Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-сентябры № 516
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында тийиштүү контролду жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүлөрүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө», «Ветеринария жөнүндө», «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө», «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө», «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө», «Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу», «Банги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемеси төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
5. | Баткен аэропорту | Баткен облусу, Баткен ш., «Баткен» эл аралык аэропорту | Көп тараптуу, сутка бою | + | + | + | + | + | + |
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |