Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июлу № 412
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана билим берүү чөйрөсүндөгү жеке секторду өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 25-бап төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«25-бап. Билим берүү ишин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
1. Лицензиялануучу иштин түрүнүн аталышы: билим берүү иши.
Билим берүү иши лицензияланууга тийиш (мектепке чейинки, жалпы баштапкы, негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашырган мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринен тышкары).
Лицензия лицензияда көрсөтүлгөн даярдоо багыттары (адистиктер) жана билим берүү деңгээли боюнча гана билим берүү ишин жүргүзүүгө уруксат берет.
Лицензия юридикалык жактарга берилет.
2. Лицензиардын аталышы: билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
3. Лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана мөөнөтсүз берилет.
4. Билим берүү ишин жүргүзгөн юридикалык жактарга (мектепке чейинки, жалпы баштапкы, негизги жана жалпы орто билим берүүнүн программаларын ишке ашырган мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринен тышкары) төмөнкүдөй кошумча лицензиялык жалпы талаптар белгиленет:
- окуу процессинин камсыздалышы билим берүү программасынын мазмунуна ылайык келиши;
- педагогикалык кызматкерлердин квалификациясынын жана штаттардын комплекттелишинин билим берүү программаларынын максаттарына жана мазмунуна шайкештиги;
- билим берүү уюмунун аталышынын билдирилген билим берүү программаларына шайкештиги.
5. Жогорку кесиптик билим берүү программасы боюнча билим берүү ишин жүргүзгөн юридикалык жактарга ушул баптын 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн лицензиялык талаптар белгиленет.
6. Орто кесиптик билим берүү программасы боюнча билим берүү ишин жүргүзгөн юридикалык жактарга ушул баптын 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн лицензиялык талаптар белгиленет.
7. Баштапкы кесиптик билим берүү программасы боюнча билим берүү ишин жүргүзгөн юридикалык жактарга ушул баптын 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн лицензиялык талаптар белгиленет.
8. Жалпы орто билим берүү программасы (окутуунун 1-3-баскычтары) боюнча билим берүү ишин жүргүзгөн юридикалык жактарга (мектепке чейинки, жалпы баштапкы, негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашырган мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринен тышкары) ушул баптын 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн лицензиялык талаптар белгиленет.
9. Мектепке чейинки билим берүү программасы боюнча билим берүү ишин жүргүзгөн юридикалык жактарга ушул баптын 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн лицензиялык талаптар белгиленет.
10. Кошумча билим берүү программасы боюнча билим берүү ишин жүргүзгөн юридикалык жактарга ушул баптын 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн лицензиялык талаптар белгиленет.
11. Мугалимдерге квалификациялык сынак (аттестация) жүргүзүлбөйт.
12. Арыз берүүчүнүн лицензиялык талаптарга шайкеш келүүсүн текшерүү үчүн билим берүүнүн тиешелүү тармактарынын жогорку квалификациялуу адистерин, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн тартуу менен эксперттик комиссия түзүлөт.
13. Лицензияны берүүдөгү же кайра тариздөөдөгү бир жолку лицензиялык жыйым салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык алынат.
14. Билим берүү ишин жүргүзүү боюнча лицензия берүү үчүн кошумча документтер:
- лицензиялык экспертиза жүргүзүүгө арыз (№ 1 форма);
- билим берүү уюмунун түзүмү, окуучулардын саны жөнүндө жалпы маалыматтар (№ 2 форма);
- билим берүү уюмунун окуу-материалдык базасы жөнүндө маалыматтар (№ 3 форма);
- билим берүү процессин жүргүзүү үчүн пайдаланылган жайларга жеке менчик, чарбалык иш жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугун ырастоочу документтердин көчүрмөсү.
Жеке менчик мектепке чейинки, баштапкы, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик жана кошумча билим берүү уюмдары үчүн 3 жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлгөн ижара келишими жетиштүү болот.
Бардык түрдөгү уюмдар үчүн жеке менчик укугундагы, оперативдүү башкаруудагы же чарба жүргүзүүдөгү жайлардын аянтынан ашык эмес көлөмдөгү имаратты кошумча ижарага алууга жол берилет;
- билим берүү уюмунун китепкана, окуу адабияты менен камсыздалышы жөнүндө маалыматтар (№ 4 форма);
- билим берүү процессинин кадрлар менен камсыздалышы жөнүндө маалыматтар (№ 5 форма);
- лицензиат ижара шартында, биргелешкен иштин, биргелешкен пайдалануунун алкагында мамлекеттик билим берүү уюмдарынын социалдык-тиричилик чөйрөсүндөгү мекемелеринин жабдууларын, шаймандарын, фонддорун жана китепкана жайларын пайдаланган учурда - мамлекеттик билим берүү уюму менен түзүлгөн тиешелүү келишим.
Негизги кошумча документтердин формалары ушул баптын 7, 8-тиркемелеринде көрсөтүлгөн.»;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 1-8-тиркемелер менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн ченемдик документтерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июлундагы № 412 токтомуна тиркеме |
«Билим берүү ишин
лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү»
деген 25-баптын 1-тиркемеси
Жогорку кесиптик билим берүү программаларынын лицензиялык талаптары
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Ченемдик маанилер |
| 1. Кадрдык дарамет |
|
1. | Бакалавриат (адистик) үчүн сабактардын бөлүктөрү боюнча илимий даражасы жана/же илимий наамы бар мугалимдер окуган лекциялар боюнча сабактардын пайызы: * |
|
- жалпы гуманитардык жана социалдык- экономикалык сабактар (окутуунун биринчи жылынан баштап); | 40% | |
- жалпы математикалык жана табигый илимдер сабактары (окутуунун биринчи жылынан баштап); | 40% | |
- жалпы кесиптик сабактар (окутуунун экинчи жылынан баштап); | 35% | |
- атайын сабактар (окутуунун үчүнчү жылынан баштап) | 30% | |
2. | Илимий даражасы жана/же илимий наамы (магистратура) бар мугалимдер тарабынан дээрлик окутулган лекциялар боюнча сабактардын пайызы | 50% |
3. | Штаттагы мугалимдер менен камсыз болгон сабактардын үлүшү | 60% |
| 2. Келип-кетүүлөрдү эсепке алуу менен материалдык - техникалык камсыздоо Келтирилген контингентке таандык 1 студентке эсептелген аянт (кв.м) |
|
4. | Жождор (университеттер, академиялар): | 9 |
| - техникалык, айыл-чарбалык; | 9 |
| - маданият; | 13 |
| - көркөм өнөр жана архитектура, театрдык, консерваториялык | 13 |
| - дене тарбиялык | 11 |
| - медициналык | 9 |
| - гуманитардык | 8 |
5. | Институттар | 8 |
6. | Актовый зал (саны) | 1 |
7. | Спорт зал (саны) | 1 |
8. | Ашкана (саны) | 1 |
9. | Медпункт (саны) | 1 |
10. | Бир мугалимге эсептелген студенттердин контингенти ** | 12:1 |
11. | Бир компьютерге эсептелген студенттердин саны | 12:1 |
| 3. Окуу-методикалык камсыздоо (окутуу жылдарына ылайык) |
|
12. | Милдеттүү окуу китептери *** | 100% |
13. | Лабораториялык жана курстук иштер үчүн методикалык окуу куралдары | 100% |
14. | Күндүзгү бөлүмдү окуган студенттердин санына карата сырттан окуган студенттердин %дык көрсөткүчү **** | 20%дан ашык эмес |
15. | Билим берүү программасынын керектелиши: Эмгек рыногун жана лицензиялануучу билим берүү программаларын ачуу зарылдыгын талдоо боюнча иш берүүчүлөр менен макулдашылган негиздеме-маалымкат |
|
Эскертүү:
* Жождун штаттык санына ылайык жумушка кабыл алынгандар гана штаттагы мугалимдер болуп эсептелинет.
** Бир мугалимге эсептелген студенттердин контингенти окутуунун технологиясына ылайык жана жождун документтеринде көрсөтүлгөн академиялык топтун жогорку окуу жайында кабыл алынган санына жараша өзгөрүп турушу мүмкүн.
