Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-апрели № 133
Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун механизмин өркүндөтүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 554 , 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн, үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоо механизмин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер үлүштөрүн жана үй жанындагы участкалардан пайдалануудан алынган кирешелердин нормативдерин аныктоонун тиркелген методикасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги зарылчылыкка жараша облустардын, райондордун жана айыл округдарынын өңүтүндө кыртыштын бонитетинин баллдарынын чоңдугунун өзгөрүшү боюнча маалыматты социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 554 токтомуна ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жер үлүштөрүн жана үй жанындагы участкаларды пайдалануудан калк алган шарттуу кирешелерин баалоо боюнча эсептерди жыл сайын 15-мартка чейин социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына берүү сунуш кылынсын.
4. Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына жер үлүштөрүн жана үй жанындагы участкаларды пайдалануудан калк алган шарттуу кирешелерин баалоо боюнча жаңыланган эсептерди эске алуу менен кирешелердин кайра каралган нормативдерин жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 554 токтомуна ылайык)
5. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыз кылуу, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев
|