Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 40
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик өнүгүшүнүн натыйжалуу системасын түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасын жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыздоо максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө";
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик өнүгүшүнүн натыйжалуу системасын түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасын жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыздоо максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";
-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун тартиби жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырык жөнүндө жобо.";
- 2-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруу үчүн жыл сайын республикалык бюджетте финансы каражаттарын карасын.";
- 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун тартиби жөнүндө жобо";
- бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "убактылуу жобо" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "жобо" деген сөз менен алмаштырылсын;
- бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик жана муниципалдык кызмат" жана "мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат" жана "мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кызматчыларды кайра даярдоо төмөнкүлөр үчүн ишке ашырылат:
- мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка биринчи жолу кирген адамдар үчүн;
- кызматчы кызмат орундарынын жогору турган тобуна, анын ичинде адистер категориясынан жетекчилер категориясына өткөндө;
- кызматчынын кызматтык жана функциялык милдеттери өзгөргөндө.";
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Кызматчыларды окутуу, окутуунун мамлекеттик программалары боюнча мамлекеттик тапшырыкты түзүү жана жайгаштыруу маселелерин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) координациялайт.";
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Эгерде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында башкача белгиленбесе, кайра даярдоо кызматчынын карьералык жогорулашынын милдеттүү шарты болуп саналат. Кайра даярдоо кызмат ордуна дайындалгандан кийин үч айдан кечиктирилбеген мөөнөттө мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.";
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Квалификацияны жогорулатуу кызмат орундарынын бир тобунун алкагында 3 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.";
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Кызматчы окутууга мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругунун негизинде жиберилет.
Өндүрүштөн ажыратуу менен кайра даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жиберилген кызматчыларга төмөнкүлөр сакталат:
- окутуу мезгилинде иштеген жери боюнча ээлеген кызмат орду;
- эгерде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында башкача белгиленбесе, окутуу мөөнөтү 3 айдан ашпаса, иштеген орду боюнча орточо айлык эмгек акысы.";
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Мамлекеттик органдын мамлекеттик жарандык кызматчыларын окутууну уюштуруу процесси үчүн статс-катчы (аппарат жетекчи), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларын окутууну уюштуруу процесси үчүн аппарат жетекчиси же жооптуу катчы жоопкерчилик тартышат.";
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өтүү тиешелүү документ менен ырасталат.
Кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу кызматчынын ишин баалоодо эске алынат жана жаңы кызмат ордун ээлөөдө артыкчылыктуу болуп саналат.";
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Кызматчы 3 айдан ашык мөөнөткө окутууга жиберилсе, анда ал мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен тийиштүү мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында белгилүү бир мөөнөткө чейин иштеп берүү боюнча милдеттенмелер жана эгерде кызматчы өз каалоосу менен кызматты токтотсо, анда окутууга байланыштуу чыгымдарды төлөп берүү жөнүндө келишимди түзөт.";
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. Окуу аяктагандан кийин кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- үч айдан ашык окутуу мөөнөтүндө - мамлекеттик жарандык кызматта же муниципалдык кызматта кеминде бир жыл иштеп берүүгө, эгерде келишимде башкача каралбаса;
- бир жылдан ашык окутуу мөөнөтүндө - мамлекеттик жарандык кызматта же муниципалдык кызматта кеминде эки жыл, анын ичинде аны окууга жиберген мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында кеминде бир жыл иштеп берүүгө, эгерде келишимде башкача каралбаса;
- эки жыл же андан ашык окутуу мөөнөтүндө - мамлекеттик жарандык кызматта же муниципалдык кызматта кеминде үч жыл, анын ичинде аны окууга жиберген мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында кеминде бир жыл иштеп берүүгө, эгерде келишимде башкача каралбаса.";
- бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Мамтапшырык мамлекеттик бюджетте бул максаттарга каралган каражаттардын чегинде календардык жылга кызматчыларды окутуу планын билдирет.";
- 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30. Кызматчыларды окутуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыктарынын негизинде ишке ашырылат. Окутууга муктаждыкты аныктоонун, пландаштыруунун жана болжолдоонун тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча окутууга өтүнмөлөрдү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберишет.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырык жөнүндө убактылуу жободо:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырык жөнүндө жобо";
- бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "убактылуу жобо" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "жобо" деген сөз менен алмаштырылсын;
- бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик жарандык кызматчы жана муниципалдык кызматчы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын табыштамаларынын негизинде кызматчыларды окутууга болгон муктаждыктарынын жыйынтыгына талдоо жүргүзөт жана Мамтапшырыктын долбоорун түзөт.";
- бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык бирдиктүү тапшырык ээси деп эсептелген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган конкурс өткөрүү жолу менен окутуу программаларын жана билим берүүчү уюмдарды тандап алат.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырык жөнүндө убактылуу жобонун тиркемесинин 2-бөлүгү "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |