Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-августу № 460
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
16-мартындагы № 109 «Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Салыктар боюнча отчетторду берүү формаларын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85 жана 86-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 «Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы булактан алынган, туруктуу мекеме менен байланышпаган чет элдик уюмдун кирешелерине салык боюнча отчеттун формасы (FORM STI – 106) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы булактан алынган, туруктуу мекеме менен байланышпаган чет элдик уюмдун кирешелерине салык боюнча отчеттун формасын (FORM STI – 106) толтуруу тартибинде:
10-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«10. Отчеттун формасында ар бир сап боюнча төмөнкү маалымат чагылдырылат:
- 201-уячада отчет берилүүчү салык мезгилинин башталган датасы көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы. Мисалы: «01.01.2014»;
- 202-уячада отчет берилүүчү салык мезгилинин акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы. Мисалы: «31.01.2014»;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан кармап калынган салыктын суммасы (пайызы) жөнүндө отчетунун формасы (FORM STI-059) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан кармап калынган салыктын суммасы (пайызы) жөнүндө отчетунун формасын (FORM STI-059) толтуруу тартибинде:
2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«2. Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан кармалган салыктын суммасы (пайызы) жөнүндө отчет (FORM STI-059) (мындан ары – Отчет) төмөнкүлөрдөн турат:
- Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан кармалган салыктын суммасы (пайызы) жөнүндө отчеттун формаларынан, FORM STI-059 (Кыргыз Республикасынын резиденттери боюнча);
- Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан кармалган салыктын суммасы (пайызы) жөнүндө отчеттун тиркемелеринен FORM STI-059-001.»;
- 3-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6 - 10-пункттар төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«6. 201-уячада отчет берилүүчү салык мезгилинин башталган датасы көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы. Мисалы: «01.01.2014».
7. 202-уячада отчет берилүүчү салык мезгилинин акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы. Мисалы: «31.01.2014».
8. 203-уячага Отчеттун FORM STI-059-001 тиркемелеринин акыркы барагынын «Бардыгы» деген 4-графасында көрсөтүлгөн төлөнгөн кирешелердин (пайыздардын) суммаларынын суммалык мааниси көчүрүлөт.
9. 204-уячага Отчеттун FORM STI-059-001 тиркемелеринин акыркы барагынын «Бардыгы» 5-графасында көрсөтүлгөн салыктын суммаларынын суммалык мааниси көчүрүлөт.
10. Отчеттун формасынын төмөнкү бөлүгүндө Отчеттун тиркемелеринин барактарынын саны көрсөтүлөт.»;
- 3-бап күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-бап төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«4. Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан кармалган салыктын суммасы (пайызы) жөнүндө отчеттун тиркемесин толтуруу тартиби FORM STI-059-001
21. FORM STI-059-001 тиркемесинде кирешени төлөөнүн ар бир фактысы боюнча маалыматты көрсөтүү керек.
22. 1-графада төлөө булагынан киреше (пайыз) алган уюмдун аталышы же жеке ишкердин аты-жөнү көрсөтүлөт.
23. 2-графада уюмдун же жеке ишкердин ИСНи көрсөтүлөт.
24. 3-графада киреше (пайыздын) төлөнгөн датасы көрсөтүлөт.
25. 4-графада төлөнгөн кирешенин (пайыздын) суммасы көрсөтүлөт.
26. 5-графада кармалган салыктын суммасы көрсөтүлөт.
27. 4 жана 5-графа боюнча жыйынтык маанилери учурдагы ар бир барак боюнча чыгарылышы керек.
28. 4 жана 5-графалары «Бардыгы» деген сабындагы маани Отчеттун тиркемесинин акыркы барагында гана чыгарылышы керек.».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык отчетун толтуруу жана берүү тартиби жөнүндө (FORM STI-059 жана FORM STI – 106) салык төлөөчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж. К. Оторбаев |