Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 135
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелеринде:
- 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 331-пункт менен толукталсын:
"331. Товарлардын бааларында, ярлыктарында жана көрсөтүлгөн кызматтардын прейскуранттарында акчалай милдеттенме Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен ченелери белгиленсин.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды соодалоо эрежелеринде:
- 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
"71. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдардын бааларында, ярлыктарында акчалай милдеттенме Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен ченелери белгиленсин.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелеринде:
2-пункт "баасы" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 токтому менен бекитилген Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону алымдардын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында белгилөө бөлүгүндө кайрадан карап чыксын.
4. Министрликтер, административдик ведомстволор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2016-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө укуктук ченемдик актыларга товарлардын, жумуштардын жана кызматтардын наркын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында көрсөтүү боюнча милдеттүү талаптарды белгилөө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизишсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т.Сариев |