Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-сентябры № 554
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-июну № 408 , 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо системасынын таасирдүүлүгүн жогорулатуу максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-июну № 408 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
2. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-июну № 408 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-июну № 408 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 133 "Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун механизмин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "Жаратылыш ресурстар министрлиги" деген сөздөр "Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункттагы "1-майга чейин" деген цифра менен сөздөр алып салынсын;
- аталган токтом менен бекитилген, Жер үлүштөрүн жана үй жанындагы участкалардан пайдалануудан алынган кирешелердин нормативдерин аныктоонун методикасында:
2-пунктта:
- биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине" деген сөздөр "социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жер жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Бул токтом 2014-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 554 токтомуна 1-тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 554 токтомуна 2-тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)