Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 8-декабрындагы № 787
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-августу № 478
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-августундагы № 467 "Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Уюштурулган фондулук рынокту өнүктүрүү максатында, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-августундагы № 467 "Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункт менен толукталсын:
"111. Ушул Жобонун максаттары үчүн жана анын алкагында баалуу кагаздарды сатууну жана депозитардык ишти уюштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өтүмдүү активдери (ӨА) катары эсептелген амортизацияны эске алуу менен алардын негизги ишинде пайдаланылган программалык камсыздоо түрүндөгү материалдык эмес активдер таанылышы мүмкүн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |