгер алар "Маймак" ЭЭЧнын кызыкчылыктарын козгой турган болсо, "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы менен макулдашуу боюнча аракет кылышат. Кайчы пикирлер пайда болгон учурда алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чечилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомунун редакциясына ылайык)
49. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын карыздары жана милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, Кыргыз Республикасы "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын карыздары жана милдеттенмелери үчүн жооп бербейт.
50. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери катары юридикалык жактарды эсептик каттоону ишке ашыруу;
2) "Маймак" ЭЭЧнын субъекттеринин реестрин жүргүзүү, "Маймак" ЭЭЧнын субъекттеринин талабы боюнча же кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча "Маймак" ЭЭЧнын субъекттеринин реестринен көчүрмөлөрдү берүү;
3) "Маймак" ЭЭЧда иштөө шарттары жөнүндө келишим түзүүгө юридикалык жактар берген билдирмелерди кароо;
4) "Маймак" ЭЭЧнын субъектисинин талабы боюнча же кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча "Маймак" ЭЭЧнын субъекттеринин реестринен көчүрмөлөрдү берүү;
5) "Маймак" ЭЭЧнын иштери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө "Маймак" ЭЭЧнын субъекттеринин кызыкчылыктарын жактоо;
6) "Маймак" ЭЭЧда инвестициялык жана ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүүнүн шарттарын чагылдыруу, чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлорду тартуу максатында Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта жарнамалык, маалыматтык иштерди жүзөгө ашыруу;
7) "Маймак" ЭЭЧнын иштери тууралуу маалыматтарды жалпыга тааныштыруу үчүн аны ачык пайдаланууну, анын ичинде "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын сайтына милдеттүү түрдө жайгаштыруу менен камсыз кылуу;
8) ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин "Маймак" ЭЭЧнын иштөө шарттары тууралуу типтүү келишимди иштеп чыгуу жана бекитүү;
9) "Маймак" ЭЭЧинде иштөөнүн шарттары тууралуу келишимди түзүү жана/же узартуу жана алардын аткарылышын контролдоону ишке ашыруу;
10) "Маймак" ЭЭЧнын субъекттери катары алардын иши тууралуу маалыматтарды "Маймак" ЭЭЧнын субъекттеринен алуу;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Маймак" ЭЭЧнын субъектисинин макамынан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
12) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясына оперативдүү башкарууга өткөрүп берилген мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тескөө;
13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине "Маймак" ЭЭЧнын чек араларын өзгөртүү жөнүндө сунуш менен кайрылуу;
14) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык башка функцияларды ишке ашыруу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
50-1. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы ушул Жободо аныкталган өз милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) "Маймак" ЭЭЧнын чек араларын өзгөртүү, анын иштөө мөөнөтүн узартуу демилгеси менен чыгууга;
2) мамлекеттик органдардан тийиштүү маалыматты суратууга;
3) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерин эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн командировкаларга жөнөтүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
51. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) "Маймак" ЭЭЧнын жана анын компетенциясынын чегинде республиканын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ал белгилеген форматка ылайык "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын иши тууралуу отчетту тапшырат.
2-1) ай сайын ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды бөлүп көрсөтүү менен ЭЭЧнын субъекти тарабынан өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмү жөнүндө маалыматты салык органына берүү;
3) тийиштүү жылга "Маймак" ЭЭЧны өнүктүрүүнүн ар жылдык планын иштеп чыгуу жана ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүү;
4) "Маймак" ЭЭЧны заманбап талаптарга жооп берген инженердик курулмалар жана инфратүзүм менен куруу жана аларды мыйзамдарда белгиленген тартипте пайдалануу;
5) жер участоктор жана жайлар, сунушталган жер участоктор жана жайларга нарктын белгиленген тарифтери, "Маймак" ЭЭЧнын субъекттерин каттоо жана макамынан ажыратуу шарттары жана "Маймак" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин жүргүзүү үчүн башка шарттар тууралуу толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк берген "Маймак" ЭЭЧнын расмий сайтын иштеп чыгуу жана колдоо;
6) "Маймак" ЭЭЧнын ички коопсуздугунун эрежелерин белгилөө жана сактоо;
7) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын түзүмүн жана штаттык санын аныктоо;
8) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлерин кабыл алуу жана бошотуу.
9) оперативдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өзүнүн милдеттерин аткаруу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
52. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын бюджети "Маймак" ЭЭЧнын бюджетинен турат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
53. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү актоонун принциптеринде жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
54. "Маймак" ЭЭЧнын бюджети төмөнкүлөрдөн алынган каражаттардан түзүлөт:
1) "Маймак" ЭЭЧнын субъекти катары "Маймак" ЭЭЧнын аймагында ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы төлөөдөн;
2) жер участокторун, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүү үчүн акы төлөөдөн;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелерден.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомунун редакциясына ылайык)
55. "Маймак" ЭЭЧнын бюджеттик каражаттарын башкы дирекция төмөнкүлөргө пайдаланат:
1) ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдарда аныкталган транспорттук жана башка инфраструктураны түзүүгө, өнүктүрүүгө;
2) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын оперативдүү башкаруусунда турган мүлктү тейлөөгө;
3) инфраструктураны күтүүгө, "Маймак" ЭЭЧнын кызматкерлеринин айлык акысын төлөөгө, коммуналдык жана өкүлчүлүк чыгымдарга.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
56. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
57. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо жана камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
58. Түзүм жана штаттык расписание "Маймак" ЭЭЧнын башкы директору тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
59. "Маймак" ЭЭЧнын башкы директору башкы дирекцияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
60. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясынын мүлкү анын балансында турат жана төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясына аны уюштурууда оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген мүлктөн;
2) Маймак" ЭЭЧнын бюджеттик каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлктөн;
3) "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясына бекитилген мүлктү пайдалануунун жыйынтыгында алынган же сатып алынган мүлктөн, кирешелерди, жемиштерди, продукцияны кошкондо.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
61. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте ага бекитилген мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
62. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы мүлктү пайдалануу ченемдерин жана эрежелерин сактоо менен анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздайт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
63. "Маймак" ЭЭЧнын башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)