Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-сентябры № 527
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдан 6-октябрындагы № 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын тизмесин бекитүү жана 2011-2014-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин бөлүктөрүнүн базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык, балдардын мыйзамдуу укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын тизмесин бекитүү жана 2011-2014-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин бөлүктөрүнүн базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик экстрендик кызматты чакырууну камсыздоо системасына кирген Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын тизмеси төмөнкү мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"
4-1 | 115 | Балдарга жардам берүүнүн шыр байланышы | Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) Аппараты |
";
- жогоруда аталган токтом мекен бекитилген "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызмат жөнүндө жобонун 2-баптагы 4-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- балдардын мыйзамдуу укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы' телефон тармагындагы "балдарга жардам берүүнүн шыр байланышынын" экстрендик оперативдүү кызматтары үчүн номерлердин диапазонунан "115" үч орундуу номерин бекитсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |