Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-сентябры № 528
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Салык боюнча отчеттуулукту өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85, 86-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун он алтынчы абзацындагы "FORM STI-072" деген сөз жана цифралар "FORM STI-121" деген сөзгө жана цифраларга алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайдалуу кендерди геологиялык изилдөө жана иштеп чыгуу боюнча бонусту эсептөө формасы (FORM STI-072) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайдалуу кендерди геологиялык изилдөө жана иштеп чыгуу боюнча бонусту эсептөө формасын толтуруу тартиби (FORM STI-072) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Пайдалуу кендерди геологиялык изилдөө жана иштеп чыгуу боюнча бонусту эсептөө формасын (FORM STI-121) толтуруу тартиби жөнүндө салык төлөөчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 токтому менен бекитилген |
1-тиркеме
FORM STI-121 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
|
(Орусча вариантын караныз)
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 токтому менен бекитилген |
2-тиркеме
1. Ушул Тартип, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси) ылайык иштелип чыккан жана Салык кодексинин XI бөлүгүнө ылайык бонусту эсептеп чыгуу жана төлөө, геологиялык запастар жана кен байлыктарынын болжолдуу ресурстары, Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин көрсөтүлүшү жана гидрогеологиялык скважиналарды бургулоонун тереңдиги жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн арналган Пайдалуу кендердин чыккан жерлерин геологиялык изилдөө жана иштеп чыгуу боюнча бонусту эсептөө формасын (FORM STI-121) толтуруу тартибин аныктайт.
2. Салык кодексинин 301- жана 306-беренелеринин ченемдерине ылайык Эсептөө, туруктуу мекеме түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн ата мекендик уюм, чет өлкөлүк уюм, ошондой эле, жер казынасын пайдаланууга укугу бар жеке ишкер (мындан ары - салык төлөөчү) тарабынан түзүлөт. Бонус салыгын төлөөчү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылган тийиштүү Эсепти салык органына берет жана бонусту жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн баштап 30 күндөн кечиктирбей эсептик катталган жери боюнча төлөйт.
3. Бонусту эсептөө төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" № 736 токтому менен бекитилген Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын коюмдарынын классификациялык таблицасына ылайык, пайдалуу кен чыккан жерлердин жана анын белгилеринин категориялары жөнүндө;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" № 736 токтому менен бекитилген Лицензиялык аянттын бонустарынын коюмдарынын классификациялык таблицасына ылайык лицензиялык аянты жөнүндө;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, Конкурска коюлуучу жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кендердин чыккан жерлеринин тизмегине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир кендүү жерлерге өзүнчө аныкталуучу конкурска коюлуучу пайдалуу кендердин чыккан жери боюнча бонустардын коюму жөнүндө.
4. Эсептөөгө салык төлөөчү тарабынан кол коюлат жана салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Салык кодексинин 46-беренесине ылайык Эсептөө салык өкүлү аркылуу берилиши мүмкүн.
Эгерде Эсептөө эмгектик же жарандык-укуктук келишимдин негизинде салык төлөөчүнүн кызыкчылыгын колдогон ыйгарым укуктуу салык өкүлү тарабынан түзүлсө жана берилсе, Эсептөөгө өкүл кол коет жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Эгерде Эсептөө ишеним каттын негизинде салык төлөөчүнүн кызыкчылыгын колдогон ыйгарым укуктуу салык өкүлү тарабынан түзүлсө жана берилсе, Эсептөөгө салык төлөөчү же ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ылайык салык төлөөчүнүн ишенимдүү адамы/өкүлү кол коет. Коюлган кол Эсептөөгө кол койгон салык төлөөчүнүн/өкүлүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
5. Эсептөө салык органына кагазга жазылган түрүндө колмо-кол берилиши, тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоосу менен тапшырык кат жүзүндө почта аркылуу, ошондой эле электрондук формада жиберилиши мүмкүн.
Колмо-кол тапшырылган учурда Эсептөө эки нускада толтурулат. Салык органынын кызмат адамы уячаларга Эсептөөнү алуунун датасын, Эсептөөнү кабыл алган кызмат адамынын ИСНин толтуруп, салык органынын штампын басат.
Эсептөөнүн экинчи нускасы салык органынын коюлган белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат жана анын сактоосунда калат.
Тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоосу менен тапшырык кат түрүндө почта аркылуу берилген учурда Эсептөө салык органына эки нускада жиберилет.
Салык төлөөчү заказдык каттын жеткирилгендиги тууралуу почта байланышынын кабарлоосун алат, ал Эсептөөнүн берилгендигинин ырастоосу болуп саналат.
Салык органынын кызмат адамы тапшырык катты алгандан кийин уячаларга Эсептөөнү алуунун датасын, Эсептөөнү кабыл алган кызмат адамынын ИСНин толтуруп, салык органынын штампын басат.
Эсептөөнүн бир нускасы салык органынын белгиси коюлган билдирүү менен тапшырык кат аркылуу салык төлөөчүгө жөнөтүлөт.
Эсептөөнү электрондук түрдө берген учурда салык төлөөчү электрондук почта аркылуу салык органы тарабынан Эсептөө алынгандыгы тууралуу кабарлоо алат.
Эсептөөнү электрондук түрдө берүү тартибине тиешелүү толук маалымат Ыйгарым укуктуу салык органынын сайтында (www.sti.gov.kg) жайгаштырылган.
6. 001 уячасында:
1) эгерде Эсептөө биринчи жолу тапшырылып жатса - "X" түрүндөгү белги "алгачкы" уячасында көрсөтүлөт;
2) эгерде, ушул эле салык мезгили ичинде мурда Эсептөө тапшырылган болсо, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилип жаткан Эсептөөдө оңдолгон болсо, "X" түрүндөгү белги "такталган" уячасында көрсөтүлөт;
3) мурдараак, ушул эле салык мезгилиндеги Эсептөөгө, менчик үлүшү өзгөрүү менен катышуучунун алмашуу бөлүгүндө өзгөртүүлөр киргизилген учурларда, X" түрүндөгү белги "кошумча" уячасында көрсөтүлөт.
7. Эсептөөнүн уячаларын толтуруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада салык төлөөчүнүн толук аталышы (аты-жөнү) көрсөтүлөт;
3) 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада салык төлөөчүнү мамлекеттик каттоого алган учурда статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;
5) 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндөгү турган орду боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;
6) 113-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндөгү турган орду боюнча калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, айыл, кыштак ж.б.) көрсөтүлөт;
7) 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндөгү турган орду боюнча дареги (көчө/кичирайондун аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт;
8) 115-уячада салык төлөөчүнүн байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;
9) 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;
10) 901-уячада салык органы тарабынан Эсептөөнүн кабыл алынган датасы көрсөтүлөт;
11) 902-уячада Эсептөөнү кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.
8. 190-уячада лицензияны алган датасы көрсөтүлөт. Мисалы: "01.05.2013".
9. 200-уячада катышуучунун алмашкан жана менчик үлүшүнүн өзгөргөн бөлүгүндө лицензиялык тиркемеге жер казынасы багытындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан өзгөртүүлөрдү (каттоолорду) киргизүүнүн датасы көрсөтүлөт. Бул уяча кошумча Эсептөөнү берген учурда гана толтурулат.
10. 201-уячада Эсептөө берилген салык мезгилинин башталган датасы көрсөтүлөт: күнү, айы, жылы. Мисалы: "01.05.2014".
11. 202-уячада Эсептөө берилген салык мезгилинин акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт: күнү, айы, жылы. Мисалы: "30.05.2014".
12. 203, 206, 208 жана 210-уячаларда Эсептөөнүн III, IV жана V бөлүктөрү боюнча бонустун жыйынтыктоочу суммасы АКШ долларында, ошондой эле катышуучу алмашылган учурда менчиктин ушул үлүшүнүн өзгөрүшүнө пропорциялуу эсептелген бонустун суммасы көрсөтүлөт.
13. 204-уячада датага карата доллардын курсу сом менен көрсөтүлөт:
1) лицензияны алган (алгачкы жана такталган Эсепти берген учурда);
2) катышуучу алмашкан жана менчиктин үлүшүнүн өзгөргөн (кошумча Эсепти берүү) учурунда.
14. 205, 207, 209 жана 211-уячаларда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген бонустун суммасы сом менен көрсөтүлөт.
15. 212-уячада 205, 207, 209 жана 211-уячалардын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
16. 301, 308, 315, 322, 329, 336, 343, 350, 357, 364-уячаларда "√" белгиси менен өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдалган изилденген кендүү жерлердин категориялары коюлат.
17. 302, 309, 316, 323, 330, 337, 344, 351, 358, 365-уячаларда "√" белгиси менен алдын ала бааланган пайдалуу кен чыккан жерлердин жана кендин белгилеринин категориялары коюлат.
18. 303, 310, 317, 324, 331, 338, 345, 352, 359, 366-уячаларда лицензияга ылайык пайдалуу кендердин аталыштары көрсөтүлөт.
19. 304, 311, 318, 325, 332, 339, 346, 353, 360, 367-уячаларда пайдалуу кендерди ченөөнүн бирдиги көрсөтүлөт.
20. 305, 312, 319, 326, 333, 340, 347, 354, 361, 368-уячаларда геологиялык запастардын жана болжолдуу ресурстардын саны көрсөтүлөт.
21. 306, 313, 320, 327, 334, 341, 348, 355, 362, 369-уячаларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген, Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын коюмдарынын классификациялык таблицасына ылайык, миң АКШ долларында бонустун коюму көрсөтүлөт.
22. 307, 314, 321, 328, 335, 342, 349, 356, 363, 370-уячаларда төмөнкүдөй формула менен эсептелген миң АКШ долларындагы бонустун суммасы көрсөтүлөт:
307-уячанын мааниси = 305-уячанын мааниси х 306-уячанын мааниси;
314-уячанын мааниси = 312-уячанын мааниси х 313-уячанын мааниси;
321-уячанын мааниси = 319-уячанын мааниси х 320-уячанын мааниси;
328-уячанын мааниси = 326-уячанын мааниси х 327-уячанын мааниси;
335-уячанын мааниси = 333-уячанын мааниси х 334-уячанын мааниси;
342-уячанын мааниси = 340-уячанын мааниси х 341-уячанын мааниси;
349-уячанын мааниси = 347-уячанын мааниси х 348-уячанын мааниси;
356-уячанын мааниси = 354-уячанын мааниси х 355-уячанын мааниси;
363-уячанын мааниси = 361-уячанын мааниси х 362-уячанын мааниси;
370-уячанын мааниси = 368-уячанын мааниси х 369-уячанын мааниси.
23. 371-уячада III бөлүмдүн 307, 314, 321, 328, 335, 342, 349, 356, 363, 370-уячаларынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
24. 371-уячанын мааниси сомго кайра эсептөө үчүн АКШ долларында "Бонустун суммасы жөнүндө маалымат" деген II бөлүмдүн 203-уячасына көчүрүлөт.
25. 401, 404, 407, 410, 413, 416, 419 жана 422-уячаларда коюлган аянттардын өлчөмү көрсөтүлөт.
26. 425, 428 жана 431-уячаларда бургулоонун тереңдигине жараша скважиналардын саны көрсөтүлөт.
27. 402, 405, 408, 411, 414, 417, 420, 423, 426, 429 жана 432-уячаларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген, Лицензиялык аянттардын бонустарынын коюмдарынын классификациялык таблицасына ылайык, лицензиялык аянттын бонусунун коюмдары жана скважиналардын бонустарынын коюмдары көрсөтүлөт. Бонустун коюму АКШ долларында көрсөтүлөт.
28. 403, 406, 409, 412, 415, 418, 421, 424, 427, 430 жана 433-уячаларда төмөнкүдөй формула менен эсептелген АКШ долларындагы бонустун суммасы көрсөтүлөт:
403-уячанын мааниси = 401-уячанын мааниси х 402-уячанын мааниси;
406-уячанын мааниси = 404-уячанын мааниси х 405-уячанын мааниси;
409-уячанын мааниси = 407-уячанын мааниси х 408-уячанын мааниси;
412-уячанын мааниси = 410-уячанын мааниси х 411-уячанын мааниси;
415-уячанын мааниси = 413-уячанын мааниси х 414-уячанын мааниси;
418-уячанын мааниси = 416-уячанын мааниси х 417-уячанын мааниси;
421-уячанын мааниси = 419-уячанын мааниси х 420-уячанын мааниси;
424-уячанын мааниси = 422-уячанын мааниси х 423-уячанын мааниси;
427-уячанын мааниси = 425-уячанын мааниси х 426-уячанын мааниси;
430-уячанын мааниси = 428-уячанын мааниси х 429-уячанын мааниси;
433-уячанын мааниси = 431-уячанын мааниси х 432-уячанын мааниси.
29. 434-уячада IV бөлүмдүн 403, 406, 409, 412, 415, 418, 421, 424, 427, 430 жана 433-уячаларынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
30. 434-уячанын мааниси сомго кайра эсептөө үчүн АКШ долларында "Бонустун суммасы жөнүндө маалымат" II бөлүмдүн 206-уячасына көчүрүлөт.
31. 501, 509, 517, 525, 533, 541, 549, 557, 565, 573, 581 жана 589-уячаларда "√" белгиси менен А+В+С1+С2+з/б кендүү жерлердин категориялары белгиленет.
32. 502, 510, 518, 526, 534, 542, 550, 558, 566, 574, 582 жана 590-уячаларда "√" белгиси менен Р1 категориясынын ресурстары белгиленет.
33. 503, 511, 519, 527, 535, 543, 551, 559, 567, 575, 583 жана 591-уячаларда кендүү жерлердин аталыштары көрсөтүлөт.
34. 504, 512, 520, 528, 536, 544, 552, 560, 568, 576, 584 жана 592-уячаларда пайдалуу кендердин аталыштары көрсөтүлөт.
35. 505, 513, 521, 529, 537, 545, 553, 561, 569, 577, 585 жана 593-уячаларда пайдалуу кендерди өлчөө бирдиги көрсөтүлөт.
36. 506, 514, 522, 530, 538, 546, 554, 562, 570, 578, 586 жана 594-уячаларда А+В+С1+С2+з/б категорияларынын кору же Р1 категориясынын болжолдуу ресурстары көрсөтүлөт.
37. 507, 515, 523, 531, 539, 547, 555, 563, 571, 579, 587 жана 595-уячаларда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, Конкурска коюлуучу жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлердин тизмегине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир кендүү жерге өзүнчө аныкталуучу бонустун коюму көрсөтүлөт. Бонустун коюму АКШ долларында көрсөтүлөт.
38. 508, 516, 524, 532, 540, 548, 556, 564, 572, 580, 588 жана 596-уячаларда төмөнкүдөй формула менен эсептелген миң АКШ долларындагы бонустун суммасы көрсөтүлөт:
508-уячанын мааниси = 506-уячанын мааниси х 507-уячанын мааниси;
516-уячанын мааниси = 514-уячанын мааниси х 515-уячанын мааниси;
524-уячанын мааниси = 522-уячанын мааниси х 523-уячанын мааниси;
532-уячанын мааниси = 530-уячанын мааниси х 531-уячанын мааниси;
540-уячанын мааниси = 538-уячанын мааниси х 539-уячанын мааниси;
548-уячанын мааниси = 546-уячанын мааниси х 547-уячанын мааниси;
556-уячанын мааниси = 554-уячанын мааниси х 555-уячанын мааниси;
564-уячанын мааниси = 562-уячанын мааниси х 563-уячанын мааниси;
572-уячанын мааниси = 570-уячанын мааниси х 571-уячанын мааниси;
580-уячанын мааниси = 578-уячанын мааниси х 579-уячанын мааниси;
588-уячанын мааниси = 586-уячанын мааниси х 587-уячанын мааниси;
596-уячанын мааниси = 594-уячанын мааниси х 595-уячанын мааниси.
39. 597-уячада V бөлүмдүн 508, 516, 524, 532, 540, 548, 556, 564, 572, 580, 588 жана 596-уячаларынын маанилеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
40. 597-уячанын мааниси сомго кайра эсептөө үчүн АКШ долларында "Бонустун суммасы жөнүндө маалымат" деген II бөлүмдүн 208-уячасына көчүрүлөт.
1-мисал.
Жер казынасын пайдаланууга укугу бар "А" ЖЧК тиешелүү лицензияны алгандан кийин, күрөң көмүр чыккан жерди иштетүү боюнча иш жүргүзөт.
Бул чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан салык органына, жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылган баштапкы Эсеби (баланстык запастардын эсеби) берилген.
"А" ЖЧК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген, Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын коюмдарынын классификациялык таблицасына ылайык Эсептөөнүн III бөлүмү толтурулат:
- 001-уячада "√" белгиси менен "баштапкы" белгиленет;
- "Өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдалган, чалгындалган кендүү жерлер" деген 1-графанын 301-уячасына "√" белгиси коюлат;
- "Пайдалуу кендин аталышы" деген 3-графанын 303-уячасында "Күрөң көмүр" көрсөтүлөт;
- "Өлчөө бирдиги" деген 4-графанын 304-уячасында "млн. т" көрсөтүлөт;
- "Запастардын саны" деген 5-графанын 305-уячасында "5" көрсөтүлөт;
- "Бонустун коюму" деген 6-графасынын 306-уячасында Өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдалган, күрөң көмүрдүн чалгындалган кендүү жерлери үчүн бонустардын коюмдарынын классификациялык таблицасына ылайык, "1,0" көрсөтүлөт;
- "Бонустун суммасы" деген 7-графанын 307-уячасында "5,0" (5000000 х 1,0 : 1000000) көрсөтүлөт;
- 7-графанын 371-уячасында АКШ долларында 203-уячага көчүрүлө турган, ушул "5,0" графа боюнча жыйынтык сумма көрсөтүлөт;
- 204-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсуна ылайык, лицензия алынган датага карата доллардын курсу сом менен көрсөтүлөт;
- 205-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген, 212-уячага көчүрүлө турган бонустун суммасы сом менен көрсөтүлөт.
212-уячада чагылдырылган бонустун суммасы жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн баштап 30 күндөн кечиктирилбей төлөнүүгө тийиш.
2-мисал.
Жер казынасын пайдаланууга укугу бар "В" ЖЧК тиешелүү лицензияны алгандан кийин алдын ала бааланган запасы менен мунай өндүрүү боюнча иш жүргүзөт.
Бул чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан салык органына, жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылган баштапкы Эсеби (баланстык жана болжолдонгон запастардын эсеби) берилген.
"В" ЖЧК тарабынан Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын коюмдарынын классификациялык таблицасына ылайык, Эсептөөнүн III бөлүмү толтурулат:
Баланстык эсеп боюнча:
- 001-уячада "√" белгиси менен "баштапкы" белгиленет;
- "Өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдалган, чалгындалган кендүү жерлер" деген 1-графа 301-уячасына "√" белгиси коюлат;
- "Пайдалуу кендин аталышы" деген 3-графанын 303-уячасында "мунай" көрсөтүлөт;
- "Өлчөө бирдиги" деген 4-графанын 304-уячасында "млн. т" көрсөтүлөт;
- "Запастардын саны" деген 5-графанын 305-уячасында "5" көрсөтүлөт;
- "Бонустун коюму" деген 6-графанын 306-уячасында өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдалган мунай - Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын коюмдарынын классификациялык таблицасына ылайык "0,1" көрсөтүлөт;
- "Бонустун суммасы" деген 7-графанын 307-уячасында "0,5" (5000000 х 0,1 : 1000000) көрсөтүлөт.
Болжолдоно турган эсеп боюнча:
- "Алдын ала бааланган кендүү жерлер жана пайдалуу кендердин көрүнүштөрү" деген 2-графанын 309-уячасына "√" белгиси коюлат;
- "Пайдалуу кендин аталышы" деген 3-графанын 310-уячасында "мунай" көрсөтүлөт;
- "Өлчөө бирдиги" деген 4-графанын 311-уячасында "млн. т" көрсөтүлөт;
- "Запастардын саны/бургулоонун тереңдиги" деген 5-графа 312-уячасында "2" көрсөтүлөт;
- "Бонустун коюму" деген 6-графанын 313-уячасында мунайдын алдын ала бааланган кендүү жерлери үчүн Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын коюмдарынын классификациялык таблицасына ылайык "5,0" көрсөтүлөт;
- "Бонустун суммасы" деген 7-графанын 314-уячасында "10,0" (2 x 5 : 1000000) көрсөтүлөт;
- 7-графанын 371-уячасында АКШ долларында 203-уячага көчүрүлө турган, ушул "10,5" (0,5+10,0) графа боюнча жыйынтык сумма көрсөтүлөт;
- 204-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсуна ылайык, лицензия алынган датага карата доллардын курсу сом менен көрсөтүлөт;
- 205-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген, 212-уячага көчүрүлө турган бонустун суммасы сом менен көрсөтүлөт.
212-уячада чагылдырылган бонустун суммасы жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн баштап 30 күндөн кечиктирилбей төлөнүүгө тийиш.
3-мисал.
Жер казынасын пайдаланууга укугу бар жеке ишкер тиешелүү лицензияны алгандан кийин, табигый каптоочу таштын кендүү жерин издөө боюнча иш жүргүзөт.
Бул чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылган баштапкы Эсеби берилген.
Жеке ишкер тарабынан Лицензиялык аянт боюнча бонустардын коюмдарынын классификациялык таблицасына ылайык, Эсептөөнүн IV бөлүмү толтурулат:
- 001-уячада "√" белгиси менен "баштапкы" белгиленет;
- "Коюлган аянттардын өлчөмү/скважиналардын саны" деген 2-графанын 419-уячасында "20" көрсөтүлөт;
- "Бонустун коюму" деген 3-графанын 420-уячасында "500" көрсөтүлөт;
- "Бонустун суммасы" деген 4-графанын 421-уячасында "10000" (20 х 500) көрсөтүлөт;
- 4-графанын 434-уячасында 206-уячага көчүрүлө турган, ушул графанын жыйынтык суммасы "10000" көрсөтүлөт;
- 204-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсуна ылайык, лицензия алынган датага карата доллардын курсу сом менен көрсөтүлөт;
- 207-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген, 212-уячага көчүрүлө турган бонустун суммасы сом менен көрсөтүлөт.
212-уячада чагылдырылган бонустун суммасы жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн баштап 30 күндөн кечиктирилбей төлөнүүгө тийиш.
4-мисал.
Жер казынасын пайдалануу укугуна сынак боюнча лицензия алган "А" Жабык акционердик коому жалпы мамлекеттик маанидеги чалгындалган алтындын кендерин иштетүү боюнча иш жүргүзөт.
Бул чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылган баштапкы Эсептөө (баланстык жана болжолдонгон запастардын эсеби) берилген.
"А" ЖАК тарабынан Эсептөөнүн V бөлүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү жана бонустун коюму ар бир кен үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өзүнчө белгиленүүчү Сынакка коюлуучу жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кендердин тизмегине жана Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын коюмдарынын классификациялык таблицасына ылайык толтурулат:
Баланстык эсеп боюнча:
- 001-уячада "√" белгиси менен "баштапкы" белгиленет;
- "А+В+С1+С2+з/б категориясы" деген 1-графанын 501-уячасына "√" белгиси коюлат;
- "Кен чыккан жердин аталышы" деген 1-графанын 503-уячасында жогоруда көрсөтүлгөн Тизмекке ылайык, сынак боюнча бөлүштүрүлгөн алтындын кенинин аталышы көрсөтүлөт;
- "Пайдалуу кендин аталышы" деген 4-графанын 504-уячасында "алтын" көрсөтүлөт;
- "Өлчөө бирдиги" деген 4-графанын 505-уячасында "тонна" көрсөтүлөт;
- "А+В+С1+С2+з/б категорияларынын кору/Р1 категориясынын болжолдуу ресурстары" деген 6-графанын 506-уячасында "50" көрсөтүлөт;
- "Бонустун коюму" деген 7-графанын 507-уячасында өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдалган чалгындалган алтын - Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын коюмдарынын классификациялык таблицасына ылайык "60,0" көрсөтүлөт;
- "Бонустун суммасы" деген 8-графанын 508-уячасында "3000,0" (50 х 60,0) көрсөтүлөт.
Болжолдоно турган эсеп боюнча:
"Р1 категориясынын ресурстары" деген 2-графанын 510-уячасына "√" белгиси коюлат;
- "Кендүү жердин аталышы" деген 3-графанын 511-уячасында жогоруда көрсөтүлгөн Тизмекке ылайык, алтындын кенинин аталышы көрсөтүлөт";
- "Пайдалуу кендин аталышы" деген 4-графанын 512-уячасында "алтын" көрсөтүлөт;
- "Өлчөө бирдиги" деген 5-графанын 513-уячасында "т" көрсөтүлөт;
- "А+В+С1+С2+з/б категорияларынын кору/Р1 категориясынын болжолдуу ресурстары" деген 6-графанын 514-уячасында "3" көрсөтүлөт;
- "Бонустун коюму" деген 7-графанын 515-уячасында алтын - Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын коюмдарынын классификациялык таблицасына ылайык, "1,0" көрсөтүлөт;
- "Бонустун суммасы деген "8-графанын 516-уячасында "3,0" (3 х 1,0) көрсөтүлөт;
- "Бонустун суммасы" деген 8-графанын 597-уячасында 208-уячага көчүрүлө турган, ушул графа боюнча жыйынтыктоочу суммасы "3003,0" (3000,0+3,0) көрсөтүлөт;
- 204-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсуна ылайык, лицензия алынган датага карата доллардын курсу сом менен көрсөтүлөт;
- 209-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген, 212-уячага алып өтүлө турган бонустун суммасы сом менен көрсөтүлөт.
212-уячада чагылдырылган бонустун суммасы жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн баштап 30 күндөн кечиктирилбей төлөнүүгө тийиш.
5-мисал.
Жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болгон "МММ" ЖЧК тиешелүү лицензияны алгандан кийин таш көмүр чыккан жерди иштетүү боюнча иш жүргүзөт.
Бул чарбалык субъект тарабынан салык органына, жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылган баштапкы Эсеби (баланстык запастардын эсеби) берилген, аны бергенден кийин ошол кендүү жердин бонустарынын коюмун көрсөтүү боюнча кетирилген ката табылган, башкача айтканда, "2,0" санынын ордуна "1,0" саны көрсөтүлгөн, ошондуктан, бул учурда "МММ" ЖЧК төмөнкүчө толтурулган "такталган" эсебин берет:
- 001 -уячасында "√" белгиси менен "такталган" белгиленет;
- I бөлүмү, ошондой эле II бөлүмдүн 190, 201 жана 202-уячалары "баштапкы" Эсепке окшош тартипте толтурулат;
- Эсептин III бөлүмү Кендүү жердин бонустарынын коюмунун жана пайдалуу казындылардын белгилеринин классификациялык таблицасына ылайык толтурулат:
- 1-графанын "Өндүрүштүк өздөштүрүүгө даярдалган, чалгындалган кендүү жерлер" 301-уячасына "√" белгиси менен белги коюлат;
- 3-графадагы "Пайдалуу кендердин аталышы" 303-уячасына "таш көмүр" көрсөтүлөт;
- 4-графадагы "Өлчөө бирдиги" 304-уячасына "млн. т" көрсөтүлөт;
- 5-графадагы "Запастын саны" 305-уячасына "10" көрсөтүлөт;
- 6-графадагы "Бонустардын коюму" 306-уячасына өндүрүштүк өздөштүрүүгө даярдалган, чалгындалган таш көмүрдүн - Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын коюмдарынын классификациялык таблицасына ылайык, "2,0" саны көрсөтүлөт;
- 7-графадагы "Бонустардын суммасы" 307-уячасына "20,0" көрсөтүлөт (10000000 * 2,0 : 1000000);
- 7-графанын 371-уячасына ушул графа боюнча "20,0" жалпы саны көрсөтүлүп, ал 203-уячага АКШ доллары менен көчүрүлөт;
- 204-уячага лицензияны алган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсуна ылайык, доллардын курсу сом менен көрсөтүлөт;
- 205-уячада бонустун суммасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелинген сом менен көрсөтүлөт, ал 212-уячага көчүрүлөт.
212-уячада чагылдырылган бонустардын суммасы жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.
6-мисал.
Жер казынасын пайдаланууга укугу бар "К.С." АК тиешелүү лицензияны алуу менен, акиташты өндүрүү үчүн акиташ чыккан жерди иштетүү боюнча иш жүргүзөт.
Бул чарбалык субъект тарабынан салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылган баштапкы Эсеби (баланстык запастардын эсеби) берилген жана бонус төлөнгөн. Эсепти бергенден кийин катышуучулардын менчик үлүштөрүнүн өзгөртүлүшү менен алардын курамы да өзгөргөн.
Ушуга ылайык, бул учурда "К.С." АК төмөнкүдөй толтурулган кошумча Эсептөөнү берет:
- 001-уячасында "√" белгиси менен "кошумча" белгиленет;
- I бөлүм, ошондой эле II бөлүмдүн 190-уячасы "баштапкы" Эсептөөгө окшош тартипте эле толтурулат;
- 200-уячада лицензиялардын тиркемелерине ылайык, менчик үлүшүнүн өзгөрүшү менен катышуучунун алмашкан күнү көрсөтүлөт;
- 201 жана 202-уячаларда бонусту төлөөгө тийиштүү болгон аралыктагы салык мезгилинин башкы жана акыркы датасы (30 күн) көрсөтүлөт;
- 210-уячада катышуучулары алмашкан учурда ушул менчик үлүшүнүн өзгөрүшүнө жараша эсептелинген бонустардын суммасы көрсөтүлөт;
- 204-уячада лицензияны алган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсуна ылайык, доллардын курсу сом менен көрсөтүлөт;
- 211-уячада бонустун суммасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелинген сом менен көрсөтүлөт, ал 212-уячага көчүрүлөт.
212-уячада катышуучулардын алмашкандыгына жана алардын менчик үлүшүнүн өзгөргөндүгүнө тийиштүү лицензиялык тиркемеде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өзгөртүүлөр (каттоолор) киргизилгенден баштап 30 күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш болгон бонустардын жалпы суммасы (сом менен) көрсөтүлөт.
7-мисал.
Жер казынасын пайдаланууга укугу бар "Д" ЖЧК тиешелүү лицензияны алуу менен, жер алдындагы тузсуз сууларды тандоо жана пайдалануу боюнча иш жүргүзөт.
Бул чарбалык субъект тарабынан салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылган баштапкы Эсептөө (баланстык запастардын эсеби) берилген.
"Д" ЖЧК Эсептин III бөлүмүн Кендүү жердин бонустарынын коюмунун классификациялык таблицасына ылайык толтурат:
- 001-уячада "√" белгиси менен "алгачкы" белгиленет;
- 1-графадагы "Өндүрүштүк өздөштүрүүгө даярдалган, чалгындалган кендүү жерлер" 301-уячасына "√" белгиси менен белги коюлат;
- 3-графадагы "Пайдалуу кендердин аталышы" 303-уячасына "Жер алдындагы тузсуз суулар" көрсөтүлөт;
- 4-графадагы "Өлчөө бирдиги" 304-уячасына "1000 куб.м./сут." көрсөтүлөт;
- 5-графадагы "Запастын саны" 305-уячасына "10000" саны көрсөтүлөт;
- 6-графадагы "бонустардын коюму" 306-уячасына жер алдындагы тузсуз суулар чыккан жерлер үчүн Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын коюмунун классификациялык таблицасына ылайык, "13" саны көрсөтүлөт;
- 7-графадагы "Бонустардын суммасы" 307-уячасына "130,0" саны көрсөтүлөт (10000000 * 13000 : 1000);
- 7-графанын 371-уячасына ушул графа боюнча "130,0" жалпы саны көрсөтүлүп, ал 203-уячага АКШ доллары менен көчүрүлөт;
- 204-уячага лицензияны алган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсуна ылайык, доллардын курсу сом менен көрсөтүлөт;
- 205-уячада бонустун суммасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелинген сом менен көрсөтүлөт, ал 212-уячага көчүрүлөт.
212-уячада чагылдырылган бонустардын суммасы жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.".