Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-августу, № 462
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 29-декабры № 747, 2015-жылдын 29-декабры № 893 , 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик өнүгүшүнүн натыйжалуу системасын түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасын жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыздоо максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун тартиби жөнүндө убактылуу жобо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырык жөнүндө убактылуу жобо.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:
- (2-абзацы КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирүү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруу үчүн жыл сайын республикалык бюджетте финансы каражаттарын карасын.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |