Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомунун 2-тиркемеси |
Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды соодалоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 135 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эреже менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода чөйрөсүндө бардык соода ишинин субъекттеринин баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды сатуу ишине карата негизги талаптарды регламенттейт, алтындан, күмүштөн, платинадан жана платина тобунун металлдарынан (палладий, иридий, родий, рутений, осмий) жана алардын эритиндилеринен жасалган зергер буюмдарды, тиричилик багыттагы буюмдарды (столду сервировкалоо предметтери, имарат-жайларды кооздоо предметтери, сааттар ж.б.), ошондой эле өлчөмдүү куйма алтындар жана баалуу жана жарым асыл таштар менен буюмдарга таандык жасалган зергердик буюмдарды сатып алуу-сатуу боюнча сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда мамилелерди жөнгө салат.
2. Кабыл алуу жана сактоо
2. Соода объекттеринин соода залына сактоочу жайлардан баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды кабыл алуу, сактоо жана сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипке ылайык материалдык жооптуу адамдар тарабынан ишке ашырылат.
3. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды соодалоо
3. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды соодалоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген тартипте каттоодон өткөн жана аталган баалуулуктарды эсепке алуусун камсыз кылган, ошондой эле аларды сатып алуучунун тандоосу үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн атайын зергер дүкөндөрүндө, секцияларда (мындан ары - соода объекттери) жүргүзүлөт.
4. Соода объекттеринде сатып алуучуларга зергер буюмдарын көрсөтүш үчүн ыңгайлуу шартты камсыз кылуу керек. Баалуу металлдардан жасалган буюмдар витриналарда төмөнкүчө топтоштурулат:
- металл боюнча (алтын буюмдар, күмүш буюмдар, платина буюмдар);
- сынамы боюнча;
- өндүрүүчү өлкөлөр боюнча.
5. Соода объекттеринин көрүнүктүү жерине төмөнкүлөр илиниши керек:
баалуу металлдардан жасалган буюмдар үчүн Кыргыз Республикасында аныкталган сынамдар жөнүндө маалымат;
мамлекеттик сынамдык эн тамганын сүрөтү;
баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдар менен соода жүргүзүү укугунун ишкердик субъекттерине белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органында катталгандыгы жөнүндө көчүрмө;
Кыргыз Республикасынын аймагында соода жана соода-өндүрүштүк иш боюнча ченемдик актылардын көчүрмөсү жана башка маалыматтар;
ушул Эрежелер жана сатып алуучуларга зарыл болгон башка маалымат.
6. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды сатуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сынам эн белгисинин изи барда гана ишке ашырылат.
7. Сатууга коюлган баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдар, буюмдун аталышын, чыгаруучусунун аталышын, сынамын, массасын, буюмдун 1 граммынын баасы, чөгөрмөнүн түрү жана алардын мүнөздөмөлөрү көрсөтүлгөн жарлыктары болууга тийиш. Чет өлкөлүк өндүрүш буюмдарынын ярлыгында чыгарган өлкөнүн аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
7-1. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдардын бааларында, ярлыктарында акчалай милдеттенме Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен ченелери белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 135 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Сатуучу баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмду тандоодо квалификациялуу жардамды жана консультацияны камсыз кылууга тийиш.
Сатып алуучунун талабы боюнча ал тарабынан сатылып алынган баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдар текшерүү таразасында тартылышы керек. Соода объектинде колдонулуучу таразаларда, таштарда жана башка ченөө каражаттарында мамлекет тарабынан текшерилгендиги тууралуу иштиктүү эн тамгасы (күбөлүгү) болууга тийиш.
9. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдардын келип түшүүсүн жана сатылышын каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана тиешелүү үлгүдөгү бекитилген документтердин негизинде (сатылышы жөнүндө каттоо журналдары (1-форма), квитанциялар, каттама кагаздар ж.б.) гана жүргүзүлөт.
10. Соода объекттеринин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышат.
11. Ушул Эрежелердин талаптарынын сакталышын контролдоону сынамык көзөмөл мамлекеттик органы жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
1-форма
Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдардын сатылышы боюнча эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
№ | Күнү | Келип түшкөн булагы (тапшыруучунун аты-жөнү, паспорттук маалыматтары) | Буюмдун аталышы | Салмагы (гр) | Сынамы | Саны (даана) | Суммасы | Кабыл алууда коюлган колу | Сатылганы | Кайтарылып берилгени | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|