Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 184
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-октябры № 573
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
19-апрелиндеги № 170 «Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы
төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга социалдык кызмат көрсөткөн реабилитациялоочу борборлордун кызматкерлеринин эмгек акысын тартипке келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 «Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктта «кары-картаңдар жана майыптар» деген сөздөр «улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын; «психоневрологиялык үй-интернаттарынын,» деген сөздөрдөн кийин «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун,» деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктта:
экинчи абзацтагы «үй-интернаттарынын» деген сөздөрдөн кийин «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун,» деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацтагы «кары-картаңдар жана майыптар» деген сөздөр «улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын; «(акыл-эси өспөй калган балдар жана дене боюнда кемчиликтери бар балдар үчүн) үй-интернаттарынын,» деген сөздөрдөн кийин «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун,» деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзацтагы «кары-картаңдар» деген сөздөр «улгайган жарандар» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
пункт төмөнкү мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
«- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун административдик-чарбалык жана медициналык персоналдарынын типтүү штаттары (9-тиркеме);
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун административдик-чарбалык жана медициналык персоналдарынын типтүү штаттары (10-тиркеме).»;
- 4-пункттун биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
аталыштагы «Кары-картаңдар жана майыптар» деген сөздөр «Улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын; «психоневрологиялык үй-интернаттарынын,» деген сөздөрдөн кийин «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун,» деген сөздөр менен толукталсын;
3.1-пункт «Оор турмуштук кырдаалга кабылган» деген сөздөрдөн мурда «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун,» деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
аталыштагы «үй-интернаттарынын,» деген сөздөрдөн кийин «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун,» деген сөздөр менен толукталсын;
преамбуладагы «Кары-картаңдар жана майыптар» деген сөздөр «Улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын; «(акыл-эси өспөй калган балдар жана дене боюнда кемчиликтери бар балдар үчүн) үй-интернаттарынын,» деген сөздөрдөн кийин «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун,» деген сөздөр менен толукталсын;
1-пунктта:
экинчи абзацтагы «кары-картаңдар жана майыптар» деген сөздөр «улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы «(акыл-эси өспөй калган балдар жана дене боюнда кемчиликтери бар балдар үчүн) үй-интернаттарынын,» деген сөздөрдөн кийин «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун,» деген сөздөр менен толукталсын;
3, 7, 8, 11 жана 12-пункттардагы «үй-интернаттардын,» деген сөздөрдөн кийин «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун,» деген сөздөр менен толукталсын;
10-пункттагы «үй-интернаттын» деген сөздөрдөн кийин «, реабилитациялоо борборунун» деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
аталыштагы «Кары-картаңдар жана майыптар» деген сөздөр «Улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын; «(акыл-эси өспөй калган балдар жана дене боюнун кемчиликтери бар балдар үчүн) үй-интернаттардын,» деген сөздөрдөн кийин «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун,» деген сөздөр менен толукталсын;
3.1-пункттагы «Оор турмуштук кырдаалга кабылган» деген сөздөрдөн мурда «Реабилитациялоо борборунун,» деген сөздөр менен толукталсын;
- токтом 9 жана 10-тиркемелер менен ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 573 токтомуна 1-тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 токтомуна 9-тиркеме |
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Койкалардын санына жараша штаттык бирдиктердин саны | ||
1ден 50гө чейин | 50дөн 100гө чейин | |||
1. | Директор | 1 | ||
2. | Башкы бухгалтер | 1 | ||
3. | Кадрлар бөлүмүнүн инспектору | 1 | ||
4. | Кассир | 0,5 | ||
Медициналык-социалдык реабилитациялоо бөлүмү | ||||
5. | Бөлүм башчысы | 1- 50 койкадан жогору (башчылык кылганы үчүн кошумча үстөгү бар врачтык ставканын жалпы санынын эсебинен) | ||
6. | Врач-терапевт | 0,5 | 1 | |
7. | Врач-психиатр | 0,5 | 1 | |
8. | ДФК инструктору | 0,5 | 1 | |
9. | Эмгек боюнча инструктор | 1 | 2 | |
10. | Врач-невролог | 0,5 | ||
11. | Улук медайым | 0,5 | ||
12. | Күзөт медайымы | 2 | 3 | |
13. | Диеталык тамактануу боюнча медайым | 0,5 | ||
14. | Укалоо медайымы | 1 | 2 | |
15. | Физиотерапия боюнча кабинеттин медайымы | 0,5 | 1 | |
Психологиялык-педагогикалык жардамдар бөлүмү | ||||
16. | Психолог | 0,5 | 1 | |
17. | Социалдык иштер боюнча адис | 1 | 1 | |
Техникалык тейлөө персоналы | ||||
18. | Иш кагаздарын жүргүзүүчү | 0,5 | 1 | |
19. | Чач тарач | 0,5 | ||
20. | Слесарь-сантехник | 0,5 | ||
21. | Электрик | 0,5 | 1 | |
22. | Короо-бакча кароочу | 1 | ||
23. | Шеф-ашпозчу | 0,5 | 1 | |
24. | Ашпозчу | 1 | 2 | |
25. | Ашкана кызматкери | 1 | 3 | |
26. | Официант | 1 | ||
Кенже тейлөөчү персонал | ||||
27. | Имараттарды тейлөө боюнча жумушчу | 1 | ||
28. | Кароолчу | 3 | ||
29. | Кызматтык жайды жууп-тазалоочу | 1 | ||
30. | Санитар – ванна тазалоочу | 1 | 2 | |
31. | Санитар – жууп-тазалоочу | 1 | 2 | |
32. | Кир жуугуч | 1 | 2 | |
|
|
|
|
|
Эскертүү:
1. Эмгек боюнча инструктордун кызмат орду ар бир 50 адамга врачтын корутундусу боюнча бир эл мезгилде бир санитардын бирдигин кыскартууда иштөөгө жөндөмдүү, ал эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштеген реабилитациялоо борборлорунда 50 адамдан аз болсо - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштеген 3 кызматкер болгон учурда, бир эле мезгилде санитардын штаттык бирдигин кыскартууда штатка белгиленет.
2. Палаталык санитардын кызмат орду 30 койкага сутка бою болуучу 1 пост жана турбай жаткан бейтаптар үчүн 10 койкага 1 палаталык санитардын кошумча кызмат орду эсебинде белгиленет.
3. От жагуучунун кызмат орду 10-14 мешке (анын ичинде ашкананын мешин кошкондо) бир кызмат орду эсебинде белгиленет.
4. Айдоочунун кызмат орду автобустар, жүк ташуучу автомобилдер же атайын машиналар болгон учурда - бир машинага бир кызмат орду эсебинде белгиленет.
5. Мекемеде араба транспорту болгон учурда арабакечтин кызмат орду белгиленет.
6. Кир жуугучтун кызмат орду ар бир 50 адамга бир кызмат орду эсебинде белгиленет. Эгерде кирлер шаардык кир жуугучка берилсе, кир жуугучтун кызмат орду 100 койкага чейинки мекемеге бир орун деп эсептелет жана кийинки 100 орунга кошумча түрдө бирден бирдик белгиленет.
7. Лифтердун кызмат орду ар бир жүргүнчү лифтке эки кызмат орундан ашык эмес жана ар бир жүк ташуучу лифтке бир кызмат ордунан ашык эмес эсебинде белгиленет.
8. Багбанчынын кызмат орду кеминде 1,5 гектар аянттагы мөмө-жемиш участогу жана өсүмдүктөр өстүрүлгөн учурда белгиленет.
9. Ассенизатордун кызмат орду канализациясы жок мекемелерде жана чуңкурларды тазалоо борбордук тартипте жүргүзүлбөгөн учурда белгиленет.
10. Тазалоочу курулмалардын слесарь-сантехнигинин кызмат орду борбордук тармакка кошулбаган мекемеге төрт бирдик эсебинде белгиленет.
11. Коменданттын кызмат орду тейлөөчү персонал үчүн жалпы аянты 1500 чарчы метрден ашык менчик турак жай имараты болгон учурда белгиленет.
12. Өздүк электр станциясы (подстанциясы) болгон учурда электр станцияны жана тышкы электр тармагын тейлөө үчүн электромонтердун кошумча кызмат орду белгиленет.».
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 573 токтомуна 2- тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 токтомуна 10-тиркеме |
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Койкалардын санына жараша штаттык бирдиктердин саны | |
1ден 50гө чейин | 50дөн 100гө чейин | ||
1. | Директор | 1 | |
2. | Башкы бухгалтер | 1 | |
3. | Юрист | 1 | |
4. | Кассир | 0,5 | |
5. | Кадрлар бөлүмүнүн инспектору | 0,5 | 1 |
| Медициналык-социалдык реабилитациялоо бөлүмү | ||
6.
