Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 736 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 580 токтому менен бекитилген |
1. Бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) бирдиктүү принциптерин, уюштурулушун жана методикасын аныктайт.
2. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда ишке ашырылуучу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн түрү.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги санитардык-карантиндик пункттарды (эл аралык катнаш үчүн ачык темир жол, автомобиль вокзалдары, бекеттер, аэропорттор, аэродромдор) (мындан ары - СКП) уюштурат.
4. Өткөрмө пункттарында аймакты санитардык коргоону камсыздоо боюнча иш-чаралар Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерде (2005-жыл), Кез карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймактарын санитардык коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган ооруларга жана Шериктештиктин аймагына ташылып кирүүчү товарларга жана жүктөргө карата жүргүзүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылган жугуштуу оорулардын тизмеги ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык аныкталган.
6. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жарандыгына карабастан Кыргыз Республикасына келип жаткан жана республиканын аймагынан кетип жаткан адамдарга, ошондой эле мамлекеттик таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан унаа каражаттарына (аба кемелери, темир жол жана автомобиль унаасы) колдонулат.
7. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында текшерип кароонун башка түрлөрүнө чейин болот. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду) ишке ашыруучу адамдар мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарына кирерде унаа каражаттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына келип жаткан экипаждардын (бригадалардын) мүчөлөрү, жүргүнчүлөр, ташылуучу жүктөр жана товарлар турган бардык жайларга эркин кирүүгө укуктуу.
8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы СКПны жана жугуштуу оорусу бар бейтапты убактылуу обочолонтуучу бөлмөгө жайгаштыруу үчүн тиешелүү жабдуулары бар зарыл болгон жайды, унааны, жабдылган санитардык аянтты, орунду бекер беришет. СКП телефон (интернет) байланышы, суу, канализация, жылытуу, электр менен камсыз кылынат.
9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти СКПнын ишин уюштурат жана аны контролдойт.
10. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борбору жана анын чумага каршы бөлүмдөрү төмөнкүдөй маселелер боюнча консультациялык-методикалык жана практикалык жардам көрсөтүшөт:
- унаа ишканасынын аймагын, аба кемелерин зоологиялык-паразитологиялык текшерүү (кемирүүчүлөрдүн, курт-кумурскалардын жоктугун), патогендүүлүктүн I-II тобундагы микроорганизмдер жукканына шектүү материалды лабораториялык диагностикалоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо, инфекция козгогучтарды алып жүрүүчүлөрдү аныктоо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарындагы объекттерде жана унаа каражаттарында эпидемияга каршы баштапкы иш-чараларды жүргүзүүгө карата иш-чаралардын жүргүзүлүшүн талап кылган жугуштуу оорулардын клиникасы жана эпидемиологиясы боюнча СКПнын медициналык кызматкерлерин даярдоо.
11. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык каттамдар үчүн ачылган өткөрмө пункттарындагы СКПларга төмөнкүдөй санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө (контролдоо) боюнча иштерди жүргүзүү жүктөлөт:
- жугуштуу жана карантиндик оорулар боюнча дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал жөнүндө маалымат берүү;
- оору каптаган эл аралык порттор жана аймактар менен унаа байланыштарын изилдөө;
- оору жуккан адам же унаа каражаттары аныкталганда эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү;
- карантиндик же адам үчүн кооптуу башка жугуштуу ооруга шектелген оорулар аныкталганы жөнүндө ыкчам маалыматты унаа каражатынын администрациясына (ээсине) жана Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тийиштүү мекемелерине берүү;
- оорулар боюнча эндемикалуу өлкөлөрдөн келген адамдарга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы бекиткен формага ылайык сигналдык карточкаларды ыйгаруу;
- оозеки сурамжылоону кошкондо экипаждарды (бригадаларды) жана жүргүнчүлөрдү медициналык кароо, ал эми клиникалык-эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча - бейтаптарды (шектүүлөрдү) аныктоо максатында кароо;
- аба кемесинин, темир жол жана автомобиль унаасынын жалпы декларациясын, дератизация же андан бошотуу жөнүндө күбөлүгүн текшерүү;
- вакцинация жана ревакцинация жөнүндө эл аралык күбөлүктү текшерүү;
- баруучу маршрутту аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы менен бирдикте паспортторду жана билеттерди текшерүү (эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча);
- унаа каражаттарын, жүктөрдү санитардык кароо, дератизация, дезинсекция жасоо жөнүндө жазма көрсөтмөлөрдү берүү;
- жүктү алуучу аны эл аралык пункттарда ачкан же анын бүтүндүгү бузулган учурларда контейнерлерди санитардык кароо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу алынып чыгуучу жана алынып келүүчү жүктөрдүн, товарлардын тамак-аштык, токсикологиялык коопсуздугун текшерүү.
12. Чет өлкөдөн келген унаа каражаттарын, жүргүнчүлөрдү, экипаждарды (бригадаларды), товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө (контролдоо) бүткөндөн кийин, ошондой эле зарыл учурда аларда эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин чек аралык жана бажылык контролдоо жүргүзүлөт.
13. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) төмөнкүдөй туруктуу схема боюнча уюштурулат:
- унаа менен туруктуу ташууларда;
- унаа менен ташуу туруктуу эмес болгон учурда адистердин бригадаларынын (топторунун) баруулары түрүндө убактылуу схема жана унаа ишканасынын өтүнмөсү боюнча жүргүзүлөт.
14. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- унаа каражатынын ээсинен келүүчү унаа каражаттарында оорунун белгилери же шеги, чиркейлер, өлгөн кемирүүчүлөр бар экени жөнүндө маалымат алынганда. Зарыл учурда унаа каражаттары, экипаждын (бригаданын) мүчөлөрү, жүргүнчүлөр, товарлар жана жүктөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пунктуна келгенде атайын жабдылган санитардык аянтка, токтоочу жерге, бурчка чыгарылат;
- чек ара, бажы жана башка кызматтардын контролдоо-өткөрмө пункттарынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында контролду ишке ашыруучу кызматкерлеринен унаа каражаттарында жугуштуу оорунун белгилери бар же шектелген адамдар бар экени жөнүндө маалымат түшкөндө;
- эл аралык унаа байланышы бар өлкөлөрдө республиканын аймагын санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү талап кылынган оорулар боюнча эпидемиологиялык абал татаалдаганда, алардан белгиленген инкубациялык мезгилдин ичинде узак убакыт бою өткөндө (аба жана жердеги жол менен).
Транзиттик жүктөрдү жана товарларды, жол жүктү ташууда текшерип-кароо жүргүзүлбөйт, бирок жеке адамдарга карата жүргүзүлөт (жугуштуу ооруга шек болсо же бейтаптын денесинин температурасы жогору болсо).
15. Жугуштуу ооруга шектенүү үчүн негиз болуп калтыроо (дененин температурасы - 38° жана андан жогору), ичи өтүү, кусуу, бүдүр чыгуу, лимфа бездеринин чоңоюшу, саргаруу, каноо же кан кетүү, психиканын катуу бузулушу, мээнин чел кабыктарынын сезгенүү белгилери эсептелет, мында эпидемиологиялык маалыматтар да эске алынат.
16. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматынын негизинде Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик врачынын чечими менен жүктөр жана товарлар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынат, эгерде алар эпидемиологиялык жактан жайсыз өлкөлөрдөн келсе.
17. Эл аралык почталык жөнөтүүлөр эгерде колдонулган жана аларда кандайдыр бир оорунун жугуштуу агенттери жугушу мүмкүн болгон ич кийим, кийим, жууркан-төшөктөр бар болгон учурларда гана ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынат.
18. Эл аралык аэропорттордогу (аэродромдордогу), автомобиль жана темир жолдогу өткөрмө пункттарындагы санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлери унаа каражатынын (самолет, темир жол составы, автоунаа каражаты жөнөөрдө) ичинде жугуштуу оору жуккан же жукканы шектүү адамдар бар экени аныкталса анын эл аралык рейске чыгышына тыюу салуу үчүн бардык чараларды көрүшөт.
19. Унаа каражатын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруу төмөнкүдөй ишке ашырылат:
- эл аралык аэропорттордо (аэродромдордо), темир жол жана автомобиль вокзалдарында (бекеттерде) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөн (контролдон) өткөндөн жана эл аралык рейске уруксат берилгенден кийин самолеттун жалпы декларациясынын санитардык бөлүгүн алдын алуучу дезинфекция, дезинсекция, дератизация же алдын алуучу башка иш-чаралардын (көрсөткүчтөрү боюнча) жүргүзүлгөнү жөнүндө белги коюп тариздөө менен;
- эгер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан башка чечим кабыл алынбаса эл аралык автомобилдик жана темир жолдогу өткөрмө пункттарында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзбөстөн.
