Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-октябры № 581
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 1-апрели № 175 токтомдун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 "Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казахстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын ("жол картасын") ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү тууралуу" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин;
"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын ички автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун талаптагыдай иштөөсү үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылсын;
- ушул токтом күчүнө киргенден тартып бир айлык мөөнөттө өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоочу органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.";
- 3 жана 4-тиркемелер ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Бул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып 24 ай ѳткѳндѳн кийин күчүнө кирет.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 1-апрели № 175 токтомдун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Дж.К. Оторбаев |
1-тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна 3-тиркеме |
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери | Өткөрүү пункттарынын статусу жана иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | ||||||
Чек-аралык | Бажылык | Транспорттук | Ветеринардык | Фито-санитардык | Баңги-заттарга каршы | Медициналык санитардык карантиндик | ||||
1 | Кайрагач автожолу | Баткен обл., Лейлек р-ну (Раззаков атындагы айылдын 0,5 км батыш жагы) | Эки тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | - | + | + |
2 | Кызыл-Бел автожолу | Баткен обл., Баткен р-ну, Кызыл-Бел айылынын түштүк чет жагы | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + |
3 | Кулунду автожолу | Баткен обл., Лейлек р-ну, Кулунду айылынын түндүк чет жагы | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | - |
4 | Карамык | Ош обл., Чоң-Алай р-ну, Карамык айылынын түштүк- батыш чет жагы | Эки тараптуу, күндүз | + | + | + | + | - | + | + |
5 | Бор-Дөбө автожолу | Ош обл., Чоң-Алай р-ну, Бор-Дөбө жери | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | - | + | - |
".
2-тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна 4-тиркеме |
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери | Өткөрүү пункттарынын статусу жана иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | ||||||
Чек-аралык | Бажылык | Транспорттук | Ветеринардык | Фито-санитардык | Баңгизаттарга каршы | Медициналык санитардык карантиндик | ||||
1 | Кызыл-Кыя автожолу | Баткен облусу, (Кадамжай р-ну, (Кызыл-Кыя - Фергана а/ж 3 км) | Эки тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + |
2 | Кара-Багыш автожолу | Ош облусу, Араван р-ну, (Ош-Мархамат а/ж 37 км Өзбекстан Республикасы | Эки тараптуу, күндүз | + | + | - | + | + | + | - |
3 | Достук автожолу | Ош облусу, Кара-Суу р-ну (Ош-Андижан а/ж 5 км) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + |
4 | Ынтымак автожолу | Ош облусу, Кара-Суу р-ну, (Ош-Андижан а/ж) | Эки тараптуу, күндүз | + | + | + | + | + | + | - |
5 | Баймак автожолу | Жалал-Абад облусу, Ала-Бука р-ну, Баймак айылынын чет жагы | Эки тараптуу, күндүз | + | + | - | + | + | + | - |
6 | Сейдикум автожолу | Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон р-ну, Сейдикум айылынын чет жагы | Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрүү, күндүз | + | + | + | + | + | + | - |
7 | Маданият автожолу | Жалал-Абад облусу, Ноокен р-ну, (Бишкек-Ош а/ж 498 км) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | - |
8 | Бек-Абад автожолу | Жалал-Абад облусу, Сузак р-ну, Бек-Абад айылынын батыш чет жагы | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | - |
9 | Кара-Суу автожолу | Ош облусу, Кара-Суу р-ну, Кара-Суу шаарынын түндүк чет жагы | Эки тараптуу, күндүз | + | + | + | + | + | + | - |
10 | Сумсар автожолу | Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району | Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрүү, күндүз | + | + | - | + | + | + | - |
11 | Кең-Сай автожолу | Жалал-Абад облусу, Ноокен району | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | - |
12 | Кызыл-Кыя темир жолу | Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | - |
13 | Жалал-Абад темир жолу | Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | - |
14 | Кара-Суу темир жолу | Ош облусу, Кара-Суу айылы | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | - |
15 | Шамалды-Сай темир жолу | Жалал-Абад облусу, Ноокен р-ну, Шамалды-Сай т/ж ст. | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | - |
".