| Медициналык реабилитациялоо бөлүмүнүн башчысы | 1- 50 койкадан жогору болсо (башчылык кылганы үчүн үстөгү бар врачтык ставканын жалпы санынын эсебинен) | |
7. | ДФК инструктору | 0,5 | 1 |
8. | Эмгек боюнча инструктор | 0,5 | 1 |
9. | Врач-терапевт | 0,5 | 1 |
10. | Врач-стоматолог | 0,5 | |
11. | Врач психиатр | 0,5 | 1 |
12. | Врач патологоанатом | 0,5 | |
13. | Улук медайым | 0,5 | |
14. | Күзөт медайымы | 1 | 3 |
15. | Диета менен тамактануу боюнча медайым | 0,5 | |
16. | Укалоо медайымы | 1 | 2 |
17. | Физиотерапия боюнча кабинеттин медайымы | 0,5 | 1 |
| Психология-педагогикалык жардам бөлүмү | ||
18. | Психолог | 0,5 | 1 |
19. | Социалдык иштер боюнча адис | 0,5 | 1 |
20. | Социалдык педагог | 1 | |
21. | Бөлүм башчы | 1 - 50 койкадан жогору болсо (башчылык кылганы үчүн үстөгү бар врачтык ставканын жалпы санынын эсебинен) | |
22. | Мугалим-дефектолог (*) | 0,5 | 1 |
23. | Музыкант | 0,5 | |
| Техникалык тейлөө кызматчылары | ||
24. | Иш кагаздарын жүргүзүүчү | 0,5 | 1 |
25. | Чарба башчысы | 0,5 | 1 |
26. | Кампа башчысы | 0,5 | 1
|
27. | Шеф-ашпозчу | 0,5 | 1
|
28. | Чач тарач | 0,5 | |
29. | Слесарь- сантехник | 0,5 | 1 |
30. | Электрик | 0,5 | 1 |
31. | Кызмат автомашинасынын айдоочусу | 1 | |
32. | Микроавтобустун айдоочусу | 1 | |
33. | Ашпозчу | 1 | 3 |
34. | Ашкана жумушчусу | 1 | 3 |
35. | Официантка | 1 | |
36. | Санитар-багуучу | Эмгекке окутулуучу балдардын топторунда 1 топко 4 адам эсебинде | |
Кенже тейлөө кызматчылары | |||
37. | Кир жуугуч | 1 | 2 |
38. | Санитар-тазалоочу | 1 | 2 |
39. | Дезинфектор | 0,5 | |
40. | Ванна тазалоочу | 1 | 2 |
41. | Короо-бакча кароочу | 1 | |
42. | Имаратты текшерүүчү жумушчу | 1 | |
43. | Кароолчу-күзөтчү | 3 | |
44. | Кызмат жайларын тазалоочу | 1 | |
Эскертүү:
1. Тарбиячылардын саны акыл-эси өспөй калган балдардын тобуна эки бирдик эсебинде жана дене боюнун кемчиликтери бар балдардын тобуна 1,5 бирдик эсебинде белгиленет, анын ичинде дем алыш күндөрү жана өргүү күндөрүнө алмаштыруулар кирет. Топтордун толукталышы - 13-15 бала.
2. Реабилитациялоо борборлорунда эмгекке окутулуучу балдардын үч тобунан кем эмес бала болгон учурда тарбиячылардын бири улук болуп дайындалат.
3. Жабдылган окуу чеберканасы же жумушчу бөлмөсү болгон учурда балдардын ар бир окуу тобуна 0,5 бирдик эсебинде эмгек боюнча инструктордун кызмат орду киргизилет, бирок бир реабилитациялоо борборуна 2 кызмат ордунан ашык эмес.
4. Дайыма медициналык байкоо жүргүзүүнү жана жардамды талап кылган оорулуулар болгон учурда, сутка бою кезметчиликти уюштуруу үчүн экинчи жана үчүнчү нөөмөткө 30 койкага бирден бирдик эсебинде медициналык айымдын бирден кызмат орду белгиленет, бирок эки бирдиктен кем эмес, алты балага санитардын бир бирдиги дайындалат. Кезметчиликтин узактыгы жана туруктуу багууну талап кылган оорулуулардын саны жыл башында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн үй-интернаты турган жер боюнча райондун башкы врачы берген корутундулардын негизинде аныкталат.
5. Жылытуу сезонуна 4-6 мешке 0,5 бирдик эсебинде от жагуучунун же ар бир борбордук жылытуунун ар бир отканасына нөөмөтүнө бир машинист-от жагуучунун (анын бири слесарь - жыл бою), автоматтык жөнгө салуусу жок газ менен жылытуу учурунда ар бир отканага нөөмөтүнө 2 машинист-от жагуучунун кызмат орду киргизилет.
6. Айдоочулар көмөкчү чарбанын эсебинен, көмөкчү чарбада иштеген жүк ташуучу автомобилдерди эсепке албаганда, автобус, атайын (медициналык) машина болгон учурда айдоочунун кызмат орду, бирок 2 кызматтык бирдиктен ашык эмес киргизилет.
Арабасы бар реабилитациялоо борборлорунда арабакечтин кызмат орду белгиленет.
7. Реабилитациялоо борборлорунда административдик маданий-тиричилик багыттагы (кеңсе, медпункт, клуб эс алуу үчүн жайы ж.б.) тазалоого тийиш болгон аянты 25 чарчы метрден кем болгон учурда тазалоочунун кызмат орду белгиленет.
8. Көмөкчү чарбасы жок ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда багбанчынын кызмат орду 1 миң чарчы метр өсүмдүктөрү өстүрүлгөн, жүзүмзарлары жана гүлзарлары болгон учурда белгиленет.