Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 токтому менен бекитилген |
Юридикалык жакты эркин экономикалык чөлкөмдүн субъекти катары эсептик каттоонун ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Юридикалык жакты эркин экономикалык чөлкөмдүн субъекти катары эсептик каттоонун Тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана эркин экономикалык чөлкөмдүн (мындан ары - ЭЭЧ) субъекти макамын алууга ниеттенген юридикалык жактарды эсептик каттоого алуунун жол-жобосун аныктайт.
2. ЭЭЧнын субъекти макамын алууга ниеттенген юридикалык жак ЭЭЧнын башкы дирекциясына ишкерлик жүргүзүүнүн шарттары тууралуу келишимди (контракт, макулдашуу) түзүүгө төмөнкү маалыматтарды камтыган билдирме берет:
- болжолдонгон иш жөнүндө;
- болжолдонгон иш үчүн зарыл болгон жер участоктун аянты жөнүндө;
- келишим (контракт, макулдашуу) түзүлгөн күндөн баштап жыл ичинде ЭЭЧга капиталдык салымдардын болжолдонгон көлөмү жөнүндө.
3. Табыштамачы билдирмеге төмөнкүдөй документтерди тиркейт:
- мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- салык төлөөчүнүн катталуу формасынын көчүрмөсүн;
- уюмдаштыруучу документтердин көчүрмөсүн;
- бизнес-планды.
ЭЭЧнын башкы дирекциясы ушул Тартиптин 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн документтерди тизим боюнча кабыл алат.
4. ЭЭЧнын башкы дирекциясы ушул Тартиптин 2 жана 3-пункттарында каралган документтерди текшерет жана документтер алынгандан кийин беш жумушчу күндүн ичинде төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат жана табыштамачыга жөнөтөт:
- ЭЭЧда ишкерликти жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө келишим түзүлгөндүгү тууралуу;
- ЭЭЧда ишкерликти жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө келишим түзүүдөн баш тартылгандыгы тууралуу, мында баш тартуунун жүйөөлүү негиздемелери көрсөтүлүүгө тийиш.
5. ЭЭЧда ишкерликти жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө келишим түзүүдөн баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:
- ушул Тартиптин 2-3-пункттарында көрсөтүлгөн документтер табыштамачы тарабынан берилбесе;
- ЭЭЧда ишкерликти жүргүзүүнүн шарттары тууралуу келишим түзүү үчүн берилген билдирмеде көрсөтүлгөн шарттарга жооп бере турган жер участоктун ЭЭЧнын аймагында жок болсо;
- табыштамачынын болжолдонгон иши ЭЭЧнын аймагында жүргүзүүгө уруксат берилген иштин түрлөрүнө шайкеш келбесе;
- бизнес-план ЭЭЧда ишкерликти жүргүзүүнүн шарттары тууралуу келишим түзүү үчүн берилген билдирмеде көрсөтүлгөн шарттарга шайкеш келбесе.
6. ЭЭЧ башкы дирекциясынын ЭЭЧда иштин шарттары жөнүндө келишимди түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык административдик (сотко чейинки) тартипте, андан кийин - сот тартибинде даттанылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Юридикалык жак ЭЭЧнын субъекттеринин реестрине тиешелүү жазуу киргизилген күндөн тартып ЭЭЧнын субъекти болуп таанылат.
8. ЭЭЧнын башкы дирекциясы ЭЭЧнын субъекттеринин реестрине юридикалык жакты эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу жазууну жүргүзөт жана ЭЭЧда ишкерликти жүргүзүү тууралуу келишимге кол коюлган күндөн баштап үч жумушчу күндүн ичинде ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча ЭЭЧнын субъекти катары юридикалык жактын эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү берет.
ЭЭЧнын башкы дирекциясы ЭЭЧнын башкы дирекциясынын сайтына реестрдин милдеттүү жайгашуусу менен ЭЭЧнын субъекттеринин реестрине жалпы таанышуу үчүн ачык мүмкүнчүлүк түзүп берүүсү шарт.
