Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-августу № 451
Изин суутпай издөө жана контрчалгындоо ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган, ошондой эле атайын тергөө иш аракеттерин жүргүзүүдө колдонулуучу атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-октябрындагы № 662, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 598 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Изин суутпай издөө жана контрчалгындоо ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алуу үчүн багытталган атайын техникалык каражаттардын жүгүртүлүшүнө мамлекеттик контроль жүргүзүү, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө далилдөөгө тийиш болгон жагдайларды аныктоо максатында, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 219-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 598 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Тиркелген: Изин суутпай издөө жана контрчалгындоо ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган, ошондой эле атайын тергөө иш-аракетин жүргүзүүдө колдонулуучу атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн тизмеси бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-октябрындагы № 662, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 598 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 202 "Изин суутпай издөө ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына ташып кирүүнүн жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуунун убактылуу тартибин жана Изин суутпай издөө иштерин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |