Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-сентябры № 536
"Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Н.Измалкова тарабынан демилгеленген "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 536 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Н.Измалкова тарабынан демилгеленген "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкү негиздер боюнча аны кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Сунушталган мыйзамдын долбоору менен табигый жана уруксат берилген монополиялар субъектилеринен, ошондой эле базарларда, чакан базарларда, соода-базар борборлорунда, комплекстерде иш жүргүзгөндөрдөн тышкары, КНС төлөөчүлөр катары катталган салык төлөөчүлөрдөн пайыздарды жана салыктык санкцияларды салыктардын негизги суммалары жана учурдагы төлөмдөр боюнча карызды төлөө мөөнөтүнө жараша эсептен чыгаруу каралган.
Маалымат иретинде салык төлөөчүлөрдүн карыздарын реструктуралаштыруу мурда бир нече жолу жүргүзүлгөндүгүн белгилейбиз, атап айтканда, төмөнкүлөргө ылайык:
- "Кошуп эсептелген пайыздар, финансы жана айып санкциялары боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө"' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7, 491-ст);
- "Чегерилген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2008-жылдын 23-майы, № 36);
- "Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн салыктык, бажылык төлөмдөр жана кредиттер боюнча негизги карыздарына, кошуп эсептелген пайыздарына, туумдарына, финансылык жана айыптык санкцияларга байланышкан береселерин кайра түзүмдөштүрүү, ошондой эле электр энергиясын керектөөчүлөргө электр бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан эсептелген туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2009-жылдын 13-январы, № 2).
"Чегерилген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2008-жылдын 23-майы, № 36) ылайык салык төлөөчүлөр тарабынан 190,4 млн.сом суммасына өнбөгөн калдык төлөнгөн, бул негизги салык карыздарынын жалпы суммасынын 10%ын түзөт жана жалпы 409,0 млн.сом суммасына же 26%га туумдар, пайыздар жана салыктык санкциялар эсептен чыгарылган. 2008-жылдын 1-январына карата салыктык карыздын суммасы 3390,2 млн.сомду түзгөн, анын ичинде өнбөгөн калдык - 1824,3 млн.сом жана эсептелген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздар - 1565,9 млн.сом.
Жүргүзүлгөн талдоону эске алуу менен салыктык карызды эсептен чыгаруу практикасы салык төлөөчүлөр тарабынан салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелердин кыянаттык менен пайдаланылышына жана аткарылбашына алып келет. Анткени, анын негизинде салыктык карыздарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгү пайда болуучу мыйзамдардын кабыл алынышын күтүү менен салык төлөөчүлөр салыктарды төлөө боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин толук кандуу аткарышпайт. Натыйжада киреше бөлүгүнүн планы түзүлгөн мамлекеттик бюджетке болжолдонгон салыктык кирешелер түшпөйт.
Ошондой эле КНС төлөөчүлөргө карата гана салыктык карыздарды эсептен чыгаруу боюнча сунушталган чара ишкердиктин башка субъекттерине карата басмырлоочу мүнөзгө ээ, бул Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 10-беренесинде каралган салык салуунун акыйкаттуулук принцибине ылайык келбейт.
Салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелерди эсептен чыгарууну караган мыйзам чыгаруу ченемдерин белгилөө аларды системалуу түрдө пайдалануу ыктымалдыгы бардыгынан улам жалпысынан жагымдуу мүнөзгө ээ эмес. Мындан тышкары, салыктык карыздарды дайыма эсептен чыгаруу карыздардын жана төлөмдөрдүн башка түрлөрүн эсептен чыгаруу боюнча мыйзам чыгаруу демилгелери үчүн прецедент түзөт.
Мурда кабыл алынган мыйзамдар жарандык укук мамилелеринин бардык катышуучулары тарабынан аткарылууга тийиш. Салык чөйрөсүндө мыйзам чыгаруу демилгелери башаламан мүнөзгө ээ болбошу керек, ал ырааттуу болуусу зарыл. Бул салык төлөөчүлөрдүн тартиптүүлүгүн бекемдөө жана жалпысынан салык маданиятын жогорулатуу үчүн негиз түзөт.