9. ЭЭЧнын башкы дирекциясы эсептик каттоодон өткөн күндөн баштап он жумушчу күндүн ичинде юридикалык жакты ЭЭЧнын субъекти катары эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, салык, бажы жана статистикалык органдарына, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органына жана банктык көзөмөлдөө органына кабарлайт.
10. Юридикалык жакты ЭЭЧнын субъекти макамынан ажыратуу же аны жоготуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
11. ЭЭЧнын башкы дирекциясы ЭЭЧнын субъекттеринин реестрине ЭЭЧнын субъекти, ЭЭЧнын субъекти макамынан ажыраган фактыны бышыктаган документтер алынган күндөн тартып же ЭЭЧнын субъектинин, ЭЭЧнын субъекти макамынан жоготууга негиз болгон ченемдик укуктук акт күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде юридикалык жактын ЭЭЧнын субъекти макамынан ажыратылгандыгы жөнүндө жазууну киргизет.
12. ЭЭЧнын субъекти макамынан юридикалык жак ажыраган же жоготкон учурда ЭЭЧнын башкы дирекциясы юридикалык жакка он эки календардык айдын ичинде ЭЭЧнын аймагындагы имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды демонтаждоо жол-жоболорун аяктоого мүмкүндүк берет.
13. ЭЭЧнын субъекти катары юридикалык жакты эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк юридикалык жактын ЭЭЧнын субъекти макамынан ажыратылгандыгы же аны жоготкондугу жөнүндө тиешелүү жазуу ЭЭЧнын субъекттеринин реестрине киргизилген күндөн кийинки үч жумушчу күндөн кечиктирбестен ЭЭЧнын башкы дирекциясына кайтарып берилүүгө тийиш.
14. ЭЭЧнын башкы дирекциясы юридикалык жактын ЭЭЧнын субъекти макамынан ажыратылгандыгы же аны жоготкондугу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоодон (кайра каттоодон) өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, салык, бажы жана статистикалык органдарына, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органына жана банктык көзөмөлдөө органына ЭЭЧнын субъекттеринин реестрине тиешелүү жазуу киргизилген күндөн кийинки он жумушчу күндүн ичинде кабарлайт.
15. ЭЭЧнын субъектин эсептик каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы жоголгон же бузулуп калган учурда юридикалык жак күбөлүктүн түп нускасы жоголгон же бузулган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде ЭЭЧнын башкы дирекциясына жупнуска берүү жөнүндө арыз жазууга милдеттүү. Арызда жоголгон же бузулган күбөлүктүн бардык реквизиттери көрсөтүлүшү керек.
Жупнуска реестрдеги жазуулардын негизинде тийиштүү арыз берилген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде берилет. Жупнусканы берүүдө маалыматтар базасы боюнча күбөлүктүн каттоо номери өзгөрүүсүз калат. Берилген күбөлүктө "Жупнуска" деген белги болушу керек.
Жоголуп кеткен күбөлүктүн түп нускасы табылып калган учурда ЭЭЧнын субъектиси түп нусканы (же дубликатты) ЭЭЧнын башкы дирекциясына жок кылуу үчүн берүүгө милдеттүү.
|
| Юридикалык жакты эркин экономикалык чөлкөмдүн субъекти катары эсептик каттоонун тартибине тиркеме |
Форма
________________________________________________________
ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК ЧӨЛКӨМДҮН БАШКЫ ДИРЕКЦИЯСЫ
Юридикалык жакты эркин экономикалык чөлкөмдүн субъекти катары эсептик каттоо жөнүндө КҮБӨЛҮК
№ _________ ____________
ОКПО коду
20____-жылдын «______»_________________________
Юридикалык жактын аталышы ______________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________________
20_____-жылдын «_______»______________________________№ _________________________________________________________________________________
Юридикалык жактан юридикалык жактарды
Каттоо номери мамлекеттик каттоодон
(кайра каттоодон) өткөргөн
ыйгарым укуктуу
мамлекеттик орган
Эркин экономикалык
Чөлкөмдүн башкы директору _____________________
(кол тамгасы)