*** Милдеттүү окуу китептери жана методикалык окуу куралдары жумушчу программалары аркылуу аныкталат. Окуу китептери катары лекциялардан, электрондук окуу китептеринен түзүлгөн конспекттердин көбөйтүлгөн нускаларын колдонууга болот. Буларды методикалык окуу куралдары үчүн да колдонууга болот.
**** Студенттерди сырттан окутууга күндүзгү бөлүмү болгон учурда гана уруксат берилет.
«Билим берүү ишин
лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү»
деген 25-баптын 2-тиркемеси
Орто кесиптик билим берүү программаларынын лицензиялык талаптары
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Ченемдик маанилер |
| 1. Кадрдык дарамет |
|
1. | Штаттагы мугалимдер менен камсыздалган сабактардын үлүшү * | 80% |
| 2. Келип-кетүүлөрдү эсепке алуу менен материалдык - техникалык камсыздоо Келтирилген контингентке таандык 1 студентке эсептелген аянт (кв.м) |
|
2. | Орто кесиптик окуу жайлары: | 7 |
- техникалык, айыл-чарбалык; | 7 | |
- маданият; | 11 | |
- көркөм өнөр жана архитектура, театрдык; | 11 | |
- дене тарбиялык | 10 | |
- медициналык | 7 | |
- гуманитардык | 6 | |
3. | Актовый зал (саны) | 1 |
4. | Спорт зал (саны) | 1 |
5. | Ашкана (саны) | 1 |
6. | Медпункт (саны) | 1 |
7. | Бир мугалимге эсептелген студенттердин контингенти ** | 12:1 |
8. | Бир компьютерге эсептелген студенттердин саны | 12:1 |
| 3. Окуу-методикалык камсыздоо (окутуу жылдарына ылайык) |
|
9. | Окуу китептери *** | 100% |
10. | Лабораториялык жана курстук иштер үчүн усулдук адабияттар | 100% |
11. | Күндүзгү бөлүмдө окуган студенттердин санына карата сырттан окуган студенттердин %дык көрсөткүчү **** | 20%дан ашык эмес |
12. | Билим берүү программасынын керектелиши: эмгек рыногун жана лицензиялануучу билим берүү программаларын ачуу зарылдыгын талдоо боюнча иш берүүчүлөр менен макулдашылган негиздеме-маалымкат |
|
Эскертүү:
* Орто кесиптик окуу жайларынын штаттык санына ылайык жумушка кабыл алынгандар гана штаттагы мугалимдер болуп эсептелинет.
** Бир мугалимге эсептелген студенттердин контингенти окутуунун технологиясына ылайык академиялык топтун орто кесиптик окуу жайларында кабыл алынган санына жараша өзгөрүп турушу мүмкүн.
*** Милдеттүү окуу китептери жана методикалык окуу куралдары жумушчу программалары аркылуу аныкталат. Окуу китептери катары лекциялардан, электрондук окуу китептеринен түзүлгөн конспекттердин көбөйтүлгөн нускаларын колдонууга болот. Буларды методикалык окуу куралдары үчүн да колдонууга болот.
**** Студенттерди сырттан окутууга күндүзгү бөлүмү болгон учурда гана уруксат берилет.
«Билим берүү ишин
лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү»
деген 25-баптын 3-тиркемеси
Баштапкы кесиптик билим берүү программаларынын лицензиялык талаптары
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Ченемдик маанилер |
1. | Штаттагы педагогикалык кадрлар менен комплекттелиши | 100% |
2. | Топторду төмөнкү багыттар боюнча |
|
| толуктоонун чеги: | 15-25 |
| - техникалык; | 15-25 |
| -табигый; | 15-25 |
| - жумушчу; | 15-25 |
| - айыл чарбалык; | 12ге чейин |
| - инклюзивдик; - реабилитациялык | 12ге чейин |
3. | Келип-кетүүлөрдү эсепке алуу менен чектик контингентке таандык 1 окуучуга эсептелген аянт (кв.м): |
|
| - техникалык; | 12 |
| -табигый; | 12 |
| - жумушчу; | 12 |
| - айыл чарбалык ж.б. | 8 |
4. | Окуу китептери (камсыздоо пайызы) | 100% |
5. | 1 компьютерге эсептелген окуучулардын саны | 12:1 |
6. | Ашкана (саны) | 1 |
7. | Спорт зал (саны) | 1 |
8. | Актовый зал (саны) | 1 |
9. | Медпункт (саны) | 1 |
10. | Жабдуулар, приборлор, материалдар | Санитардык эрежелерге жана ченемдерге ылайык 2.4.3.004-03 |
«Билим берүү ишин
лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү»
деген 25-баптын 4-тиркемеси
Жалпы орто билим берүү программаларынын лицензиялык талаптары
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталыштары | Ченемдик маанилер | ||||
Гимназия | Лицей | Жалпы билим берүү мектептери | Мектеп-комплекс | Кесиптик лицейлер | ||
1. | Штаттагы педагогикалык кадрлар менен комплекттелиши | 100% | 100% | 100% | 100% | 100% |
2. | Класстарды-комплекттерди толуктоонун чеги |
|
|
|
|
|
(1 класска): |
|
|
| 25 |
| |
- мектепке чейинки билим берүү; | 20-25 |
| 25 | 25 |
| |
- окутуунун 1 - баскычы | 20-25 | 25 | 25 | 25 | 15 | |
- окутуунун 2- баскычы | 15-20 | 25 | 25 | 25 |
| |
- окутуунун 3- баскычы |
|
|
|
|
| |
3. | Келип-кетүүлөрдү эсепке алуу менен чектик контингентке таандык 1 окуучуга эсептелген аянт (кв.м): |
|
|
| 3 |
|
- мектепке чейинки билим берүү; |
| 5 |
|
|
| |
- окутуунун 1- баскычы | 3 | 5 | 3 | 3 | 5 | |
- окутуунун 2-баскычы | 5 |
| 5 | 5 |
| |
- окутуунун 3- баскычы | 5 |
| 5 | 5 |
| |
4. | Окуу китептери (камсыздалуу пайызы) | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 |
5. | Бир компьютерге эсептелген окуучулардын саны | 12:1 | 12:1 | 25:1 | 12:1 | 12:1 |
6. | Ашкана (бир орунга баштапкы мектептин окуучуларынын саны) | 4 |
|
| 4 |
|
7. | Ашкана (бир орунга мектепке чейинки уюмдун тарбиялануучу-ларынын саны) |
|
|
| 1 |
|
8. | Спорт зал (саны) | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
9. | Актовый зал (саны) | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
10. | Медпункт | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
«Билим берүү ишин
лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү»
деген 25-баптын 5-тиркемеси
Мектепке чейинки билим берүү программаларынын лицензиялык талаптары
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Ченемдик маанилер |
1. | Педагогикалык кадрлардын курамы: |
|
- штаттагы педагогикалык кадрлар менен комплекттелиши; | 80% | |
- кызматкерлер (тарбиячылар жана тарбиячылардын жардамчылары) менен 3 жашка чейинки курактагы балдардын сандык катышы; | 2 тарбиячы жана 1 жардамчы (10-15 балага | |
- кызматкерлер (тарбиячылар жана тарбиячылардын жардамчылары) менен 3-7 жашка чейинки курактагы балдардын сандык катышы | 2 тарбиячы жана 1 жардамчы (25-30 балага) | |
2. | Тарбиялануучулардын толукталышы боюнча саны: | |
- эрте жаштагы I топ (6 айдан 1,5 жашка чейин); | 15 балага чейин | |
- эрте жаштагы II топ (1,5 жаштан 2 жашка чейин); | 20 балага чейин | |
- кенже I топ (2 жаштан 3 жашка чейин); | 25 балага чейин | |
- кенже II топ (3 жаштан 4 жашка чейин); | 30 балага чейин | |
- ортончу топ (4 жаштан 5 жашка чейин); | 30 балага чейин | |
- жогорку топ (5 жаштан 6 жашка чейин); | 30 балага чейин | |
- даярдоо тобу (6 жаштан 7 жашка чейин); | 30 балага чейин | |
- балдарды мектепке даярдоо класстары (6 жаштан 7 жашка чейин) | 30 балага чейин | |
3. | Бир балага эсептелген аянт (кв.м) | 3 кв.м |
4. | Төмөнкүлөрдү окутууда топтогу балдардын саны: | 25 жана андан ашык баладан түзүлгөн |
- тарбиялоо жана окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектепке чейинки мекемелердеги кыргыз тили сабагы үчүн; | 2 топ 25 жана андан ашык баладан түзүлгөн | |
- тарбиялоо жана окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектепке чейинки мекемелердеги орус тили сабагы үчүн; | 2 топ 15 баладан ашпаган | |
- чет тил сабагы үчүн; | 1 топ (ата-энелердин каалоосу боюнча) | |
- көркөм сүрөт сабагы үчүн | 1 | |
5. | Окуу-материалдык база | |
| Жайлар: |
|
- дене тарбия жана музыка сабактары үчүн, ар бири (кем эмес): | 75 м2 | |
- ооруп калган балдар үчүн изоляторлор (саны): | 1 | |
- медициналык бөлмө (саны) | 1 | |
6. | Материалдар жана жабдуулар | Мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык 100% |
7. | Ашкана (балдар менен отуруучу орундуктардын сандык катышы) | 1:1 |
«Билим берүү ишин
лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү»
деген 25-баптын 6-тиркемеси
Кошумча билим берүү программаларынын лицензиялык талаптары
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Ченемдик маанилер |
1. | Штаттагы педагогикалык кадрлар менен комплекттелиши | 50% |
2. | Багыттар боюнча топторду толуктоо чеги | 12ден ашык эмес |
3. | Келип-кетүүлөрдү эсепке алуу менен чектик контингентке таандык 1 окуучуга эсептелген аянт (кв.м) | 3 |
4. | Окуу китептери (камсыздоо пайызы %) | 100% |
5. | 1 компьютерге эсептелген окуучулардын саны | Окуу планына ылайык |
6. | Жабдуулар | Окуу планына ылайык |
7. | Адистин оң рецензиясына татыган окуу планы | Ар бир багыт боюнча |
8. | Бүтүрүүчүлөрдүн билиминин сапатын баалоо үчүн тесттер жана башка сыноо материалдары * | Ар бир багыт боюнча |
Эскертүү:
* Тесттер экиден көп рекламация же даттануулар болгон учурда биринчи бүтүрүүчүлөрдөн кийин билимдин сапатын текшерүү үчүн колдонулат.
«Билим берүү ишин
лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү»
деген 25-баптын 7-тиркемеси
№ 1 форма
Арыз (мектепке чейинки, жалпы орто, баштапкы кесиптик жана кошумча билим берүү уюмдары үчүн)
Иштин төмөнкү түрүнө лицензия берүүнү суранабыз _________________________ ________________________________________________________________________ (иштин түрүнүн (түрлөрүнүн) аталышы так жана толук көрсөтүлөт) Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн сериясы ___________________________ № _____________________________________________________________________ берилген _______________________________________________________________ (ким тарабынан, качан) Жайгашкан жери: ________________________________________________________ Идентификациялык код: __________________________________________________ Уюштуруу-укуктук форма: ________________________________________________ Менчик түрү: ___________________________________________________________ Башка маалыматтар: ______________________________________________________ (арызды кароо үчүн зарыл болгон маалыматтар көрсөтүлөт) Арызга төмөнкүлөр тиркелет: ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________ 20 __ -жылдын «__» ___________ _______________________________________ (юридикалык жактын өкүлүнүн кол тамгасы) |
№ 2 форма
Билим берүү мекемесинин түзүмү жөнүндө жалпы маалыматтар
М.О Билим берүү мекемесинин жетекчиси же уюмдаштыруучусу ______________________________ (кол тамгасы) | ||||||||||||||||||||||||
№ 3 форма
Окуу-материалдык база жана окуу процессинин жабдыктар менен камсыздалышы жөнүндө маалыматтар _________________________________________________ (уставга ылайык билим берүү мекемесинин аталышы)
М.О Билим берүү мекемесинин жетекчиси же уюмдаштыруучусу _________________________ (кол тамгасы) |
№ 4 форма
Билим берүү процессинин окуу адабияттары жана жабдуулар менен камсыздалышы жөнүндө маалыматтар ______________________________________________ (билим берүү мекемесинин аталышы)
Эскертүү: Окуу процессинин зарыл болгон жабдуулар, анын ичинде эсептөөчү техника каражаттары менен камсыздалышы жөнүндө маалыматтар билим берүү мекемеси тарабынан эркин түрдө окуу планына жана окуу сабактарынын программаларына ылайык берилет.
