Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 3-октябры № 575

Конфискацияланган, ээси жок жана мурастоо укугу мамлекетке өткөн мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Конфискацияланган, ээси жок жана мурастоо укугу мамлекетке өткөн  мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдерди кабыл алсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев