Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11 августа № 462 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырык жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 , 2019-жылдын 11-октябрындагы № 536, 2020-жылдын 16-мартындагы № 157 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Убактылуу жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырыкты (мындан ары – Мамтапшырык) түзүү, каржылоо, жайгаштыруу жана аткаруу тартибин аныктайт.
2. Мамтапшырык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды (мындан ары – кызматчылар) бир календардык жылда жалпы багыт боюнча окутуу планын билдирет.
3. Кызматчыларды окутууга Мамтапшырык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Мамтапшырыкты түзүү
4. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын табыштамаларынын негизинде кызматчыларды окутууга болгон муктаждыктарынын жыйынтыгына талдоо жүргүзөт жана Мамтапшырыктын долбоорун түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мамтапшырыктын долбоору эки бөлүмдөн турат:
Биринчи бөлүм кызматчыларды окутуу тутумун өнүктүрүү үчүн зарыл болгон иштерди жүргүзүүгө байланышкан жана төмөнкү маалыматтарды камтышы мүмкүн:
- жаңы окуу программаларын, модулдарды, анын ичинде окутуунун дистанциялык формасы үчүн электрондук окуу программаларын жана модулдарды иштеп чыгууну;
- окуу-методикалык материалдарды, колдонмолорду ж.б.у.с. иштеп чыгууну;
- аналитикалык жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү;
- бөлүмдүн бюджетин.
Экинчи бөлүм кызматчыларды түздөн-түз окутууга байланышкан жана өзүнө төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча курстардын жана тематикалардын аталыштарын;
- окутулууга тийиш кызматчылардын санын жана категорияларын;
- окутуунун узактыгын (сааттардын саны);
- жүргүзүлүүчү жайды.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-октябрындагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кайра даярдоо курстарынын тематикалары кызмат орундарынын тобуна болгон типтүү квалификациялык талаптардын негизинде, функционалдык (предметтик) уюштурууну эске алуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
7. Мамтапшырыктын долбооруна мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын юридикалык, финансылык (бухгалтерия) жана кадр кызматтарынын кызматкерлери үчүн окутуунун атайын тематикалары да киргизилет.
8. Мамтапшырыктын долбоорун түзүүдө ыйгарым укуктуу орган кызматчылар иштеген жерди эске алуу менен окутуу жүргүзүлүүчү жайды аныктайт.
3. Мамтапшырыкты каржылоо
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча Мамтапшырыктын долбоорун түзөт жана пландаштырылган жылдан мурунку жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган Мамтапшырыкты бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун жиберет, анын негизинде Мамтапшырык түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамтапшырыктын берилген долбоорун кезектеги календардык жылга мамлекеттик бюджеттин долбооруна киргизүү үчүн карайт.
11. Мамтапшырык боюнча окутууну каржылоо мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын керектөөлөрүнө ылайык түзүлгөн окутуу планынын негизинде ишке ашырылат.
12. Мамтапшырыкты каржылоо республикалык бюджетте бул максаттар үчүн каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.
13. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган каражаттар Мамтапшырыкты каржылоонун кошумча булактары боло алат.
4. Мамтапшырыкты жайгаштыруу жана аткаруу
14. Окутууга Мамтапшырыкты жайгаштыруу төмөнкү түрдө ишке ашырылат:
1) Ыйгарым укуктуу кызматчыларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу курстарын камтыган Мамтапшырыкты түзөт жана бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберет;
2) Кызматчыларды окутууга Мамтапшырыкты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына (мындан ары - Академия) жайгаштырат;
3) Мамтапшырыкты толук көлөмдө ишке ашыруу мүмкүндүгү болбосо, Академия мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык Мамтапшырыкты билим берүүчү уюмдардын арасында жайгаштырат, ошондой эле тренерлерди (консультанттарды) тартуу жолу менен Мамтапшырыкты жүзөгө ашырат;
4) (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-октябрындагы № 536 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Академияда кызматчыларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окутууну жүргүзүү менен байланышкан окуу программаларын, модулдарды, башка окуу-методикалык материалдарды, колдонмолорду ж.б. иштеп чыгууга Мамтапшырыкты жайгаштырат;
6) Иштелип чыккан модулдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40, 2019-жылдын 11-октябрындагы № 536 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Окутуу графиги жана программалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-октябрындагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кошумча кесиптик билим берүү боюнча билим берүү ишин жүргүзүүгө уруксаттамасы бар билим берүүчү уюмдар окутууну жүргүзүү үчүн конкурска катышууга укуктуу.
17. Ушул Жобонун 14-пунктунун 3-пунктчасында каралган учурларда Академия менен конкурста жеңүүчү болгон билим берүүчү уюмдун (мындан ары - Мамтапшырыктын программаларын аткаруучу) ортосунда Мамтапшырыкты ишке ашырууга келишим түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-октябрындагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Мамтапшырыктын программаларын аткаруучу окутуу графигин түзөт жана аны Академия менен макулдашат.
Академия окутуу графигин мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-октябрындагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары окутууну жүргүзүү графигине ылайык кызматчылардын тизмелерин түзөт жана графикти алган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен Академияга жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-октябрындагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Академия окутууну жүргүзүү графигине ылайык жалпыланган тизмелерди Мамтапшырыктын программаларын аткаруучуларга жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-октябрындагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Окутуу аяктагандан кийин Академия ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Мамтапшырыктын чегинде окутуу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө жыйынтыктоочу отчёт берет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-октябрындагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
22. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-октябрындагы № 536 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
23. Ыйгарым укуктуу орган Мамтапшырыкты ишке ашыруунун сапатына мониторинг жана контроль жүргүзөт.
24. Ыйгарым укуктуу орган жыл сайын Мамтапшырыктын ишке ашырылышы жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берип турат.
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун тартиби жөнүндө убактылуу жобого тиркеме |
Форма
____-жылга мамлекеттик жарандык кызматчы жана муниципалдык кызматчыларды окутууга мамлекеттик ТАПШЫРЫК
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
1-бөлүм. Тутумду өнүктүрүү үчүн иштер:
№ | Окугандардын категориялары (кызмат орундары) | Окутуу модулдарынын курстарынын жана тематикаларынын аталышы | Эскертүү |
1 | Биринчи жолу киргендер |
|
|
2 | Функционалдык милдеттери өзгөргөндө |
|
|
3 | Жетекчилер үчүн |
|
|
2-бөлүм. Окутуу:
№ | Окутуу курстары-нын жана тематика-ларынын аталыштары | Угуучу-лардын категория-лары | Окугандардын саны/окутуу жүргүзүлүүчү жер | Сааттардын саны | |||||||||
|
|
| Бишкек шаары | Чүй облусу | Ош шаары | Ош облусу | Жалал-Абад облусу | Баткен облусу | Талас облусу | Нарын облусу | Ысык-Көл облусу |
| |
Мамлекеттик кызматчылар | |||||||||||||
|
| 1) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
| 2) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
| 3) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
| Жыйынтык: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Муниципалдык кызматчылар | |||||||||||||
|
| 1) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
| 2) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
| 3) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
| Жыйынтык: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
| Бардыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Квалификацияны жогорулатуу курстары:
1-бөлүм. Тутумду өнүктүрүү иштери:
№ | Окугандардын категориялары (кызмат орундары) | Окутуу модулдарынын курстарынын жана тематикаларынын аталышы | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
2-бөлүм. Окутуу:
№ | Окутуу курстары-нын жана тематика-ларынын аталыш-тары | Окуган-дардын категория-лары (кызмат орундары) | Окугандардын саны/окутуу жүргүзүлүүчү жер | Сааттардын саны | ||||||||
|
|
| Бишкек | Чүй облусу | Ош шаары | Ош облусу | Жалал-Абад облусу | Баткен облусу | Талас облусу | Нарын облусу | Ысык-Көл облусу |
|
Мамлекеттик кызматчылар | ||||||||||||
|
| 1) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 2) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 3) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтык: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Муниципалдык кызматчылар | ||||||||||||
|
| 1) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 2) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 3) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтык |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|