20. Чек ара, бажы кызматтарынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда адамдарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү контролдоочу башка органдардын контролдук-өткөрмө пункттарынын адистери СКП жок учурда жугуштуу оорулардын белгилери бар бейтаптарды аныктоо боюнча контролдоо процессине жардам беришет жана аймактык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлоруна ар бир бейтап жөнүндө дароо кабарлашат.
21. Кыргыз Республикасынын аймагына биринчи жолу алынып келип жаткан, тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу продукциянын айрым түрлөрү алар республиканын аймагына алынып келгенге чейин мамлекеттик каттоого алынууга тийиш.
22. Өлкөлөрдүн ортосунда сооданын предмети болуучу жүктөрдү жана товарларды дезинфекциялоо жөнүндө күбөлүктү берүү экспорттоочу өлкө менен импорттоочу өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу макулдашуулар менен жөнгө салынышы мүмкүн.
23. Жаныбарларды кошпогондо, кайрадан жүктөбөстөн транзит менен өтүүчү товарларга жана жүктөргө санитардык чаралар колдонулбайт жана кармалбайт.
24. Радиациялык, химиялык жана биологиялык авариялардын натыйжасында булганган райондордон келүүчү адамдар, жүктөр жана товарлар радиациялык-гигиеналык, санитардык-химиялык жана биологиялык контролго алынышат.
2. Өткөрмө пункттардагы иш-чаралар
25. Кыргыз Республикасына келүүчү унаа каражаттарына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүүдө өзгөчө кооптуу жугуштуу ооруга шектүү бейтап бар экени жөнүндө маалымат алынганда СКПнын нөөмөттөгү кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- унаа каражатын эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү үчүн санитардык аянтка, санитардык бурчка бөлүп коюуга буйрук берип, экипаждын (бригаданын) мүчөлөрүнө жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, жол жүктү түшүрүүгө, контролдун чек аралык, бажылык жана башка түрлөрүн жүргүзүүгө тыюу салууга;
- аныкталган бейтап жөнүндө маалыматты Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун региондук кызматынын жетекчисине шашылыш билдирүүгө;
- бейтапты аныкталган жеринде же атайын караштырылган жерге, эпидемияга каршы алгачкы иш-чаралардын планы боюнча дароо бөлүү, диагнозун тактоо жана дарылоо үчүн ооруканага жаткыруу боюнча чара көрүүгө;
- бейтаптарды аныктоо жана аларды бөлүү, келген бейтаптарды медициналык байкоого алуу үчүн эпидемиологиялык текшерүү (сурамжылоо) жүргүзүүгө;
- лабораториялык изилдөө үчүн жугуштуу ооруга шектүү адамдардан материал алууга, ушул максатта бул Жобонун 2, 3-тиркемелерине ылайык тийиштүү топтомдорду пайдаланууга;
- унаа каражатынын предметтерин жана бөлүктөрүн, анын ичинде жол жүктү, жууркан-төшөктөрдү, кийимдерди дезинфекциялоонун керектүү көлөмүн аныктоо менен унаа каражатына, жүккө санитардык контроль жүргүзүүгө, көрсөткүчтөр боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген формаларга ылайык самолетту, темир жол составын, вагонду, автомобиль унаасын дератизациялоо (дезинсекциялоо) жөнүндө жазма көрсөтмө берүү жана жүргүзүлгөн иш-чаралардын сапатын андан ары контролдоого.
26. Унаа каражаттарына дезинфекцияны, дезинсекцияны жана дератизацияны СКПнын жана республиканын региондорундагы, шаарларындагы, райондорундагы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн дезинфекциялык кызматтарынын адистери жүргүзүшөт.
27. Бейтаптын жол жүгүнүн жана аны менен контактта болгон адамдын жол жүгүнүн сакталышын дарылап-тазалоодон кийин оорулуу аныкталган жердеги унаа ишканасы камсыздайт.
28. Кыргыз Республикасына келип жаткан унаа каражаттарында чиркейлер же өлгөн кемирүүчүлөр бар экени жөнүндө маалымат түшкөнүнө байланыштуу аларга санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүүдө СКПнын нөөмөттөгү кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- унаа каражатын андагы экипаждын (бригадалардын) мүчөлөрү, жүргүнчүлөрү, жүктөрү менен кошо санитардык орунга, санитардык аянтка, санитардык өзүнчө бурчка коюу жөнүндө буйрук берүүгө;
- унаа каражатына кемирүүчүлөр, чиркейлер кайсы жерден киргенин жана киргендиктин себебин аныктоо максатында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн региондук кызматынын зоологун (энтомологун) тартуу менен унаа каражатына, жүктөргө, контейнерлерге санитардык кароо менен эпидемиологиялык жана эпизоотиялык изилдөө жүргүзүүгө, анын ичинде медициналык-санитардык документтерин текшерүүгө, экипажды (бригаданы), жүргүнчүлөрдү сурамжылоого;
- кемирүүчүлөрдү, чиркейлерди чогултуп, аларды Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун региондук лабораториясына, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборуна же чумага каршы бөлүмдөргө андан ары изилдөө үчүн дароо жеткирүүгө.
29. Унаа каражаттары келген өлкөлөрдө жугуштуу оорулар боюнча абал татаалдаганына жана инфекциянын келүүсүнүн реалдуу коркунучуна байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүүдө СКПнын кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- экипаждын (бригаданын) мүчөлөрүн, жүргүнчүлөрдү сурамжылоону кошкондо эл аралык медициналык-санитардык документтерди текшерүүгө, чиркейлерди, кемирүүчүлөрдү же алардын издерин аныктоо максатында унаа каражатын контролдоого;
- көрсөткүчтөр боюнча Жобонун 25 жана 28-пункттарына ылайык иш-чараларды жүргүзүүгө.
30. Унаа каражатына, жүктөргө карата тапшырылган эпидемияга каршы иш-чаралар дароо башталат жана Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерде каралган көлөмдөн ашпаган көлөмдө кармоосуз жана басмырлоосуз аяктайт.
31. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) аяктагандан, ошондой эле эпидемияга каршы зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин унаа каражатына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарындагы контролдун чек аралык, бажылык жана башка түрлөрүнөн өтүүгө жана унаа каражатынын, жүргүнчүлөрдүн, жүктөрдүн, жол жүктүн, почталык жөнөтүүлөрдүн андан ары эркин кетишине укук берилет.
32. Унаа каражаттарынын ээлеринин же жүргүнчүлөрдүн талаптары боюнча СКПнын кызматкерлери унаа каражатына, жүктөргө, жол жүктөргө ж.б. карата жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө эл аралык медициналык-санитардык, унаалык жана башка жолдомо документтерге белги коет.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
№ | Нозологиялык формасы | МКБ-10 боюнча коду |
1 | Чечек | В 03 |
2 | Жапайы поливирус менен козголгон шал оорусу (полиомиелит) | А80.1, А80.2 |
3 | Жаңы типтеги вирус менен козголгон адам сасык тумоосу | J 10, J 11 |
4 | Оор, катуу кармаган респираторук синдром (ОКРС) |
|
5 | Холера | А.00: А.00.0; А00.1; А00,9 |
6 | Кара тумоо | А20: А20.0; А20.1; А20.2; А20.3; А20.7; А20.8; А20.9 |
7 | Сары калтыратма | А95: А95.0, А95.1, А95,9 |
8 | Ласса калтыратмасы | А96.2 |
9 | Марбург вирусу менен козголгон оору | А98.3 |
10 | Эбола вирусу менен козголгон оору | А98.4 |
11 | Безгек | В50, В51, В52, В53.0 |
12 | Батыш Нил калтыратмасы | А92.3 |
13 | Крым геморрагиялык калтыратмасы | А98.0 |
14 | Денге калтыратмасы | А90, А91 |
15 | Рифт-Валли (Рифт өрөөнү) калтыратмасы | А92.4 |
16 | Менингококк оорусу | А39.0, А39.1, А39.2 |
17 | Күйдүргү | А22.0, А22.1, А22.2, А22.7, А22.8, А22.9 |
18 | Бруцеллез | А23.0, А23.1, А23.2, А23.8, А23.9 |
19 | Кургак учук | А16.0, А16.1, А16.2, А16.3, А16.4, А16.5 |
20 | Сап | А24.0, А24.1, А24.2, А24.3, А24.4 |
21 | Мелиоидоз | А24.0, А24.1, А24.2, А24.3, А24.4 |
22 | Эпидемиялык темгилдүү келте | А75.0, А75.1, А75.2, А.75.3, А75.9 |
23 | Хунин, Мачупо калтыратмалары | А96.0, А96.1 |
24 | Эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин (2005-жыл) № 2 тиркемесине ылайык коомдук саламаттык сактоо жаатында өзгөчө кырдаалды пайда кылган жана эл аралык мааниге ээ болгон башка жугуштуу оорулар | |
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
1. Анатомиялык кыпчуур - 1 даана.
2. Кайчы - 1 даана.
3. Шприц 5,0 мл (бир жолу колдонулуучу) - 2 даана.
4. Шприц 10,0 мл - 1 даана.
5. Шприцтерге ийнелер - 10 даана.
6. Бактериологиялык пробиркалар - 5 даана.
7. Тамак безден бөлүнүүчүнү алуу үчүн кебез тампону менен пробиркалар - 2 даана.
8. № 12, 14 резина тыгындар (пробирканын алдына коюлуучу, флакондор) - 5 даана.
9. Предметтик айнек - 10 даана.
10. Стерилденген кең моюндуу бурама капкагы менен же тыгыз тыгындуу 200 мл кем эмес банкалар - 4 даана.
11. Резина жгут - 1 даана.
12. Жыгач (металл) шпателдер - 2 даана.
13. Жыйналуучу штатив, 6 уячадан турган - 1 даана.
14. Кебез - 50 гр.
15. Йод 10,0 мл - 1 фл.
16. Спирт - 250,0 мл.
17. Спиртовка - 1 даана.
18. Стерилдөөчү куту (орточо өлчөмдө) - 1 даана.
19. Медицина клеенкасы - 1 м.
20. Шлангалуу резина грушасы - 1 даана.
21. Фиксатор үчүн идиш - 1 даана.
22. Лейкопластырь - 1 таңгак.
23. Блокнот, жөнөкөй калем - 1 + 1 даана.
24. Полиэтилен баштыктары - 2 даана.
25. Пробиркада(*) 10,0 мл болгон этпептондуу сорпо (pH - 7,2) - 3 даана.
26. Флакондордо(**) этпептондуу сорпо (pH - 7,2) - 50,0 мл.
27. Ширенке - 1 куту.
28. Сынамдарды лабораторияга жеткирүү үчүн бикс же темир үкөк - 1 даана.
29. 10 литр 3-% эритмени алууга эсептелген баштыкта 300 граммдан хлорамин же баштыкта 1 кг бөлүнүүчү заттарга эсептелген 200 г кургак хлор акиташ - 1 таңгактан.
30. Анализге жолдомо (бланктар) - 5 даана.
31. Скальпель - 1 даана.
Эскертүү:
(*) кара тумоого шектүү бейтапты аныктоодо лабораторияга этпептон сорпосу алынат;
(**) 3 айда 1 жолу стерилдөө үчүн залалсыздандырууга тийиштүү предметтер.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
1. Стерилденген кең моюндуу бурама капкагы менен же тыгыз тыгындуу 100,0 мл кем эмес банкалар - 2 даана.
2. Стерилденген түтүкчөлөр 20 см - 5 даана.
3. Кичине өлчөмдүү шлангалуу резина грушасы - 1 даана.
4. Алюминий илмектер 20-28 см - 2 даана.
5. Пептон суусу 1-% 50,0 мл - 2 фл.
6. Кайчы - 1 даана.
7. Хирургиялык мээлейлер - 2 түгөй.
8. Төшөлмө клеенка 0,5 м - 1 даана.
9. Даки салфеткалар 10x15 - 3 даана.
10. Полиэтилен баштык - 3 даана.
11. Петри аякчалары же сиңирбөөчү кагаз барагы - 3 даана.
12. Анализге жолдомо (бланктар) - 3 даана.
13. Лейкопластырь - 1 таңгак.
14. Жөнөкөй калем - 1 даана.
15. Бикс (металл контейнер) - 1 даана.
16. Материал алуу боюнча нускама - 1 даана.
17. 300 граммга чейин баштыктагы хлорамин: 10,0 литр 5% эритмени алууга эсептелген жана 1 кг бөлүнүүчү заттарга эсептелген 200 г кургак хлор акиташ.
18. Кебез - 50 г.
19. Спирт 70-% - 100,0 мл.
Эскертүү: 1, 2, 4 жана 11-пункттар - автоклавда 3 айда 1 жолу, стерилдеген датасын жана жооптуу адамды белгилөө менен стерилденет.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарды, унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн (контролдоонун) тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
1. 10x20 см байлоолору бар бөз капчалары - 10 даана.
2. Корнцанг - 1 даана.
3. Чоң бикс - 1 даана.
4. Клеенка кап 30 х 40 см - 1 даана.
5. Изилдөөгө жолдомо бланктары - 10 даана.
6. Жөнөкөй калем - 1 даана.
7. Резина мээлей - 2 түгөй.