М.О Билим берүү мекемесинин жетекчиси же уюмдаштыруучусу _________________________ (кол тамгасы) |
№ 5 форма
Педагогикалык кадрлар жана штаттардын комплектелиши жөнүндө маалыматтар _______________________________________________________ (билим берүү мекемесинин уставка ылайык аталышы)
М.О Билим берүү мекемесинин жетекчиси же уюмдаштыруучусу _______________________ (кол тамгасы) | |||||||||||||||||||||||||||||
«Билим берүү ишин
лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү»
деген 25-баптын 8-тиркемеси
№ 1 форма
Арыз (жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары үчүн)
______________________________________________ боюнча билим берүү ишин жүргүзүү укугуна ________________________________________________ дареги боюнча жайгашкан (юридикалык дареги, телефону) ______________________________ лицензиялык экспертиза жүргүзүүнү суранабыз (билим берүү мекемесинин толук аталышы)
М.О Билим берүү мекемесинин жетекчиси же уюмдаштыруучусу _________________________ (кол тамгасы | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
№ 2 форма
Билим берүү мекемесинин түзүмү, окуучулардын жана мугалимдердин саны жөнүндө жалпы маалымат ______________________________________________________ (билим берүү мекемесинин толук аталышы)
Эскертүү: - иштеп жаткан билим берүү мекемелери үчүн маалыматтар жылдын башына карата берилет; - жаңы ачылып жаткан билим берүү мекемелери үчүн маалыматтар биринчи окуу жылынын башталышында жана кийинки 3 (4) окуу жылдарына карата берилет.
М.О Билим берүү мекемесинин жетекчиси же уюмдаштыруучусу __________________________ (кол тамгасы)
|
№ 3 форма
Билим берүү мекемеси пайдаланган аянттар жана окуу-материалдык база жөнүндө маалыматтар ______________________________________________ (билим берүү мекемесинин аталышы)
М.О Билим берүү мекемесинин жетекчиси же уюмдаштыруучусу __________________________ (кол тамгасы) |
№ 4 форма
Билим берет процессинин окуу адабияты жана жабдуулар менен камсыздалышы жөнүндө маалыматтар ________________________________________________________________________ (билим берүү мекемесинин аталышы) ________________________________________________________________________ (кадрларды даярдоо багытынын же адистигинин шифри, аталышы) ________________________________________________________________________ (даярдоо формасы: күндүзгү, сырттан)
Эскертүү: - даярдоонун ар бир багытына же адистигине окутуунун ар бир формасы боюнча таблицанын өзүнчө нускасы толтурулат; - окуу процессинин зарыл болгон жабдуулар, анын ичинде эсептөөчү техника каражаттары менен камсыздалышы жөнүндө маалыматтар билим берүү мекемеси тарабынан окуу практикасын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кыйла толук ачып берген эркин түрдөгү окуу планына жана программаларына ылайык берилет.
М.О Билим берүү мекемесинин жетекчиси же уюмдаштыруучусу _________________________ (кол тамгасы) | |||||||||||||||||||||||||
№ 5 форма
Билим берүү процессинин кадрлар менен камсыздалышы жөнүндө маалыматтар ________________________________________________________________________ (билим берүү мекемесинин аталышы) ________________________________________________________________________ (кадрларды даярдоо багытынын же адистигинин шифри, аталышы) ________________________________________________________________________ (даярдоо формасы: күндүзгү, сырттан)
Эскертүү: Даярдоонун ар бир багытына же адистигине окутуунун ар бир формасы боюнча таблицанын өзүнчө нускасы толтурулат.
М.О Билим берүү мекемесинин жетекчиси же уюмдаштыруучусу ____________________ (кол тамгасы) | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||