Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 736 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-октябры № 580
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 1-апрели № 175, 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Республиканын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда бажы жана чек ара кызматтары менен биргеликте санитардык-карантиндик пункттардын иштеринин натыйжалуулугун жакшыртуу максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Ушул токтом 2016-жылдын 15-апрелинен тартып күчүнө кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жана коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
Дж.К. Оторбаев |