Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-августу № 439
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 токтомунун редакциясына ылайык)
Бала асыраган ата-энелердин эмгегине акы төлөө маселелерин жана баланы багууга кеткен чыгымдарды жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691 "Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин социалдык стандарттарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча минималдык стандарттарда:
- 14-пункттагы ", бирок календарлык 6 айдан көп эмес" деген сөздөр алып салынсын;
- 16-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"16. Бала мекемеге Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде каралган тартипте жиберилет.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомуна тиркеме |
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